21-аяккы бөлүм.
Жандырылган каргыш.
Баш көтөрбөстөн бир кафеден чыкпай иштеп, эки- уч айлап жумуш менен үйдүн ортосунда гана каттаган Жаркынай Кыргызстандагы жанылыктардан сырт калган. Ал каралар менен болгон согушта Касендин курман болгонун, Уландын жалаага кабылып ак жеринен түрмөгө түшүп чыкканын, анын аялы Зареманын авто кырсыкта каза болгонун, баласын Уландын ата- энеси багып жатканын кокусунан колуна тийген бир гезиттен окуду. Ушул окуяларды бир башынан тизмектеп жазган бул басылма төрөт үйүнүн алдынан Надыр менен Зареманын каралар айдактаган киши өлтүргүч жасаган кырсыкта каза болушунун себеби төрөлөөрү менен энесинен айрылган наристенин Касендин баласы болушу мүмкүн экенин, анын небересин чыгарганы барганда өлүмгө учураганын божомолдоптур. Бул божомолдо чындыктын чоң үлүшү бар экенин Жаркынай болуп өткөн окуяларды талдап чыкканынан кийин түшүндү. Уландын тукумсуздугун билгендиктен Зареманын турмушка чыгары менен боюна болгонуна ишенген жок. Зиректиги менен Уландын Заремага ата-энесинин балага болгон көксөөсүн кандырыш үчүн үйлөнгөнүн божомолдоду. Мунун айынан окуялар шакектеле уланып, бир нече кишинин көз жумуусуна, Уландын түрмөгө түшүүсүнө алып келгенин тушунду. «Шаарга келе бергенимден кийин дайынсыз кетпесем бул жамандыктар болмок эмес экен» деп мындан улам өзүн күнөөлүү сезип, көкүрөгүндөгү
Уланга болгон таарынычы бөксөрүп, дале болсо аны сүйөрүн билди, сагынычы артып көргүсү келди: Бирок ишке баш оту менен кирип кеткендигинен улам эч кандай чолоосу да, аргасы да жок болчу. Улан абактан аман-эсен бошонсо өзүн издерине ишенип, кийинчерээк Көлдөгү таякелерине, шаардагы алардын баласына, өзүнүн классташ курбуларына тез-тезден чалчу болгон. Бирок эки күн мурун телефонун капысынан колунан түшүрүп жиберип, оңдотконго же жанысын сатып алууга чолоосу тийбей эч ким менен байланыша албай калган.
Анткен менен тагдыр кандай себептер менен сүйгөн жарынан бөлсө ошондой эле жолдор менен ага кошкону туруптур...
Бир күнү күйөөсү экөөнүн турмушта таптакыр эле жолдору болбой койгонун, айылда жашап, элчилеп мал багып, соода кылып, канчалык аракеттенгени менен иштери жүрбөгөнүн, эми биякка келип бел чечпей иштесе да жарыбагандарын айтып наалыган, бул үчүн кимдир бирөөлөр кандайдыр терс дуба окуганынан шекшиген Жумагүл эже өзүндөй болгон турмушта иши кыйчалыштаган кишилердин жолун ачкан калмак улутундагы Делгира аттуу күчтүү экстрасенс-көзү ачык бар экенин чогуу иштеген өзбек аялдардан угуп, ошого көрүнүүнү дегдей баштады. Анын киши кабыл алган жайы жакын эле жерде экени да Жумагүл эжени чыгынтып, Жаркынайды дем алышта бирге барып келүүгө үгүттөдү. Мындайга көп ишене бербеген анын баргысы келген жок. Бирок Улан экөөнүн балалуу боло албаганын, буга алардын ата-бабаларынан бери уланып келе жаткан кандайдыр каргыш себепкер болушу мүмкүн экенин билген Жумагүл ой-боюна койбой, бул сырды ушул көзү ачык чечиши ыктымалдыгын айтып, ээрчитип жөнөдү. Оной эле таап, эрте эле барышкандары менен көп кабат үйдүн биринчи кабатында жайгашкан экстрасенстин кабыл алуучу жайы кишиге толуп, кезектин учу эбак эле узарып кеткен экен, күтүп отуруп калышты. Киргендер көпкө кармалып чыгып жаткандыктан кезек кашандык менен кыскарып, аягы тыйылбай келип жаткандардын эсебинен арттагылардын саны көбөйүп баратты. Минтип отурса кечке чейин да кире албасын түшүнгөн Жаркынай менен Жумагүл кетип кала албай же күтө албай ыргылжың абалда калышты. Анткен менен элдин көптүгүнөн улам Делгира чындап эле касиеттүү экенине көздөрү жетип, бул жолкуда кире алышпаса эмки дем алышта таң атпай келип болсо да көрүнүп кетмей болушту. Ошентип отургандарында кезекти жазып, келген-кеткендерди тескеп аткан кыз экстрасенс зарыл жумушу чыгып калгандыгына байланыштуу түшкө чейин гана кабыл аларын, кезектин башындагы үч киши калып, калгандар кете бериши керек экенин жарыялап калбаспы. Кечке отуруп кирбей кетүүдөн корккон Жаркынай менен Жумагүл жеңилдене дем алып, «мейличи» деп эл менен чогуу кетмей болушту, бирок «кандай неме болду экен»
деген кызыгуусу арткан Жумагүл эже: - Кайда шашабыз, азыр чыгат болушу керек, жок дегенде көрө кетпейлиби, - деп буга Жаркынай макул болуп, кабыл алуу бөлмөсүндө калган беш-алты киши менен бирге күтүп отуруп калышты. Кезеги жакындаган эки-үч киши бат эле чыгышты, бирок эксрасенстин жардамчысы иш аяктаганын айтып, калгандарга бөлмөнү бошотууну буюрду. Сыртка чыккан Жаркынай менен Жумагүл нары жакта эле башка эшиги болбосо көзү ачыктын көпкө кармалбай чыгарын болжоп күтүп турушту. Жарым сааттан кийин ичкериден эки аял чыга келип, бири жанагы жардамчы келин экенин к таанылды, экинчиси калмак көзү ачыгы экенин болжошту. Орто жаштардагы кара торусунан келген азиат түспөл бул аял калмактардын улуттук кийими окшойт, башына гүлдүү оюу түшүрүлгөн кыргагы карыш, төбөсу жапыз кызыл топу кийиптир, үстүндө ак өндөгү гүлдүү желетке, тыкан этегинин жээктери саймаланган кызыл көйнөк бар экен. Алдыны тике караган сурмасыз көздөрү менен сумсайынкы жүзүнөн сүр байкалды. Жаркынай менен Жумагүл окчундай түшүп жол четинде сүйлөшүп тургандай түр көргөзүп, көз ачыкка алдыртан көз жиберип туруп калышты. Делгира ык-ңчамдай басып түз өтүп баратып, эки аялдын тушуна жеткенде тык токтоп, кабак чытыган тейде алдыдан көзүн албай саамга туруп калып, анан бүт тулкусу менен экөөнө бурулуп суроо узатты:
- Ты кто?
- Я?.. Я Жаркынай, - деди Жаркынай бул күтүүсүздүктөн селт этип, кымтына түшүп.
- У тебя что то есть... Какая то тайна, - деген Делгира Жаркынайга түз басып келип, колун созуп, алаканын жайып чекесине басып, көзүн акырын жумуп, ойлонгонсуп туруп калып: - Ах кра айкалш, каргш,- деп түшүнүксүз күбүрөнүп алып орусча улантты. - От куда ты? Кыргызка да?
- Да, - деди Жаркынай.
- Сенте биртеме бар, - деп Делгира кыргызча сүйлөөгө аракет кылды.
- Мендеби? - деди тартынганын таңгалуусу жеңген Жаркынай анын сүрдүү көзүнө тике карап.
- Ийе. Если ты не против комне пойдём. Я тебе многое скажу... Какая энергия, ох... - -Мы как раз к вам пришли,-деп капысынан жолу
болгонуна сүйүнгөн Жумагүл сөзгө аралашты. Эми гана Делгира Жумагүлгө көңүл коё карап, жанагындай эле колун сунуп, алаканын жайып, төшүнө коюп, көзүн жумуп:
Вы с мужем отличные пары. У вас семейное счастье. Но вы её не чувствуете. Ищете богатство здесь и везде. Но вам богатство не дано. Вы думаете что причина вашего не везение какая то порча. Я скажу что нет ни какой порчи. Лучше быстрее уезжаете от сюда. А то плохо будет. Трудитесь родной земле, храните любовь. Чувствуйте счастье. Живите легко. Я всё сказала! - деп так-так сүйлөп колун тартып алып, ошол бойдон Жумагүл жакка карап да койгон жок. А дароо Жаркынайды карыдан ала коштой артка кайта ылдамдай басып, эл көрүүчү чакан бөлмөсүнө алып кирди. Жумагүл менен жардамчысы кабылдамада калды. Мурунга кандайдыр жагымдуу жыт келген бөлмөнүн дубалдары апакай экен, жалгыз буюм катары анда кош ургучу бар, бети кандайдыр калын тери менен капталган добулбас илинип туруптур. Ортодо эки жагында эки отургуч коюлган үстөл, жан жакта чакан шкаф бар экен. Отургучтардын эшик жагындагысына Жаркынай отурду.
