Үйүнө кантип келгенин билбейт. Кайдан арак алып ичкенин да эстей албай койду, мас экен. Дагы ачыла элек арактар турат. Бирин ачып култулдатып жута баштады. Эмнегедир эсине Адилет келди. «Баары ошондо башталган. Ошол күнөөлүү»,- Жанар сүйлөнүп жатты. Ал Адилет көпчүлүк менен келип аны ур-тепкиге алганда Аруукенин эси ооп жыгылганын, кийин кыздын көпкө жоголуп кеткенин эстеди. Арууке «айыгып келдим» деп койгон болчу. Демек, ошондо оорусун жашырган экен. Адилеттин жанагы кылыгынан Аруукенин оорусу күчөсө керек деп ойлоп, заматта жини кайнап чыкты. «Адилетти табыш керек» деп кайдадыр шашып жөнөп калды. Эӊги-деӊги мас абалында окуу жайына кирип барды. Аудиторияда группалаштарынын баары отурат. Агай сабак өтүп жатат. Бирок аларга көӊүл бурган жок. Эшикти шарт ачып сакал-муруту өсүп, селсаяк өӊдөнүп кирип келген Жанарды баары таӊ кала карап калышты. Жанар болсо бурчта турган Адилетти ачуусу менен бир карап алды да, түз эле аны көздөй чуркады. Парталардын үстүнөн аттап-буттап жетип барып ордунан турууга үлгүрбөй калган Адилетти басып жыгылды. «Сен! Сен күнөөлүүсүӊ!» муштуму менен бет талаштыра соккуларды жаадырып жатты. Кыздар кыйкырык салышып, жигиттер ажырата албай жатышты. Адилет көзү тумандап эсин жоготту.
***
Жанарды милиция кызматкерлери келип кармап кеткен. Үч күндөн бери убактылуу кармоочу жайда жатат. Чыгарып койгулачы деп да үн чыгарып койгон жок. Бирок акыры аны коё беришти. Милицияга салып берген агайы өзү чыгарып кетти.
– Дагы кой дедим, ачуумду кармадым. Сен эч кимди көзгө илбейт турбайсыӊбы. Окуудан чыктыӊ. Эми оокатыӊды кыла бер. Мага дагы рахмат айтсаӊ болот,- наалып сүйлөп жаткан агайынын сөзүн кулак сыртынан кетирди.
– Акча бериӊизчи, үйгө жетип алайын.
Агайы аргасыз акча сунду. «Деги селсаяк болуп кетпесе экен» деди ичинен. Ал Жанар тууралуу баарын уккан, бирок анын кайдагы бир кыз үчүн болгон күйүтүн түшүнө албай турат.
Жанар үйүнө барган жок. Шаар четиндеги мүрзөлөргө келди. Аралай басып барып, өзүнө тааныш боз дөбөнүн жанында түн киргенче үн-сөзсүз отурду. Бир убакта ордунан туруп, «мен дагы келем» деп үн катты да, үйүн көздөй бет алды.
Дарбазасынан ичкери кире берип короодо турган Наргизаны көрүп токтоп калды. Экөө бири-бирин көпкө тиктешти. Жанар үндөгөн жок.
– Мен келсем үйдө эч ким жок экен. Эшиктериӊдин баары ачык,- Наргиза күнөөлүү кишидей сүйлөдү.
Жанар унчукпастан эшигин ачып үйгө кирип кетти.
Наргиза тескери карап жатып алган Жанардын бөлмөсүнө кирди.
– Тамак жасап койдум. Жуунуп келбейсиӊби, тамак ичели.
– Ичпейм, рахмат!
Ал күнү Жанар ошол жерде жаткан боюнча уйкуга кетти. Түш көрүп жатыптыр. Арууке күлүп маӊдайында турат. Ага жетейин деп жете албайт. Кыздын чачтары тармалданып, алда канча өсүп калган. Өзгөчө сулуу болуп алыптыр. «Кантип? Кантип? Биз сени көмдүк го...» Жигиттин бул суроосун Арууке жоопсуз калтырып, тек гана күлүп койду. Ойгонуп кетти. Тамагы кургап калыптыр. Суу ичүү үчүн ашканага кирип, бүрүшүп уктап жаткан Наргизаны көрдү. Ал Жанарга сарсанаа болуп кетпей койгон эле. Жигиттин шарпасынан ойгонуп кетти.
