Матайдын жаны эки ортодо кыйналып жүргөн кези. Сезимине баш ийип Галянын жанында болсо, ыймандуу келинчегин эстейт, үйдө Адаштын жанында болгондо Галянын сулуу жүзүн, ысык, назик колун сагынып кыйналат. Кээде Галяга үйлөнүү жөнүндө ачыктан –ачык сунуш кылууну да ойлочу. Анын опсуз назданышы, кээде өзү теңдүү жаш жигиттерге ойсоңдогону, чалагайымдыгын ойлогондо кыздын ою, да түшүнүгү бөлөктүгү –мына ушунун баары аны токтото албастай сыяктанат, бирок өзү чече албай, алиге чейин унчукпай келет.
Кол жеткис бийиктеги, чоң бакытты эңсейт окшойм, өзүмдү кыйнап эмне кереги бар эле?
Бирок ашыктыгым чексиз го дейм!
Балким, ал колума тийгенде мен ойлогондой бийик бакыт эмес тозок болсо канттим?
Артка жол жок болсочу? Же жөнөкөй, бирок анык терең бакыт азыр жанымда жүрөбү? Ийменчээк, жароокер аялыман эмнеге жүрөгүм муздагансыйт. Же сүйүүм оодубу?
Жо-жоок. Мен экөөн тең сүйөм. Адашка шек алдырбайын. Конокко жөн чакырган жок, балким ал да сүйүп калгандыр деп ойлоп бактылуу боло түштү.
Бет маңдайында келаткан «Матай көрүп калбасын « деген үмүттө, Адаш топтошкон элге сүңүлө кирди.
«Тиги кыз эмне айтты, Матай абдан кубанып кетти го.
Кийинки жекшембиде булар үчүн жакшы нерсе болот окшойт. Жана жакшы уксам болмок экен» деп жанындагы катар бараткан баптис аялдан:
— Эмкиде эмне болот?— деп сурады.
— Биздин жаштардын бактысы үчүн белектер берилет,— деди ал.
— Жаштары ким экен?
— Аттарын азыр айтпай жашырып туралы дебедиби.
Адаш түз эле базарына кетти. Кечинде тамак жасабай атайы уруш чыгаргысы келди. Кыңылдап ырдап эшиктен жайдары кирген Матайга кыжыры кайнай:
— Мусорду төгүп кел -деп өктөм буйрук берди.
-Эмине! Дагы эмне кылайын?Лепбай каныша! Кир жуба калайынбы? — деп ачуусу келе Адаштын астына тура калды.
-Ооба, кирден мурун оокат кыл.
-А, ошондойбу? Мусор төксөм, кир жууп, тамак жасасам анда мага катындын эмне кереги бар,ыя?!.
-Мага да ою бузук эркектин кереги жок. Шыңкылдаган шуркуяларыңды апкелип ал.
-Демек мен бузук экем да ээ. Акмак! Көпкөн ит! Мен муну аяп коем. Тили чыгып калган го. Шыңкылдагандарың деп эмненин башын кылтыйтканы турасың. Же бирөө менен кармап алдыңбы. Карасаң муну, бузуку деп, босогону аттатпай жумшайт имиш,— деп сөгүнүп-сагынып кыйкырынып кийимдерин алмаштырып жатты. Ал ушундай болоорун билген бирок, биринчи бакылдап күнөөнү кайра өзүнө коюп салса аялы унчукпай өзүн күнөөлү сезип башын жерге салып, унчукпай күчүн ыйга чыгарып олтуруп калчу.
Адаш бул жолу да ошондой кылды. Ал чатактан коркот. Көпчүлүк учурда ыйлап гана олтура берет. Мынча чыркырап күйгөнүнө караганда шуркуясы деле жокпу. Чын эле бирөө менен кармап албасам. Ичине кирип чыккансып эмнеге ою бузук деп жибердим. Ачууга алдырган экем. Үй тирилик менин милдетим да. Шайтан азгырып жиберди. Балким ал кыз жөн эле таанышыдыр. Каап эми канттим. Кантип ачуун токтотом деп көзүнө жаш кылгырып олтуруп калды.
