11-бөлүм.
Жолу боштугун, кайда барса өз эрки экенин боолголоп, ашпозчулук кесипти мыкты өздөштүргөнүн мактап келип, өзү Орусияда ийгиликтүү иштеп, көпкө жетишкенин азгырыктуу аңгеме сымал сөз кылып, өзү менен Москвага бирге кетип бактысын бөтөн эл, бөтөн жерде сынап көрүүсүн сунуштап, ал жакка жетип жашап кетүүгө, тааныштарынын кафесине ашпозчу катары жумушка орношууга жардам берерин да ачык айтты.
Уландын үйлөнүп алганын уккандан бери бир жакка безип кеткиси келип жүргөн, жашоосун ондоп, Бишкектен болбосо да анын жака белинен үй алгысы келген жаны Москвага барса максатына жетпесе да жакындарын боолголоп, бул сунушка көздү жумуп макул болду.
Таалайгүл биринчи учуп кетти, артынан бир жу- мадан кийин Жаркынай барды. Бирок ал өзү айткан ашпозчулук жумуш болбой калганын аэропорттон эле билдирди:
- Жаркын кечирип кой, жумуш азыр болгудай эмес, бир жумача күтөсүңөр деди. Сага чалып айтайын дедим, бирок ушунча даярданып, билет алып алганыңдан кийин келе берсин дедим. Күтө турасын да ээ?
- Мейли. Келип алганымдан кийин күтпөскө айла жок да... Анткени менен Жаркынай Таалайгүлдүн куркулдай- дын уясындай тар бир бөлмөлүү батиринде көпкө чыдап жашай албасын дароо эле түшүндү. Анда он чакты
аял тыгылышып жашашат экен, алар Жаркынайдын бир жумача тура туруусун өтүнгөн Таалайгүлдүн сөзүн жактырбанкы түрдө кабыл алышты. Эптеп тыгылышып жашап жатканда аларды деле түшүнсө болот да.
- Мага кандай болбосун жумуш таап бер, Москвага азгырган Таалайгүлгө - маселени кабыргасынан койду
- Ашпозчулуктан башкага деле иштей бересинби? -деп өз күнөөсүн сезген классташы оюнда турган суроосун бергенче шашты.
- Иштей берем.
- Андай жумуш бат эле табылат. Тааныштарга чалып көрөйүн.
Дагы эки кун күтүүгө туура келгенде жумуш Таалайгүлсүз эле табылбаспы. Түн кире жумуштан кайтып келе баштап, үйгө толгон, бири тамак ичип отурган, дагы бири жуунуп, башкасы жатканга камынган аялдардын улуусу, орто жаштагы Жумагул аттуу эже ал күнү эрте келген экен, башкалардын бутуна чалынбайын деп балкондо турган Жаркынайга кайрылды:
- Жумуш табылгыдайбы?
- Табылар, Таалайгүл издеп атат.
- Сөзсүз эле ашпозчу болуп иштешин керекпи?
- Жок. Башка жумуш чыкса деле иштейт элем.
- Идиш жууганга кандайсын? - Болсо андан деле качпайт элем.
- Жумуш аябай оор, эртеден кечке чейин тынмай жок.
- Эже мен ашпозчу болгонго чейин Бишкекте беш ай идиш жууп иштегем.
- Биякты Бишкек менен салыштырып болбойт. Көптөр чыдай албай айлыгын алганга да кайыл болуп кетип калышат. Мен деле айлам жоктон жүрөм. Идиш жуугандан башка да банкет бүткөндө аяк-башы ат чабым кафенин полун жууйбуз.
- Мейли, мага жумуш болсо болду.
