10-бөлүм.
Бетинен сүйүп, ал-абал сурап учурашып, анан алдыда отурган эки досуна тааныштырды. Бул эмне болгон
шаан-шөкөтсүз үйлөнүү же ала качуу
экенин түшүнбөгөн, мунун баары аңдышы мүмкүн
болгон Касенди жазгыруунун амалы экенин билбеген эки досу ошондо гана жандана түшүп жаны аяшы
менен учурашышты. Жаңы эле таанышкандык кылып ортодон сөз улангыча алар анча алыс эмес арадагы
аялдамада күтүп турган, колуктунун курбусу катары барчу Жайнагүлгө жетип аны да салышты. Ошентип жолго чыгып, ортодогу кандайдыр оңтойсуздукта жөн
жай сүйлөшүп барып, качан гана шаар сыртына чыгышканда жолдон оолак ээн жерге токтоп, ала келген тамак-аш, арак-шарап, ширелер менен машиненин
мандайына жазылган дасторконду толтуруп, той шаанисин башташты. Улан эми кайрадан эки айым менен
эки досун жакшылап тааныштырып, алар жаны баш кошуп жаткан жаштарга жакшы каалоо-тилектерин
айтышып, ортодо кадимкидей шандуулук байкалып,
оңтойсуздук азайды. Өзгөчө тапанданып сүйлөп күлкү
жаратууга, кубулжута ырдап көңүл көтөрүүгө шыктуу, ушундан улам жолдо эрмек болсун деп Улан айылдан ала келген досу Азат бакылдай сүйлөп тамашалап, булардын ичинен өзү жалгыз ичкен арагы ого бетер күүлөнтүп, жакшы маанай жарата баштады. Кайра жолго
чыгышкандарында Азат түгөнбөгөн анекдотторунан баштап боорду эзип, Нарындын бийик болсо да билин-
бей барып ашылчу Долон ашуусун таяна бергендеринде ырга кезек берип, жагымдуу үнүн созо жол кыскарта баштады. Ашуунун туу жонуна чыга келгенде дагы бир жолу дасторкон жазып өзөк жалгагыча
эки жашка бакыт каалашып, жол улашты. Долондун аркы бетине түшүп, Кара-Үңкүр капчыгайында Азаттын жандуу обонуна эми баары үн кошуп шандуу
баратышкандарында арттан кандайдыр сигналды катуу баса машине сая тушө кубалап келип, олчойгон Жип унаасы алдыны тосо токтоду. Ошондо бараткандардын арасынан бул эмне машине экенин биринчи болуп түшүнө калган Зарема:
- Бул Касен! - деп кыйкырып жиберип коркконунан Уландын колтугуна корголой түштү.
- Коркпо жаным. Аны менен сүйлөшкөнгө биздин да дараметибиз жетет,- деп Улан каалганы ачып баш бакты
- Зарема! Бери чык! - деп ангыча бирөөнүн кый- кырыгы угулду. Эч нерсеге түшүнө бербеген эки досу болуп Улан унаадан түшкүчө алдыны торой токтогон Жиптен атып чыккан сомодой бойлуу торт киши алар- ды тегеректей калышты.
- Касен! Жигиттерде эч күнөө жок, аларга тийбе! -
деп Зарема чыйылдай кыйкырды.
- Зарема, менин жиниме көп тийбей алдыма түш! - деди куугунчулардын бири токтоо жана калбаат үнүнөн коркунучтуу сүр көргөзө.
- Жигиттер силерге эмне керек! - деп Улан достору менен алардын алдын торой чыгып, ооздорун жыйып алгыча бул алибеттүү десе алибеттүү, бойлуу десе бойлуу, мушташ өнөрү менен машыккан немелер үч досту бир-эки жолудан уруп кулатып, кол кычуулары канбай калгандай муштумдарын ушалап, алардын кайра турушун күтүп, мыскылдуу жылмая солдоё туруп калышты.
