12-бөлүм.
Топтун чыры тереңдөөсүн, бири-бири жок кылуусун каалаган башка күчтөр бар болчу.
Бул учурда Дуа бүт өлкөнүн каралар дүйнөсүн тескеп турганы менен ооматы кетип бараткан. Анткени Москвадан «короновать» этилген жаш бөрү Кыйсыпыр келип, каралар дүйнөсүндө таасир талашуу башталып, эки жак өз ара аңдышып турган. Ал келери менен Дуадан запкы жеген бизнесмендер алдына башкалка сурап барып, колтугуна кире качып, ортодогу душмандашууну ого бетер чыналтып жиберген. Кара дүйнөнүн мыйзамдуу таажысын кийген кыйсыпыр өзүнө бийлигин бербей жаткан дуага караганда күч жагынан чабалырак болгондуктан согушка анча батына албай турду эле, ондой берди болуп узун кулактарынан Касен менен Дуанын ортосундагы капыс тутанган чыр жөнүндө, эки жактын жекеме-жеке болчу кезигүүсү, ал тургай андагы коюлган шарттар тууралуу угуп, ушундан пайдаланып, булардын ортосуна от жагып, спортсмендерди өз жагына тартуу чечимине келип катуу даярдык көрдү.
Эроол белгиленген жерге Касен жарым саат эрте келип, бул буудайы чабылып, саманы жыйналган аңыздын этегине чыгып, машинасын келген жагына каратып, Дуаны күтүп отурду. Ал жанына бокс менен кикбокста далай ирет чемпион болгон, ал күчү толуп турган балдарды алып, бул жаш күчтөр менен Дуанын карт бөрүлөрүн бир шилтем менен алып түшмөкчү болду. Бул рингдеги кадимки күч сынашуу эмес, кааласа адамдын жанын сууруп алчу каралар менен болчу кагылыш болгондуктан спортчулар сыртынан сыр алдырбагандары менен ичинен оропкуп да, тынчсызданып да отурушту. Аларды Машыктыруучулары менен спорт дүйнөсүнүн лөктөрү бул кагылышта эч кандай курал колдонулбай турганына
ишендирип, коп иш-чараларда демөөрчүлүк кылган Касенди колдоп коюуларын өтүнүп, бул үчүн жакшы акча төлөнөрүн убадалашкан. Касен да бул жаш жигиттердин өмүрүнө өзү жооп берерин ойлоп, эртеден бери эрөөл болчу айдоонун айланасын өз кишилерине көзөмөлдөтуп, Дуанын куралдуу буктурма коюусунун алдын алган.
"Алтыга он беш мүнөт калганда айдоонун өздөрү келген этегинен чон жип машинеси көрүнүп, бир аз берирек келип токтоду да телефондон кошумча сүйлөшкөн боюнча андан бир киши түшүп бери басты. Муну көрөрү менен Касен да бир жигитин аларды карай жөнөттү. Эки жигит айдоонун ортосунан кезигип, курал жок экенин өз ара текшеришкен соң кайчы өтүшүп, айдоонун эки четиндеги машиналардан курал издешти, аларда отургандарды сыртка чыгарып чөнтөк-баштарын опузалашты. Эч кандай курал табылбаган соң артка кайтып келишери менен жолдоштору менен кайра жөнөштү.
Ар бири беш кишиден турган эки топ чабылган буудайдан калган сөңгөктөрдү кычырата басып, түрүлгөн жеңдүү колдорун чыналта муштум түйүп, чытылынкы кабактарынын алдынан каршылаштарга кадала карап, катуу качырчу ирмемди күтө калбаат кадамдап келатышты. Бир топтун ортосунда эңгезердей боюн түз кармап, жаш чагында ушундай өтө алибет- түүлүгүнөн улам кыргызча Дөө деген атка конуп, кийин орус тилине тууралана Дуа болуп өзгөргөнү жөн жерден болбогонун тастыктагансып башкалардан жарым-жартылай бөлүнө Дуа келе жатты. Экинчи топтун ортосунда жанындагы шериктеринен жашынын улуулугу менен гана айырмаланган Касен баратты.
