Ошентип Сатар талкаланган үйүн, кебетеси келишкен Асясын көрүп, "өлүм апкелгендер" көзүнө көрүнүп - баары кошул-ташыл болуп катуу жыгылды. Догдурга жатты далайга. Ася болсо Бишкектин эң чоң базарына көп байралып жүрүп кескиленген долларын баштыгы менен көтөрүп аккөңүлү кармаса көрүнгөнгө берип, кереги жок десе урушуп, жин оорусу күчөп анан кышкы суук күндөрдүн биринде дал ошол базардын четиндеги каналда тоңуп өлдү. Сөөгү моргдо биртопко жаткандан кийин ээси жок өлүк катары эптеп көөмп ташталды...
Сатар кийин укту аны. Убагында укса деле колу менен көммөк эмес, үй толо дүнүйөдөн, толгон жылкыдан айрылткан ушул, анан да көрсөтпөй он миңдеген долларды катып жүргөнүн карабайсыңбы! Жок Сатар бу аялын көммөк эмес!
Сатар ооруканада көпкө жатып, баскан жолун көп ойлоду. Ошол жолунда уялчу кылыктары бар экенин алгачкы жолу эсине алды. Мурун ал жөнүндө ойлоп көргөн эмес. Айбандык менен адамдыктын, арамдык менен адалдыктын, айкөлдүк менен наадандыктын, боорукердик менен ташбоордуктун ажырымын тактап-талдоого аракет кылгандай болду. Өзүнөн өзү минтпейт эле, өзү менен бир палатада жаткан бир ажы адам бар экен жалаң эле улуу сөздөн, ыймандан сүйлөгөн ошонун сөздөрү түрткү берди көрүнөт. Өзү чөөдөй жутунган, адамга жылдызы да жок неме болгону менен кеп сөздөрү мыкты экен да! Угуп эле тургуң келет. Дилиңди дароо тазалап салгандай кылат экен анын сөздөрү. Тамагын катып жегени, жаш токолу келгенде уу тили пайда болуп аны каарыганы, майдачылдыгы көргөн адамды жийирткени менен кооз сөздөрү цыгандардын картасындай экен, коенду тарткан удавдай экен, эритип таштайт экен эритип... Сатарды да эритти.
Догдурдан чыккандан бир ай өтпөй Сатар ажылыкка аттанды топкыргыз менен.
Сатар ажылыкка жөнөгөнчө бар байлыгын долларга айлантып Батыштын бир банкына которгон. Өзү ойлогондор ишке ашса, экинчи бул жакка, киндик кан тамган мекенине кайрылып келбейт. Ажылыктан тазаланат да башка турмушту баштайт... Сатардын бир тилеги дароо эле орундалды, баргандан үч күн өтпөй мейманкананын 7-кабаттагы балконунда турат эле, төмөн карай берип башы айланды, бир убакта жерге учуп, былч эле дей түштү. Тилеги кабыл, түбөлүк туулган жерине кайткыс болду. Аны ошол жерге көмүштү, түптүз бейишке чыгат экен, да бир өмүр бүттү ошентип...
Мырзабектин өмүрү өтүп жатат. Кез-кези менен кайындарына барып балдары менен үч-төрт күндөй болот. Өз эне-атасына учурашып, бир-эки күн конот. Ал жактарга барганда эч жакка чыкпайт, эч ким менен сүйлөшпөйт. Анын баары Болоттун да, министрликтин да көзөмөлүндө. "Өлүм апкелгендер" Москвага чейин жетип элдин номер биринчи жегичин өлтүрүп кеткенден кийин алар өтө чоң даярдыгы бар күчтүү кылмыш тобу же милийсанын же коопсуздук кызматынын жигиттери деген ойду Болот да ойлоп жүрдү. Бара-бара Мырзабек шек алдырчу ролун аткара албай калды, андан шек албай калышты.