- Эй эселек, түшпөйсүңбү! Мени чанып тапкан не мен ушулбу? -деп Касен ордунан обдулуп тура албай аткан Азаттын үстүнөн аттап, ый аралаш сүйлөнүп түшүпп келе жаткан Зареманы колдон алып дегендете суйроп жоноду. Куугунчулар кандай түшсө ошондой эле Зареманы алып унаасына отурушканда, ичке тепки жегенинде машинеге жөлөнүп барып жерге отуруп калган Улан ордунан теңселе түшүп барып туруп, артка кылчайып, унаага баш багып, анын арткы орундугун көтөрө берип, ал жактан кош ооз мылтык сууруп чыгып шарактата октоп, бир-эки аттап, зордукчуларга жакындап асманды карай атып жиберди. Бул учурда көлөмдүү машине тар жолдо шар бурула албай алдыга, артка кетип жаткан болчу. Жаны эле өз максатына жетип, бурулса эле артка зуу койгоно калган Касен баш болгон куугунчулар кулак тундура тарс эткен ун чыкканда эмне болуп кеткенин түшүнбөй калышты Ошол замат терезеден кош оозу үнүрөйүп, азыр эле ок бүркүп жиберчүдөй болуп мылтык сунулуп: - Токто! Жайлап таштайм! - деп Уландын жаалданган кыйкырыгы ага удаалаш чыгып, машинени токтото калган айдоочунун желкесине мылтык такалды.
Саамга тынчтык орной түшүп кароолго илингендерди калтырак басты. - Ит аткандай кылам тимеле!..- деп сөгүнүү аралаш ызырынды Улан ошого жараша. Жагдайды түшүнө калган Касен эми өзүн кармап үн катты: - Ата албайсын. Сендей суу мурундун адам атышы Каякта!
- Ата албаймынбы! Мээ анда! - тарс эткен мылтыктын уну кайрадан кулак-мээни тундурганда жиптин мандайкы айнектери быркырап, сыныктары отурган дарга чейин чачырады. мына мунундун мээси чачырайт!- деген Улан
- Эми бир соз айтчу болсон мылтыгын шарактата бир заматта октой салып кулагы тунуп, жаагы ысый түшүп, өзүн жогото жаздаган айдоочуга кайра такады, Мылтыктын сүрү абдан коркунучтуу
болчу, андыктан эми эч ким үн ката алган жок. Мөөрөйү үстөм боло түшкөн Улан эми - Зареманы түшүр! Бол атам! Үчкө чейин санайм буйрук бере сүйлөдү:
Ортого алынган Зареманы түшүрүш үчүн Касен өзү түшүшү керек болчу жерге, андыктан ал бутун сунуп энкейип жерге түшүп келе жатканында эми анын желкесине мылтык такаган Улан ызырынды:
Мээнди чачырата атайынбы ыя! Сендей айбандарды антсе да жарашат! Экинчи алдымдан чыксан өлдүң. Ошон үчүн көзүмө көрүнбөй жүр! - деп капталдан ары бир тээп окчундатып, Заремага жол бошотту да, ал тушкондо артка кетенчиктей берип, өз кишилерине кайрылды:
- Тезирээк машинеге түшкүлө! Мен болсо буларды мээлей турайын.
Достору Зарема баш болуп машинеден орун алышканда Улан мылтыгын кезеген бойдон кетенчиктей басып келип, жуп отура бергенинде дагы бир жолу атып жиберди. Бул ирет адамдардын чырына аралашкан кунөөсүз дөөтүнүн арткы эки дөңгөлөгү чачыратма октон жарылып, жалпая түштү.
- Бул кокус куралдары болсо арттан куубасын дегеним, - деди Улан өзү отуруп, машине жүрө бергенде.
- Түү, деги эмне болуп кетти? - деп бир топ узай түшкөндө биринчи үн катты Азат. Тимеле кинодогудай болду го...
-Улан, муну аябай жаман киши дебедим беле! Эми бул өч алат, ызаланып калды, - деп Зарема ый аралаш суйлоду Уланды карыдан ала берип.
Ошондой экенин ырас айтып коюпсун. Болбосо даярданбай чыгып, колуктумду тарттырып жиберип элге шерменде болмок экенмин, - деди өзүнө ыраазы болгон тейде Улан.
- Кыйын болуп аткан немелер мылтык такалганда шымдарына коё берип ие жаздашты го тимеле. Жарайсын уке! Мергендигинди көргөздүн, - деди Азат муштум жеген көзүн күзгүдөн карай берип. - Көзүмдү эле көрктөп койгону болбосо.
Мылтыкты ала чыгып туура кылыпсын. Буларды өзүлөрүнө жараша мамиле керек. Куралдары деле жок окшойт. Бирок буларын милийсага арызданчулардан эмеспи? - деди айдоочулук милдет аткарып бараткан
- Өздөрү биринчи тийишти. Андайларды билесин да ыйлашпайт. Арызданчу болсо Азаттын көгөргөн көзүн көргөзөбүз да. Сеники көгөргөн жокпу?
- Менин оозум калбыйды.
- Үйлөнүп бараткан жигиттин эч жери эч нерсе болгон жокпу? - Жайнагүл кепке аралашты. Болбосо...