Делгира үстөлдө турган табактагы арча бүрүн түтөтүп, түшүнүксүз сөздөрдү угуза күбүрөнүп, бөлмөнү үч айланып чыгып, табакты түтөткөн бойдон ордуна коюп, шкафтан кандайдыр оромолду алып, шагырата үстөлгө төккөндө чоңдугу бармак башындай болгон түркүн түстүү таштар жайнап калды. Делгира алардын арасынан бирдеме издегендей кунт коё карап, китеп окуп жаткансып акырын күбүрөнүп алып, таштарды шагырата ары-бери шилей үңүлүп бир топко отуруп, башын чайкай берип, ордунан туруп дубалдагы добул басты алып, акырын-акырын ургулап, Жаркынайды тооруй карап тез-тез жана энтиге дем алып ары-бери басты. Анан добулбасты ордуна илип, кандайдыр чарчанкы түрдө акырын келип, төрдөгү отургучка бойташтагандай шалак эте отуруп, ортодогу таштарга
оромолду жаба берип, беш мүнөтчө көзүн жумган бойдон сукут чала тынчый түшүп, акырын сүйлөп баштаган сөзүн улам жандантты: - Ты плод любви. Но источники этой любви быстро покинули этот мир. За то другая приняла тебя и до конца своей жизни заботился. Остальные родственники тебе равнодушно. И даже знать не хочет. Потому что соединение твоих родителей причинил им боль. Ещё один человек есть который тебя любить. Вы с ним в разлуке. Как вы расставались сразу у него жизнь испортился. Причина вашей разлуки бесплодие. Не твоё а его бесплодие. Родители его хорошие люди. Но именно они вас разлучили. Данное время они чужого ребёнка нянчить. Сейчас он тебя ищет. Очень хочет видеть и прощение просит. Он даже сюда прилетит, но здесь Вы не встретитесь. Ваш следующий совместный жизнь очень счастливо будет. Ты его чувствуешь,- деген Делгира ичтен тына унчукпай калды. Өзүн эч качан көрбөгөн, тааныбаган адам бүт өмүрүнүн урунттуу учурларын кыскача айтып, жакындары да билбеген сырларын ачып таштаганда ага башында көп маани бербеген, ишенбеген Жаркынайдын оозу ачылды. Делгира оромолду алып, таштарды шагырата бүткүл үстөл боюнча жайып салды да, өйдө тура калып аларды үстүртөн карап чыгып, баш чайкап алып, дубалдагы добулбасты алып айлана басып ургулай кетти. Кайра отурган сон таштарды ортого чогултуп, оромолду жаап, басынкы үндө сөзүн баштап, үнүн акырындан көтөрдү: Теперь скажу о главном, который мне тоже касается. Род вашего мужа проклят примерно трёхсот лет тому назад. Причём очень сильной бахши. Поэтому родословный веточка твоего мужа один, то есть из семи поколений его отцы имеет только по одному сына, а родившийся дочери долго не живёт. Об этом ты тоже
[14.11, 16:33] Жаным: Хорошо знаешь. Это сила проклятии Сувсаны. Она трехсот тому лет назад живший ойротского хана Дау сентайджи. Сувсане перешла вся ойротская духовная сила. Но не использовавшийся свой дар попал кыргызам и увезён Тянь-Шань. После этого она попа в беду и умер молодым проклиная своего мужа. И не был почестью похоронен, а душа остался между тьмой и светом. И до сих пор бродит возле своего останки тела. Я слышала о Сувсане, про её не использовашийся дар в молодости и думала что это сказка. Но зревшийся обладая некоторым даром почувствовала её дух. Она просила помощь, меня вызвала к себе. Но я немогла. Потому что я не знала где она похоронена. Я искала её вКыргызстане, именно Чуйской области и Иссык-Куле Не мог найти. Сейчас сразу увидев тебя я почувствовала дух Сувсаны. Потому что она связан с твоим мужем его предков. Когда Сувсана узнала своей внезапной смерти нет вины мужа пожалела что проклинала его род. Но была уже поздно. Ты слышала что род мужа проклят? Может какую то легенду слышала об этом? И наверно знаешь где похоронен Сувсана?
- деп Делгира сөзүнүн аягында чыдамы кеткенсип, суроолорду биринин артынан бирин берип Жаркынайды тикирейе карады.
- Слышала. И легенду знаю о калмыцкой в которое проклинавший наш род, - сүрдүү аялга тике карай албай деди Жаркынай
- И даже знаешь где она похоронена?
- Да. Потому что она очень знаменитая гора и нашему деревню очень близко. Там есть перевал которое всю долину связывающий джайлоо. Она называется
Чон-Кыя
- Отлично! Теперь если эту легенду знаешь расскажи мне.
-Хорошо.
- Если на русском языке тебе трудно, расскажи мне на кыргызском. Мен кыргызча жакшы түшүнөт.
-Макул, - деп өзүнө Ырыскан апа көп эле жолу айтып берген, Уландан да уккандыктан эсине жакшы сакталган Жанызак мерген жана анын калмак аялы жөнүндөгү уламышты баштан-аяк айтып берди.
- Да-а! Убедительно. Джаркынай можно тебя назову Женей?
- Можно. Здесь меня все так зовут.
- Женя, я должна помогать Сувсану и вашему роду.
-А ты поможешь мне?
- Да. Но как?
- Я тебя понимаю. Ты тут на хорошей работе работаешь и зарабатываешь хорошо. Но все равно скоро муж придёт и заберет тебя домой. Он уже тебя ищет. Не может связываться с тобой. Потому что твой телефон сломан. Он позвонил вчера твоей дяде.
-сейчас Бишкеке, собирается в Москву.
- Тогда подождем его. И вместе с ним домой поедим.