Матай каалганы тарс жаап чыгып кетти.
Өх, ырас болду чыгып кеткени деп Адаш тамак камын көрдү. Өзүнчө аябай уялып турду. Матай көчөгө чыгып, ары-бери басып жүрдү. Алар ошентип бири бирине таарынып үч төрт күн сүйлөшпөй жүрүштү.
— Кымыңдаган Матай жекшембиде эртерээк чыгып, гүл сатып алды. Кыялында «Галянын туулган күнүндө эң сыйлуу коногу болот экемин, мага көңүлү болбосо ушинтип айтмак беле. Булар туулган күндөрүн да ушу жактан өткөрүшөт окшойт» деген ойдо, чогулган жерге ашыга кирди. Элеңдей эки жагын каранып, кимдир бирөөнү издейт. Арт жагында Адаш көзүн жашка кылгыртып карап турганын сезмек кайда.
Баягы жыйында сүйлөп жаткан бала чыкыя костюм-шым менен ак көйнөк, кызгылтым галстук тагынып чыкты.
Библиянын сөздөрүнөн айтып берип аягында:
— Кол чабуулар менен биздин Ыйсаны таанып, көп жылдан бери ага кызмат кылып келаткан бүгүнкү баш кошкон эки жашыбыз, Ислам менен Фатиманы чакыралы. Галянын жолдошу болсо өтө зарыл жумуштар менен келе албай калды. Кана эмесе кол чаап куттуктоо менен алдыбызга чакыралы.— деп сөзүн шаңдуу жыйынтыктады.
Ак көйнөк кийген кыздар, тойго жасанган жигит жетелешип, келишти. Баары кол чаап куттуктап жатышты. Бул жаштардын тойу эмес чакан гана үйлөнүүгө макулдашуу күнү эле.
Ушу саамда, Матай гүлүн көтөрө астыга жүткүнүп, жаштардын астына барып гүлдү жерге таштап салганга далалаттанып барып, тепкич менен үстүгө чыкты. Матай гүл кармап ордунан турганда Адаштын бүткөн бою шыргалаң куйгандай муздап титиреп кетти.Үн чыгара: кетти, кетти деди. Матай өңү кумсарып астынкы эрдин тиштенип, кою каштары кошула калып, көзү чанагынан чыга кимдир бирөөгө кекенгендей же бирөөдү муштап жиберчидей ачуулуу. Сол колунун муштуму түйүлгөнү кастюмунун жеңинен көрүнүп турду. Оң колундагы аппапак эки чоң жалбырагына курчалган калла гүлүн мыкчый кармап турду. Калла гүлүн сүйүктүүсүнө арнап алып жатканда ал ушунчалык назик сулуу, дүйнөдөгү эң кооз гүлдөй сезген. Бул кооз гүлгө бактылуулар гана жетчүдөй толкундап Галя, гүл жана өзү гана тургандай бакытка балкыган эле. Жазындагы талаада тегиз эгилген кызгалдактардын ортосунда бул калла жалгыз тургандай элестебеди беле. Бир сааттан бери кичинекей наристедей бөпөлөп улам оңдоп жыттап, бирде жанындагы орундукка кое коюп, кайра колуна ала коюп, назик жылуу көздөр менен эркелете гүлдү карап турса, эми минтип карылуу колу менен сыгып ширесин иччүдөй болуп турду. Кыздын турмушка чыгып жатканына жалгыз ушул гүл күнөөлүүдөй болду. Оозун таптап барып көмөкөйүнөн үнү чыкпай буулугуп калды. Галя гүл көтөргөн Матайдын түрүн көрүп эч сөз айтпай кетип калуусун күттү. Элдин көзүнчө менин сезимим менен ойноп деп жаман сөздөр менен уят кылбаса болду деп коркуп кетти. Ошол замат амалдана Матайды күлмүндөй карап гүлгө колун Галя биринчи сунуп жиберди. Матай сурап турган гүлүн берди да сыртка чыгып кетти. Аларды карап гүл сурагандай алаканын жайып турган Адаш, өзүнө келе сунулган алаканын оозуна басып үшкүрүндү. Дем жеткизбей муунтуп турган көйнөгүнүн бүчүсүн чече көз жашын арчыды. Колунан эч нерсе келбесине буулукту. Адаш бир аз туруп артынан жөнөдү. Күйөөсүнүн үйүнө кетээр маршруткага түшкөнүн көрүп, базарга кетти. Атасына барып Адаш арманын айтып, бугун чыгаргысы келет. Бирок анын деле азабы меникинен аз эмес деп ойлонду. Базарда олтуруп, бир чети күйөөсүн жемелегиси келип, кайра аяйт. Кудуңдап кирген байкушума ырас кана башына суу сепкендей эле болбодубу. Кармап алгансып деп баягыда мени урушуп жатты эле, доолу. Үйдө шыпыргысы жок, кыздарга гүл берет имиш.
