17- БӨЛҮМҮ...
Кечинде шапар тебээр алдында Кидаевжигиттерине катуу эскерткен "саат туура 5. 00дө ойготуп койгула" деп.Анткени эл тура электе бу койнунда балык болчу чүрөктү кетириши керек,аптеретти сакташ керек да. Кидаев антип сактанганы менен ошол жерде эс алганмаанилүү кыргыз чиновниктеринин бир тобу аялдары менен кошо бул көпкөн сарыорус бөлмөсүндө ким менен экенин небак билишкен.. .
Ошентип саат туура 5. 00дө Кидаевдинбир жигити анын эшигин какты акырын. Да бир аз күтүп дагы кайталады. Бу жолукатуураак тыкылдатты. Жооп жок, жигит дагы бир мүнөтчө туруп эшикти катуу-катуутарсылдатып тыңшады, ошондо кыздын чаңырган үнү чыкты. Жигиттин жүрөгү түштү,шеригине чуркай жетип ээрчитип келди. Бу убакта кыз эшикти ача берип чаңырыпжүрөт.
- Өлтүрүптүр. . . өлтүрүптүр. . .
Жигиттер бөлмөгө чуркап кирипкыймылсыз жаткан шефинин денесин көрүштү. Бир жигит кыймылсыз дененижулкулдатып жиберди:
- Борис Петрович, Борис Петрович!
Жооп жок. Баштан агып аппак шейшепкеаккан канды көрүштү, атып кетиптир да.. .
Аз өтпөй райондун прокуратурасынан, милийсасы менен кыгыбысынан, аким-сакимдери менен келип бу жерге батпайкетишти. Өлсө бир сарорус өлгөндүр, чочко кейпинде, анан булар эмнеге ызы-чуутүшөт десең, бир опертоп келсе жетмек да, кайра тирилтип албагандан кийин. Басаопертоптун жетекчиси бир майор жанындагы жолдошуна шыбырап турду: "Энеңдигана урайын, бул чочкого сооп эле болуптур, биттеп кетишпейт да!". Мунуайткан майор намыстуу кыргыз жигиттеринин бири эле, өзүндө мындай бүтүм барболчу: эч качан бу чочкону атып кеткен кыргызды таппайт. Ооба, кыргызды. Кыргызатты деп ишенгени бул орустун ажалы кыргыздан эле да.. . Кыргыздын кылмышкерида, атылганы менен тонолгону да кыргыздан болсун! Көрүнгөн улутка кор болгонужетет эми.
Ошол эле күнү түшкө маал өкмөттүнбир вицеси, генпрокурору, ички иштер министри, коопсуздук кызматынын төрагасытолгон- токой куйруктары менен Кидаевдин өлүгүн көрүүгө келишти. Өлүгүн көрүүгөдегени ошол, бу жерде болуп, иликтөө-изилдөө ишине башкөз болгонсуп, колалдындагыларды айкырта сөккөн болуп көз көрсөтүп койуу да. Миң чамалуу, он миңчамалуу келсе да аткан адам кармалбас!
Ошондон эки күн өтүп Маскөө тараптанда бир короо шимшүүрлөр келди - генпрокуратурадан, милийсасы менен ФСБсы кошо.Кадимки эле Орусиянын алыскы бир районуна келгендей келишти. Бу Кыргызстандеген өз алдынча мамлекет экенин, бул орусиялыктар үчүн Англия менен Япониясыяктуу эле четөлкө болуп саналарын эсептебей эске алгысы келбейт, теңсинбейт. Бу жоон топ шүмшүңдөген шүмшүүр орустар Бишкектеги эң мыкты деген мейманканаданорун алышты, Чолпонатадан да буларга мыкты пансионаттан орун беришти, кааласаБишкекте, кааласа Көл жээгинде болушат. Алардын алдына чет элдик мен дегенмашиналары туура тартылды. Каалаганын минишет. Булардын жетекчи####нпрокуратурасынын полковниги орустан башканын баарын, бөтөнчө азиаттардыжининдей көргөн неме экен, жардамдашып жүргөн кыргыз жигиттерди теңине албайт,кагып- согуп адам катарында санабайт.
Кидаевдин сөөгүн Маскөөгө жөнөтүптынышты. Иликтөө тобу кетелек.
Ал топтун иши жөнүндө, жетекчисинин" ит неме" экендиги жөнүндө Самат бир досунан угуп келген. Мырзабек даукту. Өңгө жерде өз үйүндөй жүрүп көнгөн орустардан Мырзабек да көп капа болгонадамдарды билет, көп уккан. Совет доору болуп турганда орусуң чынчынынакелгенде кыргыздын жонунан кайыш тилип, мал катары көргөнүн, эмдигиче эле ошолмаанайда экенин Мырзабек билет. Бир күнү Мырзабек Самат экөө ушул жөнүндөсүйлөшүп жатып мындай күтүүсүз чечимге келишти - Кидаевди ким өлтүргөнүнкамырдан кыл сууругандай кылмакчы болгон жанагы полковниктин айласын түгөтмөйболушту азга.
