20-бөлүм.
Машина көп узабай барып бордюрга урунуп, көтөрүлө тушуп жолдон чыгып, бир жаккы дөңгөлөктөрү менен бетон арыкка түшүп, карс-курс урунуп, түтүн менен чанга аралаша качыраган, ышкыргансыган коркунучтуу үн чыгара эшик төрдөй сүрүлүп барып токтоду.
Бул укмуштуудай кырсыкка айласыз күбө болгон жакын арадагы кишилер чуркап келишти, жолдон өтуп бараткан автоунаалар токтой калышты. Дөңгөлөк алдында калып, дене-бою бүт талкаланып өз канына чыланып жаткан Надырдын кебетеси киши карагыс болчу. Токтогон айдоочулардын бири машинасынан кандайдыр таар алып келип, ага жаба салды. Жерде сулап жаткан Зареманы эки-үчөөлөп көтөрүп жол четине чыгара калышты. Эмне болуп кеткенин түшүнбөгөн, эми гана машинадан чыгып кишилер көтөргөн курбусун көрүп чочуп кеткен Жайнагүл ага жетип барды. Тирүүлүктүн жышааны байкалбай сулк жаткан курбусун селейе карап туруп калып, анан мындайда алгачкы жардамды тез көргөзбөсө кеч болорун медик катары эстей калып, баланы жардамдашкандардын бирөөнө кармата салып, жабырлануучуну бетке чапкылап, демин тыншап, колун кармап пульсун байкап, дем алуусу жок болгону менен тамыры согуп жатканын билип, түз жаткырды да жата калып жасалма дем алдырып жиберди. Бир-эки мүнөттүк мындай аракетинен кийин Зареманын көкүрөгү билинер-билинбес көтөрүлүп түшүп, дем алганы байкалды. Буга сүйүнүп кеткен Жайнагүл кыйкырды:
- Тез жардам чакырдынарбы!.. Жок, ал кеч келет, төрөткананын реанимациясына киргизиш керек! Колго көтөргөнгө болбойт. Замбил алып келе калгыла!
Ангыча ушул эле буйрукту күтүп тургансып, кырсык болгонун көргөн төрөткананын кызматкерлери замбил алып жетип келишти. Үч киши акырын көтөруп жаткырган Зареманын дем алганы жакшырганы төрөтканага алып кирип баратканда байкалды.
- Өзүңө кел Зарем, дем ал! Кыймылда. Сен балана керексин. Ал жаңы эле жарыкка келди. Ошон үчүн жашашың керек. Дем ал, көзүңдү ач, - деп жалынып баратты Жайнагүл.
Реанимацияга киргизип, төшөккө жаткырып, кызматкерлер кайра жандандыруу аппаратын даярдап жатканда көзүн ачты Зарема. Ал эмне болгонун билбегендей беш мүнөтчө жаткан соң кынылдап үн чыгарды. Эмне деп жатканын билбеген Жайнагүл өбөктөй калды. - Эмне дейсин Зарем? Баары жайында, өзүндү карма, - деп курбусун тынчтандыргысы келди ал.
- Балам... Балам кана? - бул жолу анын үнү катуурак чыккандыктан түшүнүктүү болду.
- Баланбы? - эми гана наристени эстеген Жайнагул сыртка жүгүрдү. Бирок босогодон аны төрөткана кызматкери токтотуп баланы палатага
киргизгенин айтты. - Баландан кам санаба. Ал палатада, -деди кайра келген Жайнагүл Заремага.
Баламды алып келчи... - оор-оор онтой баштаган келиндин үнүнөн жалооруган өтүнүч байкалганда Жайнагүл балага жүгүрдү.
Сырткы ороосу чечилген баланы Жайнагул жанына жаткырганда Зарема мойнун акырын бурду, жыттагысы келип жатканын түшүнүп өйдө акырын көтөрүп бетине такады эле шуулдата искегени байкалды.
Баламды...- деди дагы бир аз жаткандан кийин эптеп акыркы күчүн жыйнап энтиге сүйлөгөн Зарема - Баламды Уланга бер... Анын ата-энеси жакшы кишилер... Уланга бер баламды...- дагы түшүнүксүз бирдемелерди булдурай айткан келиндин мойну шылк эте түшкөнсүдү, мындан улам жамандыктан шектенген Жайнагүл ыйлап жиберди:
- Зарем!.. Антпечи! Балан жаны эле төрөлдү эле го... Өлбөчү!..
