Аны атам арам акча деп тытып салаар, же жетим балдар үйүнө берип салаар, мейли, эмне кылса өздөрү билсин. Матайыңыз сизге эмне деп айтканын билбейм, бирок ал мен үчүн жөн гана тааныш адам. Жакшылыгыңызга жакшылык кылып, көзүңүздү ачып коеюн. Сиз жумуш сурап келген жерде эч жумуш жок, болгону сиз мен сыяктуу динге үндөгөнүңүз үчүн гана акча аласыз. Эгер алты адам таап, булардын динине үгүттөсөңүз беш миң сом ай сайын, дагы он беш киши тапсаңыз алты айда беш жүз доллар, алты жылдан кийин там, машина белек кылабыз деп жатышкан. А бул биздин катаал заманда мендей жалкоолор үчүн эң оңой жан сактоо. Азыр кай жол менен болсо да байып алсаң бийликке туруу, билимиңди жогорулатуу, айтор эмне кааласаң баарына жете аласың. Эми болду жакшы киши болуп мазамды албаңыз. Кошуңуз,— деп, көз жашын аарчып, тамекисинен дагы соруп, калганын жерге таштады да ичкери кирип кетти. Уккан кулагына ишене албай Адаш нес болуп туруп калды.
Оо кудай, булардын алдап жатканын башта эмнеге аңдабадым экен?! Бул жашоонун не бир сырлары, табылбаган табышмактары түгөнбөйт окшойт. Өзүнүн ушунчалык ишенчээктигине итатайы тутулуп, ыйлагысы келип турду. Ар кандай ката ишенимдерди көркөмдөп, көбүрөөк үгүттөп койсо, анан алардын берген тыйынына кызыгып, дароо кабыл алып кете бере турган байоо адам окшойм. Турмушта адамдар уулдуу болуу максаты менен «Адаш, Жаңыл» деген ысымдарды колдоно беришет тура. Ата-энеси үчүн бурулуп, адашып уул алып келгени менен ошол эле Адаш, Жаңылдардын жашоосу койгон ысымындай адашып калат окшойт деп,— ойго тунду Адаш.
«Касиетке эмне мынча ишендим, ал менин тууганым беле? Ырас, берген акчасынын баарын короткон эмес экем. Сарптап койгонумду таап, эртең чыпчыргасын коротпой кайтарып берип, тынч эле жашайын деп курбусуна да айтпастан үйүнө кетип калды. Кетпегенде ал жерде кантип олтурмак. Кимге ыразычылык билгизип, кимге наалат айтмак. Кимисиникин туура көрүп, анын таламын талашып олтурмак. Галя эмнени саймедиреп кетти? Дос сүйдүрүп айтат, кас күйдүрүп айтат болдубу. Аңгектен качып, дөңгөккө түштүмбү деген, күрүчүнөн күрмөгү көп ойлору тажатып жиберди. Илгери, мен кичинекей кезимде апам акыр заман келээрде диндин сексенден ашык түрү көбөйүп, адамдар адашат деп айтты эле. Ошол сөз чын го дейм. Жүрөктөгү боштуктан улам, ар кайсы динде адашып жүргөндөрүн билишпейт тура».
Көп өтпөй Джон менен Галя Чоң Арыктан чакан үй сатып алып, үй кызматкерин жалдашты. Джон тил үйрөтүп иштеп жүрдү. Бирок ал андан тышкары кыргыздын тарыхына кызыгып, аны менен таанышып, урууларды изилдеп жүрдү. Айылдарга барып, алардын жашоо тиричилигине кызыгат. Аларды сүрөткө тартып алып кетет, боюнда бар келиндерге балдарыңардын ысмын Джон, Энди деп коюп мага сүйүнчүлөсөңөр мен ал балдардын каржылоочу атасы болом, жана сөзсүз сүйүнчүлөгүлө деп кетет. Албетте Галя жанында. Келинчегинин жардамы менен кыргызча жакшы үйрөнүп алды. Ал тургай Манас эпосун да тез эле окуп чыкты. Кыргыздын динине, маданиятына, тарыхына кызыгып, баарын билгиси келет. Ребеккалар андан башка америкалыктар менен тыгыз байланышта болуп турушту. Каражат жагын Америка камсыз кылып турат экен. Галя кенен акча колуна тийип, өзүнө керектүүсүн да, кереги жогун да ала берди. Ага андан башка ырахат, кызыкчылык жок эле. Көңүлү келбейт. Кичинемде ушул куурчакка кызыгаар элем деп куурчакка чейин алды. Ал иштебей эле үйүн аябай кооздоо менен алектенди. Галянын документин бүтүрө албай бир жылча убакыттары кетти. Акыры акчанын күчү менен күйөөсүнүн фамилиясына өттү. Капыстан эле Джон үйдү сатып, Америкага кетээрлери жөнүндө айтып калды. Галя болсо үйүн, эмеректерин кыйбай кыйылат. Алып кете албайт, сатуудан башка арга жок. Джон Америкада мындан да эң кооз, эң жакшы жашоо күтүп турганын айтса, аргасыз баарына кайыл болуп, сатышат. Башка аргасы да жок эле. Саталбаган буюм, ашыкча кийимдерин үй кызматкерине берди. Адаш менен Галя бир күнү күтүүсүздөн кайра базардан жолугуп калышты. Галя бактылуу көрүнгөнгө аракет жасап жатты.