- Эртең мененкиге чейин жакшылап ойлон, макул болсон ээрчите кетем, дароо барып иштейсин. Бирок жумуш аябай алыс, эрте чыкпасак кечигип калабыз... Бөтөн өлкө, башка адамдар, бир гана ысык суу менен кир идиштер тааныш. Мындан улам ага дүйнөнүн
борборлорунун бири болгон Москвада жашап жатканы сезилген деле жок. Эшикке чыкпаса анан эмне кылат. Жумагүл эже, анан эки өзбек аял болуп аягы жоктой агылып келип жаткан идиштерди тынбай жуушат. Эки күндөн кийин ошол эле өзбек аялдар жашап жаткан жумушка жакын жердеги батирге чыгышты.
- Сен келип ырас болбодубу. Болбосо булар мурда деле чогуу жашайлы деп чакырышканда жалаң өзбек, жалгыз кыргыз болгондон коркуп барбай койдум эле, - деп Жумагүл эже жол азабын тартпай калганына суйүндү.
Жумуш уй, жумуш үй болуп күндөр өтүп жатты. Бир күнү кардарлары көбүнчө өзбектер болгон, ошого жараша кызматчылары да өзбектерден турган бул «Бухара» аттуу кафенин палоо баскан ашпозчусу туулган жерине кайткандыгына байланыштуу бошоп кетип, кафе жетекчилиги анын ордуна ашпозчу издей баштады. Кайсы өзбек аш басканды билбесин, кафеде иштеген жонокой идиш жуугучтан ашпозчунун жардамчы- сына чейин анын ордун ээлеп калууга жанталашты. Сырттан да бир топ талапкерлер келип, кафенин ээси Светлана аттуу толугунан келген орус аялдын алардын арасынан татыктуусун тандай албай башы айланып, акыры досторунун кенеши менен конкурс аркылуу алмай болду. Эн кыйын деп эсептелген өзбек кишиден палоо басканды жакшылап үйрөнсө да ийгиликке жетерине ишенбегендиктен Жаркынай бул мелдешке катышкысы келген жок. Бирок ара-чолодо сүйлөшкөндө создон-сөз чыгарып отуруп Жаркынайдын бардык сырын билип алган Жумагул эже конкурска катышууга шыкактап жатып көндүрдү. Мелдеш үч күнгө созулду. Светлана ага калыстык кылууга мен деген кулинарларды чакырды. Өнөрүн көрсөтчү кез келгенин түшүнгөн, жалаң өзбектер арасында жалгыз кыргыз болгондуктан намысы козголгон Жаркынай бүткүл жан дилин коюп Өзгөн күрүчүнөн аш басып, ийгилик жылоолоп, беш кишинин катарында финалга чыкты. Беш палоо тең бири-биринен калышпай даамдуу болгондуктан калыстардын жеңишке татыктуусун тандай албай баштары катты. Ошондо катышуучулардын башка тамактарды жасай билүү жөндөмүн сынап көргөндө Бишкекте курста окуп көпту үйрөнгөн Жаркынайдын үч атаандашы ыргып кетип, эңгезердей боюнан, барскан чапканга ылайыкталгансыган балбан колдорунан улам кайсы тамакты болбосун ширин жасай билген ашпозчу деп эч кимдин оюна келбеген орто жаштагы Али аттуу өзбек киши экөө калышты. Жалаң орустардан турган калыстарга Алинин үнүрөйгөн сүрү, олдоксон кебетеси терс пикир жаратып, Жаркынайдын сырткы келбети, жаркылдаган ачык маанайы жагып, ашпозчулук сертификаты негизги көзүрү болуп берип, бул конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылды.
Бир заматта жылдызы көкөлөгөн Жаркынай бул кафенин бакандай болгон башкы ашпозчусу болуп чыга келди. Жумагүл эжени өзүнө жардамчы кылып алды. Экөө бир бөлмөлүү чакан батир таап жашоолорун да ондоп алышты. Ошентип караңгы туннелдин аркы башынан ак шоола көрүнгөнсүдү. Жакшы жашоого болгон ишеними артып, үмүтү бекемделди. Акчасын кур бекер коротпой чогултуп, Бишкектен батир сатып алмай болуп, шымалана ишке киришти.