Бирок мага деле канча жигиттер базарга олтурганымдан бери сөз айтышат, мен Матайды алмаштыра албай канчасын кагып–силктим. Бул болсо сөзү бышыктала электе мага терс кыялдарын көрсөтө баштабады беле. Эми ага эрегишип унчукпайын, балким баланын азабынан ушуга барып жаткандыр. Мени аяган Иссус атабыз, өзү ордун таптырып койду» деп, базардан эрте эле жыйналып үйүнө келди. Тамак жасап, күйөөсүн күттү.
Күүгүм киргенде Матай катуу мас болуп келди. Ал дубалды жөлөнүп, төшөккө араң жетти. Жаздыкты кучактап көпкө өпкөсү өпкөсүнө батпай ыйлап жатты.
Адашты көрөөр замат муштумун түйө, эми дагы бир жолу жолумдан чыгып куюшканга кыпчылсаң, өлтүрүп коем, байкуш деп ызырынып алды.
Адаш не демек, акылынан айрыла мас немеге сөз айтып, чатакты ырбаткандан жыйынтык чыкпайт. Суз гана унчукпай терезени ачты эле түнкү жел пардаларды акырын желпилдетти. Адаш күйөөсүн аяп, жанына барып сооротконго батына албады. Жөн гана терезени жаап көзүнө жаш кылгыра Матайды карап турду. Мас болсо да аны байкадыбы, Матай ордунан турганга кам уруп, тура албай кайра шалак кулады.
Ый аралаш Матай. «Галя, мен сени чындап сүйгөм. Мени таштап кеттиң. Эми менин көргөн күнүм эмне болот? Мага жашоонун кызыгы жок» деп булдуруктап ыйлап жатты... Адаш кошуналар укпасын дегендей телевизордун үнүн катуу чыгарып койду.