Касен дуа жөнүндө бала кезинен бери эле угуп жүрчу. Аны үлгү тутпаса да эч кимге баш бербеген кашкойлүгүнүн арты менен капысынан кылмыш дүйнөсүнө аралашып калган айылдык жөнөкөй спортсменден өлкөнүн
каралар дүйнөсүн калчаган атаманга айланганына баа бербей койгон эмес. Ошол атын укканда адам сестенчү баш кесерлердин башчысы менен минтип мушташ майданында турмак, жөн эле кезигем деп ойлоп да койгон эмес. Бул дагы тагдырдын тамашасы окшойт. Эми мына тагдыр чечер учур улам жакындап, карсылдаша мушташар аралык кыскарып келе жатты. Касен Дуанын жаштайынан күрөш менен машыгып, көптөгөн ийгиликтерге жетишкенин эл катары билчү. Андыктан анын аюунукундай чеңгээлине тутулбастан аралык сактан уруп-буйтоо ыкмасына салып мушташмак болду, муну спортсмендер да кенеш катары айтышты.
Ошентип эки топ бири-бирин сүзө качыра кирип келишип, саамга токтоло калышты. Касен Дуаны сынай карады, дөө дегидей эле эңгезердей бою бар ал эбак кырк жаштан өткөндүктөн чапчаңдыктан калып, спорттук формасын жогото баштаганы байкалды.
Экөө өз тобунан бөлүнүп, бирин-бири карай жөнөштү. Сустайган ак саргыл жүзүнөн кекээрлүү мыскыл, тике караган чекир көзүнөн заар сезилген Дуа өзүнө карата амал ойлоп койгон Касенге бетме бет келгенде барскандай муштумдуу колун өйдө көтөрүп, алаканга айланта сунуп саламдашмакчы болгондо Касен анын жаман оюн тушүнө калды. Эгер азыр колун берсе экинчи кайра тартып ала алмак эмес. Ал тургай көз ачып жумгуча көтөрүлүп келип жерге былч эте түшүп, бул барскандай муштумдардан тургуз болуп жанчылмак. Бирок салам берилип жаткандан кийин алик албай койгонго да болмок эмес. Андыктан Касен аны алаканга алаканы менен шак эттире чаап жиберип, карыштыра кармап калгыча колун тартып алып, Дароо артка кетенчиктей берди. Алгачкы аракети ишке ашпай калганда Дуа ачууга алдырып жиберди белем өгүздөй өкүрүп, сууда чабак ургандан бетер үстөккө-босток кол шилтей ургулап качырып сала берди. Андан ушундай
сокуларды күткөн Касен ыкчам чегинип, аз жерден артындагы дөңгүлгө чалынып жыгыла жаздап, зорго кутулду да, тигинин күүсү бастап, сактыгы азайганынан пайдаланып оң буту менен сол каптал талаштыра күрс эттире катуу тээп калды. Бирок бул сокку Дуага чымын чаккан алык сезилбей тескерисинче ого бетер жаалдантты баягыдан да ыкчамдыкта колдорун үстөккө-босток шилтегилеп, кайра качырып сала бергенинде сактануусу бекем Касендин ордуна абаны курулай муштагылады.