Бу полковник ырасында мыктыпрофессионал эле. Бир кемчилиги, же кемчилик эмеспи, ким билди, аялдарга өтөжакын эле, киндиги туташтай, же дагы бир жери.. .
Самат акырын аңдуу салып ошолполковник өздөрү жаткан ресторанда ырдаган, бийлеген орус кызды жактырып калганын,анан күндө түн ортосунан оогон кезде экөө полковниктин номеринен кезигишеринбилди.
Самат бардык тараптан көзөмөл салыпбүгүн ишти бүтүрөм деген күнү полковник саат кечки тогуздар чамасындаресторанга кирип аздан тамак жеп, таза арактан согуп отурду. Кол алдындагыларизилдөөсүн көлдө жүргүзүп, көлгө жакшы түшүп кайра келип атышкан, полковниккааласа күнү барып түшүп келет.
Саат он экиден өтүп калган.Полковниктин кызы жарым саат мурун өзүнө тиешелүү ырларын ырдап бүтүп,бети-башын тазалап. душка шапшынып, кийим которуп полковнигинин жанына келди.Экөө ичип-жеп дагы жарым сааттай отуруп номерге келишти. Кыз чарчаган экен, түзэле төркү бөлмөдөгү кенен керебетке кулады, чечинип-чечинбей. Полковник болсодушка кетти, бир сыйра чайканып келүүгө.. .
Полковник кечигип атты. Кыз биртопкокүтүп, анан чарчаган неменин көзү илинип кетиптир, эртең менен бирөө чачтанжула тартып ойготту.. .
***
Кызды ойготкон полковниктиноперлеринин бири эле. Чачтан катуу тартылган неменин уйкусу умачтай ачылды.Эмне болгонун түшүнбөй жылаңач денесине одеял тартканга эптеп жарады:
- Эй, шлюха, Сергей Петрович кайда?!
Кыз бүрүшүп жанжагын карады:
- Билбейм.
- Ким билет анан?! - Тиги немекыздын бетине алакан басып чалкадан түртүп жиберди да, ванна тарапка басыпэшигин ача берип жүрөгү шуу этти. Сергей Петрович ваннада жатат. Чекеденсыбызгыган кан беттен ылдый агып катый түшкөн. Атып кеткен тура.
Опер түз эле келип кайдан-жайданкишен таап кыздын колуна салып батареяга экинчи жагын бекитти, чала-булабир- эки тээп да алды. Чуркап барып жолдошторун чакырды, коңшу номерден. Жарымсаат өтпөй кыргызыңдын мен деген прокурору менен милийсасы ушул жердекотолоду. . .
Дагы бир орустун өлүгү Маскөөсүнөжол тартты. Өлтүргөндөр шеги жок ың-жың.. .
Өмүр бойу кыргызды кыкча көрбөгөнКидаев Москванын бир жерине койулуп, "жакшы адам болчу" дегенденаздап айтылып, эртеси ошол маркумга жакшы сөз арнаган немелердин эсиненКидаевиң небак чыкты. Кыргызга кырдуу көрүнүп, опсуздана жүргөнү мененМаскөөсүндө кумурска эсебинде экен аның.. .
***
Баягы прокурордун аялымын дегенсулуу кез-кези Мырзабекти үйүнө чакырат, экөө чай ичишет, тамактанышат, азданарактан согот.. . Мырзабек ал аялды жактырып барат, бирок аны айтпайт, колунназик кармабайт, жүзүнөн сүйбөйт. Аял болсо ошону күткөндөй. Бу эркек ойбойунакойбой кычырата кучактап эзип турса.. . Анан имере тартып бети-башынанкалтырбай өпсө, сорсо..
А бирок бу токтоо тарткан карылуу,татына жигит ал жолго барбай турат.. .
Бир күнү ал сулуу Мырзабек отурганкароолканага түз эле кирип келди Аппак шым, аппак футболка кийген. Шымысандарын тырыштырып узун бутун белгилеп көрсөткөндөй, төшүндөгү кош белгидааналанып, ээсинин деми менен кыймылдап.. .
- Саламатсызбы. . .
- Саламат. - Мырзабек бу сулуунункелатканын айнектен көргөн. Сыртка чыгып жолун тосконго үлгүрбөй калган.
- Дагы чакырып келдим, - деди келин.- Дайыма эле мен чакырып, а сиз качан чакырасыз?
Мырзабек эмне айтарын билбей,анүстүнө кароолдо турган жигиттен да ыңгайсыз болуп кетти:
- Жүрүңүзчү.. .
