16- БӨЛҮМҮ...
Мындан ары окуя өтө тез уланды,биртоп бандиттердин баштары кетти. Алардын көбү кыргыз эмес эле.
Авторитет жигит эми чечендертараптан сокку болорун күттү. Эпадам алар "канга кан" дебей тынчысаэчнерсе кылбайт, ал эми өч алабыз деп чыгышса анда алардын биртобун тынчытыпэкинчи бул жерде тынч жүргөндөй кылат.. .
Үч чечендин өлүгү сарайдантабылгандан кийин авторитет борбордон 60-70 чакырым жердеги бир дос жигитининэнесине топурак салып келаткан. Алдындагы "Мерседеси" орто ылдамдыктакелатат. Авторитет арткы орунда отуруп жол жээгин карайт, ойго батат.Кашкарайып калган убак, машинанын жарыгы күйгүзүлгөн. Бир маалда аларды бир БМВкууп өтө берип жолун торой жол жээгине кысты да андан автоматтын огу жаапкирди. Авторитет жата калды, шопуру машина токтоп баратканда окко учту, анынжанындагы жигити ок биринчи атылганда эле жан бериптир. Машина жолдон чыгыпбадалдарды аралай барып токтоду. Авторитет эшикти ачып сыртка чыгып, бадалдардыаралады. БМВдан эки автоматчан чуркай түшүп, "Мерседести" дагы бирсыйра чайкап анан баары өлдүбү дегендей текшерип көрүштү. Авторитет жок ичинде.Дал кереги жогуна жинденген экөө наркы-терки чуркап бадал аралатып чайкапжүрүшөт.
Авторитет анча алыс эмес жердеги топболуп өскөн бадалдын ортосунда эле. Автоматчандын бири түз эле аны көздөйбасты. Аралык он метрдей эле калган. Дал ошондо Авторитет тигини дал көкүрөккөмээлеп тапанчасы менен басып-басып алды эле, оңкосунан сайылды, октун бири далжүрөккө тийип мүрт кеткен. БМВда бешөө экен. Эми калган төртөө тапанчанын огучыккан жакка чуркашты. Авторитет бадалдарды аралап тереңдеп кетпей, жолдужээктей чуркады. Издегендер болсо шеригинин өлүк денесин көрүп бадалдардыаралай издеп жүрүштү, кезек-кезек атып койуп.. .
Авторитет бир өлүмдөн калды. Жанагыжерден бир чакырымдай узагандан кийин сотовыйын алып дароо оң колуна чалып иштикыскача түшүндүрүп буйругун берди. Ошондон кырк мүнөт өткөндөн кийин алжигиттери менен "Мерседеси" атылган жерде турду.. .
Авторитет эки жигитин жайга тапшыруунукүтүп отурган жок, ошол эле түнү чечендер менен орустардан турган бир чоңтоптун анабашын төрт-беш жигити менен тынчытты. Калган ончакты орус, чеченКазакстанды көздөй качып кутулду окшойт.. .
Чечен тобу жок кылынып, алардын өчүналчулар өздөрү араң кутулуп Мырзабектер аман-соо калышты. Бир-эки иреттергөөчүнүн сурагы болбосо.. .
***
Мырзабек аялынан айрылганына үчжылга чукулдап барат. Аял алуу азырынча ойуна келелек. А турсун айалга жолойэлек. Кырктын жоон ортосуна эми чыккан эркектер аялсыз кайдан жүрсүн,дени- карды соо туруп.
Мырзабекке аялынын өлүмү өтө катуутийген эле, анүстүнө анын өлүмүнө түздөн-түз өзү күнөөлүү да. Аялынын кайгысыбашы менен кетчү иш болуп калды да көрүнөт.. .
Кыштын ызгаары баралына келиптүкүрүк жерге жетпей тоңуп турган кез эле. Бул убакта машиналар дээрлик эки эсеаз койулат. Айыл-ападан машина менен каттабай калышат го кебетеси.. .
Бул жерге бир жылдан бери машинакойчу келин бар. Бир күнү ошол кароолканага баш багып өтүнүп калды:
- Машинанын эшиги ачылбай жатат, жардамберсеңиздер.
Мырзабек төркү үйдөн жаңы элечыккан:
- Жүрүңүз, - деди берки эки жигиттинордуна, - замогуңуз тоңуп калган го.
- Ошондой го, - деди келин.