Адаштын да көздөрүнө жаш толду. Бирок анын көз жашы сүйүнүчтүн көз жашы эле. Күйөөсү өзүндө калды. Адаш кайрадан кайраттана түшүп терезени ачып бөлмөнүн ичин желдетти. Мүмкүн мында өкүм сүргөн чалды-куйду ойлорду түнкү жел айдап, таратаар деп ойлоду. Матай уктап калган экен. Аны карап өзүнүн Матайы эмес, башка чоочун адамды көргөндөй болду. Кайра жакшылап бир карады. Ооба, сүйүү деп жүрүп жаагы шылынып арыктап калгандай , чекесине да үч катар бырыш түшүп калыптыр. Байкуш сүйүүдөн тапкан пайдаң ушул эле го деди Адаш. Эриндери дирилдеген Адаш бардык күчү менен жекире карап бир нерсе айтчудай ага умтулуп барып кайра ай ушуга корогон сөз дегенсип артка басып кетти. Ичин өрттөп жаткан ой-санаасын карая түшкөн казанынан чыгара аны болгон ачуусу болгон күчү менен жышып жууп кирди. Адаш жыйында жанагы чыккан кыздын Галя экенин болжоду. Ал бүгүн күйөөсүнүн көңүл түпкүрүндөгү сыр түйүнүн чечти окшойт. Ички сезимим, туюмум мени эч убакта алдабайт, бошко күдүктөнгөн эмес экемин деди өзүнчө. Ошол эле учурда: эми менин көргөн күнүм кандай болот? А мага жашоонун кызыгы барбы, аны ким сурайт деген сарысанаага буюкту. Матайдын сөздөрү жүрөгүн кылыч менен кыя чапканга тете болду. Эртеңки күндү тосуудан коркту. Мүмкүн болсо ушул күндөрдү тезинен барактап, бактылуу күндөрүмө чейин өткөзүп жиберсем кана, атаганат деп кыялданды. Жанагыл сулуу кызды эмнеге куттуктап жаткандарына көңүл бөлбөгөнүнө өкүнүп алды. Уктап жаткан Матайды карап ачуусу келе, тилегиң таш каптыбы . Чала сага, арык уйга жоон мүйүздүн эмне кереги бар экен деп өзүнчө табасы кана, чыйрала да түштү. Кийинки жыйынга сөзсүз барып Галя жөнүндө баарын билгиси келди. Акыры уктоого кам урду. Сапырылган ой-санаадан уйкусу качып, таң атканча кирпик какпай чыкты.
Эртеси Адаш күйөөсү ойгоно электе жумушуна кетти. Кечте кантип бет карашаарын же даагы мас болуп келеби же келбей калабы деп жүрөк ооруу болуп турду. Матайга сыр билгизбей күндөгүсүндөй мамиле кылды. Матай уялганынан аялына бет -кат болуп, сүйлөй албай, досторун кошо ээрчитип келип жүрдү. Түнт болуп ойго басынат. Ошентип, Адаш да сыйынчу жайга көп барчу болду. Галянын Швейцарияга иштегени кеткенин билди. Адаштын Галяны биринчи да, акыркы да жолу, ошол убайымга батып, эч нерсеге көңүлү чаппай турган учурунда көргөнүнө өкүндү. Аттиң, жакшылап бир көрүп алсам күйөөмө жаккан кыздын анча-мынча жүрүш турушунан үлгү алмак экем деп да ойлоду. Убакыт баарын дарылайт дегендей Матай акырындап, кайрадан мурунку калыбына келе баштады. Кээде көңүлүнүн түпкүрүндөгү калкып чыккан сүйүүсүн элдир-селдир эскерүүлөрү менен алек болуп олтура берет. Диндерден эч кабары жок жаш улан-кыздар Кудай жөнүндө сүйлөйбүз деп чогултуп алып, акырындык менен христиан ишенимине тартып алышат экен. Жаңы жолугушканда христиан дини, Ыйса деген сөздү түк айтышпай, аны Теңир, Атабыз деп атайын тергешет экен. Матай, Адаш сыяктуу адашкан жаштар эле эмес, пайгамбар жашына барып калган кыргыздар өтө көп жүргөнү эмнеси? Балким алар совет доорунда алган атеисттик көз караштары менен жүрүп , ал доор өткөн соң оор турмуштан кыйналганда кудайдан жардам сурап, кандай кайрылаарыбызды билбей турганда минтип, сылык-сыпаа мамиле кылып, бир тууганыңдан артык күйүмдүү, жакшы сөздөрү менен ичи койнуна кирип, жогуңа күйгөндөй, кээде берген акча, белектерине азгырыла, кайсыл дин экендигине деле маани бербей, ата бабаларыбыз тутунган динден кабарыбыз жоктугунанбы айтор, тез эле кыргыздардын бир тобу христиан динине ишенип, камыр-жумур болуп кетишти. Бүт акыл-эсиң менен кабыл алып, ал динге ишеним алгандан кийин гана Ыйса, Иссус жөнүндө сүйлөй башташат. Ал учурда кыйналып турган адам, жан дүйнөсүн тазарткандай, алардын ар бир сөзүң сиңирип ала башташат.