Мырзабек келинди карабай сырткачыкты, келин болсо артынан басты.
- Эмне, мага таарынып калдыңызбы? -деди келин Мырзабекке катарлаша басып.
- Жок. Эмнеге таарынмакмын.
- Мен сизди тоого баралы деп чакырыпкелгем. Быйыл бара элекмин. Бүгүн чыгындым. Анан сиз менен баргым келди.
"А күйөөңүз барбайбы?" депсурабала жаздады Мырзабек, башка сөз айтты:
- Кеттик анда.
- Кеттик, - келин жылмайды.
Келин машинасын зуулдатат экен.Кенедейинен рулду кармап көнгөн Мырзабек келиндин шыктуу шоопур экенин дарооэле байкады. Болгондо да автобазаларда пенсияга чыкканча иштеген шоопурлардайкыймылы.
Барчу тоосуна жарым сааттан аз өтүпэле жетишти. Суу бойлоп өскөн бадал арасынан жер тандап жата калып оонап-оонапалгың келчү көкмайсандан орун алышты. Келин небак эле даярданган экен. Алдыгааппапак көлдөлөңдөр салынды эчкинин. Дасторкон жайылып биринен бири укукталашчу тамактар койулду. Арагы турду койкойуп.
Тоонун салкын жели, чакан дайраныншоокуму, нараакта кол сермесең жетчүдөй аскалар, этектей кеткен карагайлуужылгалар, маңдайында тамак сунуп отурган аппак сулуу, баары-баары Мырзабектиндене- бойун балкытып жиберди. Адегенде көңүлсүз ичкен арагын эми эки ирет жакшыкайталады. Дене нымшыйт, делебе козголот.
- Ырдап берейинби? - Келиндин бусөзүнө:
- Ырдап бериңизчи, - дегенди айтыпбүтө электе анын укмуштуудай үнү Мырзабекти муйутуп таштады. Сөзү кайрыгынажарашкан, анан да жүрөктү мыкчып, эзип-эзип жиберчү үн экен.. . сүйүүнүнарманы, кылым карытып келаткан арманы боздоп жатты. Ага туруштук бералар бекенуккан адам, сезген жүрөк?!.
Келинге маңдайлаш отурган Мырзабекага катарлаша отурду. Колу келиндин белине акырын оролду, ырдап жаткан келиндинобон ыргагы калтырай түшкөндөй болду, жароокер жалынган үнгө окшоп кетти.. .
***
Мырзабек менен Самат бу бандиттинебактан билишет. Азыр анын бандит аты унутта калып урматтуу, кадыр-барктууадамга айланып барат. Элдин атынан сүйлөгөн депутат. Анан калса ар-ар кимгекатталган үч-төрт фирмасы, май куйуучу жайлары бар. Өзү туулуп өскөн жериненкилейген сарай сатып алып, ал жерде үч жүздөй кой, жыйырма чамалуу жылкы,кыркча уй бактырат экен. Айтор, бу депутат-бандиттин байлыгын эсептеп, саресепсалып отуруш оңойго турбайт. Анын колу канга чыланган. Ошол кандуу колу менентоптогон жанагынча дүйнөнү. Айтса, депутаттардын ичинен биринчи болуп чет элдикбанкка акча салган да ушул. Азыр ал дүйнөгө карк болуп, көзүнө ойсоктогонойношунан башка эч ким көрүнбөй, көпкөнчүлүктүн тээ бийик чокусуна чыккандайэле. . .
Бу бандит-депутат Борош, азанчакыргандагы аты - Борончу. Айылындагы тың бүлөнүн жалгыз уулу эле. Атасы өмүрбойу майда актип болуп иштегени менен айыл бойунча эң байлардын бири болчу.Агылып- чачылып мейман чакырчу эмес, жыртык өтүк менен батинке эч качаныргытылбай жамалып-жаскалып кийилчү, аялы жаңы көйнөк кийерден жарым жыл мурун,кийгенден кийин жыл чамасында кызыл кыргын болушчу. "Ай, баягы жылыБишкектен өз колум менен алып келип берген көйнөгүң кайда, ыя?!" - аялыкөйнөккө акча сураганда. "Э кокуй, ал деген жыртылбадыбы ыя, андан бериканча өттү, ошол жылы төрөлгөн тиги Шерботонун уулу катын-балалуу болбодубу?! "- дейт аялы. "А берки чаарала гүлдүү көйнөгүңчү, Бектурсун аял алгандакийгизген? !".
"Ай жакшылык көрбөгөн каапыр, -дейт аялы туталана, - андан бери канча жыл өттү, Бектурсундун ошол биринчиаялынан туулган кызы быйыл туура үч күйөөдөн чыкпадыбы" . Ошентипабышкасына аргумент калтырбаган аялы айда-жылда бир көйнөк алдырып тынат. Алкөйнөгү жыл чамалуу чыр башы, эриктирбейт экөөнү, кошуналарды да.