- Касен каралардын кишиси. Ал катуу ыза болуп калды, өч алганынан сак болушубуз керек, - деп Зарема ортодо кайрадан пайда боло баштаган жакшы маанайга суу септи.
- Кара болсо карадыр. Алардын аймагы шаар. Аягына барбай койсок кутулабызбы. Өз жеримден болсо ага өлуп баратса да алдырбайм, деп Улан ишенимдүү сүйлөп, жаңы колуктусун жооткотту.
- Бир жыл бою бал айын өткөрүп жата бергиле да шаарга барбай. Ха ха ха!.. Анда эмесе ырдын кайсы жерине келдик эле!
- Сен баштачу жерине!..
Ошентип той да болду тойдун эртеси да болду. Бул баш кошууга бирден бир жетине албай кубангандар Байөмүр ата менен Ырыс эне эле. Алар бул жакшылык учун колдо барын чачкандан кайра тартышкан жок Анан кантишсин өздөрүн очор-бачар кылчу, үйүнө кут-береке киргизчу бүлө келип жатса. Жаңы келин Жаркынайдай илбериңки кыймылдап оокат кылганды билбегени менен, ал сыяктуу өзүлөрүн илгиртпей түшүнүп, адамга жароокерлиги жок болсо да периштедей көрүшүп, өз кызынан да жакшы мамиле кылышты. Эки жаш болсо башында шамшаракат тойдун шары менен, анда айтылган жакшы каалоо-тилектердин арты менен дагы да жакындашышты, андан кийин аял-эркектик кумарга алдырышты, жаш денелердин талабына жакшы шарт түзүп берген төшөктө биригишти, ото ысык түндөрдү өткөрүп, сыртынан сүйүшкөндөрдөй көрүнүштү. Бирок ортолорунда сүйүү жок болгондуктан бат суушту. Өзгөчө жүрөгү Жаркынай деп соккон, Заремага турмуштук зарылдыктан улам аргасыз баш кошкон, анын Касен менен болгон мами- лесин, ал тургай андан боюнда бар экенин, муну өзүнөн жашырып жатканын билгендигинен улам ортодо көзгө көрүнбөгөн дубал бардай сезилди, көп бериле бербей бат оолактады. Муну Зарема да дароо сезди, Уландын өзүнө карата сүйүүсү жогун, боору ооруп гана үйлөнгөнүн тез түшүнүп, бул үй-бүлөнүн балага болгон зарын, Байөмүр карыянын өз тукумун уланышына бүткүл өмүрүнүн маңызы катары карай турганын билгенинде курсактагысы өзүнүн негизги көзүрү экенин түшүндү. Ал жаны үй-бүлөсүнө аздан аралашып, айыл жерине акырындан көнүп баратты. Шаардагы карьера жасачу жумушуна, жеңил-желпи турмушуна ичи ачышып, айласы жоктон араң жүрдү. Андан айрыган Касенди ого бетер жектеди, кайра бир туруп пенделик ою менен анын койгон шарттарына кур намыска алдырып макул болбогонуна өкүнүп да жүрдү. Өзү чанып кеткенинен кийин, өзгөчө арттан кубалап келерин келип, Уландын мылтыгына кабылып, шагы сынып, ыза болгонунан соң, мындай кордукту эч качан корбогөн, аны менен эч келише албаган Касен акыры өч албай коймок эмес. Ушундан улам да Зарема шаарга кайтуудан коркту. Эмгек өргүүсү бүткөндө аргасыз кайтып барып ишин улантмак же биротоло
бошонуп келмек. Бирок көп өтпөй эле ал иштин зарылдыгы болбой калды. Анткени чогуу иштегендер чалып, ордуна башка бөлүм башчы дайындалганын
билдиришти. Буга көп ишене бербей жетекчисине
чалды эле, ал өзү да мындай күтүүсүздүккө түшүнбөй
калганын, абдан таң калып жатканын, бирок бул жогору жактын көрсөтмөсү катары ишке ашырылганын тастыктады. Ошондо гана бул Касендин өч алуусунун башталышы экенин түшүнө калды. Ал атасы аркылуу
министрге чыгып, облустук оорукананын жаракат бөлүмүнө өз кишисин отургузуу менен өзүнөн өч алып,
бир ок менен эки коён атса керек. Бул чети гана болчу, Касендин өч алуусу алдыда эле. Анын сунган колу акыры бул жакка да жетмек. Улан деле кимдин куйругун басканын түшүндү, андыктан шаарга барбай коё турууну чечти. Бара турган деле зарылдыгы жок болчу.