Зареманы ичкери алып кирип кеткенде топтоло түшкөн кишилер, узата карап туруп калышып, анан жол четиндеги арыкта кыйшайып турган машинаны карай жөнөштү. Шашыла басып биринчи жеткен жигит айдоочу жаккы эшикти тарткылап ача албай койду эле арттан келгендер айнектери карангылатылган берки каалгаларды ачып машинада айдоочудан баш-ка эч ким жок экенин көрүштү. Урул сүзгөн айдоочу каалгалар ачылганда кыймылга келип, баш көтөрдү да жылчыгы жок татуировка тартылган жыланач колун урчудай болуп алды жакка жандай берип, ызырынуу аралаш киркиреген үндө сүйлөндү: - Это за Дуа брата! Получите гады! Ока за ока, зуб за зуб!..
Жабыркаган айдоочуга балким жардам керектир деген жакшы ойдо эшик ачкандар арактын санырсыган жыты буркурап, сөгүнүү аралаш жаман сөздөр угулган машиненин каалгасын жаба салышты.
Ушул учурда тез жардам унаасынын аныдаган үнү алыстан угулуп, ал улам катуулай жакындап келе жатты.
Зареманы төркүндөрү жерге берди. Кырсыкты угары менен жетип келген шаардык туугандары сөөктү өлүкканадан түндөп алып Таласка жөнөшүп, эртеси эле жерге бергендиктен топурак салганга Байөмүр ата менен Ырыскан апа араң үлгүрүштү. Мындай күтүүсүздуктон карылар мүңкүрөгөн абалда келип, ошондой эле дендароо болгон бойдон жүрүштү. Келининин өлүмүнө өзүлөрү күнөөлүүдөн бетер эч кимдин жүзүнө тик карай албай, куда-кудагыйлары менен түзүктөп сүйлөшүшкөн жок. Ал тургай көптөн зар кылган небересинин кубанычын сезишпеди. Тажыяга келген эл тарап, кудалар өзүлөрүнчө калып, кийинки тириликти ойлоп, кеңешер кезге келгенде эки куданын ортосунда пикир келишпестик жаралды.
- Эми куда Жараткандын жазганы экен, кырсык болуп силер кызыңардан, биз келинибизден айрылып калдык. Заремабызды ыйлап-ыйлап таба алсак көз жашыбызды көлдөтөт элек. Бирок курандан башка арга жок, кайрат кылышыбыз керек. Өзүңөр билгендей күйөө баланар ак жерден кармалып абакта отурат. Ушундан улам колуктусуна топурак сала алган жок. Биз өзүбүзчө кенешип келинибиздин кыркылык ашынын милдетин алалык деп чечтик. Белгиленген күнү бардык даярдыгыбыз менен келип куран окутуп кетебиз, - деди Байөмур карыя кудасы экөө жалгыз калгандарында.
- Куда кыз биздики болгону менен бүлөө силердики болчу. Бирок шартка жараша сөөгүн биякка жашырууга туура келди. Ата-бабалары жаткан көрүстөндө жатсын, көргөн сайын көкшүнүбүз суусун деп ушуга бардык. Бул үчүн силерден кечирим сурайбыз. Кыркылыгын өткөрөлу деген ниетинерге рахмат. Ченсиз кызыбыз бар эле, ажалга айла жок экен... Эми силерден бир гана суранычыбыз: кызыбыздан калган чүрпөнү бизге бергиле, бөксөбүздү толтура албасак да каралдыбыздан калган белек катары көкүрөгүбүзгө басып жүрсөк дедик элек,- деп кудасы күтүүсүз сөз айтканда Байөмүр карыя акыркы кездеги жалгыз кубанычы болгон небересин кандай болбосун колдон чыгарбас үчүн чебеленип жиберди:
-Уулум мурун- - Куда мен башка чукак кишимин, мурунку аялы менен беш жыл жашап, балалуу боло албай, ажырашып Зареманы алган. Аны силер жакшы билесинер. Анан зарлап жүрүп ушул чүрпөнү Кудайдан сурадык эле. Менден эмне сурасанар да макулмун, жалгыз суранычым неберемди бизге эле бергилечи.