-Күйөөмдүн бул жактагы жумушу бүтүп, Америкага кетип жатабыз. Үйүбүздү жакшы баага саттык. Буйруса бир жылда бир келип турабыз,— деди кара күчкө кербезденип.
-Күйөөң бул жакка эмнеге келиптир? Бизге эмне жакшылык кылды? Ушу четтен келгендер эмне максат менен келишет экен, билдиңби?-деп Адаш сурап калды.
Мындай күтүлбөстүктөн тиги чынын айтып жиберди:
— Кайдагы жакшылык. Буларга кичинекей элибиздин эмнесине кызыгышмак эле. Буларды жерибиз, жер астындагы, жер үстүндөгү байлыктарыбыз кызыктырса керек. Акырындап улутубузду, аң сезимибизди, маданиятыбызды, тилибизди, генеологиябызды изилдеп жүрүшсө керек.
-Ушунун баарын түшүнүп турсаң эмне үчүн биздин бийликтегилерге айтпадың?
-Мени угаар адам бар бекен. Уккан күндө да ата мекеним деп эч ким эч нерсе кылгысы да келбейт. Жакшы туруңуздар, кийин бир келгенимде турмуш кичине оңолуп калаар,— деп, шашыла басып кетти.
Мындай ар бирибиз кайдыгер карасак кыргызстан деген кумга сиңген суудай жок болуп кетеби? деп Адаш базардагы ордуна келип ойлуу олтурду.
Джон Галя менен америкага уулунукуна келип түшүштү. Чакан үйдүн коңгуроосун какканда оозу толтура, колуна тарелкадагы пицасын көтөрө чыккан, жыйырма, жыйырма бештердеги жаш жигит чыкты. Ал атасын аябай сагынганын билдирип англисче ал -акыбал сурашып, кучакташып улам бири-бирин көтөрүшүп жатты. Галя учурашууга кезек күтүп улам үнүн жасап оңдонуп турду. Жаш жигит Галяны карап: -Азиядан эң сулуу кыз тапкансың го,— деп, ачык эле суктанып койду. Джон уулунун кулк мүнөзүн, кичинесиндеги ар кандай жоруктарын Галяга айтып аябай жакшы тааныштырды. Уулу Марк да сагынганын айтып атасына эркелеп жатты. Үйдүн ичинде диван, телевизор, шкаф жана дубалда илинген ар кандай сүрөттөрдөн башка көп деле буюм жок. Тамакты каяктандыр даярдаттырып алып келди. Джон жуунганы бөлмөгө кеткенде Марк үйдүн ичин тааныштырды. Көп өтпөй Марктын досу Вильям келди, алар ал күнү ошол жерде түнөдү.
Эртеси Джон эртең менен жумуштары менен чыгып кетти. Галя эригип эмне кылышты билбей олтурду эле берки эки жигит машина менен шаар кыдырып келебиз деп калды. Галя алар менен чынында эле кызыгып, макул болду. Галя эли жерин сагынганда кыргыз студенттерди менен жолугушуп турат. Аларды Джондун баласы Марк таап берди. Аларга барганда Галя кур барбай белек— бечкек менен барып, өзүнө кадыр барк топтогусу келет. Ошентип Галя бактылуудай көрүнүп жашап жатты. Шаар кыдырып, каалаганын алып, конокторго барып жүрдү.
Учкан куштай зымырап күндөр өтө берди. Күн салкындап, жалбырактар саргарып, күттүргөн күз да келди.