Эми башкага үйлөнүп алганынан кийин Жаркынайдын бетине кантип карайт эле. Аны издеп таап чоо-жайды түшүндүргөн күндө деле экөөнүн кайрадан биригер жолу буулган соң эч бир пайда, кандайдыр негиз да жок, болчу. Жаркынай өзүн канчалык жакшы көрсө да мамилени тымызын жүргүзүүгө бармак эмес. Анын үстүнө Зарема менен түбөлүк бирге түтүн булата аларына ишенген жок, акыры Жаркынайды таап өзүнө
кайрып келүү менен көп балалуу болуп бакытка жетери кыял катары анын көңүлүнүн түпкүрүндө катылуу бойдон болчу. Ошондон улам да ооруканага жатып тукумсуздугун дарылаткысы келбеди, Зареманын боюнда бар болгондон кийин анын кажети да жок болчу.
Качан гана Жаркынайды тапканында балалуу болууга аракет кыларын пландады. Эми «Жаркынай менин
үйлөнүп алганымды билчү болсо, башканын колун кармап кетпейби?» деген коркунучтуу санаа пайда болуп, көңүлүн эзе баштады. Ушундан улам да «Зарема төрөп бергенден кийин баласын ата-энеме калтырып өз жолуна түшүп кетсе, өзүм Жаркынайды таап бир кездеги бактылуу жашообузду улантсак» деген да азгырык ойго жетеленип жүрдү. Ошентип күндөр өтүп жатты. Үйлөнгөндөрүнө бир айга жакындаганында Зарема Уланга кош бойлуу экенин билдирди. Бул жаңылык менен эбактан тааныш, тек гана аны качан кандай шартта айтар экен деп күтүп жүргөн, балким боюнда жок болбосун деп күмөндөнүүдөн улам коркуп да кетчу болгон, андай болчу болсо өзүнүн тукумсуздугу ачыкка чыгып, дарыланууга туура келип, Заремадан балалуу болуп калышы мүмкүн экенин, антсе ага бала аркылуу биротоло байланып каларын ойлоп коркуп журду эле, муну угуп кадимкидей сүйүнүп да кетти. Бул жанылыкты укканда ата-энесинин кубанычы коюнуна батпай калды. Болжол боюнча карында жаткан туюкбайдын айы бир айдай эле болсо да неберелүү болгондой катуу сүйүнүштү. Заремага ого бетер жылуу мамиле кылып, көзүнө карап, бөпөлөп эле калышты. Анын бул эркелиги Уланга таптакыр жаккан жок. Үй жумуштарын илең-салаң жасаганы, кеч турганы, аял катары өз милдетин начар аткарганын жактырбай, бир-эки ирет катуу айтып, көп эле жолу жөн- жай эскертти эле кулагынын сыртынан кетти. Анын мындайлыгына жини келгени менен жашабай жатып кер-мур айтышканыбыз жакшы эмес го, бара-бара өзү түшүнөр деп жайына койду, дээринде жок немени тарбиялап жүрөмбү, түбөлүккө бирге жашабагандан кийин эмне болсо ошо болсун, мындайы кийинки ажы- рашуума кошумча шылтоо болуп берет, кайра мунусу жакшы эмеспи атамдардын алдында Жаркынайдын баркын которуп деп кол шилтеди. Ал ансайын Жаркынайдын баркы билинип, сүйүүсү артты, көңүлдөгү сагынычы ого бетер көтөрүлдү. Ата-энеси деле эки
келинин аргасыз салыштырышып, Жаркынайдын аял жана адам катары Заремадан төөчөлүк өйдө экенин түшүнүшкөндөрү менен бала деп так каткан алар Зареманын кемчиликтерине көз жумушту.
Анткен менен Улан менен Зареманы күндүзгү үй ичиндеги ар кандай ташпиштер, кээ бир көйгөйлөр менен көр оокат, түнкү ысык төшөк бириктирип, кадимки эрди-катындарча жашай башташты.
Анча чон эмес, кичине да эмес «Ырыскы» кафеси шаардын борборунан анча алыс эмес элдүү жайда жайгашыптыр.
Айтканындай эле Жамшит Жаркынайды бул кафесинде жалаң палоо басып иштеген Хусан аттуу өзбек ашпозчуга жардамчы катары кошту.
- Мобул кызга аш басканды жакшылап үйрөтмөйүн үйүнө жибербейм, - деп Жамшит ага талапты катуу койду.
