Сен бакчасың, түркүн гүлдөр жайнаган,
Булактарың тоңбой кышта кайнаган.
А мен болсо муңканган бир булбулмун,
Коно албай ал бакчага сайраган.
Сен асманда кайкып учкан жагалмай,
А мен жерде, учуп сага бара албай.
Мүнүшкөрдөй түшүрө албай торума,
Турам карап эч бир айла таба албай.
Жамиласың, даап жаныңа келе албай,
Келсем дагы колум сунуп бере албай.
Мен өзүмдү Даниярдай сезсем да,
Турам сага "кеттикпи," жүр дей албай.
Мырзагүлсүң, мен жаныңда боло албай,
Аруу сезим, көөдөнүмө толо албай.
Султанмурат болуп турам мен азыр,
Бирок аттиң, аттамчыктан тосо албай.
Сен аккуусуң, көлдө сүзүп ойногон,
Кебетиңе карап көздөр тойбогон,
Мен бир жанмын жете албай өзүңө,
Аста басып көлдүн жээгин бойлогон.
Асыл жансың, көздөрүңдөн нур жанган,
Кереметсиң жүрөгүңө сыр каткан,
А мен болсо ашыктыгым айта албай,
Бир адаммын арнап сага ыр жазган.
Автор: Жыргалбек Усенов 28.07.2024
23:32 Москва
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев