Кечинде Адаш жумуштан келгенде Ыйса жөнүндөгү кино тасмаларды көрүп чыгышты. Матай кыздардын үйгө келгенин Адашка айткан жок. Эртеси Матай жумушка баратып жолдо турган кыздардан Галяны издеди. Ар үйдүн дарбазасын карайт. Балким кечеги мага келгенсип китеп кармап, тал чыбыктай буралган, кымча бел сулуу кыз көрүнүп калаар деп издей берет. Кыз эмес эле гүл бурак го. Бах, деп да алды. Издей берип көзү тешилмек болду. Кайда болдуң экен. Жүрөгүмдү козгоп кеттиң. Тынч өмүрүмө бүлүк салдың. Ырайымалынын Бегимайындай болуп кеч жолуктуң ак чабагым. Кайра тезирээк жолуксам деп дегдеп турам. Демейде токтото албаган күн, эми маалкатып өтпөйт. Жекшембиси качан келээр экен дейт Матай өзүнчө. Ошентип саат, мүнөт санап жүрүп, жекшемби күнү алардын чогулушуна барды. Элдин көптүгүн көрүп таң калды. Кыргыздар көп экен. Ал күнү кыргыздарга арналып, сыйынуу кыргызча өтөт экен. Заңгыраган чоң залдын эң төрүндө ырчы төрт кыз, барабан урган жигит, «Ямахада», гитарада ойногон, жигиттерди көргөндө кудум филармониядагы концертке келгендей болду. Төрдүн жогору жагында айкашкан жыгачка асылган Ыйсанын сүрөтү турду. Кыздар обонго салып, музыканын коштоосунда Ыйсаны мактап, даңктап ырдап жатышты. Алар ырдап жатканда залдагы эки жүздөй угуучулардын баары отурган ордуларынан туруп, колдорун жогору көтөрүп, көздөрүн жумуп ырдалып жаткан ырдан нур чыгып, ал нурдан өздөрүнө жагымдуу энергия алып жатышкандай магдырашат. Ырдын ыргагына жараша термелишип кай бир жерлеринен жай бийлегендей болушат. Катары менен үч ыр ырдалды. Акыркы ыр ырдалганда кээ бир адамдар алдыга чыгып, жерге тизелеп туруп, колун жайып ооздорун кыбыратып жалынып-жалбарып жатышкандай. Ыр токтоор менен кол чабылып, сахнадагы кыздар келип орундукка олтурушту. Алдыдагы сыйынып, тизелеп олтурган адамдар да орундуктарга келишти. Баары олтурушкандан кийин сахнага кыргыз жигит чыгып микрофон менен баракчасынан Библиянын сөздөрүн айтып жатты. — Ыйса инсанияттын күнөөсү үчүн өлгөн, ким ушуга ишенсе жогоруда кайра төрөлөт жана күнөөлөрүнөн арылат. Күнөөлөрдөн арылуу үчүн бир гана Ыйсага ишенүү керек. Ыйсага тобо кылышып Ыйса биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлгөн .
Бардык христиан сектанттары, биз, инжил парыздарын аткарабыз. Ыйса Кудайдын ар бир сөзү биз үчүн мыйзам. Биз анын сөзүнө ишенебиз жана баш ийебиз.
Азыркы катаал турмуштан ойлонуп башың ооруп эртеңки күнүңдү ойлоодон коркосуң. Мына ушул учурда да ар бир мүнөт сайын кудайды эстеп турсак жүрөгүбүз тынч болуп кыйналбай калабыз,— деп айтып жатты. Олтургандар колуна калемсап, барактарын сумкаларынан алып, жазып жатышты. Менимче, бул жигиттин айтып жаткандарынан кыскартып жазып алып жатышса керек. Ал бакылдап жанындагы стакандагы суудан уурттап коюп сөзүн улады.— Сурагыла, ошондо силерге берилет. Издегиле, ошондо табасыңар. Тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат. Бирок жер үстүндө байлык жыйнабагыла, жерде аларды күбө жейт, дат басат, уурулар урдап кетет. Андан көрө байлыкты асманга жыйнагыла. Байлыгыңар кайсыл жерде болсо жүрөгүңөр да ошол жерде.
Аял–эркекпи, жаш –карыбы, улан— кызбы баарын Атабыз библияны билүүбүздү каалайт. Биз тынбай эле сыйынуу жайларына келип жатабыз. Бирок жан кыйнаган оорууман эмнеге айыкпайм деген ой келиши мүмкүн. Ооба, алгачкы күндөрү мен да ушинтип ойлогом, бирок бул шайтандын ою бизди алаксытып дайыма түз жолдон чыгарганга аракет кылат. Бирок биз кудайга ишенишибиз керек. Жүрөгүбүздүн баарын ишенимге толтурсак ал сөзсүз жардам берет. Кудай жалаң гана жакшылыкты жетишкендикти алга умтулууну ачык жолду берет,— деди.