КАРАЛАР
КАГЫЛЫШЫ
Жаштайынан жетем дегенине жетип, алам дегенин алып көнгөн Касендин эч качан минтип шагы сынган эмес, ыза болбогон. Айтылуу экс премьер министр Надыр Мамбеталиевдин караларга моюн бербеген эр журөк уулун каяктагы бир айылдык мергенчи ордуна коюп, катардагы врач чанып кеткени, ал аз келгенсип бүт өлкөгө дүңгүрөй угулганы катуу тийди.
Ошол Кара-Үңкүр капчыгайындагы окуя Касендин бүт өмүрүн астын-үстүн түшүргөнсүдү, жашоодо жетишкен ийгиликтерин жокко чыгарып салгансыды, андыктан башкага алаксыйын десе да оюнан кетпей туруп алды. <<Ошондо эмнеге мылтыктан корктум. Атып салса дагы жанагы мергенчи сөрөйдүн колунан жулуп алып, сазайын колуна берип, чөгөлөтүп кечирим суратып, Зареманы алып келип киши чанган кандай болорун көрсөтсөм болмок да. Эми элдин бетин кантип карайм?..» деген сыяктуу ызалуу ойлор көңүлүнөн кетпей көкүрөгүн эзип туруп алды. Элдин баары эле өзүн келекелей соз кылып жаткансып эшикке чыга албай калды.
Ооба, Касен мындай жеңилүүгө көнгөн эмес. Айты луу саясатчы Надыр Мамбеталиевдин жалгыз уулу катары ал жаштайынан алам дегенин алып, жетем дегенине жетип көнгөн. Барчылыкта өсүп, басынуу дегенди билбеген, мүнөзү өткүр, бою алибеттүү, өзү тың болгондуктан башкаларды башкарганды, уруп-согуп жазалаганды жаштайынан жакшы өздөштүргөн. Анан жакшы көрүп калган аялзаты чанып, каяктагы бир таксистпи же мергенчиби ар намысын тебелеп атса каяктан тынчыйт. Андыктан кандай болбосун өч алышы керек. Ошол өзүнүн ким экенине карабай ызалагандарды алдына чөгөлөтүп, бутунан өптүрүп кечирим суратканда гана жаны жай алчудай. А кантип? Ушул суроого жооп таба албай койду. Мындай шермендечиликке кабылганын сезген алгачкы мүнөттөн баштап эле Касен өч алуу далбасасын кыла баштаган. Узап кеткен тигилердин артынан кууп жетчүдөй болуп жүгүрүп, өтүп бараткан машиненин алдын тосуп токтотуп, качкан немелерге кууп жетсе көп акча берерин айтып, макул болбогон айдоочусун алка жакадан алып жерге сүйрөп түшүрүп, машинени айдай качууга аракеттенгенде жанындагы жолдоштору кармап калышкан. Алар мындай кылчу болсо ого бетер уятка каларын айтып жатып эптеп токтотушкан. Ооба, машина жалдап Зареманы кууп жеткенде деле куралы болбогондон кийин колунан эмне келмек. Тигилер кайра чыкыйына мылтык такаса эмне кылат? Анда эле ого бетер абийири кетпейби. Ушул ой мээсине келгенде айласыздан ачуусун тыйып, акыл менен иш кылып, мандайкы айнеги күбүлүп, арткы дөңгөлөктөрү жарылган машинени айдоочусуна арттан ондоп алып айдап барууну тапшырып, жол тосуп келе берген. Келерин келгени менен өзүн ызалагандардын артынан дароо эле түшө албаган. Биринчиден Зареманы алып кеткен неменин Нарындын кайсы айлынан экенин билбегени кармаган. Билген күндө деле, качырып кирип барса да эмне кыла алмак. Каракчы санап бут айылы көтөрүлсө же милийсага арызданышса кайра эле шермендеси чыккан атпайбы. Ошондуктан Зарема менен аны ала качкан немеден өч алууну оңтойлуу учурга