Кийинчерээк Адаштын түшүнө кичинесинде көргөн кумурскалар негедир көп кире берчү болду. Алар Адашты кубалап, жардан ылдый кулатып жиберишет. Ал, турууга жаңы эле аракет кылса, ээ бербей баягы жабалактаган кумурскалар уясына сүйрөп жөнөшөт. Ал жактан кичинесинде ойногон курбусу Нурпери менен кошунанын кичинекей баласын кумурскалар уюгуна сүйрөп киргизип алып, көзү -мурдунан кыбырап чыгып жатышты. Балдар жансыз, сулк жатышат. Анан эле капысынан Адаштын жанына кайдандыр ак көгүчкөн конуп, канаты менен чапкылап кумурскалардан коргоп жатты. Ошентсе да алардан кача берип, ак көгүчкөндүн куйругуна жармашып туруп кетти. Керебеттен жерге кулап түшкөн экен, көрсө. Ойгонуп, денесин калтырак басып, өңүндө болгондой коркуп калган экен. Эмнеге эле мындай табышмактуу түштөр көп кирет. Көбүнчө түшүндө кичинекей бала дайыма жардам сурап чакырат. Ал, аны издеп таба албайт, бул эмнеси, деп убайымга батып мечитке молдого барды. Буга чейин атасы мечитке барып дем салдырып алчы кызым деп көп эле айтчу. Ошону эстеп кетти.
Түз эле мечитке барды. Адаш ал жактагы олтургандардан дем салып берүүлөрүн суранды эле, бир илимдүү молдо киши келди. Ал сылык Ассалоомалекум десе.
Адаш эмне деп жооп берерин билбей тайсалдап саламатсызбы? деп жиберди. Молдо баш ийкеп, алдыга басып, айнек тушка келип олтурду. Адаш кысына, кыскараак юпкасын тарткылап, жанына олтуруп калды.
-Намаз окуйсузбу?
-Жок.
-Кандай илдет?
-Түшүмө ар кандай жаман түштөр кирип, өзүмчө эле кыжалат боло берем. Жаным тынч боло албайт. Турмушка чыга элексизби?
-Турмушка чыкканыма бир топ жыл болду. Эмнеге эле баары ушинтип сурай беришет.
-Себеби, нике дубасы окулбагандай болуп турат. Үйлөнгөнүңөрдө молдо чакырып, нике кыйдырдыңар беле?
-Жок. Кайын журтум андай кыргыздын салтын билбесе керек. Үйлөнүү кийимин кийип, той өткөзүп, бакыт үйүнө катталып баарын эле жасаганбыз.
-Аларыңар ашыкча ысырап, мусулманчылыкта эң негизгиси нике кыйдыруу керек. Никеси жок жашоо чоң күнөө болот. Эгер нике кыйылбаган болсо тигил дүйнөгө барганда сени күйөөгө тийген эмес, балдары шариятсыз төрөлгөн деп эсептешет. Эми бир келгенде жолдошуңузду ээрчите келиңиз, нике кыйып коеюн,— дегенде Адаштын оозу ачыла таң калды.
Молдо дем салып берди. Үстүнөн оор жүктү алып таштагандай Адаш жеңилдей түштү.
-Намаз окусаңыз мындай жин шайтан, илешкерлер, дуба, көз дегендер жолобойт. Жан эркин болот деди. Көптөгөн хадистерден айтып берди эле, намазга Адаштын жүрөгү ачылып , молдого намаз окуйм деп сөз берди. Адаш үйүнө келип, жолдошуна молдонун айтканын айтты эле, Матай көпкө ойлонду. Баягы, намаз үйрөнөйүн деп келген чалдын сөзүн, Акак эженин каапырларга үйүмдү бере албайм дегени эсине кайра түштү. Ордунан туруп, ал да молдого барды. Молдодон келген соң:
-Экөөбүз тең сокур болгон турбайбызбы. Сокур сокурду жетелеп дегендей, экөөбүз тең аңга түшүп кете жаздаган экенбиз,— деди, оор үшкүрүнүп Матай. Адамдын бактысыздыгы анын ысымынан, жашаган үйүнөн да болот экен. Экөөбүз тең атыбызды өзгөртсөк кандай дейсиң?
-Эң жакшы болот эле. Балким жаңы аттуу болгондон баштап, адашпай калаармын. А кандай ысымдар жакшы экенин молдоке айткан жокпу?
— Айтты. Кыргыздын мааниси жагынан жакшы сөздөрдү түшүндүргөн, пайгамбарлардын аттары жакшы экен. Матай орустун аты экен. Мени Атай-Абдулла деп атымды азан айтып өзгөртүп берди. Анда эртең сенин ысмыңды өзгөртүп, кайра жаңы аттарыбыз менен нике дубасын окуталы.
-Макул, бирок башка күнү баралы. Эртең апамдын өлгөн күнү эле. Куран окутканы ошол жакка барышым керек.
-М..м..мен аны унутуп калыпмын. Молдого дабатка чыгып намаз окуганды, мусулманча парыздарымды үйрөнөйүн,— деп айтты элем.
-Мейли бара бер. Өзүм деле барып келем деди Адаш.