- Хоп, майли ака, кадырыныз жам болсин, - деп мүнөзү элпек Хусан ака бул кызга палоо басканды канчалык бат үйрөтсө ошончолук тезирээк эмгек өргүүсүн алып, бир жылдан бери бара элек үйүнө барып келерин түшүнүп, Жаркынайдан өзүнөн үйрөнгөнүн ар кимге эле үйрөтө бербөөсүн талап кыла өтүнүп, сөзун да алып, ошол эле күнү бир жеген адамды экинчи дагы жегиси келгендей кылып тамшандырган палоо демдөө өнөрүн үйрөтө баштады. Жаркынай бардык эле аялдардай палоо басканды билчу, бирок Хусан аканыкы андан таптакыр эле айырмаланат экен, даамы да укмуштуудай кайталангыс болчу. Ошон үчүн да шаардын туш тарабынан «Ырыскы» кафесине көп адамдар атайы келип, бул атактуу ашпозчунун ашын демдетип жегиче Жамшиттин да ишин жүргүзчү. Хусан ака
мындай өзүн багып келе жаткан өнөрүн ар кимге эле үйрөтө бербей кызгангандыктан жанына жардамчы албайт экен, ал тургай иштеп жатканында да башкалардын карабоосун талап кылат тура. Жаркынайдын жолу болгонунун себеби - ордуна коюп кетчу киши жоктугунан улам Хусан аканын бир жылдан бери көрө элек үй-бүлөсүн сагынганы экен.
Кандай болбосун Жаркынайдын жашоосу да, иши да бир заматта өзгөрүп, болгондо да атагы чыккан ашпозчунун жардачысы катары иштеп, анын атам заман- дан бери атадан балага гана өткөрүлүп келе жаткан өнөрүн үйрөнө баштады. Өзүнө жакшы мүмкүнчүлүк жаралганын илгиртпей түшүнгөн Жаркынай да устатынын көрсөткөнүн дилгирлене илип алып, тырышчактыгын көрсөтүп, бир жуманын ичинде аш басуунун өзгөчө ыкмасын өздөштүрүп үлгүрдү.
Бул арада «Ырыскы» кафесинин отуздан ашык кишиден турган чон жамаатына Жаркынай Жамшиттин жаны аялы катары таанылып, мындай бакытка суктангандар менен ичи тарыгандардын сын көзүнө кабылды. Буга Жамшиттин аны айланчыктаганы, жакшы жумуш берип, өнтөлөй мамиле кылганы, кечинде машинеси менен ой-боюна койбой үйүнө жеткирип барганы себеп болду. Андыктан Жамшит жокто кафеде кандайдыр маселе жаралса Жаркынайга кожойке катары кайрылгандар да болду. Мындайда ал иш боюнча эч нерсе билбесин сылык түрдө түшүндүрүп кутулуп жатты. Ал эч ким менен чечилип сүйлөшпөй, сырын ачпай Хусан аканын жанынан чыкпай, андан өзгөчө аш басуунун сырын өздөштүрүүгө далаалаттанды. Бул арада Жамшит жарык маанайда, Жаркынай- дын озунуку болоруна ишенген түрдө көңүлдүү жүрдү. Бирок Жаркынай убакыт откон сайын бул кишиден корко баштады. Анын ар бир аялга жага турган жакшы мамилеси, камкордугу Жаркынайды тетирисинче чочулатты. Эгер Жамшит минтпегенинде Жаркынай дын андан кетип калуусу онойго турмак. Азыр анын сунушуна терс жооп берүүсү жакшылыкка жамандык кылгандай сезилип турду. Чынында Жаркынай Жамшиттен жакшы адамдын үлгүсүн байкаганы менен күйөө катары элестете алган жок. Тулку-бою толук болсо да илберинки кыймылдап, кафени ийкемдүү башкарып, андагы майда-чүйдөлөрдөн бери көз салган, көптөргө караганда жашоодо көп ийгиликтерге жетишкен аны көп нерсени байкабаган тоң мунөз, дене мүчөсү чыныгы жигиттердикиндей сындуу улан менен салыштыра келгенде купулуна толбой жатты. Муну жөн гана Уланга көнүп алганынан көрүп, жакшы адамдан иренжибейинчи, шагын сындырбайын деп оюн ондоого канчалык аракеттенсе да, бул ишкерлиги ийгиликтүү өнүгүп бараткан бардар адамга көңүлү тартпай туруп алды. Ал ансайын Уланга болгон сагынычы артып, көргүсү келип, санааркап, сүйөрүн аны ойлогон сайын сезчү болду. Ошондо