калтырган. Алардын дарек-дайынын билиш эле кыйынга туруп, кандай болбосун билип келүүсүн тапшырган кызматчылары бул ишти создуктурушканда ички ызасы буулуктуруп, кимден күчүн чыгарарды билбей кол алдын- дагы бейкүнөө адамдарды кагып-силккен, айтор жанын коерго жай таппай калган. Мындайда аракка баш малган бардык эркектердей эле бир-эки күн өчөшкөнсуп ичип, мындан да шыпаа болбой тетирисинче ички ызасы күчөгөндө өзү жактырган жай спорт залга кире качып, грушаны ургулап күчүн коротуп, ошол жансыз нерседен өчүн алып, бугун чыгарган. Анан бара-бара убакыт дарылап, өзүн колго алып, сезимге алдырбай акылга салып андаса Зареманы сүйүп калгандыгынан улам ушундай күйгүлтүккө түшүп жатыптыр. Ага абдан көнүп алганы менен өзүнүкү катары эсептегенинен улам жакшы мамиле кылбай, ички сезими менен эсептешпей, зордук көрсөтүп ызалаптыр. Ушинтип өзүнөн да кеткенин мойнуна алганы менен бул аялга болгон ички таарынычы, кек-ызасы бөксөрбөй койду. Ага ким экенин көргөзүп, өмүр бою өкүнгүдөй кылгысы келе берди. Жанагы күйөө сөрөйүн чөгөлөтүп, тарпын чыгара тебелесе моокуму канып, чери жазылып, ички бугу чыгат болчу. Бирок бул максатын кантип ишке ашырат? Касен окууну жакшы окуп, окуучулар арасында да башкаларга караганда тын болгондуктан мектепте биринчи классынан онунчуга чейин лидерликти колунан чыгарбады. Теңтуш балдарды башкарып, улууларга кыр көрсөтүп, кичүүлөрдү баш көтөртпөй тескеп турду, аларга салык салган күндөрү да болду. Буга биринчиден өткүр мүнөзү, спорттун мушташ түрлөрү менен машыкканы, бардар жана көрүнүктүү үй-бүлөдө төрөлуп өскөнү, бирөөлөргө баш ийгенди жаман көргөнү, алардын алдында басынгысы келбегени, тескерисинче өзүнө каш кайтаргандарды кандай болбосун жазалаганды жактырганы жол ачты. Жогорку окуу жайынан да беш жыл бою лидерликти берген жок. Ар тараптан көзгө көрүнүп калган анын жолун эч ким торой албады.
Мамлекеттик жумушту тандашы керек болду. Атасы министрликтеги кенже кызматтардын бирине орнош туруп, тааныштары менен акчанын күчүнө салып жумуштан жумушка акырындан көтөрүп жүрүп отурмай болду. Бийиктерди мелжеп, мындай кичине кызматка алымсынбаган ал буга макул болбоду. Окууну жаны бутуп келген уулун атасы канча кыйын болсо да чон кызматка койдура алмак эмес, андыктан байлык топ- топ, өлкөгө ийгиликтүү ишкер катары көрүнүп алып, Жогорку Кеңешке өтүп, болбосо Шаардык Кеңешке депутат болгон соң гана карьера жасамакчы болду. Ошентип эбак түптөлүп, катуу кетпесе да кылдырап иштеп турган атасынын бизнесин колго алып, иш жүргүзө баштады. Белен нерсени эптеп өздөштүргөндөрдөн же азга алымсынгандардан эмес да Касен, идиректүү жаны ишин бат эле жандандырып, тездик менен өркүндөттү. Буга анын шык-жөндөмү, билими, чечкиндүүлүгү жол ачты. Түпкү атасынын атынан коюлган Maraza gron компаниясын эки-үч жылдын ичинде бутуна тургузуп, ар тараптуу өнүктүрүп, өлкөдөн гана эмес чет жактан да күргүштөгөн кирешелерди алып келе баштады.