– Ойгондуӊбу? Тамак ичесиӊби?- кыз жалооруй карады.
– Жок. Түшүӊдө чач узун болсо эмне болот?- суу ичип бүтүп кызга суроо узатты.
– Өмүрү узун болот деп коюшат. Эмне болду?
– Жөн эле.
– Эмне, түш көрдүӊбү?
– Ооба, болбогон түш.
– Жанар, сага эмне болду? Мен сени издеп келдим. Келсем үйүӊ толо арак. Өзүӊ болсо жоксуӊ.
– Үйүӊө бара берсеӊ болот. Мен жакшы элемин.
– Азыр түнкү үч, мен кете албайм.
Жанар кайдигер гана башын ийкеп отура кетти.
– Билесиӊби,- деди бир убакта, – ал каза болуп калды. Мындай болот деп ойлогон эмесмин, бирок мен өзүмдү жоготуп койдум. Эмне кыларымды билбей жатам. Аруукенин тирүү экенин билип, ага таарынган экенмин, аны сагынчумун, жек көрчүмүн. Азырчы? Ал жок. Мен жашабай калдым. Тирүү өлүк болуп басып жүрөм.
Наргиза акылдуу жан эле. Ал баарын уккан, баарын билген болчу. Жанардын сөзүн бөлгөн жок. Сүйлөп, ичиндеги бугун чыгарып алсын деп жайына койду.
– Мен аны баарынан жакшы көрчү экенмин. Адамдар өзүн биринчи жакшы көрөт го. А мен аны өзүмдөн да жакшы көрчүмүн. Айбек менен кеттим дегенде канча ыйладым? Ишене алган жокмун, таарындым, ыза болдум. Көрсө, байкушум калп айтып койгон экен. Мени азапка салбайын деп качып кеткен тура. Ал ушунчалык таза болчу. Жаш баладай эле... Бакытым болчу. Арууке менин жалгызым болчу. Мен эми эч качан мурункудай боло албайм. Аруукесиз эч ким эмесмин. Анын тирүү жүргөнү эле мага күч берчү экен. Азыр анын жок болуп кеткенин билип, мындан ары жашоом кандай болот деп жооп таба албай койдум...
Жигит бир чекитти тиктеген бойдон сүйлөнүп жатты. Эми Жанар Аруукесиндей эч кимди жакшы көрө албасын сезип турса да, Наргиза аны таштап кете алган жок. Ага байланып калгандай. Бир чети аяп да жатты.
Жанар ичкиликтен башы чыкпай калды. Ал Аруукесиз жашаганды үйрөнө албай койду. Кыздын сүрөтү менен сүйлөшө берет. Азыр да маӊдайындагы Аруукенин сүрөтүнө божурап бир нерсени сүйлөп жатат...
– А биз сен кеткенден бери ушинтип калдык,- көз жашын кармай албай калды. Буулуккан экен. Бүк түшүп отуруп алып ийинин сүлкүлдөтө көпкө ыйлады. Сырттан кирип келген Наргиза ыйлап жаткан Жанарды көрүп токтоду. Ачуусу келип кетти. Качан келсе ушундай. Мас, көздөрү шишиген, баягы сымбаттуу Жанардан кабар жок. – Жанар, турчу өйдө! Жанар!- кыз жигитти жөлөп-таяп тургуза баштады.
– Наргиз, келдиӊби? Эмнеге келдиӊ? Мен жалгыз калгым келип жатат. Кетчи!- жигиттен арак жыттанат. Наргиза ачууланды. «Эк, сени болгон!» деп Жанарды ары силкип түртүп сыртка бет алып, бирок босогодо туруп калды.
– Жанар! Сен ушинтип күнүгө ичип, өӊгүрөп ыйлап эмнени далилдегиӊ келип жатат?
– Мен сени кет дедим! Мага жолобо!