Аңгыча Матайдын жанында олтурган бир аксакал тура калып.
— Айланайын уулум, мен куран, намаз үйрөнөйүн деп келди элем. Куранды качан жаздырасың? Бизди совет доору Кудай жок деп тарбиялап, өстүрүп буга чейин атейистмин деп жүрө берипмин. Уулум төрүңдөн көрүң жакын калганда аракты токтотуп, намаз окуп, артыңды карап, кетирген күнөөлөрүңдү азайтып, даярдан дегенинен ойлоп көрсөм аныкы да туурадай. Эмнеден баштоо керек деп ойлонуп жүргөм ...
— Сиз биздин жыйынга биринчи жолу келдиңизби?
— Ооба. Тиги Исак балам ээрчитип келди. Буга чейин үйгө келип кудай жөнүндө кобурап берчү.
— Эч шашылбаңыз, ага кийинки бир жолугушуубузда токтолобуз,— деп кайрадан Библиядан сөзүн уланта берди. Аксакал да унчукпай олтуруп калды. Ушул тапта Айкын деген жигит көргөн көзүнө, уккан кулагына ишене албай ачуусу келе аксакалдын жанына келип олтурду.
— Ата, куран, намазды мечитте үйрөтөт. Эгер мусулман болсоңуз мечитке барыңыз. Булар баптисттер,— деди.
— Ок, атта-а, булар каапырларбы? Түгөл эле кыргыздар жүрөт ко. Баптис дегениң орустар болчу эле го. Булар кыргызча эле сүйлөп жатат го. Бирин угуп, бирин укпасам да кудай жакшы деп жатышпайбы…— деп таңдана сурады.
— Сенчи, сен да каапырсыңбы...
— Жок ата, мен мусулманмын, мында кабарчылык жумушум менен жүрөм,— деди.
А сенчи деп аксакал сурап жиберет экен деп Матай укмаксан боло кыйгачтап калды. Аксакал анын суроодон качканын түшүнүп, суроо бербей кайра Айкынды карады.
— Кой анда, тааныштарым көрө электе мындан чыгып кетейин, баягы баланча алжып калыптыр орустардын дининде чокунуп жүрөт деген сөз тарап кетпесин. Жүр кетели, мында буларды угуп олтуруп сен да чокунуп калба, ансыз да жетиштүү кыргыз бар экен,— деп аксакал чыгып кетти. Матай менен Айкын тиктеше калды. Аксакал кайра кирип:
— Ия айланайындар, бул жерде эмне олтурасыңар? Балким силер да мендей мечитке барам деп адашып келгендер эмессиңерби? Жүргүлө ата бабабыз мусулман эмеспи, биз аларга акаарат келтирбейли. Ой тургула,— деди эле Айкындан башка эч ким ордунан козголуп да койгон жок. Жыйын залы бир саамга жымжырт боло түштү. Балким ар бири мен киммин, ата-бабам ким болгон деп ойлонуп тургандыр. А балким бул шайтан, андан арылуу үчүн чокунуп Ыйсага сыйынып жатышкандыр. Аксакал башын чайкап, Айкын экөө ылдам чыгып кетишти. Эч нерсе болбогондой трибунадагы жигит сөзүн улады. Бул ыңгайсыздыкты жоюу үчүнбү айтор Галя келип Матайдын жанына олтуруп калды. Аксакалдын сөзүн Матай укса да жанындагы мөлтүрөгөн сулуу кызды кантип кыйып таштап кетет. Балким залда Галя жок болгондо Матай да чыгып кетет беле ким билет. Кыз да күлмүңдөп, жайнай, жанынан чыкпай айланчыктап жүрсө. Кадимки жаш жигиттей жанындагы олтурган кыздан жылуулук келип, сүрдөгөнүнөн тердеп, жүзү тамылжып олтурду. Чыны менен жыйынды кызыктуу өтүшөт экен. Байларды айталбайм, бирок мен сыяктуу ирдене албай жаткандар үчүн дүнүйө жыйба, уурулук кылба жана башка үгүт насааттары жакты деп ойлоду. Жыйын бүткөн соң кызды аялдамага чейин узатып коет. Матай ойлуу жүрүп кээде жакшы нерсени эстегендей жылмайып калат. Үйдөн томогу туюк болуп жүрө берет. Көз алдында күлмүңдөгөн Галянын элеси турса, маңдайында кабак бүркөп, сар санаада, өзүн караар алы жок Адаш турду. Матай акыркы күндөрү салыштыргыч болуп баратат. Галя дайыма сылык сүйлөйт. Адаш кыска сүйлөп,орой.