Ошентип элге ийгиликтүү бизнесмен катары тааныла баштап, келечеги ишкерликте экенине көзү жетип, баягы жаштык - эссиздиктерин таштап, турмушка олуттуу карап, кыскасы баары өз жолу менен бараткан, жаркын келечектен күмөнү жок эле, капыс чыга калчу кыйынчылыктар менен тоскоолдуктарды оной женерине ишенчу, андыктан эч нерседен коркчу эмес. Ошондой күндөрдүн биринде кеңсесинде отурса спорт кийимчен, кара көз айнек тагынган сомодой бойлуу
жигит устуно шып этип кирип келди. - Байке сиз каякка? Киргенге болбойт! - деп анын алдын тосконго үлгүрбөй
катчысы артынан кирди. Мындай өзүм билемдикти эч качан көрбөгөн жаны бул сүзө качырган немени ордуна коймокчу болуп: - Эй эмне керек сага?- деп ордунан тура калганын- да тиги үнүнөн кандайдыр сүрдүүлүк байкалта кебелбеген түрдө унчукту:
Карындаш, шефинде бир-эки ооз сөзүм бар. Айтып чыгайын, - деп анан өзүнө кайрылды: - Салам Касен братан. Сага общактын салам-дубайын алып келдим. Алар братвалардын долясын бербесе болбой турганын эскертишип, мына бул кагазды берип жиберишти. Азырынча тааныша тур биз дагы байланышабыз. Болуптур анда, мен бир жумадан кийин келем,- деп шарт артына бурулуп кандай кирсе ошондой чыгып баратып: - Мына карындаш, шефиндин бир мүнөттүк да убактысын алган жокмун, -деди. Анын бул жоругуна түшүнүп-түшүнө бербеген Касен колуна тийген кагазга кандайдыр жийиркеничтуу немеге карагандай үстүртөн көз жүгүрткөнүндө негедир тааныштай сезилген көп сандар көзүнө урунду. Эми үнүлө түшүп жакшылап караса өзүнүн Maraza gron компаниясынын бир жылдык жүргүзгөн соодасы менен өндүрүшүнөн тапкан кирешеси тууралуу маалыматтар экен. Алар чындыкка жакын жазылып, өзүлөрүнүн эсебинен бир аз гана айырмаланып, бул кирешенин он пайызы, тактап айтканда үч жүз миң сомдой каражат каралардын үлүшү экени ачык жазылыптыр. Аны төлөп коюусу керектигин сылык түрдө билдирилиптир.
Каралардын кылмыштуу топтору ийгиликтүү ишкерлерден салык катары өз үлүштөрүн алып турарын угуп жүрчү, бирок алардын минтип өзүнө да кайрыларын ойлобоптур. Кандайдыр жамандыктын илеби келгендей ичиркене түшүп, колундагы алакандай кагазды будалай кармап, бир тоголок жумшак затка айлангыча мыжып турду. Өмүрү мындай жагдайга кабылбаган, бироолордон коркконунан аргасыз акча берип көрбөгөн жаны эмне кыларын билбей ары-бери баса берди.