– Бул дүйнөдө жакынынан айрылган жападан жалгыз сен болсоӊ да эмне болуптур? Мейли, аны эсте, бирок минтип эмес. Ага куран оку. Бейиштен орун алышын тиле. Анан эле күнүгө мас болуп алып улуп-уӊшуй берген туура эмес. Антип арбактын тынчын алба!- Наргиза сүйлөп бүтүп эшикти тарс жаап чыгып кетти. Жанар соолуга түштү. Капысынан ал Аруукеси ага аркы дүйнөдөн көз салып турганын элестетип жиберди. «Бул кебетемди көрсө, ал мага нааразы болмок» деди өзүнө-өзү. Наргизанын «антип арбактын тынчын алба!» дегени кулагына улам-улам жаӊырып жатты.
***
Наргиза чыдап жүрө алган жок. Жанарга катуу айтып кетип калгандан 2 күн өтпөй кайра анын үйүнө барды. Жигит соо экен. Үйүн да жыйнап койгон.
– Кандайсыӊ?
– Жакшы,- жигит күнөөлүү карады. – Мени кечирип койчу. Өткөндө сага оройлук кылыптырмын.
– Эч нерсе эмес, түшүнөм. Абалыӊды билип коёюн деп келгем.
Жанар кызга ыраазы болуп кетти. Канчалаган күндөрдөн бери ушул назик селки мас болуп калса үйүнө жетелеп келип тамагын даярдап, үйүн жыйнап, камкордугун аяган жок. «Боорукерсиӊ» деп ойлоду ичинен.
– Тамак ичтиӊби?
– Жок, ачка эмесмин.
– Азыр жасай калам.
Наргиза ашканага кирип кетти. Тамак даярдап жатып өзүнчө сүйүнүп жатты. Жигиттин өзүнө келгени, кечирим сураганы анын жүрөгүндө белгисиз үмүттү пайда кылды.
Тамактанып отурганда Наргиза акырын Жанардын колунан кармады да:
– Сен эми ичкилик ичпейсиӊ да, ээ?- деди.
– Жок, кечирип кой. Негизи, туура эмес кылган экенмин.
– Жанар, мурункудай болчу. Мен мурунку тамашакөй, чечкиндүү, сулуу Жанарды көргүм келип жатат.
– Мен эми мурункудай болбосом керек.
– Билем, сен кайгыдан кутула элексиӊ. Бирок суранам, мурункудай болчу. Аруукени эсте, ал баары бир сенин жүрөгүӊдөн өчпөйт. Антсе да сени жакшы көргөн адамдар бар экенин да унутпачы. Апаӊ, бир туугандарыӊ, мен... Биз сага муктажбыз,- экөө бири-бирин көпкө үнсүз тиктеп турушту.
– Наргиза,- бир убакта Жанар үн катты. – Сен абдан жакшы адамсыӊ. Өтө эле жакшысыӊ. Бирок сен өз жашооӊду мен үчүн садага чабышыӊды каалабайм. Жакшы билесиӊ, мен эми Аруукедей эч кимди жакшы көрө албайм. А сен болсо бактылуу болушуӊ керек.
– Мен бактылуумун. Сени менен бактылуумун. Мен Аруукенин ордун баса албайм, билем. Чынында, сен бир убакта аны унутуш үчүн мени менен алаксыган экенсиӊ. Менин сезимдерим менен ойноптурсуӊ. А мен сени сүйүп калгам. Ошон үчүн баарын кечирдим. Мен чоӊ кызмын, өзүм чечим чыгара алам.
***
Күндөр тездик менен өтүп жатты. Ойлоп көрсө, Аруукесин жоготконуна 2 жыл болуптур. Бирок ушул жылдарда Аруукесин эстебеген, анын жаны бейиште болушун тилебеген бир да күн болгон жок. Ар убак кыздын мүрзөсүнө каттап турат. Наргиза экөө Аруукенин мүрзөсүнүн айланасына апакай гүлкайырларды эгип коюшкан. Жанар азыр көрктүү болуп ачылып турган ал гүлдөрдү карап Наргизага ыраазы болуп кетти. Анда башкалардын сезимдерин сыйлай билген өзгөчө сапат бар эле.