Менде Зареманын аманат сөзү бар. Ал үзүлүп кетер алдында кайнаталарынын жакшы адамдар экенин айтып, баласын күйөөсү Уланга беруумду суранган. Ушул аманат сөз боюнча баланы Уландын эне-атасына беришибиз керек.
- Ыя... Чын элеби? Зарема чындап эле ошондой деди беле?
- Ооба. Аяш ата, анын керезин кандай болбосун ат карышыбыз керек.
- Мейли. Заримдин акыркы өтүнүчүн кантип аткарбайын. Эртен кудалар барышат, баланын бардык документтерин бүткөрүп берип кой
- Макул...
Ошол эле күнү Байөмүр ата менен Ырыскан апа бул кубанычтуу кабарды укту, дагы эки күндөн кийин зарыктырган наристени колго алып, шоркурата жыттап, бала жытына мас болуп, өзүлөрүн дүйнөдөгү эң бактылуу адам катары сезип турушту.
Бирок Жайнагүлгө бир маркумдун аманатын ат карганы менен экинчи маркумдун каалоосуна каршы иш кылууга туура келди. Анткени карылар баланын башка адамдын аты-жөнүнө катталганын көрсө алда кандай ойдо калмак, ансыз да ушактар күчөп турган кезде баладан баш тарткызбаса да чон иренжүү жаратмак. Ошондуктан Жайнагүл төрөткананын жетекчилигине кирип жагдайды түшүндүрүп жатып баланы кайра Зареманын аты-жөнүнө каттатты. Бул Надыр Мамбеталиевдин акыркы аракетине каршы келин- арбак алдында күнөөкөр сездиргендиктен аны ондоону кийинкиге калтырды. Ушул максатта баланын жазылары менен жараксыз болуп калган туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн төрөткана башчылыгына кадыр салып, майлап берип атып өзүнө алмай болду. Алар бул документтин эсеби бар экенин, андыктан жаралган жагдай боюнча жогору жакка рапорт жазып, отчет берилгенден кийин архивке жибербестен өзүнө бере турган болушту.
Дуа окко учуп, Касендин өлүмүн уюштуруп-аткаргандар Карабет баш болуп кармалып, алар менен кызматташкан ички иштер органдарынын кызмат керлери да камалып, күнөөлөрүн моюнга алгандан кийин Уландын бошонуусу үчүн кошумча тергөө жүргүзүлүүчү убакыт гана жетишпей турган. Канчалык кашанданса да бул мезгил да акыры өтүп, Зарема өлгөндөн он беш күнчө өткөндөн кийин Улан эркиндикке чыкты. Шаарды желкемдин чуңкуру көрсүн деген ал ошол эле күнү айылга кайтты. Асмандан түшкөн периште сымал үйүн кут-берекеге толтурган небересин бөпөлөп отурган ата-энесин ого бетер кубанычка бөлөгөн ал Зарема менен Касенден калган аманатты колуна алган да жок, тек гана мурдунан чымчып өбүмүш этти. Ал балага зар ата-энесин алдайм деген аракети үчүн өкүнүп калган эле. Эгер ошондо мындай кадамга барбаганында Зарема да, Касен да, Надыр да ал тургай Дуа да өлмөк эместигин ойлоп өзүн күнөөлүү сезип жүргөн. Бул алдамчылыгынын акыры бети ачыларын, ошондо карыларга катуу сокку болорун ойлогондо озун коёрго жер таппай калды. Алар башка бирөөнүн тукумун багып жүргөндөрүн, деги эле бүт чындыкты билчү болсо өзүн кечире алышмак эмес. Бул күнөөсүн жууштун бирден-бир жолу эртерээк үйлөнүп, карыларга өз тукумун тартуулоо болчу. Ал бирок Жаркынайдан башка аялзатын жубайы катары көргүсү келген жок. Демек аны эртерээк таап, алып келип, өзүнүн тукумсуздугун дарылап, балалуу болушу керек. Ошондо гана ата-энеси чындыкты билсе да