- Я бы подождала. Но как раз после завтра начинается полнолуние, она длится только три дня. Я должна в это время успеть некоторые обряды выполнить. Поэтому при полнолуние древние не успокоившийся духи почувствует себе свободными. Если ты согласишься поехать со мной, завтра сядем в поезд.
- В поезд?
- Да потому что именно в поезде через медитации себя буду чистит, у бога прошу прощение и разрешение, начинаю я свои ритуалы. Короче ты эти дела непонимаешь. До Кыргызстана в поезде трое суток. А из Бишкека до вашего аула сколько часов езды?
- Шесть-семь часов.
- Вот если бог даст завтра сядем в поезд, через три дня с утра Бишкеке будем. До вечера доедим ваш айыл
и если правильно покажете это место при новолуние начну свои обряды. Дух Сувсаны освобожу от земных тяг, её дар приму себе и буду дважды сильнее чем сейчас. А род твоего мужа сниму эту трёхсотлетнюю проклятии Сувсаны. После этого у тебя с мужем начнётся хороший и счастливый жизнь. Много детей будешь рожать. Они будут здоровыми и умными. Так, ты согласна ехать со мной в Кыргызстан?
-Да! -деп Жаркынай кантип айтып жибергенин билбей калды. Анткени Делгиранын сунушу абдан азгырыктуу болчу.
- Умница! Тогда ты сегодня свои здешние дела заканчивай. Отпрашивайся с работы, лучше увольняйся, потому что ты все равно сюда больше не возвращаешься. Все затраты, оплаты за проезд этой езды полностью беру на себя...
Ошентип Жаркынай күтүүсүз жолго чыкты. Не бар не жок деп жумуштан бошонгон жок. Светлана болбой жатып араң дегенде бир жумага уруксат берип, сөзсүз кайтып келүүсүн суранып калды. Көп ишене бербесе да Светлана Жаркынайдын ордуна ашпозчулукка палоо басканды жакшы эле өздөштүрүп калган Жумагүлду койду.
Делгира өзү жалгыз бир купени ээлеп, Жаркынайды зерикпесин деп өзүндөй болгон кыргыз келиндер түшкөн купеге жайгаштырды. Москва менен Бишкектин ортосунда товар ташып иштеген, калп-чынды койгулаштыра сүйлөгөн бул ачык-айрым келиндер чынында эле Жаркынайды зериктиришкен жок. Таң калычтуусу Делгира купесине кирген бойдон жетер- жеткиче сыртка бир да жолу чыкпады. Бир жолу Жаркынай дааратканага өтүп бара жатып анын кандайдыр катуу күңгүрөнгөн үнүн угуп, мындан бир өзгөчө сырдуулукту сезип ого бетер тан калды. Ал болжогондой эле Бишкекке сапардын үчүнчү күнү бүтүп, төртүн- чу күнү башталганда жетишти. Поезд токтору менен Делгира эч нерсе болбогондон бетер жарык маанай- да купесинен чыга келип, Жаркынай менен жайдары учурашты. Темир жол бекетинде аларды Делгиранын таанышы күтүп туруптур. Келбети келишкен, алибет- түүсүнөн да келген кыргыз жигит экен. Делгира менен мамилеси абдан эле жакшы окшойт өбүшүп учурашышты. Жаркыраган сүлүк кара жолтандабасына отурушары менен өзүн Кайрат деп тааныштырган жигит кайда сапар тартышарын сурады. Жаркынай айтып түшүндүрдү. Нарын тарап өзүнө жакшы тааныш экенин айткан жигит темир тулпарын атырылтып жөнөду. Шашылыш чыгып, карыларга жакшы белектерди ала албай калганына өкүнгөн Жаркынай дүкөндөн түрдүү таттуулар менен чай-чамектерди, Нарында тартыш эмеспи деп жол боюнда сатылган мөмө-чөмө, жер-жемиштерден мол алды. Делгира белек катары Ырыскан апага орус самоорун, Байөмүр атага дүрбү, Уланга орус ээр токумун алыптыр, Жаркынайга көрсөтүп жагар жакпасын сурады. Ал айыл жеринде мындан өткөн белек болбосун айтты.
Кайрат ачык-айрым да экен, орусча-кыргызча ша- кылдай сүйлөп, аркы-беркиден кеп салып, тамашалап, сөз арасында Орусияга иштегени барып жолу болбой талаада кала жаздаганында Делгиранын жардамы менен бутка туруп кеткенин айтып өттү. Ошентип ар- гымактай алкынган жолтандабас катуу ылдамдыкка солк этип койбой, жолдун жамандыгын кеп кылбай учуп-күйө зымырап, Ак-Талаанын Терек айлына түш бой кирип барды. Куугунтук жебесе да өз эркинен тыш кетирилген айылга жакындаганда Жаркынай сүйүнгө- нун же күйүнгөнүн билбей өрөпкүй түштү. Бир эсеп- тен кайтпастай кетип кайрылганынан тайсалдаса, бир
эсептен жөн келбей, качанкы каргышты жандыруучу киши менен келген жүйөлүү себеби бар экенин ойлой эрдемсиди. Эмнеси болсо да өзүнүн жол көрсөткөн нускоосу менен жолтандабас Байөмүр атанын үйүнүн алдына келип токтоду. Карылар адатынча эшик алдындагы отургучта күзгү күндүн нуруна чубактагыча эки жакка көз салып отурушуптур. Ырыскан апанын колунда баласы бар экен. Өтүп кетет деген жолтандабас келип токтогондо тура калышты. Эшик ачылып, андан түшкөн Жаркынай өзүлөрүн карай басканда тааныды окшойт Ырыскан апа баланы абышкасына кармата салып дегендей басып угурлап, өзүнө умтулган келинине барбалактай сүйлөп кучак жайды:
- Жаркыным келген турбайбы! Алдына кетейиним, жакшысыңбы?..