– Апам мени үйлөн деп жатат. Бул жоопкерчиликтүү кадам го. Мен ага даярмынбы? Даяр эмесминби? Чынында, азыр да сенсиз жашап, сенсиз эле жылмайганды үйрөнүп алганыма өзүмдү күнөөлүү сезип кетем. Бирок билем, сен менин бактылуу болушумду каалайсыӊ. Наргиза абдан жакшы кыз. Ал мага адегенде кыз төрөп берем деп убада берип жатат. Кыздын ысымын Арууке коёрун ал өзү эле чечип койду,- Жанар муӊайым жылмайып алды.
– Мейли эмесе, мен кетейин. Баса, менин түшүмө кирчи, сагындым.
***
Түнкү Бишкек. Борбордук көчөдөгү шамдардын жарыгында Наргиза менен Жанар жетелешип келе жатышат. Назик көйнөк кызга куп жарашып, аны алда канча сымбаттуу көргөзүп койгон.
– Ох, бутум ооруп кетти.
– Түшүнбөйм, эмне мынча бийик такалуу бут кийим киесиӊ?
– Эх, жигиттер, баары силер үчүн да.
– Хе, кел, көтөрүп алайын.
– Кел,- кыз кубанып кетти. Кооз бийик такалуу бут кийимин чечти да, Жанардын моюнуна асылды. Кызды шап колуна алган Жанар аны жүзүнөн сүйүп койду.
– Кандай жакшысыӊ,- кыз жооп кылып жигитин өөп койду.
«А сенчи? Сен кандай жакшы адамсыӊ. Мени жашоого кайтардыӊ» жигит ичинен ушуларды ойлоп жиберди.
– Элестетип кеттим.
– Эмнени?
– Мен апапак үлпөт көйнөк кийип алгам. А сен кара смокингчен. Мени көтөрүп алгансыӊ. Айланада досторубуз кыйкырышып, бизге бакыт каалап жатышат. Кандай сонун болот эле.
– Уф, чарчап кеттим,- Жанар Наргизаны жерге түшүрдү.
– Ушинтип жомоктордун баарын талкалайсыӊ да. Эк, сени!
– Азыр бир аз дем алып алайын.
– Күйөө бала келинчегин колунан түшүргөн соӊ алар колтукташып басышат. Мына минтип. Там-та-ам,- Наргиза үйлөнүү тойлордо ойнолуучу Мендельсондун маршын ойноп жиберди. Жанар жылмайып койду. Кыздын эркине баш ийип, аны менен колтукташып басты.
– Кандай сонун болмок, ээ? Ай, мен сага сүйлөп жатам!
– Сонун болот, ооба.
– Качан?
– Шашпаш керек.
– Сен ушинтип жүрө берип мен карып кетпесем болду.
– А мен сени 60ка чыксаӊ деле алам.
– Ой-бо-ой, мунун сүйлөгөнүн кара. Кайдагы 60, быйыл! Түшүндүӊбү, быйыл?!- Наргиза тамашалап өктөм сүйлөдү. Жанар жооп бериштин ордуна күлүп койду.
***
Наргиза үйүнө кубанычтуу кайтты. Жанар менен сейилдеп, аны менен ойноп, тамашалашып алса эле ушинтип чечекейи чеч болуп калат. Үйдө апасы бар экен. Ал жаӊыдан эле айылдан келген болчу.
– Көчөдө ушунча да жүрөбү?
– Ой, сиз качан келип калдыӊыз?- Наргиза апасын кучактап учурашты.
– Аз эле болду. Келсем сен жоксуӊ. Түн бир оокум болду. Көчөдө ушинтип жүрө берип бирөө бир күнү башка чаап өлтүрүп койсун.
– Кой, апа, ары карап үч түкүрүп коюӊуз. Кудай сактасын,- Наргиза тамашалап апасына эркелей кетти. Кыйладан кийин экөө ашканада чай ичип отурганда апасы сөз баштады...
– Деги сенде турмушка чыгайын деген ой барбы?
– Бар.
– Анда жүрө бербей айылга барбайсыӊбы?
– Эмнеге айылга?
– Күйөөгө тиесиӊ да.
