15- БӨЛҮМҮ...
Бир ирет төрт чечендин экөө биркафеде шашпай тамак ичип, анан пиво ууртап олтурат эле, аларга жанаша бошстолго бир жигит менен кыз келип олтуруп тамакка заказ беришти. Эки чечендинулуурагы жаңы эле олтурган кызды теше тиктей калып ага болгон кумары ашып-ташыпкеткендей болду. Бу көпкөн неме "ал бирөөнүн сүйгөнү экен, жаш экен,бактысына балта чаппайын" деген ойдон кайдан ойломок. Бу азыр отузга чыгыпкалган неме он сегиз жашынан колуна курал алып орус менен согушкан, далайсолдаттын каны мойнунда. Эми бу жерге келип кыргыздын канына кана турган ойубар, ал иш башталган эмеспи. Бу Ваха деген чеченде айоо деген да, уялуу,тартынуу деген да сезимдери жок эле. Өлүм дал маңдайынан чыкканда гана кайратартпаса беттегенин бербегендерден эле. Ваха шериктери менен Бишкектеги же агажакын башка жердегиби аялзатты бир көрүп жактырып калдыбы, ал ким экенинекарабай зордуктап тынчу.. . Бүтүндөй "жалпыүйдү" жайлап койо таштадыбу төрт чечен.. .
Ошентип Ваха сурун сугунупжиберчүдөй сулуу кыздан көңүл албайт. Аны байкаган жанындагы жигит айтты:
- Жактыбы?
- Ананчы.
- Азыр элеби?
- Койо тур. Тамактарын шашпайичишсин. Эмкисин качан ичерин ким билет.. .
Ушундай көпкүлөңкү сөз. Ваханынжигитинин айтканын кара - "азыр элеби" дегени азыр эле сүйрөп алыпкетелиби дегени кыздын жанындагы жигит да, кафеде отурган жыйырмадан ашуунаял-эркек буларга кеп эмес. Аны кой, кафенин босого тарабында эки милийсатамактанып жатат, аларды тоотуп койбойт.
Жарым саатча убакыт өттү. Кыз-жигитшашпай тамактанып чайдан ичишти. Анан экөө орундарынан туруп жетелеше сырткачыкты. Эки чечен алардын артында. Кыз-жигит кафеге жанаша жайгашкан парктыкөздөй шашпай басты да, бир топ тереңдеп барышып ээнирээк өңдөнгөн орундуккаотурушту. А тегеректе эч ким көрүнбөйт.
Эки чечен кыз-жигиттин эки тарабынааларды кыса олтурушту.
Жаш жигит булардын кылыгына чыдабайкетти:
- Бу эмне кылганыңыздар? !
Ваханын жигити жооп айтпастанүлбүрөгөн кыргызды жакадан алып өзүнө күч менен тарта тушмукка сүзүп калды.Тумшукка баш менен жеген жигит ошол эле жерден шылк этти, эси ооду. Ваха болсомуш жебей эле эси оогон кызды капшыра-качырата кучактап бакты аралай басты. Кызчаңырды. Ваха кызды жерге жыгып алып кыз экенине, назиктигине карабай беттенары бирди берди эле, кыз тынчыды. Айбан ишин жасады.. .
Кыздын жигити эсине келип ордунанатып турмакчы болду эле Ваханын шериги аны бир эле шилтеп тынчытып бычагы мененичке бышты. Жигит тынчыды. Чечендер кетти шашпай, кыз далайда эсине келип кансуудай агып сулк жаткан жигитин көрүп ачуу чаңырды.
Бу төрт чечен мындай иштердиндалайын жасап куралдуу кол салуулары андан көп болуп, чээнден аябай чыккандагана биздин милийса ишке киришти. Аларды кармап кылмыш тарыхынын толгонэпизоддорун мойунга койуп сотко ашырышты эле, абийирден акчаны жогору койупнебак көнүп бүткөн сот күнөөсүн күч менен мойунга алдырыптыр деп алты жылданараң кести. Бери дегенде өлүм жазасын бериш керек эле.
Бул бүт кыргыздын канын кайнатканишти Мырзабек менен Самат да уккан. Анда экөө тең милийсада иштечү да. Ал төртчечендин айбандыгы жөнүндө жергиликтүү кримдүйнөнүн лидери да угуп, кыргыздыкнамысы козголуп, төртөөнү тең өлүм жазасына буйурган. Бирок алар үлгүрбөйкалышкан, милийсанын колуна түшүп кутулду да чечендер.
***
Эми ошол төрт чечен алты жылдыкмөөнөтүн эки жылдан бир аз ашыра өтөп бошоп чыгыбатпайбы. Ага себеп ортодоөлчөөсүз акча ойноп кетти.
Бул төрт чечен кадимкидей эле ээнбашиштерин жасаганга өттү. Бул тууралуу милийса да, кримдүйнө да кабардар эле. Бултөрт чеченди кор кылбайбыз деп бу жерде түптөнүп калган чечендердин кримтопторуда аларды колдомой болду. Алардын түбүнө жетебиз деп сөз бергенбиз депкыргыздын кримкыраандары аракетин баштады, милийсасы да жөн жаткан жок.