Ошентип намаз окугандан бери аларда акырындап ийгиликтер боло баштады. Ал күнү Матай кырк күнгө даватка кеткен эле. Адаш жылдыз тарап баратканда багымдат намазын окуп бүтүп, көпкө тесме тартып, анысын бүтүп, терезени ачты. Былкылдап оң көзү тартып калды, ал баягы Кыйбасын эстеп кетти. Кызык, терезеден апаппак көгүчкөн үйгө кирип, үйдү эки-үч ирет айланып чыгып терезеге конуп калды. Адаш кыймылдабай көгүчкөндүн эркине коюп, суктанып карап турду.
-Бул жолу жакшы кабар алып келгендирсиң көгүчкөнүм. Уулум кайда, аны сен билесиң. Суранам, Аллам уулума жолуктурчу, дал ошол күн кайталанчудай жүрөгүм кайдадыр алып учат,— деп көпкө ыйлады. Адаш эми ар башкага сыйынбай, бир гана Аллага ишенет. Ал өзү төрөрүнөн үмүтүн үзүп койгон. Тилеген тилеги: Кыйбас уулу бир күнү эшик ачып кирип келиши эле. Кээде өзүнө ачуусу келе: андай жомокту кайдан таап алдым экен деер эле.
Көздөрүн көнөктөй шишитип , Адаш базарга келди.
-Саламатсызбы Адаш эже,— деп Жаркын жаркылдай маңдайында турду.
-Аллага шүгүр, өзүң кандай, кошуналар кандай, Акак эже кандай,— деп Адаш экөө кучакташып көрүштү.
-Эже, мен сизди көптөн бери издеп жүрөм. Баягы Анара эже берип, кайра алган баланы тапкам. Аны алыска деле эмес, наркы көчөдөгү, ошол, бала төрөлгөндө ошол бөлмөдө жаткан эгиз төрөгөн Седеп деген жаш келин алган экен. Энеси ага ишеним кат жазып таштап качып кетсе, Анара эже бизге берип, кийин, тигил келин арызданам деп коркутуп да, акча көп берип да, үч эм төрөдүм деп өкмөттөн акча алмакка багып алган экен. Ал кезде жашоолору түзүк эле болсо керек. Кийинки жылы дагы уул төрөп, төрт баланы багуу кыйын болот.
Жолдошу Россияга иштегени кетип, ал жактан дарексиз жоголот экен.
— Астагфирул-лох!
— Балдар да жүдөп, өзү да абдан кыйналып кетти. Өкмөт бакма бала экенин билип, нике күбөлүктөрү жок деп эч жардам бербейт. Балдарга да документ ала албайт. Эптеп өлбөстүн күнүн көрүп, күн жылууда тогуз айлык уулун көтөрүп, көчөгө машиналар көп өткөн жерге туруп, кайыр сурап оокат кылып жатыптыр. Бирок ал жерден да, шаардын көркүн бузуп жатасыңар деп акимчиликтен келген балдар куугунтуктайт экен. Эки жаштагы үч уулун үйүнө жалгыз камап кетет. Кээде мен аларды карап турам. Жума күндөрү мечитке келип уулунун колундагы «Алла» деп жазылган жазууну көргөзүп, кайыр алып, эптеп жашап келатат. Ошол жума күнкү тыйындар берекелүү болуп, кээде бир, эки жума оокатка жетет деген. Ошол уулун далай ачкачылыктан сактап калган деп жакшы көрөт. Алланын сүйгөн уулу деп атын Кудайберген койгон. Баары эркек болгонгобу же кичинекей балдар ушундай тентек болушабы, айтор алардын үйү өзүнчө эле базар болуп турат.
Аны уккан Адаштын чыдамы жетпей:
-Иншалла. Алла ыраазы болсун сага. Тезинен мени ал жакка алып бар. Мен сөзсүз ал аял менен сүйлөшүшүм керек,— деп, шашыла товарларын жыйнай баштады.
Жаркынай айткан сөздөрүнө өкүнө, коркуп да турду. Буларды бала талаштырып, ыраса жаралуу жүрөктөрүн оорутпасам болду деп бара жатты.
Адаш бейтааныш келинди чочутуп албайын деп Жаркындын эжеси болуп таанышты. Балдардын баары уктап жатыптыр. Эки бөлмөлүү үйү жупуну болсо да таза, тыкан экен. Төрдө кичинекей жүк, чай ичкен стол, жука кийиз, дубалда колго сайма сайылган туш кийиз тагылып турат. Ал туш кийизде кадимки бизге келген ак көгүчкөн тирүү тургандай кылып сайылыптыр. Айнекте эки сынык ойунчук машина турат. Жашаялмет болсо да, баары орду менен турат. Үйдү көрүп Седептин бышык, таза, өзүнө тыкан аял экенин байкайсың. Жапалдаш бойлуу, арыкчырай, капкара коюу чачы бир өрүм өрүлүп белине чейин жетип турду. Кара тоголок көздөрү ойноктогон жылдыздуу келин экен. Жашы отузга жакындап калгандай. Бирок анын көздөрү суз, жүрөктү куушура жалжылдап турганын көрдү Адаш. Ийкем кыймылдап, чай алып келе калды. Столдун үстүндө жарым бөлкө нан эле турду. Адаштын боору ооруп, балдар турса нанды ошолор жесин деп, бир чыны чайды курулай араң ичти. Жаркын чөнтөгүнөн жыйырма сом сунду эле келин сүйүнүп кетти. Тиги жок, бул жок деп нааразыланабыз, а бул ушуга тобо кылган келин экен буга кудайдын берэри чоң го деп Адаш ойлоп турду. Илгери адамдар айтчу экен.