ал жакшы көргөн жары менен ажырашуусунда эч кимдин күнөөсү жоктугун ойлоп, бул да болсо тагдырдын сыноосу экенин түшүнүп, андан татыктуу чыгуу керек экенине көзү жетти. Эгер Жамшиттин сунушуна макул болсо өмүр бою өзүн жектеп өкүнүп, Уландын алдында күнөөлүү сезип жүрүп өтмөк. Ошондон кийин ага кокусунан жолугуп калса көзүн кантип карамак. Ушулардын баарын ойлоп келип, Жамшиттен канчалык эрте кетсе ага да, өзүнө да женил болорун билип, түйүнчөгүн түйүүгө көп эле белсенди. Бирок Хусан акенин аш басуу өнөрүнө кызыккандыгынан улам бир жума кармалды. Ангыча Хусан ака бир жумалык эс алууга кетип, өзү не ашпозчулук милдет жүктөлгөндө бул кафеде дагы кармалууга туура келди. Аш басууну үйрөнүп алганынан кийин кафени ашпозчусуз калтырып басып кетсе адамгерчиликке жатпай калмак. Андыктан Хусан ака келгиче эмне болсо да чыдап, иштөөнү туура көрдү. Баскан ашы болсо аныкынан кем калышкан жок, ал тургай кафе жамаатынан мактоо да укту. Өзгөчө Жамшит палоосун мактап жеп, кат-кат рахматын айтып, Жараткан өзүнө жакшы адамды жибергенине жетине албай жаткансыды. Ал ан сайын бул камкор эркектен чочулады, боюн ала качып, Хусан аканын келерине аз калганынан улам гана качып кете албай жүрдү. Эгер Улан экөөнүн сүйүүсүнө кандайдыр жарака кеткен болсо, көнүл калтырышса Жаркынай бул адамга сезимдерин акылына баш ийдирип туруп жар болуп берет болчу. Ошондой эле балалуу боло албаганына өзү күнөөлүү болсо Уландын багын байлабай бир кеткенинен кийин көзүнө көрүнүүнү ойлоп койбойт эле, төрөй алган башка аялга баш кошуусуна эбак жол ачмак. Эми ажырашкандарынан кыйла убакыт өткөнүнөн кийин ичтеги сагынычы менен сүйүүсү сүрөп, эмгиче өз күнөөсүн билип, тукумсуздугунан дарыланды болуш керек деген умут менен Уланга жолугууну энсей баштады. Мындан улам да Жамшиттен кетүүгө белсенди. Муну Жамшит өзү да тездетип жибербеспи.
Мурунку күнү жумуш бүткөн соң Жамшит Жаркынайды каршылыгына карабай жеткирип барган. Жолдо-ката бири-биринен кандайдыр тартынган экөө эч кандай соз жалгаштырышпаган. Анан ашкананын короосуна кирип токтогон сон ыкчам кыймылдаган Жамшит машинеден түшө калып, арттагы Жаркынайды түшүрчүдөй болуп барганы менен эшикти ачып, умтула берген аны кучактап калбаспы.
- Байке! Бул эмнениз? Коё бериниз! - деп чочуп кеткен Жаркынай булкуна берип бошонуп оолактаганда Жамшит колдон ала калып:
- Жаркын... Ойлондунбу? Канча күтөм? Келчи жаным, мени зарыктырбай, эмнеден кылчактайсын.. деп келатканында Жаркынай бир булкунуп бошонуп, экинчи эшиктен чыга качып, үйдү карай жүгүрүп жөнөдү. - Жаркын... - деп Жамшит бул күтүүсүздүктөн улам селейе отуруп калды. Үйгө кирип эшикке кулак түргөн Жаркынай анын бир топко чейин отуруп, анан кеткенин машиненин от алган үнүнөн улам билди.
Жамшит эртеси кечке чейин көрүнгөн эмес. Анын кечээкидей жорукка барарынан корккон Жаркынай буга ичинен сүйүнгөн, бирок бекер эле кубаныптыр: Жамшит кечинде пайда болуп, кандайдыр сурданган түрдө маанайсыздай жүрдү эле, бир маалда той өткөрүп жаткандар тааныштары окшойт - залдагы элге аралашып кеткен. Жаркынай баскан палоосун чыгарып берип, идиштерди шашылыш жууп, ашкананын полун сүрүп жатканында үстүнө жүзү тамылжыган Жамшит кирип келип:
- Жаркын, бүгүн кичине сеп этип алдым, кечирип кой. Эски досумдун тою турбайбы, хе-хе-хе... деп жасалма күлүп туруп калбаспы.
