Мурда жогорку окуу жайда чогуу окуган Адаштын курбу кызы Касиет базардан өтүп бараткан экен. Жарашыктуу, тыкан көйнөк кийип, чачын жазып өзүнө ишеничтүү бара жаткан. Аны көрүп Адаш каймана кишидей сыртын сала көрмөксөн болду. Балким ал сыяктуу жарашыктуу кийинип турса качпай эле жолугат беле. Эртең менен тамакка табитим чаппай, же күзгүгө каранбай чала-була кийинип чыгып кеттим эле. Каап, мунун көп күндөн бүгүн жолугуп калганын карачы деп ичинен кейип алды. Курбусу ага болбой:
— Ой, Адаш кандайсың?!— деп сагынычтуу көзүн чачыратып колун сунду.
— Ое, сени тааныбай калыптырмын. Аябай өзгөрүп, сулуу болуп кетипсиң го,— деп, сыр бербеди. Жупунулугунан өзүн курбусунун жанында пас сезип, көп сүйлөшкүсү келбей эртерээк кетсе деп кыйпычыктап турду.
— Өзгөрсө өзгөргөндүрмүн, азыркы жумушум жакшы. Айлыкты доллар менен алам. Көптөгөн курбуларым да мен аркылуу мурда кийбеген кийимдерге жетип, жети атасы кармабаган эвро акчалары чөнтөгүндө болуп, машине минип калышты,— деди тиги шыпылдап.
Мен да сендей байысам кана, деп айткысы келип турса да кептин удулун башка нукка буруп.
— Биздин группадагы кыздар жакшы жүрөбү? Институтта эмне жаңылыктар болууда?— деди.
— А, ал жакты билбейм, көптөн бери бара элекмин. Сессияларда мугалимдерге акча берип бааларды койдуртуп жатам.
Адаш курбусуна суктана карап, аны телегейи тегиз кандай бактылуу деп ичинен сызып турду.
– Бул байпактарыңа беш–он сом эле кошосуң да ээ,— деп Адаштын алдында жайылып жаткан майда-бараттарга карады эле ал уялганынан, кемсингенинен унчукпай башын ийкеди.
— Ийи, эптеп өлбөстүн күнүн көрүп, күндөр өтүп келатат го, айтор.
— Бизге офиске бир кыз керек болуп жатты эле, биз менен иштешесиңби, мен сүйлөшүп берейин деп тиги камкорлонду. Курбусунун боор тартып ыктаганы бир капшытын толтуруп тургансып ыраазы боло үмүт күтө түштү. Заматта Адаштын ууртуна жылмаюу пайда болуп:
— Эмне жумуш? Айлыгы көбүрөөк болсо, анан менин колуман келген иш болсо?.. Сенден жашырганда эмне, жетишпеген турмуш жадатты. Окуумду токтотуп, минтип эртеден кечке саргайып базарда олтурам. Кечинде чарчаганымдан бутумду тарта албай суй жыгылам. Тапкан таза кирешем болгону кээде он сом болсо, кээде жүз сом болот. Канча аракеттенсек да ирдентпеген татаал оор заман болду. Акча болсо дарыланып, балалуу болсок жакшы болор эле. Матай көчөдө ойноп жүргөн кичинекей чыт курсак балдарды жалдырай караганда, тим эле ичим эзилип, көзүмө жаш тегеренет. Убакыт болсо учкан куштай өтүп жатат,— деп армандуу үшкүрүндү.
-Матайың эмне иш кылып жүрөт?
-Ээ, ал байкушту да татаал турмуш чүнчүттү.
-Акчалуу тиги Кажыбаска тийип алганыңда мынча кыйналбайт элең.
— Менин да көңүлүм Кажыбаска бөлүнүп баратканын дароо байкаган Матай, машине үйрөткөн киши болуп, алдап, алакачып кетпедиби. Узак убакыт сүйлөшүп жүрүп, баарыңар көрүп турсаңар, анан үйүнө алып барса олтурбай кетип калгандан, курсташтардан уялдым, Матайды аядым.