– Апей, күйөөгө тийиш үчүн сөзсүз айылга барыш керекпи?
– Анан бул жакта жүрө берсеӊ бирөө алмак беле сени?
– Алат.
– Эмне, сүйлөшүп жүргөн бирөөӊ барбы?- апасы чындап кызыкты. Жашы 60тан өтүп калган Алмагүл акыркы күндөрү кызына санаа тартып жүргөн. Оюнда кызы алыска эмес, өзүлөрүнүн айылына эле турмушка чыкса дейт. Анан калса кичүү кызын башкаларынан көбүрөөк жакшы көрөт.
– Ооба, бир жигит бар. Мени жакшы көрөт, мен аны жакшы көрөм.
– Жакшы көрөм дейт. Кыз киши антчү эмес. Ким ал жигитиӊ? Каяктан? Алыс жерден эмеспи?- Наргиза апасынын урушканына, чындап анын жигитине кызыкканына күлүп жатты.
– Эӊ башкысы алыс болбош керекпи?
– Ооба да. Сен жанымда болсоӊ, небере карайт элем. Сен иштемексиӊ. Ушунча окуп алып...
– Сарсанаа болбоӊуз, биздин эле айылдан.
– Ийи,- апасы ыраазы боло түштү.
– Ким?
– Апа!
– Айта бер эми.
– Жанар,- айтарын айтып алып кайра уялып кетти.
– Кайсы Жанар?
– Зуура эженин баласычы?
– Ок, Зууранын дейсиӊби? Кой, кызым, ал болбойт.
– Эмнеге?- Наргиза чочуп кетти. Апасы минтет деп ойлогон эмес.
– Анын атасын билесиӊби? Жанагы мугалим Айшага кетип калып Зуура байкушту куураткан.
– Анын кандай тиешеси бар?
– Баласы укмуш чыкты дейсиӊби? Кой, кызым, сага күйөөнү өзүм табам. Эртеӊ Жанарыӊ атасындай болуп сени сыздатып башкага кетсе эмне кылабыз?
– Баласы атасын тартпай койбойт. Анан калса менин кызым жакшыраак эле жерге турмушка чыгышы керек. А тиги Зууранын үрүп чыгар деле ити жок.
– Коюӊузчу, апа. Атасынын катасы үчүн баласы жооп бермек беле? Жанарлар жакшы эле жашашат, анын бул жакта жаӊы конушта үйү бар.
– Кыйратыптыр. Кызым, башканы эле кара, чын. Жанагы Токтобек той-топурга барган сайын атаӊды «кызыӊды бересиӊби?» деп тамашалап калат. Ошонун баласы
жакпайбы?- Наргизанын маанайы түштү. Ал мындайды күткөн эмес.
– Апа, Жанар экөөбүз жакында үйлөнөбүз. Биз...- сүйлөп бүткүчө апасы сөзүн бөлүп кетти.
– Жанар-панарыӊды кой, кызым. Атаӊа угузба. Ал укса жаман болот. Андан көрө Токтобектин баласын карап көрсөӊ. Аябай жакшы жер. Эч нерседен кем болбойт элеӊ.
– Апа, Жанар экөөбүз 2 жылдан ашык сүйлөштүк. Мен силерди билет го дептирмин.
– Кызым, айланайын, мен сага жамандык каалап жатамбы? Жанарыӊ ичкич болуп кетиптир деп жүрүшөт айылда.
– Калп айтышат,- Наргизанын көзүнө жаш тегеренип кетти. Жана эле жигити менен ар нерсени кыялданып келип эми ошол кыялдары бырын-чырын чыга баштаганына ызаланып кетти.
«Быйыл! Түшүндүӊбү, быйыл!» Наргизанын тамашалап өктөм сүйлөгөнүн эстеп Жанар жылмайып жатты. Ооба, быйыл үйлөнүшү керек, апасы күн алыс телефон чалып анын кулагын бышырып жатат. Анын үстүнө Наргиза жакшы жар болчудай. Андай түшүнүктүү, жароокер, сымбаттуу кызды колдон чыгарып жиберүү күнөө. Бирок эмне үчүн мурда ушунча чечкиндүү болгон эмес? Муну ойлогондо Жанардын каӊырыгы түтөйт.