- Эч нерсе эмес байке. Досунуздун тоюнда конул көтөрүп койсонуз эч нерсе болбойт, кунуго ичип атпагандан кийин, - деп Жаркынай өз иши менен алектене баштады эле Жамшит ага эки аттап жетип, колунан швабрасын алып окчун таштап, арак сасыган илеби менен кучактай берип, өрөпкүй сүйлөгүчө өпкүлөп кирбеспи:
- Жаркын таштачы!.. Мен жактырган аялзаты мын- дай жумуштарды жасабашы керек. Сеничи ээ мен... тимеле алаканыма салып бополоп алам билсен... Ич- пегенди ичирем, жебегенди жедирип...ы-ы-кк... Ма- кул эле болсон болду. Калганын өзүм... -
Байке башка күнү сүйлөшпөйлүбү. Менин да көнулум жок, сиздин да табыныз жогору экен. Андан көрө залга чыгып көңүл ачыңыз. Мен сизди кубандыра албайм бүгүн,-деп боюн ала качып, оолактагыча шашты
- Сен карындашым эмнеге чыдамымды кетирип жатасын? Айтчы! Маалкатасын эле маалкатасын, кыздан
бетер. Баалангандын да чеги бар да эй. Мени ким деп ойлойсун ыя...ы-ык... Шагымды сындырчу болсончу ээ, - деп тартып өпкөн жел өпкөн болуп, келиндин терс мамилесине деми суугандыктан сес көргөзө сүйлөндү.
- Шагынызды сындырайын деген оюм жок. Бүгүн шарт жок башка күнү сүйлөшөлү деп эле жатам.
- шарт бар. Эн сонун шартты түзүп берип жатам го. Кантип эле ошол тоо-таш кыдырган мергенчи күөөңдөн өйдө болбой калайын ы-ы-к... Ошон үчүн бааланбагын. Бааланчу болсон...
-Макул байке. Бирок эртен сүйлөшөлү. - Макул болсон анда маалкатпа да, бааланба. Менин чыдамым түгөндү. Жетишет!
- Болуптур. Жүрүңүз анда, үйгө баралы,- деп оозу- нан арактын ашаткы жыты буркурап, оргу-баргы сүйлөй баштаган бул масты эптеп алдаштын амалын кыла баштады Жаркынай.
-Ии, ошентсен, мен сени жубай кылайын эле деп жатам билсен...
-Байке, ушул жерде күтө турунуз, мен азыр кийинип келе калайын,-деп акырын сүйлөп, калп жароокерлене кызуу немени жоошуткан Жаркынай гардеробко кирип, кийимдерин бурдай кучактап, азык- тулук алып кирүүчү кошумча эшик аркылуу чыгып, түз эле жол боюндагы таксилерге жетти. Тыгынга кабылтпай үйгө түз жеткирген таксини кетирип жибербей күтө туруусун өтүнгөн ал үйгө кирип, Гулипа эженин жардамы менен азгантай оокаттарын чогултуп чыга калып, <<Ак тундөр» мейманканасын карай айдатты.
- Деги жайчылыкпы? - деп беймаал убакта келип көчүп жөнөгөн өзүнө түшүнбөгөн Гүлипага жашырганда эмне деп биротоло кетип баратканын айты ал: - Өзүн бил эми, Жамшиттей жигитти чанганына кийин өкүнүп каласың, - деп чындап кейигени мен бетинен өөп, ак жол каалап узатты.
Эртеси эч жакка чыкпастан аркы-беркини обо тайкы тагдыры үчүн улам ыйлап, кайра сооронгуча төшөктө солуп жатып, түнү тынч уктады да, эртеси кыдырып узакка жашаганга ылайыктуу батири жөнөдү. Ал күнү жолу болбогону менен кийинки күн болжогонунан кымбатырак болсо да бут ыңгайлуулуктары бар бир бөлмөлүү батир таап көчүп барды. Эк күндөн кийин Хусан аканын сабагынан улам түр тамак жасоого кызыгы артып калгандыктан ашпозчулуктун бир айлык курсуна тапшырып, окуу мөөнөт бүткөндө ашпозчу кесибине ээ болгонун тастыктаган сертификат да алды, тамак жасоо боюнча көптү үйрөнуп да чыкты.
Бош отура албаган жаны эртеси эле жумуш издей баштап, бир топ аркеттерден кийин он күнгө шаардагы мен деген кафелердин бирине ашпозчунун жардамчысы катары жумушка орношту. Күндүзү куран окутулуп, кечтен түн ортосуна чейин той өткөрүлгөн бул тойканада жумуш токтобогонуна жараша жакшы да таба баштады. Чон жамаатка аралашып, жумушу д кызыктуу тартып, көңүлү сергип, арманынан алаксый түштү эле көп өтпөй эле турмуштун катуу соккусуна кайрадан кабылып, кайгыдан баш көтөрө албай калды.