- Жакшысызбы апа. Демдүү-күүлүүсүзбү? Бешик боонуз бек болсун.
- Айтканың келсин каралдым. Өз кызымдан артык
көргөн каралдым, бизди кечир, биз куруйлук, өзүн күнөөлүү сезип жашый түшкөн эне Жаркынайды бооруна басып саамга туруп калышты. Аңгыча бала кучактаган Байөмүр ата жакын келип бажырая күлүп турду.
- Ата кандайсыз? Демдүү-күүлүсүзбү? Бешик боонуз бек болсун, -деди Жаркынай. -
- Рахмат балам. Ден соолугун жакшыбы? -деп БаЙөмүр карыя иймене туруп калган келинине жакындай түшүп өзү да ынгайсызданды. Жаркынай умтула түшүп, кайнатасынын колундагы баланын бетин ачып жүзүнөн сүйүп, колуна ала калды. Ошондон кийин гана үй ээлери берки эки конокко көңүл буруп астейдил учурашып, үйдү карай баштап жөнөштү. Дегдендей басып алдыга кетип, үйгө кирип чыныга суу сузуп чыга калган Ырыскан апа Жаркынайдын башынан уч айлантып алыс төгүп, босогодон окчундата көмкөрдү. Анан тан кала карап туруп калган Делгира менен Кайратты үйгө кирүүлөрүн өтүндү. Жаркынай баланы Ырыскан энеге берип, дасторкон жазып нан койду, ала келген жер-жемиштери менен таттууларын жайнатты. Чай үстүндө ал-жай сурашып, коноктор менен уй ээлери таанышты. Өз ара көнүшө түшкөн соң сөзмөр Кайрат калмак бакшысы Делгиранын Жаркынайды алып келген себебин астейдил айтып түшүндүрүп келип, анын кылымдарды карыткан калмак келиндин каргышын жандырарын айтканда уккан кулагына ишенбеген Байөмүр ата ордунан тура калып жетине албай өзүнчө сүйлөндү:
-Оо Кудай эмне дейт ыя! Каргышты жандырам дейби? Андай болсо кана! Кудайым бербейт беле...
- Да, да, каргыш жанат,- деп Делгира да ордунан турганда жетине албаган Байөмүр карыя аны чекесинен сүйүп, бооруна кысты.
Кайра кылымдарды карыткан каргыш тууралуу сөз жүрүп, Байөмүр карыя бул тууралуу улуулардан укканын айтып берди. Делгира аны күчтүү касиетинин жардамы менен жандырарын кыргызча түшүндүрүүгө аракеттенип, Кайрат ага жардам берди. Баары түшүнүктүү болгондо жетине албай сүйүнгөн Байөмүр карыя жарыялай сүйлөдү:
- Уругубуз кабылган жети атадан берки каргыш жанганы турат. Аксарбашыл баабедин. Кудайга ыраазычылык билдирип кан чыгарышыбыз керек. Эшикке чыгып малга бата кылып койгула.
Сыртка чыгышканда Байөмүр кары Кайратты ээрчитип короого кирип, көптөн бери байлоодо турган коюн жетелетип чыга калды. Күн батышты карап бата тилегени калганда Делгира кийлигишип, малды Чоң- Кыяга барганда сойсо жакшы болорун айтты эле Байөмур ата ынабады.
- Бул менин келинимдин аман-эсен келгени үчүн аксарбашыл чалганым. Силерди сыйлашым керек, Чон-Кыяга башка мал алып барам.
Кошуна жигит менен келин жардам берип кой союлуп, казанга түшкөндөн кийин гана сагынышкан кайнене менен келиндин сүйлөшүүгө чололору тийди. Жаркынай үйгө кирсе Ырыскан апа небересин бешикке бөлөп жаткан экен, жүйүртө отура калып жардамдашып жиберди.
- Уулуңуз жоош окшойт, келгенден бери бир дагы ыйлаган үнүн уккан жокмун, - деди Жаркынай бешикте болпоюп жаткан баланы мандайынан сылай.
- Ооба, бир аз торолуп, эти толуп жоошуй түштү. Болбосо биздин жигитибиз деле жаңы келгенинде бир топ чыр болчу.
- Уулунуз бактылуу болсун. Өмүрү узун болуп сиздердин керегиңиздерге жараган азаматтардан болуп чоңойсун.
