- Эмиздиң беле? – деди эжем. - Бечара ымыркайым, ак сүтүмдөн кечтим, сен да мени кечир, убалыбыз башка бирөөлөргө жетсин! – дедим да, озоңдоп кирдим. Эжем жаакка бир салды. Мен экинчи жаагымы тостум: - Ме, чап, дагы чап, көрдүм гестапо экениңерди, таң ата электе келип туткундадыңар, бир-эки сааттан кийин балам экөөбүздү таппай калмаксыңар. Гестапо бар экенин билбей калбадыкпы, жок дегенде атыңы коюп өлсөмчү!
Эми менин бар-жогум баары бир болуп калды. Бетим ачылып калганга уялган жокмун. Сөйрүк жездем бирдеңкелерди бежиреп, эжемин кыжырына тийип келатты.
Менин кордугуман да жездемин заары өтүп турду эжеме. Башка шаарга алпарып төрөткөндү, баланы таштап качканды баарын жездем үйрөтүп, жакшы көрүнөм дегени. Апамдар иши кылып эле элге угулбаса болгону деп, келесоо күйөө баланын айтканынан чыга алышпады.
Бүгүн үч күн болду наар татпаганыма. Эмчегим үйлөп койгондой шишип кетти. Балам эмчек эмем деп келип, мени таппай калганын эстесем жинди болуп кетким келет. Температурам көтөрүлүп, жөөлүй баштаганымда доктур чакыртышыптыр. Доктур «абалы начар» дептир. Мен эсиме келгенде эжем:
- Роддомго барып балаңды алабыз-деди. Мен сүйүнүп кеттим. Эмчегими саап сүт жаңырттым. «Тамак жебесең, сүт чыкпай калат» деп биртке тамактандырышты. Ооруган эмчегим басыла түштү. Таң атышы тозок болду. Кыйналып атып, таң да атты. Роддомго да келдик. Эжем гинекологго киргенде, босогодо аңдып турдум.
- Иштер чатак, - деди эжем, - кызыбыздын абалы начар, жөөлүп атат, Баланы кайра алып кетпесек болбой калды.
Врач чочуп кетти:
- Эмне деп атасыңар, бала ошол эле күнү кеткен ата-энесине.
- Баягы өзбектергеби?
- Ал силердин ишиңер эмес.
- Эрдик кылып ошолордун адресин бериңизчи, бай болгур, биз түшүндүрүп айтабыз, кызыбыз болбой калды.
«Врачебная тайна» деген болот, сырды катуу сактайбыз, жок минте берчү болсоңор, «баласын төрөп таштап кеткен» деп кызыңарды сот жообуна тартабыз… - врач күпүлдөй баштаганда кулагым тунуп, көзүм караңгылап кетти. Сотко бермектен, отко берсин! Үстүнө чуркадым. Нянкага жолуктум. Колун кармап өөп-өөп жибердим:
- Айланайын энеке, уулум кайда?
- А кураган кыз, кайра келдиңби ,ошол күнү качып кеткениң чын беле?
- Жок, энеке, мени уурдап кетишти. Айтыңызчы, апакебай, балам кана? - көзүмөн жаш төүлүп атты.
Кемпир башын чайкады. Көзүндөгү жашты жеңинин учу менен сүрүп:
- Сен жашсың балам, дагы көптү төрөйсүң, ата-энеңи, эжелериңи азапка салба, болор иш болду, эми баланы сен эмес, биз да таппай калдык.
- Ж-о-о-ок! – үнүмүн барынча чыңырдым, эч нерсе укпай кулагым чылк бүтүп калды. Башым тегеренип, кускум келди, анан магдырап бараткандай болгом, калганын билбейм.
Көзүм ачсам, ооруканада жатам. Энем жанымда ыйлап отуруптур.
- Жогол! – дедим кайра баарын эстегенден кийин, - балам деп коет, бала керек бекен, кандай болот экен бала! Барыңар жоголгула, мага балам болсо болду, мен барып эмизип келем кеткиле, тигине, балам келатат, келе гой күчүгүм, ой жаным десе, мага таарынып калган турбайбы, эми сени таштап эч кайда кетпейм, келе гой, мамак берем…
Эмеле алдымда турган балам заматта жок болуп кетти.
- Кайда балам, ба-а-а-алам?! Болгон үнүм менен кыйкырып тура калып, артынан чуркадым. Албуут күч мени бекем кармап алды, мен дагы чыңырдым, жер тепкиледим, жулундум, баламы кууп жетпей калып аттым.
Ушул оору менен бир жыл оорудум.
- Уулум, кел мага, кечир мени, кайда кеттиң ,ак сүтүм ыраазы, - деп жөөлүйм. Ичимдеги тигиш айрылып кетип, кайра тигип отурушуп, көрбөгөн азапты көрүптүрмүн.
Айылга келгенде он сегизге чыгып калгам. Курбу, тели-теңтуш менен кайра аралашып алаксып, баламы акырындан унута баштагам. Он тогузга чыкканымда күйөөгө беришти. Ага кыз болуп тийдим. Беш балалуу болдум. «Жоголгон бычактын сабы алтын» демекчи, бирөө да жоготкон балама окшобойт. Эбегейим эзилип сүйбөйм. Өзбектердин балдарын көп аңдыйм ушу менин балам болуп калбасын деп. Кара баскыр жездем болбосо, бары башкача кетет беле, ким билет?
Ушул убакка чейин жездеми көрөйүн деген көзүм жок. Убалым ошого жетсин! Ымыркайым быйыл онго чыкмак. Деги аман-эсен бар бекен, кимге гана бала болуп жүрөт? Эстеген сайын эмчегим сыздайт, кантейин.
Аягы
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 17