Ал жарашыктуу кийинет.
Бул бир киймин бир ай кийе берет деп ойлоп аялына кылдан кыйкым таап ынанбагандай. Айтор Адаштын ар бир кыймылынан кынтык таба берди. Галяны жолуктурганга чейин Адаштан эч кемчилик көргөн эмес. Кээде кыялында Галя менен жашап, ал экөө паркта өздөрүнүн кичинекей уулун жетелеп жүргөн болот. Бирок Матай Галяга сезимин билдире албады. Динден башка багытта деле сөз сүйлөй албайт. Жаш жигиттей көп сөздөрдү айтайын деп камданат, бирок кыздын сүйүүсү бир гана Библияга жаралгандай болуп, Матай сезимин билдирсе Галяны чоочутуп алып экинчи көрбөй калчудай коркот. Адашка мамилеси салкын. Ошентип күндөр өтө берди.
Адашка кайын журтума кечирим сурап барсам, алар менен жакшы мамиледе болсом, балким Матай ойлоноор деген ой келди. Матайды жүр десе ал болбой койду. Байкуш келин кечирим сурап кайненесине барды. Экөө жакшы учурашып, ичтеринде тоңгон муз турса да билгизбөөгө аракет кылып өткөн кеткенден кеп кылып чай ичишти. Дасторкон жыйналган соң кемпир: келинин келген себебин сурады.
-Жөн эле... ал –акыбалыңызды билейин деп...Матай бошобой калды, эмкиде сөзсүз келет...
-А, балам жөн келген жоксуң?. Матай башка аялга кеттиби?
-Матайбы? -деди Адаш суроону кайра эненин өзүнө берип.
-Ооба, баламды сурап жатам.
-Жок. Үйдө эле...Билбейм. Анын эмне ою барын билбейм. Айтор башкача деп ыйлап жиберди.
-Кандай акылы жок келинсиң? Бизге бала керек. Төрөбөйсүңбү, уулумду бош кой. Ак батамды берейин, Россия-Проссияга иштеп кетчи бай болгур. Андай эле кое бергиң келбесе, аял алып бер, же... Эки аялдуу эркектер аз эмес. Айтор, балам туяксыз калбасын — деп албуттанып кетти.
Адаш кайненесинин колун бекем кучактап:
-Апа, төрөбөсөм бала багып алганга уруксат бериңизчи? Бизди бири-бирибизден айрыбай кайра кошуңузчу. Сизден жардам сурап келдим. Мени да аяп койуңузчу. Өз энем жок, сиздин уруксатыңыз жок баксам бала буйрубайт экен деп буркурап ыйлап жиберди.
Эне келинине боору ооруй оор үшкүрүнүп алды:
— Ошент каралдым. Батамды бердим бала баксаң багып ал. Уулумду жакшы кара. Эстүү келинсиң. Матайың сени таштабайт. Убактылуу ойноп кеткен чыгаар. Келет. Баламды кыйнабагыла. Ал да өз баласын көргүсү келет. Кантсин. Акыл калчап уулума да, өзүңө да оң болгондой чеч, балам. Сен да баламсың. Балам мени укпайт, сени угат, Аллам сага акыл, ыйман берсин деп чагылгандай чартылдап алган эне, кайра жоошуй батасын берип:
-Бар, кет, эми Матайдын келээр маалы болду го? деди келининин жашын жеңи менен аарчый. Адаш кайненесинин бул ак көңүл мүнөзүн жакшы билет. Ал эрээркеп дагы ыйлады. Эне келинин өз кызындай жакшы көрөт. Бирок бир кемчилиги төрөбөгөнү. Эне да кыйналды. Кичине жеңилдегенсип Адаш кайра батирине келди. Үйдө Матай жумуштан эрте келип, күтүп олтурган экен. Апасынын ал-акыбалын билейин дегени го. Таарынса да жүрөгү түтпөйт. Адаштын шишмик көздөрүн, чарчаңкы өңүн көрүп, Матай эч нерсе сурабай сыртка чыкмакчы болду эле Адаш токтотуп калды.
-Апаң салам айтты. Батасын берип, бала багып алганга уруксат берди. Сенин кандай оюң бар. Балким бу саам баланы сен табаарсың?— деди кекете.