- Рахмат, айланайын. Ооба, биздин эртели-кеч тилегенибиз ушу. Биздин керекке жарабаса да силерди баккан балдардан болсун. Бизге мунун баягынын тукуму дедиртип жүргөнү эле жетет. Эмне кылабыз эми, тагдыры экен энеси буга мээримин төгө албай калды. Улан болсо камалып кете жаздап аз жерден калды. Аны айтып айтпай эмне. Өзүн деле уккандырсын. Сен Жаркыным бизди кечирип кой, беш жыл бою кайнене келин катары эмес апа менен кыздай ынтымактуу жашадык элек. Балалуу бололук деп ушуга барбадыкпы. Ошол тилегибиз орундалды, бизге мындан башканын деле кереги жок болчу. Эми балам, Уландын сенден башкага көңүлү жок. Сени канча издеди кеткенинден кийин. Заремага деле биздин кыстообуз менен үйлөнгөн. Тияктан чыгары менен үйгө эки-үч күн эле кармалып, сени издеп кеткен, эки күндөн бери чала элек,
биз чалдырсак телефону өчүк экен. Сенин келгенинди укса жетип келер. Эми экөөн бүт таарынычтарды унутуп жаңы жашоо баштагыла. Согончогуң канабаса сенде эмне күнөө. Деги үмүттү үзбөй туралычы. Мобул калмак келин каргышты жандырам деп келген турбайбы, шыпаасы тийип калгысы бардыр.
- Сиздерге эч кандай дооматым жок апа. Уланды деле күнөөлөбөйм. Айтканыныздар менен болом. Неберенизди өз баламдай көрүп, бөпөлөп багам. Кам санабаңыздар...
- Рахмат, алдына кетейиним рахмат, - деп ичи элжиреп, жашый түшкөн Ырыскан апа кучактап, көкүрөгүнө басканда Жаркынай энелик мээримди сезди...
Делгира менен Кайрат кой союлуп бүткүчө машинада кеңешип отурушту. Соймочу жигитке жардам берген Байѳмүр ата бошогондо Кайрат басып келип Делгиранын суранычын айтты:
- Жанагы Чон-Кыяга алып бара турган малыбыз эч жеринде тагы жок, кулагы бүтүн ак эчки болсо жакшы болот эле дейт.
- Андай эчки бар. Бирок ал сарайда, алып келе калыш керек.
- Анан дагы көп отун керек экен.
- Отун бар.
- Чоң-Кыяга сиз, мен, анан өзү гана барат экенбиз.
- Мейли.
- Эрте жарыкта жетип даярданып алсак ай чыкканда ырым-жырымын жасайм дейт. Ал жактан келгенден кийин үйүңүздү тазалап, уулуңузга тумар жазып берет экен.
- Айтканын аткарабыз...
Эт бышкыча даярдык көрүп, тамактанып алып чыгып, күн бата Мэлс ашуу деген жаңы аты бар, Дуа айдактаган Карабеттин көзгө атарынан Касен окко
учкан Чон-Кыянын алдына келишти. Жетинчи атасы Жанызак мергенди каргаган калмак келиндин жашырылган жайы ушул тоодо экенин билгени менен Байөмүр ата анын кайсы жеринде жайгашканын так билчү эмес. Андыктан кыянын алдына келгенде каякты карай баштарын билбей калды. Анткен менен д
Делгира эмне кылышты билет экен, машинадан түшүп бүт оокаттарды, отундарды, эч жеринде тагы жок ак эчкини машинадан түшүрүүнү буюрду. Өзү чон баштыгын көтөрүп, окчун жактагы караган-бутанын арасына кирип кетти да, бир аздан кийин башына кыргагына ак канаттар жогору каратылып тагылган, шуру-мончок өткөрүлгөн кызыл-тазыл жиптери бетин жаба ылдый салбыраган, кыймылдаган сайын жалтылдаган шуру мончок аралаштырыла саймаланган топу, үстүнө этеги тилим-тилим боло самтыраган, төшүнө балыктын, карышкырдын, жырткыч куштун сөлөкөтү түшүрүлгөн кызыл чапан кийип, таанылбастай өзгөрүп, ого бетер сүрдүүсүнө тарта басып келди. Ал экинчи чон асынма баштыгын ачып, кош таяктуу добулбас, чон табак алып чыгып, чакан баштыктагы көк чөптүн тыпынын табакка салып, ширеңке чагып түтөттү. Арча жыттуу түтүн көккө уюлгуй көтөрүлгүчө добулбасын моюнга илип, он колго таяктарды, сол колго түтөп жаткан табакты алып, түшүнүксүз сөздөрдү кобурана айткыча күңгүрөнүп, добулбасты акырын ургулап жогору карай басты. Көктү карай созолонуп тик көтөрүлгөн түтүн бир маалда жел тийгендей тоо бетине кыйшая жыгылып, кыйгачынан жылып апай бетке жер төшөктөй салына жогорулаганда Делгиранын уну чоңоюп, добулбасы катуурак кагылып, өзү түтүндү кубалап ыкчамдай басып өйдөлөдү. Кайрат менен Байөмүр ата таң кала түшүп артынан ээрчишти. Көп узабай демигип баса албай калган Байөмүр ата кан басымы көтөрүлүп кеткенин сезип, мындан ары бара албасын түшүнүп отуруп калды. Күйүксө да Кайрат жаштыгына сала чымырканып Делгиранын артынан кетти.