Бир күнү жумушун тойго топтолгон элдин арасынан кимдир бирөөнүн эрте бүтүрүп чыгып - Жаркын жене! - дегени угулуп, карай калганынча болбой кандайдыр жаш кыз элден бөлүнүп өзүн карай умтулду. Боолголой карап анын айылдагы кошунасы,
өзүнө жакын мамилеси бар Толкун аттуу кыз экенин тааный калды. Жолуккандарына сүйүнүп, ал-жай сурашкыча окчундай басып, жанылыктардан айтышты. Айылдан кеткенинен бери жердештеринен эч кимге жолукпаган Жаркынай ушул тойканада ашпозчунун жардамчысы болуп иштеп жатканын кыскача айтып өтүп, бир жума мурун айылга барып келгенин божураган Толкундун кебине кулак төшөдү.
Эч деле орчундуу жаңылык жок айылда. Жатат баягыдай эле. Барсам элдин баары тытынып жер айдап, малдарын тоого кетирип атышыптыр. Байөмүр аталар деле эл катары жашап жатышат. Улан байке шаарга эл ташып, таксист болуп иштеп жатыптыр, бирок мен кетерде сурасам азырынча каттай элекмин деди, кебетеси машинасы бузулса керек, же башка себеби барбы, сураган жокмун. Аялы медик экен дешти.
Бирок иштебей эле үйдө экен... -Эмне, эмне?! Аялы дейсиңби? Улан үйлөндү беле? - уккан кулагына ишенбеген Жаркынай суроолорду жаадыра Толкундун сөзүн бөлдү.
-Жене эмне уккан эмес белеңиз? Кечирип коюнуз мен сизди укту экен дегем,- деп ойлонбой сүйлөп онтобогон ооруга чалдыккансыган Толкун оңтойсуз абалда калып, ону бопбоз болуп селейе туруп калган Жаркынайды кучактай калды. Улан уйлонгон дединби? канырыш уккансып Жаркынай кайталап сурады.
- Кечирип коюнуз, мен сизди укту экен дегем,- деп суроого так жооп бербесе да жаман кабардын чындык экенин бышыктады Толкун.
-Уландын бул эмне кылганы? Мен биякта ал экөөбуз кайра жашайбыз деп жүрсөм, деп Жаркынай Толкунга конул бурбай өзү менен өзү сүйлөшүп жаткансып күбүрөндү.
- Жеңе кечирип коюнуз. Сизди өзү кетип калды деп айтышты эле да мага.
- Эч нерсе эмес Толкуш. Мага сен болбосоң да башка бирөөлөр айтышмак. Биринчи укканга жаман боло туштум окшойт. Улан экөөбүз ажырашканыбыздан кийин ал өзү билет да эмне кылышты. Кой болуптур анда, камтама болбо, мен кеттим, шашып бараттым эле, - деп бул жерден алыстагыча шашып, окчундай бергенинде аран кармап турган ыйынын ооздугун коё берип, буркурап жиберди.
Бирок кайгы, күйүт, ыза, таарынычты ыйлап-ыйлап азайта албады ал. Көнүл түпкүрүндө армандын булагы бардан бетер түгөнбөдү алар. Өзүнөн-өзү качып кете албай, жанын коёрго жай таппай, каткырык жанырган жерден кабагын карыш салып өтчу болду, күмүш күлкү жанырчу жерде каңырыгы түтөп жүрдү. Жаркын маанайы калың калың булуттардын артына жашынгансып, жалгыз калганында кайра эле ыйдан күчүн чыгарды. Дале болсо кайраттуулугунан, жашоодон жакшылыктарды көрө билгендигинен улам жанын жай таптырып кайгынын кара сазына батып кетпеди. Уландын орчундуу себептен улам аргасыз үйлөнгөнүн боолголоп, жакшы күндөр алдыда экенине ишенгендигинен улам гана үмүттүн үлбүрөгөн жибин карманып чөгүп кетпеди, бардык көңүл оюн жумушка арнап, ар нерсеге алагдыланганынан гана өзүн кайгыдан татыктуу түрдө алып чыкты.
Ушундай күндөрдүн биринде эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт болуп, окууну бүткөндөн бери кезикпеген Таалайгүл аттуу классташ курбусу ошол эле өзү иштеген тойканадан жолугуп калбаспы. Экөө ал жайды сурашып, аркы-беркиден кеп салышкан сон Жаркынай өз жашоосу жөнүндө төкпөй-чачпай айтып берди.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5