Ошентип, ар жекшембиде Матай Галяны көрүү үчүн, Адаш Галя тууралуу толук билем деп, чогулушка барышат. А Галядан кабар жок. Кийинчерээк экөө бирге барып, жакындарына китеп бере башташты. Бирок, кеңири түшүнүк бере албай кыйналышат. Адаш болсо кадимкидей эле коркунучтуу иш, кылмыш жасап жаткандай тартынат.
Бир күнү Адаш ооруп калып, жекшемби күнкү сыйынууга барбай калды. Үйлөрүнүн кулпу жок турганын көрүп Акак, Жаркын, дагы эки-үч келин болуп айттап келишти. Айт маарек! деп келишкенде Адаш аябай өзүн ыйгайсыз сезип, уялып турду.
-Айт кече болчу. Биз бири-бирибиздикине айтташтык. Силер кудайдын улуу күнүндө да иштейсиңерби?. Мусулмандардын курман айт менен орозо айт деген эки эле майрамы бар. Бүгүн орозо айт. Мусулман аял бул күнү дасторкон жайып, арбактарга куран окутат. Кыргыздар ата-бабасын сыйлап келген. Арбак ыраазы болбой , иш оңолбойт деп коет. Башка майрамдарда күндөп-түндөп иштейсиңби, ырдап-чордойсуңарбы ал өз ишиңер. А кудайдын улуу күнүндө арапада жазалган нанга куран түшүрт! Муну эсиңден чыгарба деди Акак эже саал таарынгандай болуп.
— Демейде го биз менен катташпай калдыңар.
-Бүгүн үйүңдө экенсиң, куран окуп коелу деп келдик. Сууга деле окуп кете беребиз. Бизде деле тирилик бар— дешип нааразычылыктарын билдиришти.
Адаштын кур чайын ичип кетишти. Ооруп калдым деп актанганга оозу барбай койду. Айтты эсинен чыгарып койгонуна катуу уялды. Алар чыгып кетээр менен эшигин илип алып аябай шолоктоп ыйлады. Кайненеси экөө айтта элге чай берип коюп, төркүнүнө барып өз апасына куран окуп келчү эмес беле.
-Эң жакыным энемди унуткандан кийин, адамдык кайсы касиетим калды. Бул баптистер мээмди айлантып койдубу? Буларда бир сыйкыр күч бар окшойт, деп өзүнчө сүйлөнөт. Ошол күндөн баштап Адаш өзгөрдү. Кошуналарынын да бетин карай албай калды. Сыйынуудан кийин Адаштын ооруп калганын угушкан ал жердеги элдер акча чогултуп беришти. Ал акча менен дарыланып, айыккан соң калганын соодасына кошуп, иштеп жүрдү. Бирок ал жакка барып келгенден кийин эмнегедир жүрөгү опкоолжуп, ичинде кандайдыр алаамат болуп жаткандай бук болуп ыйлагысы келип кыжалаттанат. Кызык, мен корко турган Галя деле жок, бул эмнеси деп, өзүнө-өзү суроо берип, бирок жооп таба албай кыйналчу болду. Акыркы убактарда ар кандай шылтоолорду айтып, ал жактан кача баштады. Жекшемби сайын жаман түштөрдү көрөт. Чоң атасы менен өз энесинин элеси таарынгандай боло берет. Кээде баягы кумурскалар кубалайт. Бир топ кыздар да келип, чогулушка бар деп кетишти. Матайдан ар кандай белек— бечкектерди берип жиберишет. Адаштын ансайын алардан көңүлү айнып, ички сезиминин өзөгүн өрттөп бараткандай болот. Туталанып, Матай менен да уруша баштады. Матай болсо эч нерсе менен иши жок, алар берген китептерди окуп, күнүмдүк жашоосуна тобоо кылып жүрө берет. Алдыга койгон баягы максаттардын баарын унуткансыйт. Матайга бул дүйнөнүн кызыгы тарап, жалгыз Инжил китептерге арбалып бараткандай. Аны көрүп Адаштын аалам кезип, алыска-алыска кеткиси келет. Ошо саамда батир ээси Акак келип калды. Матайдын сыртка чыкканын байкап:
— Адаш, сен эмне туура жүргөн жолуңан адашып, куурап атасың? Ата-бабаң билбеген динди сен тутуп, түбүнө чейин түшүнөм деп турасыңбы. Кыйын болсоң мусулманчылыкты деле тутуп, ага берилбейсиңби. Сени ээрчип күйөөң да темселеп жүрөт окшойт.