Өзү деле мектептин жогорку классында окуп жүргөнүндө достору болуп төмөнкү класстын балдарына салык салып жүрчү. Алар муну акчанын жоктугунан эмес кыйындыктарын тастыкташ максатында, чоңдуктарын көрсөтүш иретинде жасачу. Ал эми өзүнөн улуулар бул жорукка барышчу болсо татыктуу каршылык көрөт керек болсо мушташканга чейин барып, бир тыйын берчү эмес. Азыр эми карышкырлар мыйзамынын чегинде иш жүргүзгөн каралар дүйнөсүнүн муздак күчү өзүнө түшкөндө чындап сестене түштү. Анткени оңой жоо эмес эле, керек болсо кара күч менен куралданып максатына жете тургандардан болчу. Алардын капчыгын эле бөксөртпөстөн өз өмүрүнө коркунуч туудуруп, жакындарына да салакасы тийгизиши мүмкүн эле. Ушуну түшүнгөнүндө дароо эле коргонуш керек экенин ойлоду, сурагандарын берип кутулсамбы деген көңүлүнө келе калды. Аны ар намысы дароо айдап чын минтсе өмүр бою аларды багарын, кашкөй жан дүйн басынтып аларын түшүндү. Эмне бармактайынан бери мушташ-кармаш өнөрлөрү менен бекер машыкты беле. Спортсмендерге жөн эле демөөрчүлүк кылып журөбү.Демек кармашыш керек. Буга бийик эрки да, эр жүрөктүүлүгү да, кара күчү менен каражаты да жетмек, корккону мындай согуштун салакасы жакындарына тийип калышы толук мүмкүн эле. Уюшкан кылмыш топтор баш ийбегендерди ар кандай илеге салып басынтышарын, андай айла-амалдарга адамдыкка жок ыпылас жоруктар да кирерин билчу. Андыктан бир өз коргонуусун бышыкташ максатында жанына алып жүрө баштады, үй-бүлөсү менен өзүн кайтарыш үчүн эки жансакчы жалдады. Кичинесинде спортто мушташ өнөрү менен бирге машыгып, ортодо мамиле жаралып, бирок азыр арасы алыстап кеткен жерди издеп таап сүйлөшүп, азыр жөнөкөй кесипте
жүргөн алардын бирөөсүн айдоочу кылып алды, экөөсүнө компаниясынан жумуш таап берип, жагдайды түшүндүрүп, кыйын кырдаал жаралса колдоо күтөрүн ачык айтып, макулдугун алды. Бул аракеттер бекерге турган жок, эсептеп көрсө жанагы каралар сурап жаткан каражаттын жарымын чапчып жыгылыптыр, сактык чараларын дагы күчөтчү болсо бергиси келбей жаткан акчасынан ашып тушчудөй. Бирок бул чыгымдарга анын ичи оорубады. Анткени ага ар-намыс абдан кымбат болчу.
Ошентип бир жуманы коргонуу машакаты менен өткөргөн Касен татыктуу каршылык көрсөтүш максатында каралардын кийинки жүрүшүн күтө баштады. Бир жумадан кийин келем деген алиги жигит убадасына тургансып, мурункусундай эле секретаршанын тосконуна карабастан кабинетине кирип келип демитип турду:
- Салам Касен братан. Ойлондунбу? Ойлонсон жообун тезирек айт! - дегенинче болбой сырттан башка бөлмөдө жашынып турган жансакчысы кирип келип, аны колдон ала толгоп, бутка тээп чөгөлөткөндө Касен басып келип ээгинен өйдө көтөрүп ызырына сүйлөдү:
- Эй канчык! Силер бизди ким деп ойлойсуңар? Келе десенер эле бере калчу бир байкуштардан эмеспиз. Керек болсо өзүңөрдү чөгөлөтөбүз. Кана айта сал! Ким сени жиберди?
- Касен братан! Сен чон жанылышып жатасын. Бизге каяша айткандар оңбойт. Андан көрө айтканды аткара берсен болмок, - деп бул күтүүсүздүктөн өзүнө келе түшкөн тигил коркута сүйлөгөндө Касен ичтен ары катуу уруп, тиги өзөрө түшүп өзүнө араң келгенде ээгинен өйдө көтөрүп кайра ызырынды:
- Айт! Ким жиберди сени? Жайлап сала элегимде! - Дуа... Дуа жиберди... Касен братан, минтпей койсон
болмок, ал сени кечирбейт эми. - Дуабы? Ошо Дуана айтып кой бир тыйын бербейт экен деп. Бара берсен болот!
