Жан дүйнөм ооруп, жүрөгүм кыйнап,
Бук толуп ичке, арманда сыздап.
Сыртыртымдан күлүп жүргөнүм менен,
Саргайып барам ичимден ыйлап.
Ар убак кайгы, жанымда жүрөт,
Аракет кылам жанымды үрөп,
Анткеним менен ойлонтуп жүрөк,
Баратат улам оорусу күчөп.
Оорукчан жандын кейпин мен кийип,
Ооруга улам башымды ийип.
Кээ бирде турмуш азапка салса,
А бирде сүйүү жүрөктү тилип.
Көкүрөк толо бөксөрбөй ызам,
Эч кимге айтпай ичимден сызам.
Көрбөстөй болуп агарган таңды,
Кээ бирде түнү уктабай чыгам.
Азаптар чулгап уламдан улам,
Аргам бир кетип карайлап турам.
Аалам бүт жарык, күн нурун чачат.
Асманым бүркөк, айланам туман.
Турамын азыр күйүткө батып,
Томсоруп жүзүм, өңүмдөн азып.
Сырдашар адам болгондо эмне,
Жеңилдеер белем сырымды ачып.
Басалбай турам дарманым жоктой,
Жан шерик болуп арманым коштой.
Кайгымды бөлүп, муңумду угуп,
Сырдашар менин адамым жоктой.
Кайгымды бөлүп, ыйымды угуп,
Көңүлүн бурар адамым жоктой.
Автор: Жыргалбек Усенов 05.07.2024
20:08 Москва
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10