Экөө анын машинасына келип Мырзабеккелиндин колунан ачкычты алып кийип турган пальтосун санына жабыштыра берипачкычты сүртө берди. Мүнөтчө ошентти окшойт. Анан эшикке салып бурады эле эшикшарт ачылып кетти.
- Рахмат, сизге, - деди келинжароокер жылмайып, акын Анатай айтмакчы "бир бетин өпсө, бир бетикалчу" периште экен. Мырзабектин аны жакындан көрүшү ушул.
***
- Өзүңүз ачсаңыз деле ачылмак, -деди Мырзабек.
- Эмеле ачалбай койбодумбу.
- А сиз пальтоңузга сүрүп ачышыңызкерек болчу, - деп күлдү Мырзабек.
- Мындан ары эсимде болот. - Аял дажылмайды. -А сиздин аялыңыз барбы?
Мырзабек мындай суроону эч күткөнэмес. Жок, чээнден чыккан жаман деле суроо эмес, бирок ким ойлоптур ушинтипсурайт деп.
- Каза болуп калган, - деди Мырзабекэмелеги күлкүнүн изи сыдыргандай жок. - Каза болуп калбадыбы. - Муну келингеэмес, өзүнө айткандай болду.
Келин ыңгайсыздана кетти. Мырзабектинебактан жактырып ана-мына таанышам деп жүргөн. Бүгүн батынды. Аялынын казаболгонун кайдан билди. "Аялым бар" десе, мени менен турупсүйлөшкөндөн коркпойсузбу деп тамашаламак да.
Келин сөздү эмне деп улантардыбилбей турду эле, Мырзабек:
- Сиздин күйөөңүз барбы? - деди.
- Бар.. . Эгерде ал мени сиз менентурганымды көрсө, түз эле атып таштайт.
- Мылтыгы барбы, күйөөңүздүн?
☞ 7-бөлүм >>>
- Мылтыгы да, тапанчасы да бар.
- Бандитпи?
- Жок. Бандиттердин сазайын берет,прокурор.
- А мен эски милийсамын, - депжиберди Мырзабек байкоостон эле.
- А, анда сизде да мылтык менентапанча бар турбайбы, - деди келин күлүп.
- Жок. Алыбалышкан.
- Көрүшкөнчө, - деди келин.
- Көрүшкөнчө, - деди Мырзабек.
***
Бир күнү келин Мырзабекке дагыкайрылды күлүп:
- Эшигимди ачып бериңизчи?
- Эмне, дагы тоңуп калыппы?
- Машинаныкын эмес, үйдүкүн, - дедикелин дагы күлүп, -сиз гана ача аласыз, башка бир дагы киши ачалбайт.
Мырзабек келиндин сөзүн терең түшүнөалбай, тамашасы кай жерден башталып кай жерден бүтөрдү билбей кызык болуп туратэле келин кебин дааналады:
- Сизди үйгө чакырып келдим. Бирчыны чайга. Барасызбы?
- Барам.
- Жүрүңүз анда.
- Азыр элеби?
- Азыр эле.
Мырзабектин айласы кете түштү.Ушинтип эле карп-күрп бирөөнүкүнө, болгондо да чала тааныш келиндикине меймангадеп кирип барабы? Ооба, келинди алгач көргөндөн эле жылуу жүзүн ойлоп койгон.Андан ары тереңдете ойлогон эмес. Өгүнү машинасынын эшигин ачып бергенден кийинбул келинди көп эстейт. Ачык-айрым, жайдары мүнөзү, кериле басканы, узунунанкелген келишимдүү мүчөсү Мырзабекти өзүнө имерип бараткандай болот. Бүгүн эртеңменен атайын эле сыртка чыгып келинди көрүп ыгына жараша сүйлөшмөк. Анан келинкезигери менен үйүнө чакырарын дегеле ойлобоптур.
Кызык болуп кетибаратат келишкенкелин менен. "Күйөөм прокурор, кызганып атып салышы мүмкүн" дептамашалабады беле.. .
Экөө батэле беш этаж кирпич үйлөрдүнбирине кирип, экинчи этажга көтөрүлүштү.
- Мына, ачып бериңизчи, - келинМырзабекке ачкыч сунду.
Ал ачкычты алып эшикти ачты, анданкийин темир тор экен, аны ачты, башка ачкычы менен. Үйгө киришти. Мырзабекадегенде келиндин пальтосун чечип илди, анан өзү чечинди. Төркү үйгө өтүштү.Бул типтеги үйлөрдө мындай чоң бөлмө болбош керек эле. Эки бөлмөнү кошконөңдөнөт, кенендигин айтпа. Мырзабек көрсөтүлгөн килейген диванга отурду. Келин"Мен азыр" деп ашканага кетти көрүнөт.
