Негизи эле маңдайыма "бактысыз болосуң" деп жазылган окшойт. Болбосо 5 жашымда апам, 7 жашымда атам каза болуп, сиңдим экөөбүз таежемдин колунда калганыбызды кандайча жоруюн?! Башка түшкөндү көрөт экенбиз. Кагылып-согулуп жүрүп сиңдим экөөбүз чоңойдук. Таежемди жамандагым келбейт. Колунан келишинче тарбиясын берди. Кийинтти-ичинтти. Бирок... Мээрим бере алган жок. Мен эс тарткандан бери эле мээримге зар болуп келатам. Өмүр бою эле жылуулук издеп келгем. Анан капысынан сага жолуктум. Бишкекке келип кафеде официант болуп иштеп жүргөм. Бир ирет чогуу иштеген кыз туулган күнүн белгилемекчи болуп, кечеге чакырды. Бардым. Мен тааныбаган бир топ чоочун адамдар бар экен. Ошончо чоочундардын арасынан көзүмө сен илиндиң. Он чакты адамдын ортосунда гитара ойноп, жагымдуу үнүң менен бир обонду созуп жаткан экенсиң. Анан мени бир карап алдың. Мага ошондой сезилдиби билбейм, айтор, көздөрүңдө мээрим толтура болчу. Алгач көздөр бир нече ирет чагылыша түштү. Анан тааныштык. (Сенин атыңды атабай эле коёюнчу. Ысымыңды айтсам эле ыйлап жиберем...)
Ошол күндөн кийин күн сайын жолугушчу болдук. Ортобузда жашыруун сыр калбады. Апаңдын жалгыз уулу экениңди, атаң тээ кичинеңде эле каза тапканын айттың. Башкы максатың апаңдын ак сүтүн актоо экенин айтып, "апам сыймыктаныш үчүн жакшы бала болуп келатам. Эми аны ыймандуу келиндүү кылсам..." деп мени бир жылмайып карап алганың күнү бүгүнкүдөй эсимде.
Кыз-жигит болуп толук бир жыл сүйлөштүк. Бири-бирибизсиз жашай албай калдык. Ушунчалык мээримге муктаж болгон экенмин, ар бир жылуу сөзүңдөн, жакшы көрүп караганыңдан болуп көрбөгөндөй ырахат алып, өзүмдү толук сага арнап, жан дүйнөмдү сага көндүрүп салдым. Эмнегедир эле бала кезимде "менин күйөөм сөзсүз гитарада ойнойт" деп кыялдана берчүмүн. Бул балалык кыялдарымды эстеп, маңдайымда сулуу манжалары менен жансыз кылдарды терметип сонун обондорду ойноп жаткан сени көргөндө бактым ашып-ташып дүйнөгө батпай кетчүмүн.
Бир жолу "мен көбүрөөк акча табышым керек. Үйлөнөбүз" деп Казакстанга жөнөп кеттиң. Эки жумада бир же бир айда бир келип кетчүсүң. Сен келгенче сагынычтан саргарып жүдөп кетер элем. Жаныма келгениңде кетиргим келчү эмес...
Ошол күнү да кетиргим келген эмес. "Кетпей эле койчу?" деп моюнуңа асылганымда "Бир ай. Бир айдан кийин келем, үйлөнөбүз" деп маңдайымдан өөп, мээрим толгон көздөрүң менен жылмая карап алгансың. Кечки такси менен жөнөп кеттиң... Ошол бойдон сенин мен зар болгон мээримдүү көздөрүңдү жоготуп алдым. Автокырсыкка кабылып, жан бериптирсиң. Ыйладым. Колумдан эч нерсе келген жок. Боздоп эле кала бердим.
Канча жыл өттү андан бери... Бир да адамдан сеникиндей мээримдүү, сеникиндей сулуу көздөрдү көрө албадым. Өзүмдү соорото албай койдум... Мейли телевизордонбу, радиодонбу же көчөдөн кимдир бирөөнүн гитара ойноп жатканын көрүп-угуп калсам көз жашымды кармай албайм. Мага ээ-жаа бербей эле сызылып агып жөнөйт... Же ойнолбой эле турган гитара көрсөм да көкүрөгүм бошоп, кылар айламды таппай калам.
Ата-энемдин мээриминен куру калып, жылуулук издеп жүрүп сени тапкам. Эми сен да жоксуң. Кимди күнөөлөйм билбейм. Кантем билбейм. Жашамыш болуп жүрөм. Сен, албетте, мага башка дүйнөдөн көз салып, аяп жүрсөң керек. Канчалык сагынганымды сезсең керек. Ушуларды ойлойм да сен үчүн, сен экөөбүз чогуу кыялданган кыялдар үчүн жашагым келип кетет. Бирок сенсиз жашаганды үйрөнө албай койдум... Адашып жүрөм...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 17
Арга жок, бирок келечек алдыда...