Ал бир топтон кийин түшүп келди.
- Делгира эски мүрзөнү тапты. Тезинен эчкини союп, от жагышыбыз керек дейт. Байкап көрсөм ал жерге машина менен кыялап жүрүп отуруп чыкса болгудай. Ошон үчүн машинага отундарды кайра жүктөп, эчкини салып Кудай деп өйдө чыгалы, - деди ал.
Жолсуз тоодо газ берген сайын анылдап кыйналганын байкалтса да кыйындыгын көрсөткөн жолтандабас бир аздан кийин көздөгөн жерде болду. Делгиранын эски мүрзө дегени апай беттен өзүнчө бөлүнгөн дөбөчөнүн үстүндөгү алачык ордундай ак такыр экен. Дал ушул жерге үч жүз жылдай мурда ойрот ханбийкеси Сувсана эки кызы менен жашырылыптыр. Байөмүр ата менен Кайрат чыгып барышканда Делгира дале болсо күңгүрөнгөн үндө күбүрөнүп, кобуранып, добулбасын акырын ургулап, бул ак такырдан көзүн албай айлана басып жүрүптүр. Экөөлөп отундарды ташып келип, ак такырдын үстүнө киши боюндай кылып жыйган соң, чапчаң кыймылдаган Кайрат ак эчкини бакырткан бойдон сүйрөп келип, канын үймөк отунга чачырата мууздап, Байөмүр атанын жардамы менен жарым сааттын ичинде союп, жиликтеп жиберди. Анан эчкинин терисин, баш-шыйрагын, өпкө-жүрөгүн, бөйрөк майы менен ич майын жыйылган отундун үстүнө жайгаштырып, калган жиликтерин айланага чачып жиберишти.
Делгиранын бул жөрөлгөнү түшүндүрүүсү боюнча ак эчкинин жаны көп кылымдап жер үстүндө калып алсызданган Сувсананын жанын сүрөп коштогуча башка дүйнөгө өзү менен кошо ала кетет экен. Жагылган улуу оттун жалыны кара күчтөрдү качырып, отко күйгөн тери, эт, май куйкум жыты менен Сувсананын жанын азыктандырат имиш. Ал эми айланага чачылган эт тоо-ташка ыраазычылык катары, анда жашаган жан-жаныбарга кайыр-садага иретинде берилиптир. Антип-минткиче күн кирип, айлана күүгүмдөнүп,
ааламды кучагына алган асмандан жылдыздар жымындап жана баштаганда түштүк-чыгыш тарапты шоолалантып толукшуй толгон ай чыкты. Ушул учурду күткөн Делгиранын ишараты менен Кайрат ширенке чакты. Чырт эткен учкундан төрөлгөн алсыз жалын алгач алтын жалбырак сымал кылтыйып, анан кыймылдаган сайын кыйынына тартып чоноюп, жалмандаган сайын жандуулугу артып соймондоп, айлананы жарыктанта жалбырттап баратты. От күйгөн сайын кыймылы күүлөнгөн, жарыкка арбалган шайтан көпөлөкчө айлана жүгүргөн, бирде ыңгырангансыган, бирде күңгүрөнгөнсүгөн, каткыргансыган үнү улам күчөгөн, барган сайын катуулай урулган добулбаска атаандаша долулангансыган Делгира качанкы бир катуу бороондо буюгуп, Жараткандын ааламдык жолунан адашкан жандарды асмандын түпкүрүн карай агылган түтүн менен кошо жөнөкөй адамдар андабай турган дүйнөгө узатуу далбасасына түштү.
Жалбырттаган оттун сүрүнөн жалтанган, жалынга түшө калчудай болгон бакшынын түрүнөн, анын ары коркунучтуу, ары табышмактуу үнүнөн чочуган, бул жерде кандайдыр айры буттуу пенде андагыс окуя болуп жатканын сезген Байөмүр ата менен Кайрат артка кетенчиктегиче алыстап баратышты...
XXX
Бүткүл үй-бүлө футболго чыкты. Атасы алып келген жаны топ менен башында балдар ойноп башташкан. Алар эшик алдында туш келди тепкилеп топ талашып жатышканда талаадан мал карап келген Байөмүр ата кийлигишип, эки жакка таштан эки дарбаза жасап, «Аманат сен Дилгира экөөңөр бир командасынар, Жанызак менен Өмүрзак бирсиңер» деп балдарды бөлүш- түрүп, өзү калыстыкка шайланды. Оюн кызыктуу боло түштү. Балдардын ызы-чуусун угуп, үйдөн бир жашар небересин көтөргөн Ырыскан апа чыкты. Буту али баса элек болсо да ойногусу келип талпынган баласын алдына алган ал отургучтан орун алды. Көп өтпей беш айлык боюнда бар Жаркынай чыгып кайненесине кошулду. Анан гаражда машина ондоп аткан Улан келип, беш жашар уулу Жанызак менен төрт жашар Өмүрзакка күйөрмандык кыла баштады. Ырыскан апа, Жаркынай экөө Аманат менен Өмүрзактын түгөйү Дил- гирага тартышты. Аманат чонурак жана топ тепкенге шыктуу болгону менен Жанызак менен Өмүрзак өжөр болгондуктан оюн тең тайлаш жүрүүдө.