Мырзабек бөлмөгө көз чаптырат.Балакет баскырдыкы мындай дүнүйөсүбү же жасалгасыбы, ким көрүптүр. Кинодонкөргөнүң го бир жөн. Кооз шкафтар, килейген кумаралар, вазалар, килейгентелевизор жана башка толгон музыкалык аппараттар, картиналар, баары элежылтылдайт, жерге салынган килемдин ажайып кооздугун айт, опера театрдынлюстрасындай болгон люстрасын айт. Стулдар падышанын тагындай кайкайат. Эсептепбүткүс көроокат. Күйөөсү чын эле прокурор болсо кылмышкердин канын кактабайсоргон экен, күнөөсүн жеңилдетип. . .
***
Мырзабектин келин менен болгонокуясын койо туруп бир орус жөнүндө сөз улайлы, анткени бу келин менен ошолкөпкөн орустун байланышы бар эле да.. . Бу - Борис Петрович Кидаев дегенэңгезердей сары орус бүтүндөй кыргызыңды бучкагына теңебей оголе жашкы көптү.Жаратылышынан өтө куу, митаам жаралган неме улам бой тарткан сайын ошол куулугуменен митаамдыгы ашынды, анан калса бу кыргыз дегениңди канчатебелеп- тепселесең да мыңк этпей жүрө берчү макулук катары көрдү, аларды адамкатарына санабады. Антпейт эле, кыргыз өзү ошенттирди окемдерди мойнунамингизип анан төбөсүнө чыгарып алат эмеспи.
Бу чочко сындуу Борис кыргыздынтөбөсүнө кааласа футбол ойнойт, кааласа сулууларды жарым жылаңач кылып конкурсөткөзөт, кааласа тутам-тутам акчаны дал ошол төбөгө төгүп туруп өрттөп жиберет.Эрке орус каалаган кызматын алып турду. Бүтүндөй бир мамлекеттин көзгө басарборборун кыргызда бычакка сап бирөө калбагандай ушул сары оруска башкартыпотуруп беришпедиби. Дал мына ушул жерде бу кудай урган неме акчаны жанына жакшысолоду, кең мекендүү Орусиясына жөнөтүп турду, дагы далай акчаны каалаганындайчачты. Каны тарткан каапырың далай орустун чөнтөгүн арам акчага толтурду.Борбор шаарды каалагандай бийлеп, падышаны эмес кудайды тоготпой бараткан буорусту дайым жасап койуп аттиң дечү кыргыздар катуу кеңешип, коркуп-үркүп жатыпөкмөткө чектешти, көтөрүлдүң кылып. Ал орусуңдун көпкөнүндө чек жок шапар тепчүойунзоокторду ченемсиз уюштуруп, ачка борбордогу кыргызды шылдыңдап турду, алойунзоокторго миллиондорду чачып. Ай ушу кыргызың, кудай бардыр.. . Канчаорусту төбөсүнө чыгарып ойнотподу дейсиң! Аларың ойноп ойуну кангандан кийинкыргыздын эсебинен орус жерине кабат-кабат үйүн салып, банктарга акчасынаманаттатып анан "бу энеңдурайын кыргызыңдын намысы бир күнү ойноп кетсе,соо калбасмын" деп биринин көтүнөн бири Маскөөсүн көздөй жылып турду, ырыс-кешигибиздиэңшерип кетишпедиби а айбандар. А балким алар туура кылып жатат, деле ушукыргызга сооп, айоо жок!
Бу көпкөн Борис шаардын мыктыжерлерин кимиси акчаны көп берсе ошого сатты. Укмуштуудай имараттарды, ишканаларды, дүкөн-мүкөндөрдү менчиктештирүүдөн миллиондорго марыды.Менчиктештирүү убактысынча "кан буугандай токтосун" деп бир иретпрезидент буйрук берди эле, Бокең уруп ойногон жок а буйрукту. Каалаган адамынаменчигине бергенди улантып турду.. .
