Предыдущая публикация
Кызыл көйнөк жарашкан,
Жигиттин баарын караткан,
Кериле баскан маралдай,
Керме каш сулуу периште,
Мурду кырдач ак жүздүү,
Сурма көз сулуу периште,
Оймок ооз акак тиш,
Көгүчкөн мойун периште,
Сени көргөн жигиттер
Ышкыдар болот жетишке
Сулуулукту аябай жараткан
Белек кылып бериптир.
Бакыт сага каалаймын,
Узун болсун өмүрүн,
Чөкпөс болсун көңүлүн.
Кызылын терип гүлдөрдүн,
Кызыктуу өмүр сүргүнуң.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8