Макул. Айтканда да кандай айтам,- деп колу бошогон тиги артка кетенчиктеп бурула берип, жан сакчыны жөөлөп өтүп, бир чон аттап эшикке атып чыга кылчая берип, ички ызасы менен жининен улам калчылдаган колун кезеп, бирдеме айтчудай болуп бар туттуга түшүп чыга жөнөдү. Дуанын атын укканда Касен канчалык эр жүрөк болсо да сестене түштү. Ал өлкөдөгү бүт кылмышту топтордун ана башчысы болчу. Караларды ар кандай калчап, каш кайрыган ишкерлерди катуу жазалап, каражатын түбүнө чейин кактаарын угуп журчу. Дуа мындай зөөкүрдүгү өзүнө тиешеси жоктой сезилчу эми мына өз башына түшүп отурат. Бирок өзу ким Дуа ким? Дуа коп болсо карышкыр сымал кашкөй немедир. Кара күчүнө таянып, ишкерлердин өзүнө теңелбегенинен, коркоктугунан пайдаланып кылчусун кылып жүрөт. Өзү болсо айтылуу Надыр Мамбеталиевдин уулу каралар дүйнөсүнөн кем калышпаган спортчулардын арасында кадыр-баркы бар, өзү да кармаш-мушташ өнөрү менен машыккан, кези келгенде өлкөнү башкарар дымагы бар мендеген жигиттерден эмеспи. Демек кара өзгөй Дуа менен кармашып, аны ордуна кою керек. Мындай каралардын негизги ыкмасы капысынан чыга калып атып кетүү, сабап салуу, же барымтага алуу эмеспи. "Демек согуш башталдыктан коргонууну күчөтүп, Дуанын капыскы соккусун алдын алуусу керек. Ошентип кандай кылышты ойлонуп
отурганда каалга какпай эле жансакчысы үстүнө кирген - Дуанын кишисимин дедиби? - деп сурады ал суроолуу караган Касенден тайсалдай түшкөндө эки жагын каранып,
- Ошондой деди го.
- Дуанын кишиси болсо анда жаман экен. Ал чын эле эч кимди кечирбейт деп уккам.
Муну менен эмнени айткың келип турат?
- Дуага каршылык көрсөтпөй эле койсонуз болмок. Ал аябай мыкаачы неме.
- Мыкаачы болсо болгондур. Аны мага эмне айтып атасын? Өз ишинди кылсаңчы, - деди жансакчысынын эч нерсе болбой жатып Дуанын атын укканда эле коркуп кеткенине жини келе түшкөн Касен.
"-Касен байке, кечирип коюңуз, мен сизге майда чүйдө рекеттер эле тийишип жаткан го деп ойлогом. Бирок сиз ажыдаардын куйругун басып алдыныз, эми жан койбойт. Ошон үчүн...
- Ошон үчүн эмне кылышым керек экен! Тигинин артынан кечирим сурап чуркайынбы эми?
-Эмне кылсаныз өзүңүз билиниз. Бирок мындан кийин мен сиз менен иштеше албайм. Кечирип коюнуз... - Магада сендей коркок жансакчынын кереги жок! Бар
жолуна туш! Жогол! - деп кыйкыра сүйлөп колун шилтеп, бул бир заматта куйрук түйгөн жансакчы сөрөйдүн артынан жетип барып коколчудай боло умтулуп, бет алдынан карс жабылган каалгага чейин аттап-буттап барып, кайра ошондой келип креслосуна бой таштады. «Мына согуш башталды. Эми ал кимдин ким экенин көргөзөт. Мына бул жансакчы сымал коркоктор четтен чыгар. Кайра жакшы Дуа менен чарпышкыча кимдин ким экенин да көрүп алам. Андан женилсем да жигиттик намысымды сактап, абийиримдин алдында ак калам, женилбесем Дуаны ордуна койгон баатыр катары даңкталам. Демек Дуа камынгыча тезирек аракетке барыш керек», - деп ойлоду ал чындап сыналар кез келгенин түшүнүп. Качып кеткен жансакчысы айткандай майда-чуйдө рекеттер тийишип атат деп ойлоп Дуанын куйругун байкабай басып алганынан кийин Касен өзүнүкү менен кошо жакындарынын да өмүрүн коркунучка кептегенин андап, жайбаракаттык кылса женилерин