Бир күнү өз эсебине түшүп Орусиямеен дагы бир катар чет элдин банктарына ишенимдүү орун алган акчаларын эсептепкөрсө бу ал үчүн кыкка турбаган кыргыз мамлекетиңдин жылдык бюджетиненалда- канча ашык экен. Ушул жетер деди. "Бу энеңдурайын койлордун арасынанбир кочкору чыгып көчүгүмдү чукубасын" деп алеки саатта Маскөөгө кетеберди. Ал жакка американын акчасынан миллиондоп берип койгон экен, түз элебарып эңгезердей кызматка отуруп калды кез-кези ал үчүн абореген эсебиндегикыргызыңды эскерип койуп, бул жакта калган куйруктары телефон чалса сөздөрүнугуп койуп, алар өтүнгөн иштерди Маскөөдө жатып эле бүтүрүп койуп жашоосунулайт.
Бир ирет ал кетелекте кайсы бирбанкетте өлкөнүн генпрокурору Кидаевди тамашалап калды: "Ия, БорисПетрович, ээнбаш гезиттер, генпрокурор Боряга качан кайырмак илет" депжаза баштады, эмне деп тамтаңдап атышат, ыя? Сени балык деңгээлине түшүргөндөрүэмнеси? Кит десе го бир жөн, анан.. . " Борисиңе ушул азыр генпрокурорэмес президент Манастын арбагын эмес, өзүн ээрчитип келсе да тоотмок эмес,жообу даяр экен, айтты: "Мырза генеральный, мен официалдуу эле айтыпкойойунчу мени чабак десеңер тор жайгыла же кайырмак салгыла, кит дечүңөргарпун менен атып алгыла, албетте, колуңардан келсе дечи.. . " Муну уккангенпрокурор чыртыйды: "Колдон келчү иш, ырасында" . Борис "Мырзагенеральный, эмдиги жумада орус президенти келеринен кабарың барбы?" дедиэле генпрокурор "ии" деп сөз күттү. "Аны билсең, - деди Кидаевсөз улап, улаганда да мылтыңдагандай мыйыгынан күлүп турбайбы, - а кишикайырмак салбай эле бир жутуп койсо не дедиң?!" . Кидаев генпрокурордукөчүккө жукканча көрбөй кайкайа басып кетти. Генпрокурор мунун тоотпогонкебетесин көрүп жиндене баштаган "не дедиңине" "энеңдин көтүдедим" деп аз жерден айтып сала жаздагандай болду. Өзү да чочуп кетти.Бирок бу генпрокурор эч качан антип айтмак эмес, көчүгү кууш төрөлгөн көпкыргыздын бири болчу. Өзүнөн чоңдорго бел ийгенди мыкты билчү. Азыр болсо ичтеойногон коньяк кудайдан коркпой көөп турган Боряга тийиштирип атпайбы. Жаманойунда ал оруска "мен баарын билем, бирок сага жамандыгым жок, кийин ошонубиле жүрсөң" маанисинде баштаган да тамашасын. Анысы оңдуу болбойкалбадыбы.
***
Мырзабектин автожайына ар дайыммашина койуп жүрчү бир Токтаалы деген ак чач адам бар эле. Өзү жетимиштен өтсөда баласындай болгон немелерди да "сиз" деп сүйлөгөн кебездей жумшакадам. Өмүр бойу Акүйдө иштептир. Азыр Акүй, а мурун болсо ЦК дечү, СССР убагынайтабыз. Ошентип Токо байке пенсияга чыкканча да, чыккандан кийин да бир топжыл Акүйдө кагаз менен иштеп өкмөт башкарып жүргөндөрдүн бүт бардыгынын басканжолун, кылык-жоруктарын, мүнөзүн, адамдык, айбандык сапаттарын мыкты билчү.
Бир ирет Токо байке Мырзабек мененжакын жердеги кафеден пиво ичип отуруп, ошол Акүйдөгү тири шумдук окуялардыайтып отурду. Мырзабек деле көптү уккан, бирок Токо байкече кайдан билсин! Анынайткандары укмуштуу жомок сындуу - коркунучтуу да, кызыктуу да угулду. Кез-кезименен орундуу суроо берип койуп жакшы укту Мырзабек. Ошондо Токо байке Кидаевжөнүндө, анын кылыктары жөнүндө уккан адамдын кыжырын келтирип жинди кылыпташтачу маанайга жеткире айтканда Мырзабек кыргыз болгону үчүн намыстана дакетти. Ошол Кидаев жакын жерде болсо кууп жетип баса калып жантаслим кылыпсалгысы бар.. .