Эне-атасы ушул уулу аял алып оокатын кылса жакшы болбойт беле дегенди күнү-түнү ойлогону менен а жөнүндө уулуна бирооз сөз айтыша элек. Мырзабек да үндөбөйт. Анын аял алайын деген ойу жок эле азырынча. Турмуш дегениң кеңешип отурмакпы, бир күнү өз билгенин жасайт эмеспи. Жыл кетти. Аялынын өлүмүнө өзүн күнөөлүү сезип жүрөгү мыкчылганы кала элек. Алы өлүмгө түрткөндөрдүн сөөгү небак чириген дечи, бирок башкы айбан Болот дале тирүү жерден торойто чаап, өзүн да чалөлүк кыла тепкилеп сейфиндеги беш жарым миң долларын, жыйырма беш миң сомун алып баса беришти. Төртөөнүн минген машинеси да жок болчу. Жөө келип жөө кетишти. Кеткенде да желип-жортуп чуркабай эле шашпай басып кетишти.
Бу төрт чечен аябай кутурду. Шаардагы майда барат топторду чымын катары көрбөй бир-эки топтун лидерлерин жок кылып жиберишти. Булар эч кандай маска кийбей эле таламандын тал түшүндө барып талап-тоноп кете беришчү. Бишкектин үч жеринен айына жүз доллардан төлөп эки бөлмөлүү квартираларда турушат. Ошол үч квартиранын каалаган жерине конуп-түнөйт. Төртөө тең бойдок, каалаган убакта көңүл аччу кыздар даяр, көбү сойкулар. Бу төрт айбан кыргыздын нечен бир сонун кыздарын кор кылып ташташпадыбы. Алардан запкы көргөндөрдүн бири да милийсага арызданып барбады.
Бир ирет төрт чечендин экөө бир кафеде шашпай тамак ичип, анан пиво ууртап олтурат эле, аларга жанаша бош столго бир жигит менен кыз келип олтуруп тамакка заказ беришти. Эки чечендин улуурагы жаңы эле олтурган кызды теше тиктей калып ага болгон кумары ашып-ташып кеткендей болду. Бу көпкөн неме "ал бирөөнүн сүйгөнү экен, жаш экен, бактысына балта чаппайын" деген ойдон кайдан ойломок. Бу азыр отузга чыгып калган неме он сегиз жашынан колуна курал алып орус менен согушкан, далай солдаттын каны мойнунда. Эми бу жерге келип кыргыздын канына кана турган ойу бар, ал иш башталган эмеспи. Бу Ваха деген чеченде айоо деген да, уялуу, тартынуу деген да сезимдери жок эле. Өлүм дал маңдайынан чыкканда гана кайра тартпаса беттегенин бербегендерден эле. Ваха шериктери менен Бишкектеги же ага жакын башка жердегиби аялзатты бир көрүп жактырып калдыбы, ал ким экенине карабай зордуктап тынчу... Бүтүндөй "жалпыүйдү" жайлап кое таштады бу төрт чечен...
Ошентип Ваха сурун сугунуп жиберчүдөй сулуу кыздан көңүл албайт. Аны байкаган жанындагы жигит айтты:
-Жактыбы?
-Ананчы.
-Азыр элеби?
-Кое тур. Тамактарын шашпай ичишсин. Эмкисин качан ичерин ким билет...
Ушундай көпкүлөңкү сөз. Ваханын жигитинин айтканын кара - "азыр элеби" дегени азыр эле сүйрөп алып кетелиби дегени кыздын жанындагы жигит да, кафеде отурган жыйырмадан ашуун аял-эркек буларга кеп эмес. Аны кой, кафенин босого тарабында эки милийса тамактанып жатат, аларды тоотуп койбойт.
Жарым саатча убакыт өттү. Кыз-жигит шашпай тамактанып чайдан ичишти. Анан экөө орундарынан туруп жетелеше сыртка чыкты. Эки чечен алардын артында. Кыз-жигит кафеге жанаша жайгашкан паркты көздөй шашпай басты да, бир топ тереңдеп барышып ээнирээк өңдөнгөн орундукка отурушту. А тегеректе эч ким көрүнбөйт.
Эки чечен кыз-жигиттин эки тарабына аларды кыса олтурушту.
Жаш жигит булардын кылыгына чыдабай кетти:
-Бу эмне кылганыңыздар?!
