Өткөн бир доорлордо падыша жашаган экен. Күндѳрдүн биринде кѳзүнѳ уйку келбей, кандайдыр бир кыжаалаттык ичин жегенсип,тынчын таппай калат. Сакчылардын башчысын жанына чакырып,аны менен кошо карапайым адамга окшоп кийинип алып кѳчѳ кыдырганды чечет.Шаардын баардык кѳчѳлѳрүн кыдырып бүтүп,бир кѳчѳдѳн ээн талаада эле эч ким кѳңүл бурбай койгон ѳлүктү кѳрѳт.Падыша адамдарды чакырып алып,эмне үчүн ага эч ким кѳңүл бурбаганынын себебин сурайт:
-Бул кишиге эч ким кѳңүл бурбайт го,мунун үй бүлѳѳсү жокпу?Бул ким ѳзү?
-Бул фасык киши,жеткен араккеч жана бузуку зынакор,-деп жооп беришти жергиликтүү адамдар.
-Эмнеси болсо да бул Пайгамбарыбыздын(ага Аллахтын салам-салаваты болсун) үммѳтүнѳн эмеспи?!Келгиле бул кишини кѳтѳрүп үйүнѳ алып баралы,-деп кайрылат падыша.
Адамдардын баары ѳлүктү кѳтѳрүп,анын үйүнѳ жѳнѳйт.Күйѳѳсүнүн ѳлүгүн кѳргѳн аялы абдан ыйлап:
-Жараткан сени ѳз рахматына алсын,эй момун күйѳѳм.Чындыгында мен сенин такыба жана диндар экендигиңе Аллах астында күбѳлүк берем!-деп ый ортосунда кайрылат.
-Момун жана такыба дейсиңби,бул кишини баары араккеч жана зынакор деп жатпайбы?Жагалса ѳлүгүн да талаага таштап салышыптыр го,-деп таң кала сурайт падыша.
-Ооба,туура айтасыз,таксырым.Мен бул нерседен кабардармын.Өмүрлүк жолдошум күндѳ кечке иштеген акчасына жакынкы бир дүкѳндѳн арак сатып алып,аны дааратканага тѳгүп салып: «Эч болбосо бир мусулманды арактан сактап калдым» дечүү.Калган акчасына болсо,сойкуканага барып,бир кыздын бир түндүк кирешесин берип,эч болбосо ушул түнү зына кылбаса деп аракет кылчуу.Үйгѳ келген соң: «Эч болбосо бир мусулман аял жана эркекти ойноштуктан сактап калдым»,-деп сүйүнчү эле.Элдин баары анын күн сайын арак сатып алып,андан соң сойкуга барганын кѳрүп,ал жѳнүндѳ кѳптѳгѳн ушактарды таркатып жүрүшкѳнүнѳн,мен жолдошума : «Эгер сен ѳлүп калсаң,сенин кѳрүңдү ким казып,сени ким жерге берет?!Жаназаңды ким окуйт?»,-деп даттандым.Ал болсо: «Коркпо,сүйүктүүм,Жараткан менин ѳлүгүмдү кор кылбайт.Менин жаназа намазыма падыша ѳзү имам болуп,артында кѳптѳгѳн аалымдар турат»,-деп жооп берген эле байкушум.
Бул сѳздү уккан падышанын кѳзүнѳ жаш келди.
Чындап эле элдер жактырбай бузуку деген кишинин жаназасына падыша имам катары ѳтүп,артында миңдеген адамдар жана атагы Жерди титиреткен менмин деген аалым жана шейхтер турушту.
Эгер Аллахтын ыраазычылыгы үчүн чын ниеттен бир жакшылык кылсаңыз,Жараткан Кудай Таала сизди кем кылбайт,эртеби же кечпи сѳзсүз сыйлыгын аласыз!Андан эч шектенбеңиз!#таасирдуу
Которгон: Нуриет Абдулазиз
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1