(кыйын болбосо баракчаңызга сактап алыңыз).
1. Үйгө адамдын, жан-жаныбарлардын сүрөттөрүн жана жандуулардын эстелик сувенирлерин койбоо керек. Анткени, мындай үйгө периштелер кирбейт. Периштелер кирбеген үйгө шайтан оңой кирет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахты салам-салаваты болсун) айткан:
“Сүрөт жана эстеликтер бар үйгө периштелер кирбейт”.(Муслим).
2. Үй ичине ит багууга болбойт. Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: “Бир жолу Жабрайил периште Аллахтын элчисине келүүнү убада кылып, бирок белгиленген убакта келбей койду. Аллахтын элчиси тынчсызданып, колундагы таягын жерге таштап:
“Аллах жана Анын элчиси убадасын аткарбай койбойт” деген аятты окуп жатты. Бир убакта ал сөөрүнүн алдында жаткан итти көрө калып:
- Айша, бул ит качантан бери мында жатат? – деп сурады.
– Аллахка касам, анын качан киргенин көрбөдүм, - деп жооп бердим. Андан соң итти чыгарып жибердик. Ошол учурда Жабрайил периште келип калды.
– Сени убада кылган убактан бериктүп жатам, бирок сен келбедиң? – деп сурады Аллахтын элчиси.
– Сенин үйүңдөгү итттин айынан келе албадым, биз сүрөт жана ит бар үйгө кирбейбиз, - деп жооп берди Жабрайил периште. (Муслим).
3. Үйдү таза кармоого аракет кылуу керек. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан:
“Шыпырындысын короосуна үйүп койгон жөөттөргө окшошпой, үйүнөрдү таза кармагыла”.
4. Тамактанууда “Бисмиллах” - деп Аллахтын атын атоо менен баштоо керек.Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын алам-салаваты болсун) айткан:
“Кимде-ким үйүнө киргенде жана тамакка олтурганда Аллахтын атын атаса, шайтан желдеттерине: “Бул үйдө силерге тамак да, орун да жок” деп айтат. Ал эми үйгө киргенде Аллахтын атын атабаса, шайтан желдеттерине: “Бул үйдө силер түнөгөнгө орун бар деп айтат. Эгер тамактанууда да Аллахты эстебесе, шайтан: “силерге тамак да, түнөк да табылды” - деп айтат”. (Муслим).
5. Үйгө киргенде салам айтып кирүү керек. Куранда:
“Эгер үйлөргө кирсеңер, Аллах тарабынан берилген таза, берекелүү саламдашууну айткыла” - деп айтылган. (Нур сүрөсү, 61-аят). Эгер уйдө бирөо болсо “Ассалааму алайкум ва рахматуллоохи ва баракаатух” деп салам айтуу керек. Аллахтын аты аталган жерде жин-шайтан болбойт.
6. Үйдө Куран аяттарын көп окуу керек. Куранда: “Эгер Куран окусаң, сени менен акыретке ишенбегендердин ортосуна жабык тосмо кылып коёбуз” - деп айтылган.
7. Үйдө “Бакара” сүрөсүн окуу, же магнитофонго коюп туруу керек. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
“Үйүңөрдү кабыр сыяктуу кылып албагыла, кайсыл үйдө “Бакара” сурөсү окулса, андан шайтан качат”. – деп айткан. (Муслим).
8. Үйдө нафил намаздарды көп окуу керек. Пайгамбарыбыз (Аллах андан ыраазы болсун) минтип айткан:
“Үйүңөрдү кабырга окшотпой, анда да намаз окугула”. (Бухари, Муслим)
#САКТАП АЛЫҢЫЗ...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3