Ошол күндөн Мырзабек Кидаевди көпойлочу болду. Саматка да айткан. Анан экөө бир чечимге келишти - бүтүндөй бир элдитеңине албай шылдын кылганы аз келгенсип, миллиондогон акчаларын да уурдаганнемени дагы да шапар тээп жашоого акысы жок - өлүм барышы керек ага тез арада.
Бир күнү Мырзабек телевизордонжаңылыктарды көрүп жатып баягы Кидаев Бишкекке келгенин, келгенде да Москванынатынан келип Көлдөн ылайыктуу жер тандап ал жерге пансионат саларын укту. Анытегеректеген өзүбүздүн чоңдор бөйтөктөйт тим эле, илгерки француз королдорунунмаскарапоздоруна окшоп турбайбы. Бул кабарда айтылды - Кидаев Көлдө эки-үч күнэс алып анан кетет экен. Дал ушул жерден тынчытыш керек көпкөн өмүрдү.
Самат экөө ал операцияны кылдатпландаштырып көрүштү. Самат бир күнгө Чолпонатага да барып келди. Өлүмдү ишкеашыруу азырынча болбойт деген чечимге келишти. Анткени өмүрү коркунучта экенинсезген сымал аны Маскөөсүнөн коштой келген эки жигити көз ирмем жалгызкалтырбай кайтарганы аз келгенсип кошомат кыргызың дагы үч-төртөөнү кайтартыпжатпайбы. Анын үстүнө эки күндөн кийин кетет.
Кидаевдин өлүмү Маскөөсүнүн өзүнөнишке ашса оңойураак болчудай көрүнөт.
Мырзабек менен Самат көпкө кеңешипМосквага Самат бармай болуп, үч-төрт күндө учмак болуп жатканда "КидаевЫсыккөлгө эс алууга келди" деген кабарды угушту. Эми ушул мүмкүнчүлүктөнпайдаланып Кидаевди Маскөөсүнө сөөгүн алпарууга шарт түзүш керек.
Кидаев эс алганы келгенден эки күнөткөндөн кийин Мырзабек стоянканын кожойунунан төрт күнгө Көлгө түшүп келүүгөсуранып жөнөп калды. Ал жакка барып Чолпонатадагы бир пансионаттан орун алыпбайкоосун жүргүздү. Кидаев өкмөткө караштуу пансионаттардын биринде эс алатэкен. Өзү эле келиптир, үй бүлөсүз. Анан белгилүү да бул жерден орус, еврейанан кыпкыргыз достору түсү тайгылтчу кыздардан төрт-бешөөнү тандап койушканнебак. Үч-төрт улуттан бар, кыргыз сулуусун кошкондо.
Кидаев эки күндөй эч ким менен сүйлөшпөйкөлгө түшкөн болот. Төртүнчү күнү гана даярдалган кыздан бирди алдырды.Кайтарган эки жигити артынан калбайт. Сырткы үйдө жатышат. Бу күнү Кидаевжигиттерин башка бөлмөгө айдады. Жанында эрмеги болсо уят да бир.. .
Мырзабек бу кайтарылчу пансионаткапляж жагындагы сетка тордон үч күн бойу ашып түшүп, Кидаевдин кай жердежатканын, көлгө кай убакта түшүп, кай убакта эс аларын, баарын-баарын шашпайкөрдү, сарэсеп салды.
Төртүнчү күнү Кидаев кыргыздын бирсулуусун койнуна алган күнү үчүнчү этаждагы узун балконго чыкты Мырзабек.Балкондон балконго бат эле чыкчудай салынган экен да бул имарат. Саат төрткө азкалган. Аз өтсө таңдын белгиси келет. Бул убакта элдин баары кызуу уйкуда.. .
Мырзабек ысылап ачылып койулганбалкондун эшигинен бөлмөгө кирди, мышык басыш. Оңбогон орусуң мына мен булжерде жатам дегендей коңуругун бөлмөнү урата тургандай тартыбатат. Анынкоңуругун уруп ойнобой бир сулуу бутун бу оруска арта салып уктап жатат. Айжарык эле, баары даана көрүнөт, кудай ургандар дырдай жылаңач эле.
Мырзабек чалкадан түшкөн орусту далчекеге бир эле басты. Глушителден үн көп чыкпайт. Бутун оруска арта салып өзүчалкадан түшүп, башы тескери бурулган кыз тапанчанын үнүн сезген да жок.
Мырзабек келген жолуна түштү.. .#өлүм
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2