Балам, бул дүйнөдөн ичер сууңду, татар насибиңди энең өзүң менен кошо төрөгөн деп. Адаш уулум ачка жүргөн тура деп жүрөгү сыздап кетти. Балдарды ал күнү жакшы көрө албады. Эртеси балдарга таттуулардан алып кайра келди. Седеп Адаш менен сылык учурашып, чай койгону ашканасына кетти. Жерде эки бала бир оюнчукту талашып жатышкан экен. Айнекти карап турган баланы көрүп, Адаштын жүрөгү атылчудай түрсүл кагып, ордунан ыргып балага жетти. Бала сыртта жерди ченеп жүргөнсүгөн ак көгүчкөндү карап, бирдемселерди кужурап турган экен. Жанындагы чоочун аялды байкаган жок. Адаш ак көгүчкөндү көргөндө эмнегедир баланы таңдана карады. Ооба, ал баягы ак көгүчкөнгө опокшош. Балким ошолдур. Бул Арча Бешик менен Жаш Гвардиядан чакырып бири бирибизди табыштырдыбы? Же ал жактагы башка көгүчкөнбү, түшүнө албады. Үмүтүн үзүп койгон эле да, Аллам ага бир ишарат берсе керек. Берки экөө Адаштын колундагы баштыкты тарткылаганда өзүнө келе калып, ар биринин колуна таттууларынан берип алакандарын карап, Кыйбасын издеп жатты. Көгүчкөн менен сүйлөшүп тургансыган баланын алаканын карап:
-Мына баягы жазуу, таптым, уулумду таптым деп жиберди. Ал бала баарынан сулуу да, нурлуу, бойлуу да экен. Адаш айнекти карап, жерден бакка учуп конгон көгүчкөнгө ыраазы боло:
«Сен кимсиң уулумдун досусуңбу же колдоочусусуңбу, жерден көрүнбөй калат деп бакка олтурдуңбу, коркпогун уулума эч жамандык кылбайм,»— деп,үнсүз, көзү менен айтып турду. Баланы берки балдардан бөлүп, сыга кучактап, өпкөндөн Седептен кысынды. Эмчеги зырп этип сыздап кетти. Аттиң, маңдайыбызда турсаң да, кандай алыспыз деп үшкүрүнүп, Адаш үчүн кең дүйнө алакандай тар болуп турду. Ошондон тартып алгачкы күндөрү базардан күнүгө тапкан акчасына оокат— аш алып Седепке жүгүрөт. Алдынан балдар апалап жүгүрүп келип кучактап тосуп алышат. Эмнегедир келин да балдардын Адашты апаш дешине каршы болгон жок. Кыйбасым деп ыйласа эми балдардын баарын жакшы көрөт. Кайрымдуулук фонддо иштейм деп акырындап күндө келип алар менен камыр жумур болуп көнүп кетти. Буга чейинки санаа, күйүтүнө, Кудайбергендин кубаты дары болду. Келгенде акырын акмалап көгүчкөндү кошо издейт. Ал да ошол тегеректе алыстабай жүрөт. Базардагы товары түгөнгөндө, жардам берүүгө бай адамдарды издеп, балдардын сүрөттөрүн көргөзүп, үйлөрүнө ээрчитип келип жүрүп өзү да «Кыйбас» деген фонд ачып алды. Кыйбасты көргөндө ушунчалык эзилип, жакшы көрөт, бирок аны бакма энеси бермек түгүл үйүнөн кууп чыгып, балдарды башка көрбөй калбайын деп коркуп, баласын сурай албады. Седеп ал баланын атын Кудайберген деп берки өзүнүн эгиздерин Бакберген, Бекберген, эң кенжесин Кутберген деп атап алыптыр.