Ушундай бүлөдө Борош жалгыз туулду.Атасы жалгыз уулун көңүлүндө көп эркелеткени менен, обу жок чалчактатып ашыкнерсе сатып бербейт. А турсун мектебине керектүүлөрдү да ичинен кан өтүп жатыпалперет. Бул ата эки күндүн биринде же болбосо күндө эле мектепте. Себеп бу -Борош төрөлгөндө эптеп эки кил төрөлүп ошол бойдон арык. Балдардын баарынантаяк жейт. Үйүнө ыйлап кирет. Көчөдө жөн келет да дарбазадан кире берипаркыратат. Үнү да жаман. Анан атасы же ошол күнү, же эртеси адегенде мектепке,анан урган баланын үйүнө барат. Чаңын чыгара салат чатакты. Кийин Бороштунденсоолугу оңоло баштады. Тогузунчу класска келгенде мектеп бойунча эң олбурлуубала болуп, мурунку тайак жеген балдардан өч ала берип хулиган да болуп кетти...
Мектебин айактаганда атасы түз элезоотехниктин окуусуна отургузуп койду. Дале болсо атасы ал окууну беш жыл"окуду" , экзаменине да, зачетуна да кошо чуркап.
Зоотехниктин атын алган Борош алиште бир күн да иштеген жок. Атасы акчасын ашкере чачып, аны шаардынрайкомдорунун бирине ишке орноштурду. Битин сыгып канын жалачу атасы баласынынокуусунан да, кызматынан да акча аяган жок. Ага өзү да, уулу да аябай таң калыпжүрүштү.
Аз өтпөй кайра куруу дегени, агаудаа эгемендик деген эмеси келип райкому куулуп, кубулуп акимиатка айланды.Борош пайдалуу орунга жетип, жегенди атасынан алты эсе ашык үйрөндү. Шаардагыжерлерди бөлүштүрөт, үй салчу, кафе, ресторан сыяктуу түрдүү жайларды салчу.Бороштун жүрөгү тоо экен, параны ченемсиз алды. Бат эле бул акчаларды эмнекылсам деген маселе баш оорутуп турду. Ошондо, азыркы фирмаларынын, май куйуучужайларынын пайдубалы түптөлгөн эле.
Дал ошондой убакта рэкеттер жамыраппайда болуп жер-жерлерди бөлүшүп жаткан убагы эле. Андайлардын алды Борошкокелгенде баланча күнү келгиле деп алдап, ошол баланча күнү келгенде аларды,экөөнү чочубай эле өлтүртүп, сөөктөрүн шаардан беш-алты чакырымдай жердеги суусактагычка чөктүрүп жиберди. Ошондо канга булганган үч жигити кийин анынбандасынын өзөгүн түздү.
Адегенде рэкеттерден коргонуу үчүнтүзүлгөн тобу кийин өздөрү рэкетчиликке өтүп кетишти. Акчага кызыкпаган жан барбекен. Борош, бир ирет жигиттерин дагы бир май куйуучу жайга жумшап, аларданайына акча өндүрө баштаган. Аз өтпөй Бороштун жигиттерине төлөп турчу ондогонбизнесмендер пайда болду. Ошентип жүрүп Борош шаардагы эң ири банда-топтунатасы болду. Бандадагы тартип аябагандай күчтүү эле. Башкаларга үлгү болсун үчүнБорош бир болбогон күнөөсү үчүн бир жигитин баарынын көзүнчө атып салганданкийин андан аябай коркушчу. Бандадагы жигиттерди бири-бири менен достоштурбайортолорунда көралбастыкты улам-улам тутантып турчу. Бүгүн бир жигитин өзүнөжакындатса, эртең анын ордун экинчи жигити ээлечү.. . Бороштун түздөн-түзбуйругу менен баягы экөөнөн кийин дагы үчөө өлүм тапкан. Бирок Борош тазабойдон. Үч жигити соттолгондо да Бороштун аты далдоодо калды.
Кийин коррупционерлердин, бандиттердин көбү депутаттыкка көрсөтүлүп жатканда чыгаан "бизнесмен" катары Борош да өзүн көрсөтүп, шайланып тынды. Акырындап бандиттиги унутулуп,бизнесмен- депутаттыгы көрүнүп турду.
Мырзабек да, Самат да бу Бороштунбир айбандык, мыкаачылык ишин билишет эле. Экөө тең бу борборго келелек милийсаболуп иштеп жүргөндө министрликтеги кесиптештеринен угушкан.. .
Борош зөөкүрлүгүн эркектерге гана эмес, аялдарга да жасачу.. #өлүм
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6
,конокторго нааразы болуп