Дуанын өгүздөй өкүрүгү чыгып, качырып сала бергенде сүйлөшүлгөн боюнча Касендин жигиттери күтүүсүздөн чабуул койду эле, эки башчынын эроолу менен иш бүтөт деген ойдогу каралар айласыз коргонуп, каршылык көрсөтүп, кырчылдашкан мушташ башталды. Кече мушташын көркүнө чыгарган, мындай салгылаштарда далай женип, жеңилип да көргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен рингдин көйкашка чемпиндорунун беттеши көпкө созулбады. Касендин сол тарабындагы алибеттүү жигитке чабалырак каршылаш кабылды белем, чарпыша келгенде эки ирет бет талаштыра таамай уруп, кериле түшүп ичке тепкен соккудан бүрүшө түшүп жер сүзө кулады. Татыксыз каршылашы тез жарактан чыкканда кол кычуусу канбай калган жигит аны каптал талаштыра дагы бир жолу катуу тээп, ээ дээрге алы келбей эси оой түшкөн неме эшиктөрдөй чубалжый суналганда эки жакты карай берип, жан жагында айыгыша кармашып жаткан өнөктөшүнө жардамга умтулуп, экөөлөп жалгыз немени бир заматта бала-булка кыла сабап, жер жаздантышты да, бири берки жолдошуна болушканы чуркаса, экинчиси Дуанын катуу соккуларынан буйтап бул жерден кыйла окчундай түшкөн Касенге жардамга жүгүрдү. Бул учурда Дуа качып мушташкан Касенди кубалайм деп күчүн ысырап кылып күйүгө түшкөнү менен аны эми гана колго илинтип, ай буйга келтирбей
балбандык ыкмага салып көтөрүп чаап жанчканы калган болчу. Жетип келген жигит капталдан ары келиштири туруп катуу тепкенде да кебелбеген түрүн сактай карма-на калып, Касенди бет талаштыра берип калганга үлгүрдү, бирок кийинки катуу соккуларга туруштук бере албай бир капталына кулап түштү. Барскандай муштумдан эси эңгирей түшкөн Касен бир азга жатып өзүнө жардамга келген жигит Дуаны үстөкө-босток тепкилеп жанчып жиберди. Ошентип бир заматта көптүккө айланып, үстөмдүк кылып жеңишке жетишкен Касен аздан кийин жигиттери менен Дуа баш боло кынкыстап жерде жаткан каршылаштарын калтырып, бул жерден алыстады. Алар айдоонун аркы башына калтырылган машинага түшүп кайра өтүп баратышканда аёосуз токмоктолгон Дуа баш болгон каралар бири-бирин тургузуп, жөлөп-таяп өздөрүнө келип жаткан эле.
Жениш менен кайтып келген Касен чоң жардамы тийген жигиттерди сыйлагыча бул ийгилигин жууп отур ганында Дуа чалып, алса сөгүнүү аралаш ызырынып:
- Эшек! Эркек эмес экенсин! Биз эмне деп сүйлөштүк эле? Бирге бир чыгабыз дебедик беле. Булундан чыга калып кол салганды эми сага мен көргөзөм!-деп Касен жооп айткыча болбой өчүрө салды.
Касен ага дароо чалып:
- Эй Дуа! Эмне жыгылган күрөшкө тойбойт болуп жатасын? Экөөбүз бирге-бир чыгабыз деген шартты качан койдум эле? Беш кишине бешөөбүз чыгып баары эркекче болду го. Сөзүнө
туруп согушту кайра баштаба деди.
-Эй бала курал колдонбойбуз, бирге-бир чыгабыз дедик элек. Бирок сен сөзүнө тура алган жоксун, эми мага таарынба! - деп кайрадан телефонду өчүрдү. Касен бул карт бөрү алданып калганына ызаланып жатканын туура түшүнүп, ал укса жанымдагы балдар жаштык кылып экөөбүздүн эрөөлүбүзгө аралашып кетишти деген жүйөнү шылтоо катары айтайын деди, бирок анын минтип чалып жатканынын башка бир чон себеби бар экен, ал эртеси эле белгилүү болду. Көрсө Дуа жекеме-жеке жүргөн талаадан эптеп аяк-
башын жыйнап, жигиттеринин көбүрөөк таяк жегендерин жөлөп-таяп машинасына келип, жаңы эле отуруп
жөнөп кете береринде обочодон кимдир бирөөлөр тарабынан аткыланып, бир жигити жарадар болуп, өзү машинасынын ок өтпөс темирден жасалгандыгынан улам
гана аман калыптыр. Бул эки тараптын мунасага келишин каалабаган үчүнчү күчтөрдүн кутуму экенин тушүнгөн Касен Дуа менен кандай болбосун байланышып,
абалды түшүндүрүп, өзүнүн актыгына ишендирип, чагымга алдырбоого чакырмакчы болду, бирок ал байланышуудан качты. Мындан улам эзели бирөөдөн жеңилип
ыза көрбөгөн карт бөрү жанагы өзүнө карата жасалган
кутумду шылтоо кылып өч алгысы, болгондо да курал жарак колдонуп кан төккүсү келип калганы түшүнүктүү болду. Мындай согуш Касен үчүн абдан опурталдуу болчу, анткени анын Дуаныкындай канкор чалыш жигиттери жок эле, ал эми өзүнө жардам берген спортсмендерди
бул согушка аралаштырууга болбойт болчу. Ишенчиликтүү эки досу жана тажрыйбасыз эки жансакчысы менен
ынгайсыз абалга кептелип, коркунучка кабылган Касен
мындай абалдан аман чыгыш үчүн бүт өлкө боюнча канатын жайган, бийликке чейин таасири бар дуага жаш
мыйзамдагы ууру кыйсыпыр гана туруштук бере аларына козу жетип, аны менен биригүүнү чечти. Бирок сагызгандай сак кыйсыпыр менен байланышуу кыйынга турду.