Ошентип бактылуу үй-бүлөнүн эшигинин алды шаңга толуп, балдар тойполондоп топ тээп, чондор күйөрмандык кылып жатканда Уландын телефону шыңгырады. Караса бейтааныш номур экен, шаарга кетчү жүргүнчү кардарлардан го деп алса айымдын үнү угулду: - -Улан кандайсың. Ден соолугуң, иштерин жакшыбы? Балдар чоноюп жатабы?
- Баары жакшы. Өзүңүздөр кандайсыздар?
- Бизде да баары жакшы.
- Кечиресиз, сизди тааный албай жатам.
- Мен Жайнагүлмүн.
- Жайнагүл?
- Унута түшсөң керек. Зареманын курбусу Жайнагулмун.
- Ооба тааныдым. Кандайсын Жайнагүл?
-Таң кала түштүң окшойт.
- Менде баары жакшы. Эмнеге чалып жатат деп
- Жок. Сен эмнеге чалбашың керек экен...
- Ооба. Чалганымдын себеби бар. Кечээ Касендин апасы келиптир...
- Кайсы Касен? Ин... Эмне дейт ал?
- Мен жөнүндө каяктан билет деп мен да таң калып калдым.
- Ии, анан эмне дейт?
- Уулун Аманат жөнүндө сурады.
- Аманатта эмне иши бар экен ал аялдын?
- Ал төрөлгөндө көп сөздөр жүрүп, ал эмес гезитке да имиштер жарыяланбады беле...
- Ошолор эми аран жетиптирби ага?
- Билбейм. Менден бала тууралуу баштан-аяк сурады.
- Эмнелерди айттын анан сен?
- Болгон чындыкты жашыра алган жокмун.
- Аманаттын Касенден экенин айттыңбы?
- Улан мен калп айта албайм. Менсиз деле бул чындыкты биздин чөйрө билет. Жөн гана ал убагында буга жөн гана ушак катары карап, маани бербей жүрүптүр. Эми гана буга кызыгып, уулунан калган туяк тууралуу билгиси келип атыптыр.
- Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы экенин ошол аял билет бекен?
Билет окшойт. Бала талашайын деген деле ою жоктой. Жөн гана Касенден калган медерди көргүсу келет экен. Эркек неберелүү болуу Надыр Мамбеталиевдин чоң каалоосу болгонун айтты. Кебетеси эркек уул катары Аманат Мамбеталиевдердин атын алып жүрсө деп ойлойт окшойт.
- Буга чейин эмне кылып жүрүптүр ошол аял? Эртерээк келсе дагы ойлонуп көрмөкпуз. Эми кеч болуп калды.
- Анан дагы бир сураныч айтты, сага жолуктур деген. Сүйлөшкүсү келет окшойт.
- Менин аларда сөзүм жок. Керек болсо Аманат менин балам эмес, ал чоң ата, чоң энеси бөпөлөп ба- гып чонойткон бала. Бирок аларга мага айткан ушул сөздөрүн угузбагыдай болушсун. Ата-энем кары кишилер, ден соолуктары да жакшы эмес. Аманат өз тукуму эмес экенин билишчү болсо жаман болушат.
- Түшүндүм. Менин деле сенин тынчынды алайын деген оюм жок болчу.
Ал ушул сөздөрдү аманат катары айтып коёсуңбу деген. Ии анан Аманатка аталарынан калган энчилерин жаздырып берсем деген ою бар экен. Ушуну да айтып кой деген.
- Аа эми түшүндүм ал аялды. Мени менен соодалашкысы бар экен. Бул байлар акчага баарын сатып алса болоруна ишенишет. Бирок сатылбаган нерселер да болот... Анда Жайнаш сен да менин аманат сөзүмдү ага жеткирип кой. Аманат уулум азыр алтыга чыкты. Жакшынакай тарбия алып чоноюп келе жатат. Дагы он эки жылдан кийин он сегизге чыгат. Ошондо чон киши катары аны менен өзүм сүйлөшүп, болгон чындыкты айтам. Ошондон кийин гана ал эмне кылышты өзү чечет. Касендин фамилиясын алабы же меникинде калабы. Кыскасы Аманат он сегизге чыккыча биздин тынчыбызды албоосун Мамбеталиевдерге өтүнүч катары айтып кой.
- Макул.
- Жайнаш, болуптур анда.
- Болуптур...
АЯГЫ.
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса комментарий калтырып класс басып кетиниздер,башкаларгада себепкер болунуздар,китеп окуп Жан дуйнону суугаралы...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 17
Авторго, админге ден-соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалаймын. Иштерине ийгилик каалайм, жана чыгармачылык бийлик тиктерге жетише берсин оомийин.