Кудайберген чыны менен жөн бала эмес деп адан да коркчу. Матай даваттан келгенде Адаш аны балдар жашаган үйгө ээрчитип барды. Ал балдарга атынын «м» тамгасын алып салып, мени Атай деп атагыла деди. Балдар жүгүрүп келип Атайды өздөрү эле «й» тамгасын кошпой »ата» деп калышты. Бул сөз аны жүрөгүн катуу жибитти. Кыздарды көргөндө көзү күлмүңдөгөн Атайга Седеп жакты. Атай кара көздөрү менен эркелетип, тигиле, телмире карап, Седептин бүткөн боюн жылытып, көңүлүн ийинтти. Ошентип жетим балдар, менен жесир аялды, анан албетте, өз аялын багуу үчүн жан далбастап иштеди. Адаштын да иши оңолуп, башка көптөгөн балдарга жардам берүү үчүн күндөп-түндөп, чет мамлекеттерден жардам сурап иштеп жүрдү. Андай күндөрү Атай менен Седеп башынан өткөргөндөрүн айтышып, жакындан тааныша башташты. Седеп да, балдар да аларга аябай көнүп алды. Седептин кечинде күндө тамакка чакыруусунан, балдардын чырылдап кетирбей койгонунан улам күнүгө ал жерде болуп жүрүп акыры аларга бирото эле көчүп келип алышты. Күзгү саргайган жалбырактар менен кошо Адаштын да саргайган санаалары түшүп жатты. Ачуу турмуш аларды бири –бирине жакындатып, акыры ажырагыс кылып байлап салды. Адаш уулун жакшы көрсө, Адашты да, Седепти да Атай жакшы көрөт. Келинден баланы алып алууга жүрөктөрү даабай, ыймандары да уруксат бербейт, келин деле туубаса да тутунган баласын аларга бербесе керек. Биресе келин деле аларды кууп жибере албайт, себеби кайыр сурап көчөдө тургуча булар балдарын эң сонун багып жатпайбы. Өз күйөөсүнөн болсо эч кабар жок, деддомдо чоңойгондуктан анын да, өзүнүн да тууган –туушканы да жок. Келиндин да оор турмуш башынан көп өтүп, баарын акыл менен калчап, Адашты өз бир тууган эжесиндей сыйлайт. Экөө жакшы сырдашып, бири-биринин кайгысына кейип, кубанычына сүйүнүшчү болду. Адаштын көзүн карап, анын сөзүн эки кылбайт. Балдарды жакшы багып Атай менен Адаштын кийимин жууп, тазалап, кечкисин тамак жасап, жумушка кетишкен аларды баары күтүшөт. Адаш Седептин улам күзгүгө карап, жарашыктуу кийинип, өзүн-өзү жоокалап, Атайдын көзүнө көбүрөөк көрүнүүгө умтула баштаганын байкады. Атайдын күнүгө кечиндеги баарын олтургузуп алып, дават кылуусунан улам Седеп да намаз окуй баштады. Балдардын баары эч кимдин үйрөтүүсү жок эле Атайды ата, Адашты апаш, келинди мама деп алышты. Ал күнү Адаш чарчап келип жаздыкка башы тийээр менен уйкуга кетти. Түшүндө Атай ак боз ат минип, ак кууну бир колуна кондуруп, экинчи колуна себетке салынган жумурткаларды кармап, Адашты баш ийкеп чакыргансыйт. Адаш аларды суктана карап, алаканындагы кичинекей бир жумуртканы кармап турган эле. Адаш жумуртканы Атайга берди, ал себетке салып, жумурткаларга кошуп койду. Адаш тырмышып жатып, Атайдын аркасына учкашып алды. Ал, бул түшүн эмнеси деп көпкө ойлонду. Далай жолу түгөнбөгөн түпсүз ойлор менен таң атырды. Адаш кайрымдуулук жумушу боюнча Америкага учуп кетти. Ал самолетто бара жатып дагы түш көрө кетти. Маркум апасы чоң сандыкты көргөзүп, ачкычын берип, аны ач дейт. Адаш эч ача албайт. Ойгонуп, түшүн жооруй албай кыйналды. Америкадагы жумуштары бүткөн соң Адаш дүкөн кыдырып, балдарга оюнчук, таттуулардан тандап алды. Матайга, Седепке да белек алмакка башка дүкөнгө кирип баратып, кайыр сураган аялды көзү чалды. Өнүккөн өлкөдө деле кайырчы болот тура деп, кызыга дагы бир ирет карамакчы болду эле ал аял келип Адашты колдон алды. Ал, коркконунан кыйкырып жибере жаздады.Өзүнүн осолдук кылганын түшүнө койгон кайырчы аял кыргызча жалынып— жалбарып жиберди. Адаш кунт кое караса ал, баягы Галя экен! Айдай сулуу кыз, көзүнө кемпирден айырмасыз көрүндү. — Эже айланайын эже, мени ала кет. Көрөөр күнүм, ичээр суум бар экен. Мен акмак болдум, мени алып кет. Туулган жеримдин жыты, кыргызымдын кийими деп Адаштын кийимин жыттагылап да жиберди. Адаштын итатайы келип, бутун кучактап, ыйлап жиберген кыздан жийиркене бутун алакачып, жолун уланта берди. Кайырчы кыз анын артынан калбай чуркап келатты. Обочороок жерге барганда Адаш токтоп,
— Сен ач кенедей жабышып, менин жашоомо бардык жерден тоскоол болуп, жолумдан тососуң. Дайыма көңүлүмдү оорутасың. Мен сенден канткенде кутулам деги,— деп, Адаш ызалуу ыйлап жиберди.