— Эже эмнени айтып жатасыз?— деген Адаш кептин төркүнүн жакшы түшүнсө да анкорлонду.
— Эмнени дейт тура, алдагы китептериңди айтып жатамын, кошуналар айтса ишенбей койсом, өгүнү айтта терезеге жыйып койуптурсуңар. Үйүмдү бошоткула, мен башка диндегилерге үй бере албайм. Силерди чын дилимден жакшы көрдүм эле, бул эмне кылганыңар. Силерге башка сөзүм жок. Күйөөңө айтайын деп, эркек неме сөгүп жиберсе ыза болуп калбайын деп сактандым.
Адаштын мындай сөздөрдөн амалы куруй түшүп:
— Эже, сиздин үйүңүздөн кетким келбейт. Олтуруңузчу, чай ичели.— дегенге араң жарады.
— Кеткиң келбесе жөн жашаш керек болчу, бошот үйдү. Ичпейм чайыңды, силер чыккынчысыңар, каапырсыңар, мени да тозокко тартпагыла. Силердин артыңардан менин да ишим арткалайт, мени кыйнабай чыгып кеткиле,— деп, жакасын кармана сыртка чыгып кетти.
«Акак эже ушунча жинденгенден кийин, биз туура эмес иш жасаган экенбиз» деген Адаш туталанып, сырттан кирген Матай менен уруша баштады. Матай болсо эч нерсе менен иши жок, кайра Акак эжесин жаман көрө:
— Көчсө көчүп кетебиз, эртең башка батир изде, – дегенинде Адаш бир жагынан «жыйынга барчу жерден алыстайт экенбиз» десе, бир жагынан «Акак эжеге жаман көрүнбөй кетсек болмок» деп эзилди.
Матай кайра эле баягы китептерди окуп, бүгүнкү окуяга кайдыгер мамиле кылганы Адашты чыны менен коркутту.
Ооба десең, батирибизди ооштуруп, башка базарга иштеп кетсек балким башкача турмуш күтүп, оңолоорбуз деген азгырмалуу ойлору удургуп турду. Акырында ага ишенди. Жакшылыктын жарчысындай бул оюна ыраазы боло квартира издеп жүрүп, акыры Арча Бешик жактан батир тапты. Саамга деңдароо болуп Матай да чын эле башка батирге көчөөрүн укканда ормое карады да а мага баары бир дегенсип, эки ийнин куушурунуп сыртка чыгып кетти. Бирөө кармап алып кетирбей коё тургансып, тызылдап, төшөнчүсүн таңып, Адаш жүгүрүп жүрдү. Матай да чекесинен мончоктой аккан терин шыпырып, келинчегинин бул кылганына түшүнө албай уйгу-туйгу. Адаш уурдана эки жагын каранды да күйөөсүнөн да, алда кимден да жашырынгандай өзүнчө таңып койгон Инжил китептерди алды да, ошол батирдин жер төлөсүнө бекитип салды. Китептен да, буга чейинки жашоосунан да бул, наристенин жыты жыттанган батиринен да оолактагысы келди.
— Матай бүгүн Акак эжени чайга чакырып, ажыраш аяк жасап кетели— деди Адаш.
— Акчасын алдын–ала төлөйбүз, жардамдаш дегенинен өйдө карабай жардамдашабыз, анан үйүн бошоткула дегени эмнеси. Аныңдын биз менен иши болбосун. Калсаң сен калып чай бере бер мен кеттим,— деди Матай.