-Кажыбас да сени сүйгөн. Матай экөөңөрдүн үйлөнгөнүңөрдү укканда ишене албай , мени салып алып, артыңан кууп барсак бекер жеринен болбой койгонсуң.
-Ал экөөбүз жаңы гана сүйлөшүп баштаганбыз, ал кеч жолукту. Бири-бирибизди анчейин жакшы билелек элек. Мурдагыдан сүйүүм саал солгундап, башкага ооп баратса да Матайды таштап кете албадым. Ал менин алгачкы ак сүйүүм эле. Мурунку жылы үйлөнсөк деп ойлосом ырас кийинки жылы каалабадым. Менимче Матайдын бул алакачып алганы экөөбүзгө тең жакшы болду. Алагачып деп коем ,ал айткандай өзүм үйүнө кирип баргам. Досу экөө келип, жүр машине үйрөтөм десе макул болуп, рулга олтурдум. Алар машина айдоону үйрөтүштү. Күндө келип машинасын аз— аздан айдатышат. Мен да аябай кызыгып алдым. Алар кандай айтса ошондой: түз десе түз, кайрыл десе кайрылып айдайм. Бир маалда «эми тээтигил жашыл дарбазага кир, ошол жерден артка кайрылабыз» деди. Мен оюмда эч нерсе жок ал үйгө кирип бардым. Машинаны токтот, ысып кетти, суу куюп алалы дешти.
Үйдөн аялдар чыгып, ошентип айдоочуга жоолук салышкан. Ошондон бери машине айдай элекмин. Бир жумадан кийин ак көйнөк кийгизип, той өткөзүштү. Минтип төрөбөй жүрсөм Кажыбас күтмөк беле. Акчалуу неме эмдигиче үстүмө эки аял алып келмек. Кажыбаска турмушка чыкпаганыма өкүнбөйм. Арманым бала. Сага көйгөйлөрүмдү айтып көөдөнүмдү бир аз да болсо бошотуп алгандай болдум,— деп үшкүрүндү.
Касиет боорукерлене:
— Албетте, сен балалуу болушуң керек. Бул дүйнөгө бир жолу жаралган соң бала жытын искебей, жакшы тамак, жакшы көңүл ачпай, кантип өтүп кетебиз. Мен сени жакшы тааныган доктурума көргөзөйүн. Дарылан, андан кийин мен иштеген жерге жумушка орноштурам. Кааласаң азыр деле барып, жумуштагылар менен тааныштырып келейин.
-Ал эмне жумуш?— деп, кызыкты жан –дилинен. — Англиядан келген валантерлор менен иштешебиз. Алар биздин өлкөгө саякаттап келип, ар кандай бизнес менен алектенишет. Ошондой эле жакыр өлкөлөргө жардамдашып да турушат экен,— дегенде Адаш алардан келечегин кенен кесир ачып бере тургандай сүйүнгөн. Түйшүк басып, мээнет чырмап алган Адаштын кабагы кайра түйүлө калып аларга барууга жупуну кийиминен да уялып:
— Эртең барайын, кандай жолугабыз?— деди. Анын оюн түшүнгөндөй Касиет:
-Эгер кийим алам десең мен акча бере турайын, чогуу иштешсек берерсиң.— деди.
