Бирөө жаш кезиндеги башынан өткөн окуясын айтып жатып, "Өмүрүмдө эки эле жолу мас болдум, бирок, өмүр бою эстен чыкпай турган болуп" дейт.🫢 Биринчиси:
Тойдо кечке кызмат кылып жүрүп, "кыз көчүрүп барбайм, силерди узатып, анан, биротоло чай ичем, эс алам "деп жүрсөм эле жеңем ой-боюма койбой тойго ээрчитип алды, " кызматты сен кылсаң, анан, сыйдан калып калмак белең" деп... Кенен отуруп, чай ичип көнгөн жаным, эл көп жерде тамак жебей эле жүрө берген элем. Айла жок, шашылып кийинип, жөнөдүм. Келин алып жаткан тарап да кудалар келет деп аябай даярданып, сөзмөр, тыкылдаган, шайыр келиндерин катар тизип, күтүп жатышкан экен, эшиктен киргенде эле босогодон шатыра-шатман тосуп алып, ачуудан чыныга толтура куюп, колубузга карматышты. Ал кезде той үйдө эле өтчү. Дасторконго жете электе, нан ооз тийбей эле ач карын эле ичирип жатышты. "Ушундай жакшылыкта ичпеген, качан ичесиң" деп, кыстоо жагынан азыркыча айтканда " супер" экен. Жуп болсун деп катар-катар алдырышты. Кечке чарчап, кызмат кылып араң жүргөн элем, бутум чалыштап, дароо мас болуп, жатып калганымды өзүм да билбей калдым. . Тамак жегенге да дараметим жетпей калганын гана билем, калган " запись " жок ,өчүптүр...😁
Анан, үйгө кайта турган маалда ойготушту, алдыбызга тамак келип калган экен. Пакетке салынган нан, конфет, этти " бул сеники" деп, карматышты. Алар деле кызуу болуп калышыптыр. Биринин сөзүн бири тыңдабай калган экен. Күлбөй турган сөзгө деле каткырышат. Үйгө жеткирип коюшуптүр, анда да дароо эле уктап калымпын, бир убакта ойгонсом, өз үйүмдө жатам...Пакетти кучактап уктапмын...😁 Жанымдагылар да өз милдетинен кутулуу үчүн кайра-кайра айтып, "өзүң карма, калтырып койбо" дей беришкен эле, ошол сөз мээме кыттай уюптур. Ошого бекем кучактап алган турбаймынбы, үйгө келгенде да колумдан чыгарбай жатыпмын...(Союз маалында ичимдик ичпегени аз эле болсо керек, жаман сөз айтпагыла ээ, 😁 азыр ал эжелер оозуна да алышпайт) Пакетти карап, ичиндеги нанын бөлөк алып койсомбу деп, ичин ачсам бир күрүч, бир конфет, бир фисташка, бадам ,мейиз аралашып жатып калыптыр...😁 Кийин сураштырсам, жанымдагы шеригим ашкан ашты сала бериптир, "сен эч нерсе жебей калдың" депчи....Ал өзү деле эмне салып жатканын билбеген абалда экен эле да...Кийимимди которуп киймек болуп эле карасам, башымдагы тумагым ордунда жок, сыртка чыксам, эки башка өтүк кийип келипмин, аябай уялгам. Кимден сурашымды билбей, кыжалат болдум. Жеңеме барып сурасам, тумагымды алып, сумкасына салып коюптур, ал да өзүмдүн тумагым деп...😁 Машинада келе жатып, башымды жеңеме жөлөп уктап келген экен элем, ошондо өзү да шылкылдап келе жатса, алдында тумак жатат, аны өзүмдүн тумагым деп, сумкасына салып койгон турбайбы...Өзүнүкү башынан түшпөптүр да көрсө ...😁А өтүктү үч адам алмаштырып кийип келиппиз, бири-бирибизди издеп, адашкан өтүктөрдү пакетке салып, үй кыдырып тааныш бут кийим издеп, араң табыштык, эртеси жумушка барыш керек да...😁😁
Ошентип, сыйга барып, ким барып, ким эмне деп сүйлөгөнүн, кантип сыйлаганын билбей, өзүмдөн кетип уктап келген элем ...😁
Экинчи жолу ичкеним акыркысы болду.
Достордун жакшылыгын белгилеп, кызуу болуп калыппыз, бир көчөдөгү эле достор отурганбыз, кеч кирип кетиптир... Тагыраагы, караңгы болуп калыптыр. Достордун бирөөсү кыжалат боло баштады. Бир ошонун күйөөсү бар, калган үчөөбүз өзүбүз хан, өзүбүз бий..