-Эмне деп урушсаңыз да, кандай урсаңыз да мен даярмын, эже! Эптеп эле Кыргызстанга мени алып кетиңиз. Өз эл-жеримде мынча кордук көрсөм да кыйналбас элем!— деп, Галя да буркурап ыйлап жатты.
Экөө бугун чыгара көпкө ыйлашты.
Карган киши менен бир жылдан бери жашап, тажап калганбы, же өзү айткандай чын эле Актаңга ашык болгонбу тигил солуктап ыйлай берди. Адаш аргасыздан, бир чети кандашын кыйып кете албай башын жерге салып, кыздын тагдырын угуп олтурду. Балким өз жерин, элин, өз тилин сагынганда Актаң жолуккандыр.
Анын жагымсыз жытынан, өзүнө чоң, кир кийиминен жийиркенди. Мурду ачылып кеткендей, жаман жыттан улам окшуп, кусуп жиберди. Өзүнчө Седеп менен Галяны бир сыйра салыштырып алды.
— Бир күнү кыргыз ырчылары концерт коюп келишти. Концертке келсем Актаң алды жакта олтурган экен. Аны биринчи көргөндө эле сүйүп калгам. Буга чейин сүйүү эмне экенин билбептирим. Бассам -турсам көз алдымда шыңга бойлуу , толмооч, арстан жүрөк, тамашакөй, жылдыздуу, аппак кыргыз жигити туруп алды. Жапжаш бышык чыйраак Актаңды, кантип акчалуу чалга алмаштырып алам деп ойлочумун. Ошондо, мага концерттен да сүйгөнүм менен сүйлөшүү эң маанилүүдөй болду. Концерт бүткөндөн кийин телефон аркылуу чакырып алам деп, Маркты кетирип жибердим. Актаңды болсо телефон чалып, сыртка чакырып алдым.
Ресторанда бири-бирибизге арзуубузду айтып көпкө олтурдук. Ошентип, уурданып жолугушуп жүрүп, акыры экөөбүз Кыргызстанга качмак болдук. Документерибизди күн мурунтан даярдап, билет алып койгонбуз. Ал окуусун, мен Джонду таштап качып чыктык.
«Эч нерсеңди алба. Өз жерибизге жетип алсак, керектүүңдүн баарын алып берем. Чалың шекшип калбасын» деген Актаңдын сөзүн укпадым. Эки чоң сумка кийимимди алып Джон жумушка кеткенде, Актаңдын жашаган жерине көчүп бардым. Эртеси Аэропорттон Марк досу Вильям, дагы эки жигит менен келип, бизди кармап алышты. Актаң экөөбүз кучакташып, келечекке жакшы максат, ой тилектерди тиленип олтурганбыз. Джондун куугун жиберээрин ойлогон эмес элем. Анын кызганганын деле көргөн эмесмин. Бизди эки жакка бөлүп, сыртка чыгарып, Актаңды сабашты. Ал мага карап:
-Алтыным, бүт аракетиңди жумшап, өз өлкөбүзгө качкын. Ошол жактан жолугушабыз. Мен сени сүйөм. Биз баарибир бирге болобуз, ишен жаным,— деген боюнча сүйрөп барып машинеге салып кетишти. Чаңга оонап, Марктын бутун кучактай:
— Кечир мени, сен деле жашсың го. Мен ал баланы сүйүп калдым. Марк, туура түшүнүп бизди кое берчи. Сүйгөнүмө эч жамандык кылбачы. Мен Джонго айталбай койдум, жүрөгүн оорутпай кетейин дегем,— деп ыйлап жаттым.
Марк мага көзүнүн чаарын чыгара карап, чачыман сүйрөп, башка машинага жулкуп салып, Джонго алып барды.
Джон менин документеримдин, кийимимдин баарын өрттөп, бир таанышы менен он эки саат алыстыктагы ушул жерге таштап кетти. Актаңды эмне кылгандарын билбейм, ал дарексиз жоголду. Ошол тагдыр тартуулаган эстен чыккыс күндөр, ал айлуу, бактылуу түндөр эми кайрылып келбей калды го, кайдан. Актаң экөөбүздүн сүйүүбүз ак эле, чыныгы сүйүүнүн дал чокусу эле. Мунун баарын эми түшүнүп олтурам. Аны өлтүрүп коюштубу деп корком.