өзүн кечирмек. Ансыз да Надырдын, Зареманын өлүму боюнча ушактар жүрүп, гезиттер жазып турганда карылардын кулагына башка бирөөнүн тукумун багып жатканы оңой эле угулуп калышы толук мүмкүн болчу. Эркиндикке чыгып, айлына кайтканынын эртеси эле сагындырган тоолорун кыдырыш үчүн мергенчиликке аттанды. Кош ооз мылтыгы баягы милийсага алдырганы боюнча колуна тийбегендиктен тоодогу малчы кошунасынын короону карышкырдан коруган мылтыгын сурап алды. Анткен менен мергенчилик деле кылган жок, тек гана эркиндикти сагынган жаны тоолорду кыдырып эки күнчө жүрдү да үйгө кайтты. Келери менен ата-энесине Жаркынайды алып келерин айтып, балага болгон көксөөсүн кандырган Аманатты бөпөлөп отурган, Жаркынайдын баркын билип калган алардын «мейли» деген уруксатын алып, бир-эки күн машинасын карады да, шаарга жөнөдү. Бул жолу ал Жаркынайды издөөнү гана максат кылгандыктан жанына киши алган жок, тек гана Нарынга бараткан жолулаш жубайларды салды. Кочкордон өткөндөн кийин түз эле Көлдү карай, Жаркынайдын айылын көздөй айдады. Аны менен айрылышкандан бери коп каттап жакшы таанып калгандыктан таякелери жылуу кабыл алды. Кийинки окуялардан да кабары бар экен, түрмөдөн аман-эсен чыкканын куттуктап ак калпак кийгизишти. Жаркынайдын кабарын билгени келгенин илгиртпей түшүнүп, анын Москвада экенин, кээде чалып каларын айтышты. Муну укканда Жаркынайды табуу өзү ойлогондон да татаалдашып кеткенин түшүнүп шаабайы сууй түшкөнү менен кайра эле жердин жети түпкүрүнө түшүп кетсе да табууга белсенди. Кайра канчалык кыйынчылык менен алыстан издеп тапса анын кечиримине ошондой эле оной жетишчүдөй сезилди. Телефондон эле кечирим сурап,
кечирбесе Москвага издеп барып, айласыз жагдайга кабылганын түшүндүрүп, кечиримине жетишип, алып келмей болду. Дароо чалды, бирок анын телефону өчүк экен. Өрөпкүгөн деми сууй түшүп, жатар жатканча телефондун жанын койбой кайра-кайра чалганы менен жолу болбоду. Эрте туруп кайра чалып баштап, Москва убактысы үч саат артта экенин эстеп, телефонго күч келтиргенин токтотту. Чай үстүндө таежеси Зарема классташ кызы Таалайгүлдүн чакыруусу менен кеткенин айтып калды. Дароо ошонун телефон номурун бул айылдагы ата-энесинен алып чалуу керек экени көңүлүнө кылт этти. Алардын үйүн таякесинин көрсөтүүсү боюнча издеп барып, Таалайгүлдүн телефон номурун алды. Дале болсо чалууга эрте болгондуктан таякелер менен коштошуп, эрте күндү кеч кылбай Бишкекке чыкты. Таалайгүлгө Балыкчыдан өткөндө гана чалды. Көпкө чейин албай анан, таң атпай чалганы үчүн жактырбанкы түрдө ынгырана суйлоп, Жаркынай бир кафеде иштерин, бирок көптөн бери байланыша электигин айтып телефонун өчүрдү. Шашылып кетип туура эмес учурда чалып, жакшы маалымат ала албаганына өкүнгөн Улан шаарга жеткенден кийин гана кайра чалды. Бирок Таалайгүл Жаркынай тууралуу жанагысынан ашык маалымат айта албады, чалса телефону өчүк болуп жатканын кошумчалады. Улан Жаркынайга барып байланыштырып коюусун өтүндү эле Таалайгүл колу бошобосун айтып көңүлдөнбөдү. Андан жардам жогуна көзү жеткен Улан Жаркынайдын жайын буга караганда Калыс-Ордодо жашаган таякеси Эрлан жакшы билеринен үмүттөнүп барды. Ал Жаркынай Москвага барганынан бери бир нече жолу чалып ал-жай сураганын, акыркы жолкусунда бир кафеде ашпозчу болуп иштеп жатканын билдиргенин айтып, бир шаарда жашап жаткандан кийин жолугушкандыр деп Москвадагы эжеси Аселдин телефон