Ваханын жигити жооп айтпастан үлбүрөгөн кыргызды жакадан алып өзүнө күч менен тарта тушмукка сүзүп калды. Тумшукка баш менен жеген жигит ошол эле жерден шылк этти, эси ооду. Ваха болсо муш жебей эле эси оогон кызды капшыра-качырата кучактап бакты аралай басты. Кыз чаңырды. Ваха кызды жерге жыгып алып кыз экенине, назиктигине карабай беттен ары бирди берди эле, кыз тынчыды. Айбан ишин жасады...
Кыздын жигити эсине келип ордунан атып турмакчы болду эле Ваханын шериги аны бир эле шилтеп тынчытып бычагы менен ичке бышты. Жигит тынчыды. Чечендер кетти шашпай, кыз далайда эсине келип кан суудай агып сулк жаткан жигитин көрүп ачуу чаңырды.
Бу төрт чечен мындай иштердин далайын жасап куралдуу кол салуулары андан көп болуп, чээнден аябай чыкканда гана биздин милийса ишке киришти. Аларды кармап кылмыш тарыхынын толгон эпизоддорун мойунга койуп сотко ашырышты эле, абийирден акчаны жогору койуп небак көнүп бүткөн сот күнөөсүн күч менен мойунга алдырыптыр деп алты жылдан араң кести. Бери дегенде өлүм жазасын бериш керек эле.
Бул бүт кыргыздын канын кайнаткан ишти Мырзабек менен Самат да уккан. Анда экөө тең милийсада иштечү да. Ал төрт чечендин айбандыгы жөнүндө жергиликтүү кримдүйнөнүн лидери да угуп, кыргыздык намысы козголуп, төртөөнү тең өлүм жазасына буйурган. Бирок алар үлгүрбөй калышкан, милийсанын колуна түшүп кутулду да чечендер.
Эми ошол төрт чечен алты жылдык мөөнөтүн эки жылдан бир аз ашыра өтөп бошоп чыгыбатпайбы. Ага себеп ортодо өлчөөсүз акча ойноп кетти.
Бул төрт чечен кадимкидей эле ээнбаш иштерин жасаганга өттү. Бул тууралуу милийса да, кримдүйнө да кабардар эле. Бул төрт чеченди кор кылбайбыз деп бу жерде түптөнүп калган чечендердин кримтоптору да аларды колдомой болду. Алардын түбүнө жетебиз деп сөз бергенбиз деп кыргыздын кримкыраандары аракетин баштады, милийсасы да жөн жаткан жок.
Төрт чечен түрмөдөн чыккандан үч күн өткөндө алар соттолгондо коркпой күбөгө өткөн бир кафенин ээси отуздан эми өткөн кыргыз жигит дал өзүнүн кафесиндеги чакан бөлмө-кабинетинде мууздалды. Ошол күндүн эртеси дагы бир күбө - май куйуучу жайдын ээси элүүлөргө чыгып неберелүү болуп өзүн бактылуумун деп сезе жашап жүргөн киши ошол май куйуучу жайдын жанынан ок жеди дал башка. Бул окуя элдин баары түштөнүп жаткан маалда болду. Эки өлүм окуясында тең кенедей илинчек калган жок дасыккан оперлерге, бул эки өлүмдү чечендер өтө дыкат пландаштырып жасашты.
Ошондон эки күн өткөндө Мырзабек аз жерден ошол чечендердин колунан өлбөй калды. Дүйнөнүн тардыгын кара - мурун тээ алыс жерде өзү таптакыр көрбөчүдөй болгон ал шүмшүктөр бетмебет келгенин.
Мырзабек башында турган жайга не бир түркүн адамдар машина коет: аялы бар, эркеги бар, жакшысы бар сылыксыпаа, айбаны бар кепке келбей керейген. Үч-төрт күндөн бери кавказдыктар кочкул жашып түстөгү "Ауди" машинасын койушат. Жапжаңы, азыр эле заводдун дарбазасынан айдап чыккандан көзтайгылта жалтылдайт. Бир күнү эртең менен ошол "Аудини" койуп жүргөндөрдүн бири Мырзабектин түн күзөткөн жигиттеринин бирин чакырып:
-Эй сука, момуну ким жасады, - деп машинасынын алдыңкы эшик тарабын көрсөтүп жакындай келген жигитти табарсык талаштыра бир тепти. Тиги бир бакырып алып бут таамай тийген жерин мыкчый бүк түштү. Мырзабек наркы-терки басып турат эле жигитине чуркай жетип өйдө тургуза калды. Тиги кавказың көрсө чечен экен, болгондо да Ваханын оң колу жигити экен накта баш кесер.