Матай унчукпай эшикти тарс жаап чыгып кетти.
Күндөр өтө берди. Сезимдүү Адаш күйөөсүнүн көңүлү башкага түшкөнүн байкап аны акырын аңдый баштады. Башка эмне кылалмак. Эртеби-кечпи бала үчүн ал башка аял алат да. Матай да башка элдер сыяктуу өз уулун жыттагысы келет. Өзүмчүлдөнүп аны кое бербегеним менен ал жалгыз меники эместей. Кыйналып жүрөт. Балким мага кантип айтаарын билбей жүргөндүр. Эмнеден баштайт, а мен эмне деп жооп берем деген ойлор Адашты да эзип жиберди. Жыйынга бүгүн Адаш да ээрчип алды. Бирок ички сезиминен кандайдыр бир күч бул жакка келүүсүнө каршы болгондой кыжалаат болуп турду.
Матай менен Адаш келгенде картаңыраак бир аял келип, сылык учурашып: «Келгениң абдан жакшы болду, кана анда эмесе чокундуруп коеюнчу» -деди эле Адаш чаян чаккан кишидей секирип кетти.
-Жок, мага тийишпегиле,— деп арт жактагы орундукка барып олтуруп алды.
Өзүң бил дегенсип Матай унчукпай алдынкы орундукка олтурду. Аял Матайга баш ийкеп акырындап көнөт дегенсип жылмайып басып кетти.
Адаш Матайдын ар бир учурашкан адамын, ал караган жакты аңдый карайт. Өзүнчө олтурганына да ачууланат. Жолдошумдун сүйгөнүн тапсам эмне кылам. Кызганычтан урушамбы же ага тапшырып чыгып кетемби... Бирок ал кыз ушул жерде. Бул жакка келишимди Матай каалабайт. Барам деп өтө ээрчий берсем, өзү да келбей калат. Бирок жанын коёорго жер таппай кимдир бирөөнү сагынгандай кусаланат. Бүгүн барам дегениме каршы болбоду, балким ачыкка чыккысы келгендир. Адаштын ою онго, санаасы санга бөлүнүп, эмне жөнүндө сөз болуп жатканын уккан да жок. Жыйындын эртээрек бүтүп күндөшү менен жолугушуп баарын чечүнү күтүп жатты. Матай болсо өзүн беймарал кармайт. Балким ал Адаш эч нерседен кабарсыз деп ойлойбу. Аныкы да туура, бирок кабарсыз болгон күндө да тогуз жылы чогуу жашап келе жатса анын ар бир мүнөзү маалым эмеспи. Кимди сүйдүң, мени таштаба деп айтуунун эми кажети барбы. Адаш өзүнчө эзилип жүрөкзаада болуп турса да чындыкты билгиси келди. Бирок ошол чындыкты укканда акыл токтотуп ары салмактап, бери салмактап көрүп сабырдуулук менен баарына туура болчудай чече алаар бекен. Бул жерде тажаалдыктын кереги жок, өзүнө акыл бербесе кой — ай деген менен болмок беле деп эч нерсе сурабоону ылайык көрдү. Матай экөөнүн кубанычынан кайгысы көп, жыргалынан азабы арбын өткөн күндөрүн кудум кинодон көрүп тургандай көз алдына элестеп турду. Турмуштан көп деле талабым жок эле. Матайым жанымда болуп этегим толтура бала берсе, үстүмдө үйүбүз болсо, курсагыбыз ток болсо ошого эле курсант болоор элем деп ойлоп кайра чоочуп кетти. Ай ушу мен дайыма кыска тиленем. Кичине кезимде апамдар жайлоо советинин тойу болот деп мени ээрчитишип Суусамырга бардык. Тойдун эртеси таекемдин кызы Аруужан көк атты минип, мени учкаштырып, тоого койлорун кайтарып чыктык. Ал тоолордон ушунчалык образга кирип ырдай баштады. Мен жана көк ат аны бериле угуп келаттык. Аруужан бир оокумда токтой калып, келечекте ким болгуң келет деген суроо узатты. Мен, билбейм. Алды жакты ойлонбойм деле. Апам айткандай убагында көрөөрмүн дедим.
— А мен болсом мектепти беш менен окуп, андан ары чоң окуу жайга өз күчүм менен өтөм. Анан жигиттер менен сүйлөшө баштайм. Карап көрүп бышык, тыңына тийип алам.— дейт.
— Уят эмеспи, күйөө жөнүндө сүйлөгөнүң. Биз азыр жетинчи эле класстабыз да.