Адаш уккан кулагына ишене албай, түш көрүп жатканым жокпу деп да ойлоп кетти. Жок, бул чындык эле. Ой чабыты алда кайда алып учуп, заматта четтиктердин жанында жүргөнүн элестеп да кетти. Шумдугуң кургур ой кандай жеңил да кандай күлүк. Атылган октой учкан бойдон кетет го. Мындай жакшы шартты текке кетирбейин дедиби Адаш сатып жаткан азыноолак байпактарын жыйнай коюп, курбусу менен кафеде тамактанышты. Ал жерден Адаш сүйүнгөнүнөн болгон сырын айтып берди. Касиет базардан Адашка жарашкан кымбат, жакшы кийимдерди алып берип, ого бетер көңүлүн көтөрдү. Адашка бүгүнкү күн жашоосундагы эң чоң майрамдай сезилди. Жашоо деп ушуну айт! Касиеттин аяр, ак дилинен жасаган алпейим мамилеси анын көп азабынан арылткандай, үмүтү уланып, ишеними артылды. Акчага туйтунуп калгандай эле болду. Алар маршрутка менен Чоң Арыктагы заңгыраган эки кабат кооз үйгө келишти. Эмнегедир ички сезими бул жерге келүүсүнө каршы болгондой кыжалат боло баштады. Кызык, бир мүнөт мурда ушул жерге тезирээк жетсек десем эми уурулук жазагандай өзүмдү жаман сезгеним кандай деп өзүнө таңдана баштады. Үйдөн колуна кичинекей мышык көтөргөн, ак футболка, кара чолок шым кийген көзү көк, грузин улутундагылардай чоң мурундуу, ак саргыл, толугунан келген кырк, кырк бештер чамалап калган англичан аял чыкты. Эртеден берки курбумдун сулуу, укмуш деп мактаган аялдан ашыкча деле андай сулууну көргөн жок. Балким «токочтуу бала сүйгүнчүктүү» болгон чыгаар. Анын арт жагынан таанышындай көзгө жылуу учураган кыз да келе жатты. «Бул кызды кайдан көрдүм эле? Таанышым болуп, атын таппай уят болбосом болду... Же базардан көрдүмбү? Балким ырчы же бийчи болуп телесынактан көргөндүрмүн» деп, ойлонгуча болбой экөө жакын келип, Адаш менен сылык кыргызча учурашып үйгө киргизди.
Англичан аял кыргызча аябай жакшы үйрөнүп алыптыр. Сөздөрүндөгү бир аз катачылыктарды эске албаганда ал менен кадимки кыргыз менен эле сүйлөшкөндөй кенен баарлашып жатты. Тилди үйрөнүп алганына Адаш чексиз ыраазычылыгын билгизди. Ал да кыргыздарды жактыраарын, мында төрт жылдан бери жашап, таза суусун, таза абасын, тоолорун, көлдөрүн кыйып кете албай жатканын айтып жатты. Алиги кыз кофе алып келди. Адаш бүшүркөй жалт-жалт кызды карайт. Бирок ал аны эч качан көрбөгөндөй, назар салып караган да жок. Касиет менен тааныш окшойт. Ага кооз чакыруу барагын сунуп, унутпай, сөзсүз келүүсүн суранып жатты. Албетте, бул курбу кызым менен барабыз деп чакыруу баракты Адаштын колуна карматты. Баракчада «Гүлкак менен Джондун үйлөнүү тойуна чакыруу» деп жазылган экен. Мындай ысымдуу таанышы жок эле, жөн гана бирөөгө окшоштурса керек. Окшош адамдар көп эле кездешет эмеспи. Касиет англичан аял менен англисче бирдемелерди сүйлөшө кетишти. Кээде сөз арасында Адашты карай калышат. Ал болсо «менин шартымды түшүндүрүп, жумуш сурап жатса керек» деп божомолдоп олтура берди. Адаштын ою дагы эле кызда, Джону ким, англичанбы, немецпи, айтор кыргыз эмес ко. Сулуу кызга бир кыргыз жигити буйрубадыбы. Же көр окаттын айынан, акчалуу деп эле тийип алабы? Балким булардыкы чыныгы сүйүүдүр? А мүнкүн бул ысым кыргыз жигиттики болуп жүрбөсүн? Азыркы заманда четтиктердин ысымын коймой эрөөн деле болбой калбадыбы. -Адаш, кеттик. Ребекка сени жумушка алмак болду. Эртең Лондонго кетип жатыптыр. Келээри менен документтериңди алып келебиз.
-Эмне жумуш.
-Эл менен иштейсиң. Калганын убагында көрөөрбүз. Насыяга жыйырма миң сом сурап алдым.
-Мен албайм. Ансыз да сага көп карыз болуп калдым,— деди Адаш.