номурун берди. Бул таежеси деле оңчулуктуу маалымат айта албаганы менен Жаркынай иштеген кафеге барып билип берерин, ал тургай байланыштырарын
убадалады. Күткөндөн башка аргасы калбаган Уланга Асел эртеси кечинде гана араң чалып, Жаркынай иштеген кафеге барганын, бирок ага жолуга албаганын,
чогуу иштешкендери эч себепсиз эле эки күндөн бери жумушка келбегенин айтышканын, байланышалы
дешсе телефону өчүк болуп жатканын билдирди. Бөлөк-бөтөн жерде минтип дайынсыз кетүү коркунучтуу
болчу. Улан эмне кылар айласын таппай калды. Дагы бир күн күтүп, Таалайгүл менен Аселге чалып, Жаркынай боюнча ончулукту жооп уга албаган соң, бул
аргасыздыктан улам ичи бышып кеткен жаны чыдай албай Москвага барып, сүйгөн жарын өзү издеп табууга чыгынды. Барып келиш жол кирени жана башка
чыгымдар үчүн акчаны мал менен эсептешем деп мал базарда иштеген айылдашынан алып, ошол эле куну кечинде Москвага учту. Эзели болуп көрбөгөн чон
шаарда Аселдин батирин таап барыш оңойго турган
жок. Өзүндөй болгон мигранттар тыгылышып жашаган аныкына эптеп түнөп чыгып, эртеси Жаркынай
иштеген кафени издеп таап, официанттардан сурады эле башкы ашпозчунун дайыны үч күндөн бери белгисиз болуп жатканын айтышты. Булар жөнөкөй жумушчулар экенин ойлоп, билсе бир кафенин ээси билер
деген үмүттө кароолчуга жетекчисинде зарыл жумушу бар экенин айтып Светлананын кабинетин сагалады.
Ал өзүндө жок болгону менен Кудай жалгап бир саат күткөнүнөн кийин келип калбаспы. Келген себебин түшүндүрдү эле Светлана Жаркынайдын зарыл жумушу чыгып, өзүнөн бир жумага суранып, үч күн мурун
Кыргызстанга кеткенин айтпаспы. Мына сага! Өзү
Кыргызстандан келип, ата-бабасы да көрбөгөн бөлөк- бөтөн шаардан жубайын издеп жүрсө, ал мекенине кеткен экен да. Светланадан эмне себептен кеткенин сураса билбейт экен, анткен менен бул аял Улан Жаркынайдын күйөөсү экенин билип, чечиле сүйлөдү:
- Я людей просто так не хвалю. Но для достойных хороших слов не жалею: ваша Женя отличная женщина и верная жена, очень хорошая повариха. Ты очень счастливый человек. Почему кыргызы любимых женщин дальние заработки отпускаете? Наверно очень верите им. Но настоящие мужчины так не поступает. Хороших женщин как Женя надо на ладони нести, в сердце хранит. Я не знаю в какой причине Женя уехала родину. Но теперь боюсь что она не вернётся. Потому что таких поварих не легко найти. Молодой человек я тебе хорошую работу найду, только верните мне Женю.
Улан бул ачык-айрым айымга өзү да ачыла сүйлөп, бир жылга жакын убактан бери бөлүнүшкөн себебин, эми кол-жолу бошогондо Москвага издеп келгенин, бирок сүйүктүүсүн тапса айылда тынч жашоо кечирерин орус тилин билишинче айтып түшүндүрдү эле абдан өкүнгөн бойдон калды. Бөтөн жерде дайынсыз болуп жаткан жарынын кабарын угуп көңүлү тынчыган Улан ошол эле күнү Кыргызстанга шашылды.
Ошентип Улан сүйгөн жарын дүйнөнүн борборлорунун бири болуп саналган Москвадан издеп жүргөн- до ал Казакстандын чексиздей созулган талаасын тепчип өткөн темир жол аркылуу мекенине кайтып келди. Мындай жакшы жумушту таштап, алыскы сапарга чыгуу үчүн анда олуттуу себеп бар болчу.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1