Чечкиндүүлүк кылып Аруукесин жетелеп айылына кетип калса болмок экен. Балким, анда башкача болот беле? Ооруну бирге жеӊишмек. Эч болбоду дегенде Аруукенин жанында көбүрөөк күндөрдү өткөрмөк. Таарынып, ызаланып, намыстанып отуруп жакшы күндөрдү садага чапкан экен. Кыздын артынан барса болмок. «Эх!» Жанар үшкүрүндү. Качан гана жакын адамдар түбөлүк жок болгон соӊ аларга карата жакшы көрүү көбөйөт экен. Жигит муну жон териси менен сезип жүрөт. Азыр кетирген кемчиликтери үчүн өзүн жек көрүп кетет. Бекер таарынган экен, бекер ага өчөшүп телефон чалбай коюптур. Башкача болмок беле? Бул суроону бир күн да өзүнө бербей калган күн болгон эмес. Бирок азыр мурункудай күйүтү жок. Көрсө, убакыт деген баарына көндүрөт экен... Наргиза апасы менен болгон сүйлөшүүсүн Жанарга айткан жок. Жанардын туугандары кудалап барышса апамдар кайда качышмак эле деп өзүн жооткотуп койду. Эч болбоду дегенде ала качты кылып туруп жигитинин үйүнө барып отуруп алат. Ушинтип чечти. Апасы шаарга бир аз жүрүп айылына кетти. Жанарга жолугушу керек. Автобуска отуруп анын үйүнө жөнөдү.
Жанар үйүнүн айланасын жыйнап жаткан экен.
– Кандайсыӊ? Уйкуӊду садага чаап иш кылып жатканыӊа таӊ калып жатам,- кыз жигиттин бетинен сүйүп жатып кобурады.
– Үйлөнөйүн деп жатпаймынбы. Ошон үчүн тазалап жатам.
– Аа, кимге?
– Айта албайм. Сыр.
– Хе, мен болбой көрөйүн, сени эмне кылар экенмин!
Экөө күлүп калышты.
– Баса, апама айттым, алар жакында сенин ата-энеӊе барышат.
– Макул болбой коюшсачы?
– Сен тамашалап жатасыӊбы?
– Жок.
– Алар биздин үйлөнүүбүзгө каршы болушу мүмкүнбү?
– Мүмкүн...
Жанар сөз таппай калды.
– Ой сени болгон, көзүн алайтып туруп калат. Макул болушпаса ала качып кетем дебейсиӊби. Тамаша. Макул болушат. Негизгиси мен макулмун. Сени жакшы көрөм,- Наргиза жигиттин моюнуна асылды.
ххх
Айткандай эле аз өтпөй Зуура туугандарын чогултуп Наргизанын ата-энесинин эшигин кагып калды. Сыртта турган Зуураны көрүп Алмагүл баарын түшүндү. Унчукпастан үйүнө киргизип, төргө өткөрдү.
– Эми, Алмаш, балдарыбыз тил табышыптыр. Билсеӊ керек. Уулум сенин кызыӊа көзү түшкөнүн айтып, мен сага келдим. Макулдашып алалы,- Зуура жаӊыдан эле сөз
баштаганда Алмагүл сөздү бөлдү.
– Токтой турсаӊ, Зуура. Сен ошондо кызыма сөйкө салмакчы болуп жатасыӊбы? Кызым жок азыр.
– Билем, Алмаш. Бирок мен адегенде сенин макулдугуӊду алайын дедим. Балдар тил табышыптыр.
– Туура кылыптырсыӊ. Мага келгениӊ жакшы болуптур. Мен кызымды бере албайм. Тил табышса тил табышкандыр, бирок кызымдын барар жери даяр. Макулдашылган.
Кап этпе,- ушуну менен сөз бүттү. Эки эне андан соӊ эч нерсе болбогондой чай ичип ар кайсыны сүйлөшүп отурушту. Кыйладан кийин бири узатып чыгып, бири туугандары менен үйүнө жөнөдү. Кыязы, экөө теӊ алдын ала эмне болорун билген өӊдүү. Ооба, Зуура муну күткөн. Бирок уулу Жанардын көӊүлүн кыйбай бир келгендегиси болчу.