ойлоп, дароо ыкчам аракеттерге барды. Кадыр-баркын салып, чон спорт дүйнөсүнүн белдүү жигиттерине жагдайды түшүндүрүү менен жардам сурап, Дуага каршы бирге турууну өтүндү. Алардын көпчүлүгү бул согушка аралашкысы келбегени менен өзүнүн жардамын алып, жакшы санаалаш болуп жүргөн ишенимдүүлөрү мындай кыйчалыш учур жаралганда таштап кеткенге абийирлери чыдабай жардам берүүгө белсеништи. Алардын кеңеши менен Дуанын капыскы соккусун алдын алып, камынтпастан күтүүсүз кадамга барып, мушташ эрөөлүнө чакырды. Башкача айтканда каралардын негизги согуштук илеси болгон капыстан куралдуу кол салууга жеткирбестен жигиттик намысын козгоп ачык кармашка чыгармай болду. Ушундай кылса гана ал кексе карышкыр жашынган конулунан ачыкка чыгып бермек. Болбосо колунда күчтүү куралдары бар баш кесерлердин бул чон тобунан женилип калмак. Ошол эле күнү Дуага салык төлөп жүргөн ишкерлердин биринен анын кишилеринин телефон номурун алып, мындай мазмундагы билдирүү жөнөттү <<Дуа сен катылбачу жигиттерге катылып алдын. Биз сен ойлогондой койдой жооштордон эмеспиз, андыктан сураган акчаңды бербейбиз. Садага катары берген анча-мынча каражатка ыраазы бол же кечирим сура экинчи бизге катылбай турганынды убадалап, бутка чалынбай жолдон чык. Бул шартыбызга макул болбосоң чыныгы эркектерче жекеге чык. Жообун тез бер Касен Дуаны бирге бир чакырса утарына ишенген жок. Анткени Дуа картая түшкөнү өз табын жоготпогон кыйын балбандардан эш келгенде өзүнүн соккуларына чыдап көтөрүп, анан колуна эптеп илинтип алса соо коймок эмес. Ал эми топтошкон мушташка чыкканда спортсмендер ишенимдүлүккө жетишмек.
Жооп болжогонундай эле көп күттүргөн жок. Эртеси жумуш күнү башталары менен баягы каккы жеген Дуанын кишиси адатынча катчы кызды көңүлгө илбей, эшик какпай үстүнө кирип келип кыска айтты:
- Салам Касен братан. Билдирүүңдү Дуа окуп, эрөөлүңдү кабыл алды. Жекеме-жеке шартын, жолукчу жерин айтсын деди.
- Дуа беш кишиси менен эртен саат кечки алтыда жанына эч кандай курал-жарак албай Сокулук айлынын туштук жагындагы эгини чабылган ачык талаага келсин. Мен да беш киши менен эч кандай куралы жок барам, спорт кийимчен болобуз. Ошол жерден күч сынашабыз. Женилсек шартынарга көнүп салыгынарды төлөйм, жеңилсенер мени жайыма коёсуңар. Болгону ушул.
- Биз буга макулбуз.
- Анда биз айткан күнү беш кишинер менен келе бергиле, бирок жанынарда курал болбосун.
- Мейли. Бирок биз силердин куралсыз экениңерди кайдан билебиз?
Алдын ала бир кишиңерди жиберип бизди, бүт айлананы текшертсеңер болот. Биз булуң-буйткадан чыга калып атышып, ашыкча кан төгүлгөн адилетсиз согушту каалабайбыз. Ошон үчүн эркекче чечишели деп жатабыз.
Эркекче болсо анда эркекче. Бирок куралынар жок экенин биз да алдын ала текшертебиз.
- Дуана ушуларды айтып кой. Калганын телефон
аркылуу сүйлөшөбүз. Бара бер. - Суйлоштук анда, -деп дуанын кишиси кандай кирсе ошондой эле көздон кайым болду.
«Эркекче» деп айтылган сөздү өзүн чыныгы эркек сезгендер, өзгөчө спорт менен каралар дүйнөсүндөгү шерлер шерт сыяктуу карманышат. Андыктан бул жекеме- жекенин шартын эч ким бузмак эмес. Бирок бул эки....
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1