Аяш атасы менен бул мыйзамдагы уурунун мамилеси бар экенин угуп, анын кенешин угуп, жардам сурады. - Ка-ап! Дуага бекер эле каршы чыгыпсың. Ал мээлегенин кандай жолдор менен болсо да албай койбойт.
Залакасы катуу тийип калышы мүмкүн. Жаратылышта
деле карга-кузгун менен ит куштун өз үлүшү
турат. Анын сыңарындай ийгиликтүү ишкерлерге каралардын салык салмагы башынан бери болуп келе жаткан
иш. Сураганын берип кутулсан болмок экен. Антмейин бул кесептер жөн иштете койбойт. Азыр Дуа бүт өлкөнүн
каралар дүйнөсүн тескеп турганы менен ооматы кетип баратат. Анткени жаш бөрү Кыйсыпыр Москвадан таажы кийип келип, таасир талашуу башталды. Дуадан запкы жеген бизнесмендер анын алдына баш калкалап
жатышат. Анын үстүнө Кыйсыпыр ишкерлерди Дуачасынан көп тоногон жок. Минтип отурса жакында кагылышат го. Мага десен бири өлүп бири калсын дечи,
бирок бул согуштун салакасы бейкүнөө бирөөлөргө тийбесе экен. Сен эми ушундай болуп кеткенинен кийин элчилеп кыйсыпыр менен жакындашып, берчүңдү берип
болсо да дуадан коргон. Ал деле Кыйсыпырга өткөнүңдү
билсе батынып кол сала албайт болуш керек. Мен аны менен бир ишенимдүү кишиси аркылуу байланышып,
берчүмдү берип турам, ошого жолуктурайын сени, - деп
караларга канчалык каршылык кылса да алы жетпесин,
андыктан кур намысты коюп сурагандарын бериши керек экенин дагы кайталап айтып, Касенди Кыйсыпырдын кишиси менен кезиктирди. Ошонун эртеси Касен
Кыйсыпыр менен жолугушуп, жаралган жагдайды тушундурду эле каралар дүйнөсүндөгү «карьерасы» шыр
кетип, Москвадан мыйзамдагы уурунун таажысын жаны
кийген бул отузга чыга элек жигит жылуу кабыл алып, Дуаны жеңген эрдигин жогору бааларын айтып, мындан
кийин бири-бирин колдогон достордон болууну сунуштап, Касен аны кабыл алды. Ошондон кийин экөөнүн
мамилеси жакшырып, эки-үч ирет жолугушуп да жиберишти. Мындан улам шаарда болуп жаткандарды көз
жаздымынан кетирбеген коомчулукта «Касен Мамбеталиев караларга кошулуп кетиптир» деген ушак журду.