-Бул акча булар үчүн бир түшкү тамагы, ала берсеңчи. Айтмакчы, ишембиде тойго барып келели. Чет элдиктердин тоюн көрөлү,— деди Касиет. Ошентип, олжолуу кайтып, эртеси базарга келип кайрадан калган байпактарын сата баштады. Балким жумушу жакпай калса, бекер эле карыз боло бербейин деген ойдо акчаны коротпой, катып койду. Бирок, бул олжо Адаштын жүрөгүн жылытпай, эмнегедир бир жаман иштен тапкан акчадай колуна кармагысы келген жок. Зарыгып күткөн ишемби күн келип, Матайды үйгө калтырып, Адаш менен Касиет тойго келишти. Кафеге кирип, кыргыздардай жайыл дасторкон жасып, шаан-шөкөт менен өтө турган чоң тойду издеди. Чоң кафенин кичинекей бөлмөсүндө он— он беш адам бар экен, төрдө ак көйнөк кийип, Адашка чала тааныш кыз олтурат. Экөө кыргызча чоң тойду элестеп алышкан экен, кызды куттуктап коюп Касиеттер да алымсынбай аларга кошулду.
Гүлгактын жанында жашы алтымыштан эчак ашып калган, узун бойлуу, курсагы салаңдаган көк көз, аппак чачтуу, чийкил сары аксакал мыйыгынан күлүп олтурат. Үстүндө кызыл футболка кара спорт кийимин кийип алган. Бул, Джондун атасы го . Өзү кайда жүрөт деп Адаш күйөө баланы издейт. Ал, кары кишиден башкасынын баары жаштар экен. Сыягы кыздын ата-энеси бул тойго каршы болуп, келбеген көрүнөт. А балким чакырышпаган чыгаар. Үстөлдүн бир жак катарындагылар кыздын дос кыздары көрүнөт, баары жаш. Алардын каршысында эки, үч четтиктер, баптистердин жыйынына барып жүргөн төрт келин жана Адаш, Касиеттер олтурду. Отургандар Адашты дароо таанып, ал— акыбал сурашып, жыйынга келбегенине капа болуп ,кийинки жыйынга чакырышты. Той ачык деп жарыяланып, кыз— жигит туруп жүгүнмөк болду. Мына, сага тамаша. Жапжаш, мөлтүрөгөн, ак көйнөкчөн сулуу кыз менен спорт кийимчен аксакал кошо турса болобу! Адаш көргөн көзүнө ишена албай акылынан адашкан адамдай далдырап олтурду. «Бул да бир көр окаттын айынан тийип алдыбы, же бул уюмдан чыга албадыбы» деген ойдо улутташына ызаланып, бир жагынан пендечиликке алдырып, кимдендир кемсинип отурду. Жаш жубайлар деп айтууга болобу, ушуларды? Абышка күйөөнүн ушунчалык чечекейи чеч боло өзүн бактылуу сезип турганы ачык көрүнүп турду.Өзүнө каалоо тилектер айтылганда жаш жигиттерден айрымаланбай шамдагай тура калат. Музыка жаңырса жашына жарашпаса да бийлеп кетет экен. Кыргызча, орусча чандырап, куудулданымыш этип, айтор өзүнчө эле мыкты күйөө бала көрүнүүгө жанталашып жатты. Ар кайсы тилде тост айткандардын аягында Гүлгакты кучактай калып, жабыша өөп калат. Ар нерсе, өз убагында, өз теңи менен болгону жакшы эмеспи, бул экөөнө жарашпай жатты. Гүлгакы, бактылуу көрүнгөнгө канчалык аракет кылса да, ойлуу телмирип, бир жерди тиктеп калат. Анын көзүнөн мен эмне кылып жатам, өзүмө өзүм душман болдум, ата тегимди, элимди уятка калтырып, чыккынчы болдум дегендей. Жаш келин бирде жанындагылардын баарын унутуп, жаш балача ар кимди кучактап, секирип бийлеп кетет. Бирде досторун кучактап буулуга ыйлап жатты. Баптистерге сөз кезеги келгенде алар Галя кайда жүрсөң да жүрөгүңдөн Исаны чыгарба дегенде Адаш ага таңкала карады. Ал көптөн бери издеп жүргөн Галяны тапты. Кыргызда жигит түгөнүп калгансып чалга кетип баратканына таңкалып да, Матайдын сүйүүсүнө ичи тарып, жек көрүп да, кыздын сулуулугуна суктанып да көпкө карап олтурду. Чындыкка тике карап кызга акыл айтсамбы. Айткан күндө да ал мага кулак салабы деп ой кырынан калчап өттү. Акыры чыдамы кетип, ичиндеги бугун чыгарып алууну чечип, оор күрсүнүп алды да ордунан туруп барып Галянын колунан жетелеп сыртка чыкты.
