Жазбайм деймин, болду деймин ырларды,
Жашырам дейм ичке катпай сырларды,
Жашоо бирок ага көнбөйт турбайбы,
Жан кейитсе, кээде арнап жыргалды.
Унутам дейм, эстебейм дейм өткөндү,
Учурунда ыйлап жашым төккөндү.
Унутууга мезгил көнбөйт турбайбы,
Улутунам, эстейм көңүл чөккөндү.
Таарынбайм дейм, кайгырбайм дейм эч кимге,
Теңелбейм дейм, дейберишсин не дешсе.
Таарынууга себеп деле бар экен,
Тебелешип, бүлүк салса сезимге.
Ишенбейм дейм, өзгө дагы бирөөгө,
Ишеничсиз сезим алга сүрөөдө,
Имерилип кайра аларга тартылам,
Ишеничтин чогун салса жүрөккө.
Арман каптап көкүрөктү жойлосо,
Аяп мени, боору ооруп койбосо.
Анан кантип мен сүйүүгө ишенем,
Ары бери жүрөгүмдө ойносо.
Автор: Жыргалбек Усенов 11.07.2024
01:43 Москва
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3