Акак эже туура айтты окшойт. Бир кезде ыйлап кетип бараткан Адашты токтотуп, алаканы менен көз жашын аарчып, ушу батирге биринчи күнү келгендеги Акак эженин жакшылыгы үчүн кайра-кайра ыраазычылык билдирген Матай менен азыркы Матайдан айырмачылыгы көп болгонун салыштырып, «жанагы, жообу жок сүйүүгө кабылып ушунчалыкка барып жатса, эки жактуу сүйүүгө кабылса не болмок» дегени чын эле.
Ошентип, чакан таңылчактары менен машине жалдап, чыгып кетишти. Көчүп келишкен үй жаңы тургузулуп, эч ким кире элек экен. Бышкан кыш менен салып, чатырын бийиктетип жакшы жааптыр. Үйдүн эки бөмөсүн бүтүрүп, ижарага беришкенине караганда үй ээсинин өздөрү жашаган үйлөрү бар окшойт. Суусу, меши жок, айнек, эшиктери да мурда колдонулган эски экени көрүнүп турду. Эптеп, сыртынан үйгө окшоштуруп салып, баасы көтөрүлгөндө сатмакка салса керек. Баса, бул жерлер баягы жер басып алууда, күч менен тартып алышкандардын жерлеринен эмес беле. Анда деле эбин таап, акчасы барлар документин жасатып алышкан эле да. Ким кантип алса да, бул үй азырынча жаш жубайларга буйруп турду. Адаш жаңы батирге бараары менен көңүлү көкөлөп, үстүндө басып турган оор жүктү алып салгандай болду. Баарын жаңыча баштагысы келет. Кээде азыраак тааныштарыбыздан кача берип, шаардан да чыгып калбасак болду деп да коркуп кетет. Матай болсо Ош базарына жакын бир магазинге кароолчулукка ишке орношту. Матай да ажарына акылы туура келген аялына көңүл буруп, мамилелери акырындап калыбына келе баштагансыды. Адаш базарда соода-сатык менен алек болуп, чолосу жетпегенден сыйынып жүргөн динге барбай калса, Матай жекшемби күнү да иштегенден колу бошобой жыйынга такай баралбай калып жүрдү.
Кароолдо чогуу турган Салмоор сыра сүйүүчүлөрдөн. Ысык— суукта, күн-түн иштеп чарчайсың. Кичине ичип турсаң көңүлүң көтөрүлүп, нервтериң эс алат. Койчу, байболгур, Исаңды айтпачы. Ансыз да оор турмуштан кыйналып, эртеңки жашоом кандай болот деп коркуп турганда мээмди оорутпай, иччи сырадан Библияңды колу бош кишилерге, же орустарга айтчы деп жүрүп Матайды дин жөнүндө сүйлөтпөй койчу. Матай түнкү күзөттө болгондо, жалгыз калганда Адаш үчүн таңдын атышы азап. Ойго чөмүлсө уйку да келбей «балалуу болбой, картаямбы» деген ой келгенде заманасы куурулуп, өзөгү өрттөнөт. Күндө кайталанма жашоо. Доктурга бир көрүнөйүн, болбосо Матайды таштап бир жакка кетип калайын. Кайненем айткандай Россия-Проссиягабы?. Издеп тажаганда башканы табаар, балким айта албай намыстанып жаткандыр, менсиз жашабай калбай эле сүйүү үчүн үзүлө чуркап, а түгүл боздоп ыйлайт турбайбы» деген ой менен доктурга барууга нечен камынса да «болбойт деген сөздү уксам кантем» дегендей тарткынчыктайт. Кээ күндөрү таң аппак атканга чейин уктабай ыйлап чыгат. Көздөрү көнөктөй шишип, эриндери кеберсип, чарчаңкы сабыры суз базарда олтурган. «Кандай эле элдердин иши оңунан чыгып, балага да дүнүйөгө да жетишет» деп кабыргасы кайышып турду. ( Уландысы бар )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1