Мырзабек ага:
-Эй бу эмне кылганың ыя?! - деп эмне деп тилдээрдин ыгып таппай буйдала калды эле тиги:
-Ии, сага да керекпи, сука?! - деп Мырзабекти качырып тепмекчи болду эле. Андайдын неченинен оңой эле буйтап кетүүгө жарамдуу Мырзабек буйтай берип:
-Эй, кое турчу, эмне болду? - деп муш менен же бут менен жооп кайтарбады.
Чечен Мырзабекти берки жигитти тепкендей тебе албай калганына ашып-ташып:
-Эмне болду дейт, энеңдин көтү болду! - деп эми бир ирет качырды.
Ана эмесе, эр болсоң Мырзабекти токтотуп, шилтенген буту асмандан берип дал чечендин ээгинен токтоду. Кадимкидей "карс" деген үн чыгып чечениң оңкосунан сайылды. Ачууга алдырган Мырзабек эми бир тепти, бу жолу жерге тийген башынын жаагы талкаланып кетти.
Ошол жерде машинасына келгендердин ончактысы чогула калды, тегеректе жүргөндөр да чогулду. Ошондо олбурлуу бир жаш жигит Мырзабекти мындай чакырып акырын сурады:
-Тигини кимиңер торойттуңар?
-Мен, - деди Мырзабек камырабай.
-Эмнеге?
-Жөндөнжөн эле биздин бир кароолчу жигитти табарсыкка тээп салыбатпайбы.
-Туура кылгансыз, -деди тиги жигит ыраазы боло, -бирок эми аябай сак болуңуз. Жок дегенде бир-эки күн болуңуз.
-Эмнеге?
-Ал көп сөз. Бул Ваха деген бандит чечендин оң колу болот. Сизди тирүү койбойт, сак болбосоңуз.
Ошону менен Мырзабек уя тереңдеп сурабады, тиги жигит да сөз улабады, кете берди.
Жаагы талкаланган жигит биртопто эсине келип теңселе басып машинасын ачты да ичинен тапанча алып чыгып кароол үйдүн жанында турган Мырзабектерди көздөй басты:
-Суки, баарыңды кырам, баран кыргыздар, баарыңарды кырабыз!
Жанкечти неме экен топту мээлей бир-эки ирет атып да алды. Дал ошол учурда кайдан-жайдан пайда болду көзгө илинбей калды, жанагы Мырзабекке эскертткен олбурлуу жигит чечендин артынан жетип колго чапты. Жыгылган немени бети-башын ажыратпай тээп-тээп алып нараакка ыргыган тапанчаны алып ок салгычын чыгарып алып тапанчаны кайра таштады. Анан жаткан немени эми бир кабелтең тээп ылдамдай басып кете берди.
Наркы көчөдө турган боз түстөгү "Жигулиге" түшүп кеткенин көрдү Мырзабек.
Ким чалганы белгисиз аз өтпөй милийсадан опер топ келип бир саат чамасында окуя болон жерди көрүп, күбөлөрдү сурап, алар чакырткан "тез жардамга" көргүлүктү көргөн чеченди бир милийсаны кошо салып жөнөтүп кете беришти...
Ооруканага жеткирилген чечен ким экенин билингенден кийин аны бир эмес төрт милийса кайтарууга алды. Алар жөнөкөй жигиттерден эмес эле, атайын даярдыгы бар, бири бешөөнө каршылык көрсөтө алчу өлөрман жигиттерден эле.
Машинага кеткен жигити кечиккенинен артынан дагы бир жигитин жөнөтүп болгон окуянын четбучкагын угуп, бир эселек орус баланын "кыргыздар чеченди жайлады" кошо угуп түз эле ооруканага келишти, байагы чыр башы болуп берген "Ауди" менен. Келишти да кирүүгө мүмкүндүк алалбай эле кутурган немелер куралдуу кол сала албай бир сааттай наркы-терки жүрүшүп анан кетип калышты.