Жанар ал күнү кечке жуук апасына чалды. Эмне болгонун угуп, ойлонуп отуруп калды. Эми эмне кылат, ала качабы? Жок, антпейт. Андай кадамга барбайт. Ал ушинтип чечти. Наргизага телефон чалды.
– Наргиз, кандайсыӊ?
– Жаман.
– Демек, баарын угуптурсуӊ.
– Ооба. Мени ала качып кет.
– Андай болбой калат го. Сүйлөшүп эле чечебиз.
– Сен эмне, ошондо менден кол үзгөнү жатасыӊбы?
– Жок, алтыным. Коркпо, баары жайында болот. Эртеӊ айылга чыгабыз. Ата-энеӊ менен өзүм сүйлөшөм.
– Алар макул болушпайт. Мени ала качып эле кетсеӊ.
– Наргиз, мен сенден эч убакта баш тартпайм. Жакшы көрөрүмдү билесиӊ го. Сөзсүз бирге болобуз, кам санаба.
ххх
Эртеси алар айылына жөнөштү. Кыз өз үйүнө, жигит өз үйүнө келип түшүп калды. Жанар 1 күндөн кийин Наргизанын үйүнө бармак болду. Ал Наргизанын ата-энесине баарын түшүндүрүп берерине көзү жетип жатты.
Бирок дал ошол күнү анын денесин майда калтырак басып сүрдөп чыкты. Акырын келип дарбазаны тыкылдатты. Эшикти Наргиза ачты. Сөрүдө кыздын ата-энеси отуруптур. Күтүп жатышкандай...
– Саламатсыздарбы?
– Кел, отур!- Наргизанын атасы Жаныбек өктөм сүйлөдү.
– Мен...- Жанар сөз таппай туруп калды.
– Угуп жатам, сүйлөй бер!
– Биз Наргиза экөөбүз баш кошолу дегенбиз. Жакшы тилектерибиз бар эле. Бирок «Наргизанын барар жери даяр» деп айткан экенсиздер. Билип турам, сиздердин алдыӊыздарга келип ушинтип турганым туура эмес. Бирок бул нерсе менин Наргизага болгон оюм таза экенин далилдеп турат. Мен аны жакшы көрөм. Мага ишениӊиздер, кызыӊыздарды бактылуу кылам.
– Бир айтканда түшүнүш керек,- сөзгө Алмагүл аралашты. – Биз сага кызыбызды бербейбиз дедикпи, бербейбиз!
– Сиздерден көптөн-көп суранам. Мен ала качып албайын дедим.
– Ай, жигит,- Жаныбек сүйлөдү. – Кызым «ата, бир угуп кой» деп көндүрдү эле. Сени уктум. Жооп баягы эле.
– Ата, эмнеге?- арыда турган Наргиза ыйлап жиберди.
– Эмнеге дейт! Мунуӊдун кыйратып тапкан оокаты жок, же эл ичинде кадыры болсочу?! Атасы тигинтип ар кайсы аялдын артынан ээрчип жок болду. Ушу жыргатат деп жатасыӊбы? Ушуга кор кылганча эрсиз калтырганым жакшы,- Алмагүл чыдамы кетип кыйкырды.
– Демек, мени кедей деп жатасыздарбы?
– Ооба. Сен томаяксыӊ! Бар, жолуӊа түш!
– Мындайды жомокто эле болот дептирмин. Кеп байлыкта эмес го,- Жанар шылдыӊ менен сүйлөдү.
– Ай, бала, бирдемени кыйратып койгонсубай жогол!- Алмагүл албууттанды.
– Эмне эле болуп жатасыӊ?- Жаныбек аялын тыйды. – Жанар, сен түшүндүӊ го дейм. Биздин жооп өзгөргөн жок, бара бер.
Наргиза апасынын сөздөрүнөн кийин Жанарды тик багып карай алган жок, бетин басып ыйлаган бойдон отуруп калды. ( Уландысы бар )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1