Эки айдан бери көчөдө, эмне кана кордук көргөн жокмун, таштанды терип жеп жашайм.
-Кээ бир адам көздөн учуп, тамчы сууга зар болуп олтурса, кай бири ошол суудан тажап, анын акпай, соолушун күтөт. Үйлөнүү тойуңарда эскертсем укпай койдуң. Күнөөсү жок жаш Актаңга боорум ооруйт. Эгер тирүү болсо эмне кордукта жүрдү болду экен,— деди Адаш.
-Ооба эже, дал ошол менмин. Мерчемдүү берилген жашоомду татаалдаштырам да өкүнүп, көп күнүмдү ый менен өткөрөм. Актаңды да азгырган менмин,— деп Галя шолоктоп ыйлап жатып, бутум уктап калыптыр, кош бойлуу окшойсуз деп койду.
— Кой эми болоору болуптур,— деп Адаш сумкасындагы кийимдерин, калган акчасын Галяга кыйбай берип, оңдоп— түздөп «Чилдрен» деген балдардын кайрымдуулук фондуна сүйлөшүп, ошол жерде бардык жумуштарын жасап, убактылуу жашай турган кылып сүйлөшүп калтырды.
-Паспорт алганда Кыргызстанга бараарсың. Азырынча башка колумдан эч нерсе келбейт. Кош,— деп колун сунду.
— Эжеке, рахмат, -деп Галя көз жашын көлдөтүп кала берди. Ал Галянын ата-энесинин дарегин алып, фонд аркылуу байланышаарын айтты. Адаш кетип баратып, көпкө чейин далысы менен Галянын көз жашын төгүп, артынан узата карап турганын сезип баратты. Анын бул жолку командировкасы өтө оор болду. Актаңды эстесе жүрөгү тилинип, көзүнө жаш келет. Өз жашоосуна тооп кыла жакасын карманды. Ал жактан үйүнө келер келгенче бирде кусуп, бирде башы айланып демейдегиден аябай кыйналып келди. Бул эмнеси Аллахымдын соопчулук иштериңе, сага да берерим бар дегениби. Шайтан кыздын «бутум уктап калыптыр, кош бойлуу окшойсуз»-дегени чынбы?-деп ойлонуп кетти. Үйүнө араң жетти.
Күйөөсүнүн Седепке кайдыгер эмес экенин байкаган кыраакы келин: багымдат намаздан кийин кош колун көккө созуп, мөлтүлдөтүп көзүнүн жашын куйултуп:Оо Аллам сезимимде бул туюм сенин кереметиң, мага жиберген сынооңбу деп турам. Демек, мен ага баш ийишим керек. Башка эч аргам жок, өтө ичке бир гана бийиктикке төтө жол турат. Башка баардык жолдор төмөн кетет,— деп ойлоду. Түшүндөгү кулпунун ачкычын таап, ачмак болду. Атайга учкашып, тагдыр жазган маңдайдагы буйругун эч бир жан бузуп же оңдой албагандай эле Адаш да буга көнмөк болду. Мечитке барып, ысымын Нурайкөлгө өзгөртүп, Атай-Абдулла экөө нике дувасын окутушту. Бул ысымды Адашка Атай койуп берди. Седептин ысымын Багымга алмаштырышты. Кийинки күнү Седеп менен Атайды эрчитип алардын никесин кыйдырып, балдардын көздөрүндөгү ишенимди чындыкташтырышты. Адаштын мындай марттыгына ыраазы болгон кыраакы Седеп да: «кай күнү булар мени кууп чыгат деп жүрөгүндө бүдөмүк болбосун «-дегенсип, улуусу Кудайбергендин жана кичүүсү Кутбергендин документинде ата-энеси Седеп-Багым, Атай-Абдулла, берки эгиздердин Бакберген, Бекбергендин ата-энеси Адаш-Нурайкөл, Атай-Адулла деп жаздырышты. Атай бир Нурун карап, бир Багын карап эле бактылуу. Адаш Седепке ыраазы боло:
-Далай жыл мээнеттенип, үзүрүн көрчү өмүрүмдүн күзүн тартууладың,— деди... Алар айылга апасынын туулган күнү менен куттуктаганы баратышты. Машинада чурулдаган балдар. Нурайкөл жеткенче улам токтотуп куса берди. Ал машинада баратып, баягы төлгөчү аялдын сөзүн эстеди. Кызык ошондо Ашыкпа, убагы келет дебей эле, Аллага шүгүрчүлүк келтирип, парздарыңды аткарып, намаз окуп Алладан суран десе болмок да. Адашып, бакытка да , намазга да кеч жеттик деп курсагын сылап, ойлонуп баратты. ( АЯГЫ )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2