-Галя мен сага жолугуп, жаман сөз айтайын деп жүрдүм эле. Бирок сен менин жүрөгүмдү дүрбөлөңгө салып койдуң, бул эмне кылганың? Укчу мени, кантип өзүңдү ушул чалга ыраа көрдүң? Мен сени көргөнгө чейин жек көрсөм, азыр боорум ооруп турат. Бул менен сен эч качан бактылуу боло албайсың. Көрүп турам сенде кыпындай да сүйүү жок. Сени кыргыздын деле менменсинген жигиттери сүйүп жашамак. Акча менен бакытты сатып алалбайсың. Азыр да кеч эмес. Чечимиңди кайра өзгөрт. Швецария, Америка, Лондон, баарын кыдырып бүткөндөн кийин өз жериңди сагынып, бул жакка келгенге зар болосуң. Сени жан дили менен сүйүп, уктап жатса да сен жөнүндө сүйлөп, а түгүл ыйлаган адам бар экенин билесиңби?
-Ал ким? Ким экенинин билгенде эмне кылмакмын? Бүттү, баары бүттү. Эми кантип өзгөртөм, баары кеч болуп калды. Билем, бактысызмын, бирок тагдырыма баш ийем,— деп эреркеп Адашты кучактап ыйлап жатты Галя.
Галядан жагымсыз шампандын жыты жыттанып турду.
-Каалайсыңбы Матай менен жаша, ал сени сүйөт. Ага уул— кыздарды төрөп бересиң,— деп кантип айтып жибергенин өзү да билбей калды Адаш.
-Галя дароо ыйын токтото калып Адашты таңыркай карады. Колундагы кичинекей сумкасынан шаша аялдардын ичке тамекисин алып, кадимки эле эркектердей шереңке чагып, оозундагы тамекисин күйгүздү. Дембе-дем тамекисин соруп, дем менен кошо үшкүрүнүп, көздөрүнө жаш толо калды. Адаш кыздын мындай өнөрүнө таңданды.
— Башка эч айлам жок эжеке. Буга чейин тууган -тушкандарым, ата-энем Кимде ким Исламдан башка дин издесе, андан эч качан (ибадаттары) кабыл алынбайт жана ал акыретте зыян тартуучулардан (тозокулардан ) болот. Аллах— бул Мариямдын уулу Масих (Ыйса) дегендер эч шексиз каапыр болушту. Ыйман маселесинде Аллахтан башка кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси деп тастыктамайынча ибадаты кабыл болбойт дешип какшап, сайрап айтып жүрүп мени токтото алышпады. Алар беш маал намаз окушуп, орозо кармап, Аллахка сыйынышат. А мен аларды укпады элем, акыретке чейин эле тозокко малындым окшойт. Ата-энем өткөндө шаарга мага келип кандай сөздөрдү айтканын сиз билбейсиз. Апам ак сүтүмдөн кечтим, бүгүндөн баштап биздин сендей кызыбыз жок деп эсептейбиз деди. Атам өз колум менен атып кетем деп чекеме тапанча такады. Бирок колу калтырап ата албады. Кыраан куш бийиктикке умтулаар, карга кузгун өлүккө умтулат. Кеткин бул өлкөдөн, тигинин кызы дедиртип атымды булгабагын, кыргыз элинен айлан, сен чыккынчысың, мусулмандарды ка
апырга үгүттөп бүтүп, эми четтиктердин динин акча менен кызыктырып, аны жайылтмаксыңбы. Бүт мусулман элинин каргышы тийсин, тескери батамды бердим сага, экинчи жолу көрсөм түрмөгө каматам деди. Мага эч сооп жок, жакын туугандарымдан да айрылдым. Бир гана мени Джон түшүнөт, ал кече атамдардын дарегине үч миң доллар жөнөттү. ( Уландысы бар )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1