Аны урушуп коебуз, " жана эле кетип калбайт белең, эми эстедиңби, бизге да теңелесиңби" деп коебуз. А бечара кетем деп жаткан, урушуп койсок, отуруп калган да... Баарыбыздын ээрчиткен балдарыбыз бар, балдарды калтырсак болбойт деп, караңгыда жетелеп алдык. Арабызда бирөөсү заңкылдап ырдап алган, көчө менен бир болуп...Аны тыйып коебуз, " ырдаба, мас дешип албасын " деп коебуз ...Үйүнө жеткенче тиги досубуз сопсоо болуп калды, жетип калганда, арыктагы сууга бирөөсү буту тайып, кулап кетти. Толмоч болчу, томолонуп жүрөт, сууда...Колунан тартып чыгарсак, башы менен сайылып калды. Чылгый ылай. Үйүнө жетсек, эшиги бек, күйөөсү ачпайт. Бир "шустрый" досубуз дубалдан ашып өтүп, ачмакчы болуп, ал тоок кепеге кулап түшүптүр. Ойлоп коём, мас деле эмес экенбиз деп...😁 Тооктор какылдап, ызы-чуу болуп жатып калды. Жанагы ачпай жаткан күйөөсү чуркап эле чыкты. Үйүнө киргизди. Тиктеп алып күлүп жатат, токтоно албай. Жарыкта бири-бирибизди карап, өзүбүз да күлүп жибердик. Томпогой досубуз чачынан бери ылай, көйнөгүнөн ылай суу куюлуп жатыптыр,тиши эле аппак болуп көрүнөт. Арык досубуз чачы толо тооктун жүндөрү жабышкан, маңдайы катуу тийген экен, кызарып каны агып жүрөт, көйнөгү тооктун кыгы...Менин боюм кичине болуп, артта турам, колума жарым бөтөлкө арак кармап алганмын, күйөөсүнүн көңүлүн алып, куюп берели дегенбиз да...😁 Балдарыбыз тиги үйдүн балдары менен ойноп калышыптыр. Дагы жакшы, азыркыдай телефон, интернет жок, болбосо, өлмөкпүз... Ошентип, күйөөсүнө түшүндүрүп, үйүнө киргизип коелу деген элек, ал бизди сүйлөтпөй эле түшүндү, түшүнмөк тургай, тиктеп алып, күлүп жатып, жыгылып калып жатты...😁
🌺🌺🌺🌺🌺🌺🌺🌺🌺🌺🌺🌺🌺
Айылдын ортосундагы дүкөндөн буюм алып, жүктөп жатсам, биз тарапка кетчү эки адам келип калды. Алар отурганча эле, Россиядан келген инилердин бирөөсү алдымдан чыга калып, " Эже, атаңызга батага барбадым эле, ушул жерде эле куран окуп койсом болобу?" деп калды. Макул деп, четке чыгып, маңдайлаш отурдук. Күн аябай ысык, көлөкө жерге барганга убакыт кетет деп, ошол жерге эле отура калбаймынбы... Жер карап отурам. Куранды баштаган, анан, үнү чыкпай калды. Бетин карабайт го андайда, жер тиктеп, бүк түшүп отурам. Качан жүзүнө бата тартат экен деп коём. Бутум отура берип, чарчады. Мынча узак сүрөөнү окуп жатат деп, көз салсам, ал иним уктап калыптыр. Арактын жыты келип жатканын анан байкадым. 😁 Туруп, күлкүмдү араң токтотуп, машинага отурдум. Бурганга ыңгайлуу жерден буруп келип, өтүп баратып карасам, баягы ордунда дале жылбай отурат. Көрсө, мас болсо да, эжесин көрүп, соолуга түшүп, куран окуюн десе, ысык жерде "температурасы" дагы көтөрүлүп кетип, ага кошулуп, уйку алып кеткен тура...😁 А мен куранды ичинен окуп жатат деп, отура берипмин...🫠
Калганы кийинки посттордо...🫠
Жашоодо жакшы-жаман, ак-кара аралаш жүрөт, баарына баш- отубуз менен кирип кетпей, анча-мынча күлкүгө да кезек бере жүрөлү. Анан, жалаң ичкендерди жазыптыр деп, тепкилеп кетмей жок, бул окуялар тээ илгерки окуя...
Жамалбек Ырсалиев айткандай, жөн гана позитив деп кабыл алгыла...
КЫЗЫКТУУ БАШТАН ӨТКӨН ОКУЯЛАРДАН ЖАЗА КЕТИҢИЗДЕР СИЗДЕР ДАГЫ ✋🤭
Үсөнбаева Фарида. 04.12.2023.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11