Үч чечен башка чечен тобунуну башчысына байланашып болгон ишти түшүндүрүп, жардам сурашты. Алардан бат эле келген дагы төртөө болуп машине койчу жайга - Мырзабектерге келишти. Машиналарын көчө бойуна токтотуп баары жерге түшүп байкоо салышты. Ваханын жиин кайнаган ойунда бу жерде иштегендердин баарын жайлап кетмек. Кароолчулар турчу үйдү жанында беш-алты, анын сол жагындагы ончакты метр алысыраактагы килейген караталдын көлөкөсүндөгү узун орундукта дагы ошончо жигит турат. Алар бекер эле турган жок. Муну далайды көргөн Ваха дароо эле байкады. Анангыча бак түбүндөгүлор да, үйдүн жанындагылар да жайыла басышты, чечендерди көздөй. Ваха:
-Кеттик, - деп шаша басып машинасына отурду. Жети чечен эки машина менен куйрук түйдү. Аша чаап адыраңдаганы менен чеченге да жан керек...
Аларды көздөй баскандар таза эле кыргыздан турган эргулдар болчу, алардын арасында Мырзабекти эскертип, чеченди тепкилеп, огун чыгарып кеткен жанагы олбуржигит да бар болчу... анан да мындан үч жарым жыл мурун паркта бычак жеп өлгөн жигиттин агасы да бар эле. Баса, Ваха зордуктаган кыз ошол күндүн эртеси эле уксус ичип, ал жетпей калчудай болуп венасын кошо кыйып өлгөн.
Өлгөн жигиттин кыргыздын анабашы кримавторитетинин жигиттери менен жүргөн жөнүнүн тарыхы мындай...
Өлгөн жигит Бишкектеги бир университетке жаңы эле өткөн. Анан калса он жыл чогуу окуп, бирисиз бири туралбачу сүйгөн кызы менен чогуу өткөн жаңы гана окуунун кызыгына батып, жанында жан жыргатары бар жапжаш жигит бу борборго келгенине ай толбой жайрабадыбы. Эки бир тууган эле бу шордуу. Улуусу он жыл чамасы бу шаарда турчу. Ошондон бери аздап соода кылып, нечен ирет банкрот болуп оңколо калып, кайра оңолуп, кийинки эки жылда иши дурус боло баштаган банкрот деген балээден улам алыстай чаап... Инисин өзү жылдап апкелип каалаган окуусуна өткөздү. Контракт деген балакетин төлөдү, каалашынча төлөйм деди. Жалгыз инисин окутпаганда кимди окутат. Бу жалгыз иниси өзүнөн он эки жаш кичүү эле. Ата-энесине ошол экөө эле буйуруптур да, болбосо байкуш энеси туура сегизди төрөгөн экен. Таңкалыштуусу төрөгөндөн ай айланбай чарчап калчу алты наристеси тең эркек экен. Эки баласынын бири, болгондо да жаш кетип баратканда көргөн эрке сүймөнчүгү өлгөндөгү эне-атанын маанайы өтө айанычтуу эле. Көздөн эзели жаш чыгарбаган мерестер да жашына ээ боло албай турушту го. Агасы да аябай күйдү, өрттөндү да тим эле. Ошондо сөз берди: инисин өлтүргөндү өмүрүн сайса да таап өлтүрөт, антмейин эркек эмес, акыркы шымын сайса да бүт каражатын инисин өлтүргөндөрдөн өч алууга сарптайт.
Бу отузга чыккан жигит инисин жандай сүйчү, далай ай боздогондон кийин иниси алардан бир жыл мурун ишке киришкен чакан дүкөнүн, жаңы эле алган "Жигулисин" сатып он миң доллар кылып кыргызкримдүйнөсүнүн анабашы менен жолугууга жол издеди. Ошол кримдүйнөнүн анабашы жакшы киришсе гана инисин кимдер өлтүргөнүн таап, өч алып берет. Милийсаң болсо закондон чыга албайт, законуң болсо жаза эмес эле шылдың го бир запкы тарткандарга, атып салчуларга алты жыл берип отурса.
Анысын ким өлтүргөнүн таптыңарбы деп милийсаны тажата сурап жүрдү. Аны менен катар кримавторитетке байланышуу жолун издеди. ( Уландысы бар )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1