— Мен эс тартканы эле кемпир болуп өлгүчөктү жашоомду ойлонуп койгом. Анын эмнеси уят? Мен ошол оюмдун баарына жетким келет.
— Ийи, анда айта бер, андан ары эмне кыласың.
— Окуум сот болот. Анан сот болуп иштейм. Кинодогудай: Тургула, сот Аруужан келатат дегенде баары турат. Мен акырын олтургула, деп өзүм да олтуруп алам. Кандай, жарашат бекен? Мени көрдүңбү?
— Кайдан?
— Ой, сот кийими менен турганымды.
— Качан? Сен мында эле турбадыңбы.
— А мен өзүмдү көрдүм, аябай жарашат экен. Анан мен төрөйм. Төртөөнү. Эки кыз, эки эркек. Кыздарым күйөөмө окшош сулуу болот. Балдарым мага окшош капкара боло берсин. Машинем болот. Москвич.
— Кыздар машине айдаса уят болот да.
— А мен уялбайм, кайра мактанам. Күйөөмдүн башка машинеси болот. Өзүмдүн магазиним болот. Баары менден коркуп турсун. Жинимди келтиргенине эчтеке сатпагыла деп коем. Үйүмдө көп акчам болот.
— Ой, анда сен уурулук кылып же бандит болосуң. Андай көп акча ошолордо эле болот.
— Акча бербегенинин баарын соттойм.
— Акмаксың. Сен анда жаман адам болот экенсиң. Апаңа айтам,— дедим.
— Айтпасаң кой,— деп аттын башын тоону карай буруп, жогору чыкты эле мен аттын куйрук жагына келип шыпырылып түшүп калдым. Ал атты чапкан бойдон кетип калды. Мен жөө боз үйгө келгем. Аруужандын ошондогу тилегинин баары орундалды. Азыр ханга салам бергиси келбеген, жип машине айдаган сот. Кичине кезден көп жана туура тиленсең, тилегиңди берет окшойт.
А менчи? Убагында көрөөрмүн деп минтип күйөөмдү да тарттырганы турам. Адаш ушундай өз жоромолунан чарчап да кетти.
Ой, жетишет чаржайыттана берип мээме кан куйуларына аз калды окшойт деп үшкүрүнүп алды.
Жыйында бир нерселерди талкуулап жатышты. Жыйынтык чыгарып, эми жекшембиде деп бирөөлөр жөнүндө айтты.
Адаш гана аларды укпай өз ою менен алек. Матайдын жанына жарашыктуу кийинген кыз келип сүйлөшүп турушту.
Бул Галя, Матайга келип:
— Кийинки жекшембиде сөзсүз келиңиз, ал күн мен үчүн кубанычтуу күн. Сиз менин кадырман коногум болосуз. Сизди күтөм,— деп жылмая карады. Саамга тиктеше калып, экөө сыртка чыгып жолдо сүйлөшүп баратышты. Адаш да алардын артынан жөнөдү.
-Баягыда силер үйгө келгенден бери ооруп калдым деди Матай.
-Эмне болуп ооруп калдыңыз?
-Ошол күнү сиз аркылуу укмуштай сонун бакыт таптым. Ошондон бери ал бакыттуу күндүн кайталанышын күтүп, сарооруу болуп кеттим. Мен сени Матай сөзүнүн акырына чыкпай калды. Капысынан келген кайратынан ошол замат жанып кетти.
-Эмне дедиңиз? Кандай айттыңыз?-деп Галя кайталап сурады, эч нерсени туймаксан болгону менен, негедир үнү эркинен тышкары калтырай түшүп, жер карады.
Кыз азыр мунун сүйгөнү жөнүндөгү сөздү угууну күттү. Мындай учурда жаш кыздын жүрөгү катуу толкуп, кандайдыр элжирей түшүп мейли, эки жүрөк бирине-бири эч келишпеген күндө да, өзү жөнүндө жакшы, жылуу сөздөрдү айтып, сезимин кандай билдирээрин уккусу келди. Бирок ошол учурда аялдамага жете электе кыз күткөн маршрутка келип, алардын жанына токтоп калды.
-Жакшы калыңыз, көрүшкөнчө,— деп Матайдын көзүнө тике, бирок сүйкүмдүү карап маршруткага түшүп кетти.
Галя өзүнчө: » мен сени...»-деп коет, деп өзүнчө кытмырлана күлкүсү келип, өзүнө-өзү ыраазы боло кантсе да сөзгө чоркок байкуш тура деп ойлоду. Матайдын ушунчалык сүйүп караганын көрүп, өзүн демейдегиден да сулуу сезип көкөлөп баратты. ( Уландысы бар )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2