Аңгыча Төлөш аяш атасы айткандай эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт болуп, Дуа менен Кыйсыпырдын ортосунда согуш башталды. Болбогон бир майда кагылышуудан тутанган бул от шаардын ар кайсы жериндеги бир нече атышуу менен уланып, тажрыйбалуу баш кесерлерден турган Дуанын кылмыштуу тобунун жеңиши менен аяктап, Кыйсыпыр баш болгон бир нече кишинин башын жутту. Касен кайрадан коргоочусу жок калып айласы кетип турду. Канчалык сактанса да күндөрдүн биринде үйүнүн алдынан таяк менен куралданган эки киши кол салып, катуу са- бап кетишти. Мээси чайкалып, башы жарылып, колу сынган Касен ошондо ооруканадан Зареманы жолуктуруп, жактырып калып, торуна түшүргөн эле.
Ооруканада бир айдан ашык дарыланып чыкканынан кийин Касен Дуадан кабар күттү, анын койгон кандай талабы болбосун аткармай болду. Антпесе бул канкор жайына койбосун түшүндү. Бирок Дуа эч кандай кабар айттырбады, талап да койбой дайынсыз жоголду. Буга абдан тан калып, баш кесерлер баары бир эле акыры бир куну кылмыштуу аракеттерге барарынан кооптонуп жүрдү эле, мунун себебин эч күтпөгөн адамдан, болгондо да атасы Надыр Мамбеталиевден укпаспы.
- Балам, - деди бир күнү атайы чыгынып кеңсесине келген ал олуттуу соз айтарын билдиргендей үнүн жа сап. - Сен менин жалгыз уулумсун. Эжелерин бирөөлөрдүн бүлөсү. Жээндер болсо эл болбойт. Небере кыздарым да убагы келгенде өз жолдорун таап кетишет. Ошон үчүн сен эркек балалуу болушун керек. Келин төрөй албай калды деп атат апан. Төрөй албаса айла жок башкадан балалуу болуп, кандай болбосун менин тукумумду улашың керек... Балам, мен баарын билем. Дуага каш кайрый коём деп Кыйсыпырдан баш калка сураганынды. Ал жеңилгенде Дуанын кишилеринен таякталганынды.
Эми болсо анын көрсөтмөсүн күтүп жүргөнүңдү. Бирок коркпо алар эми сени сабамак тургай жаман сөз да айта алышпайт. Мен дуага өз байланыштарым аркылуу чыгып сенин башындан бир тал чач түшчү болсо мамлекеттик машинаны көтөрүп, бүт бандасы менен түрмөгө тыгарымды эскерттим. Бул менин колумдан келет, анткени премьер министр турмак президентке чейин таа- сири чоң кишимин, Кудайга шүгүр, көп шакирттерим мамлекеттик органдарда отурушат, өкүл балам ички иштер министринин орун басары. Алардан өтүнчү болсом Дуаны бир заматта камакка тыгышат. Дуа муну жакшы түшүнөт, ошон үчүн эми сага тие албайт. Кап балам, өткөндө Дуа тийише баштаганда эле Төлөш аяш атандан кенеш сурабай мага айтканында эч жабыр тартпайт элең. Мен аны бир заматта ордуна коймокмун. Милиция караларды байкамаксан болгону менен алардын ар бир кыймылын көзөмөлдөп турат. Кантсе да колунда армиясы бар мамлекеттик орган эмеспи, кааласа кылмыштуу топторду бир заматта жок кылат же абакка тыгат. Ошон үчүн мен турганда эч кандай Дуа аттуудан коркпой эркин жаша. Карьера жасайсынбы, ишкерликте эле каласынбы өзүң бил. Бир гана суранычым эркек балалуу болуп учумду узартсаң болду, - деп өтүнгөн.
Ошондон кийин Касен каралардын капсаланынан кам санабай өзүн кайрадан коопсуз сезе баштаган. Ооруканадан Зарема менен таанышып жактырып калган жаны анын артынан түшкөн. Энсегенине кандай болбосун жетип көнгөндүктөн анын сезими менен көп эсептешпей зордукчул аракетке салып өзүнүкү кылса да жүрөгүн багындыра албай, көңүлүн суутуп койгон экен, минтип каяктагы айылдык мергенчиге тие качып, анысы өзүн катуу кемсинтпедиби.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3
.