Төрт чечен түрмөдөн чыккандан үч күнөткөндө алар соттолгондо коркпой күбөгө өткөн бир кафенин ээси отуздан эмиөткөн кыргыз жигит дал өзүнүн кафесиндеги чакан бөлмө-кабинетинде мууздалды.Ошол күндүн эртеси дагы бир күбө - май куйуучу жайдын ээси элүүлөргө чыгыпнеберелүү болуп өзүн бактылуумун деп сезе жашап жүргөн киши ошол май куйуучужайдын жанынан ок жеди дал башка. Бул окуя элдин баары түштөнүп жаткан маалдаболду. Эки өлүм окуясында тең кенедей илинчек калган жок дасыккан оперлерге,бул эки өлүмдү чечендер өтө дыкат пландаштырып жасашты.
Ошондон эки күн өткөндө Мырзабек азжерден ошол чечендердин колунан өлбөй калды. Дүйнөнүн тардыгын кара - мурун тээалыс жерде өзү таптакыр көрбөчүдөй болгон ал шүмшүктөр бетмебет келгенин.
Мырзабек башында турган жайга не биртүркүн адамдар машина койот: аялы бар, эркеги бар, жакшысы бар сылыксыпаа, айбаны бар кепке келбей керейген. Үч-төрт күндөн бери кавказдыктар кочкул жашыптүстөгү "Ауди" машинасын койушат. Жапжаңы, азыр эле заводдундарбазасынан айдап чыккандан көзтайгылта жалтылдайт. Бир күнү эртең менен ошол"Аудини" койуп жүргөндөрдүн бири Мырзабектин түн күзөткөнжигиттеринин бирин чакырып:
- Эй сука, момуну ким жасады, - депмашинасынын алдыңкы эшик тарабын көрсөтүп жакындай келген жигитти табарсыкталаштыра бир тепти. Тиги бир бакырып алып бут таамай тийген жерин мыкчый бүктүштү. Мырзабек наркы-терки басып турат эле, жигитине чуркай жетип өйдө тургузакалды. Тиги кавказың көрсө чечен экен, болгондо да Ваханын оң колу жигити экеннакта баш кесер.
Мырзабек ага:
- Эй бу эмне кылганың ыя?! - деп эмнедеп тилдээрдин ыгып таппай буйдала калды эле тиги:
- Ии, сага да керекпи, сука?! - депМырзабекти качырып тепмекчи болду эле. Андайдын неченинен оңой эле буйтапкетүүгө жарамдуу Мырзабек буйтай берип:
- Эй, койо турчу, эмне болду? - депмуш менен же бут менен жооп кайтарбады.
Чечен Мырзабекти берки жигиттитепкендей тебе албай калганына ашып-ташып:
- Эмне болду дейт, энеңдин көтүболду! - деп эми бир ирет качырды.
Ана эмесе, эр болсоң Мырзабектитоктотуп, шилтенген буту асмандан берип дал чечендин ээгинен токтоду.Кадимкидей "карс" деген үн чыгып чечениң оңкосунан сайылды. Ачуугаалдырган Мырзабек эми бир тепти, бу жолу жерге тийген башынын жаагы талкаланыпкетти.
Ошол жерде машинасына келгендердинончактысы чогула калды, тегеректе жүргөндөр да чогулду. Ошондо олбурлуу бир жашжигит Мырзабекти мындай чакырып акырын сурады:
- Тигини кимиңер торойттуңар?
- Мен, - деди Мырзабек камырабай.
- Эмнеге?
- Жөндөнжөн эле биздин бир кароолчужигитти табарсыкка тээп салыбатпайбы.
- Туура кылгансыз, - деди тиги жигитыраазы боло, -бирок эми аябай сак болуңуз. Жок дегенде бир-эки күн болуңуз.
- Эмнеге?
- Ал көп сөз. Бул Ваха деген бандитчечендин оң колу болот. Сизди тирүү койбойт, сак болбосоңуз.
Ошону менен Мырзабек тереңдеп сурабады,тиги жигит да сөз улабады, кете берди…
***
Жаагы талкаланган жигит биртоптоэсине келип теңселе басып машинасын ачты да ичинен тапанча алып чыгып кароолүйдүн жанында турган Мырзабектерди көздөй басты:
- Суки, баарыңды кырам, баранкыргыздар, баарыңарды кырабыз!
Жанкечти неме экен топту мээлейбир-эки ирет атып да алды. Дал ошол учурда кайдан-жайдан пайда болду көзгөилинбей калды, жанагы Мырзабекке эскерткен олбурлуу жигит чечендин артынанжетип колго чапты. Жыгылган немени бети-башын ажыратпай тээп-тээп алып нарааккаыргыган тапанчаны алып ок салгычын чыгарып алып тапанчаны кайра таштады. Ананжаткан немени эми бир кабелтең тээп ылдамдай басып кете берди. Наркы көчөдөтурган боз түстөгү "Жигулиге" түшүп кеткенин көрдү Мырзабек.
Ким чалганы белгисиз аз өтпөймилийсадан опер топ келип бир саат чамасында окуя болгон жерди көрүп, күбөлөрдүсурап, алар чакырткан "тез жардамга" көргүлүктү көргөн чеченди бирмилийсаны кошо салып жөнөтүп кете беришти.. .
Ооруканага жеткирилген чечен кимэкени билингенден кийин аны бир эмес төрт милийса кайтарууга алды. Алар жөнөкөйжигиттерден эмес эле, атайын даярдыгы бар, бири бешөөнө каршылык көрсөтө алчуөлөрман жигиттерден эле.
Машинага кеткен жигити кечиккениненартынан дагы бир жигитин жөнөтүп, болгон окуянын четбучкагын угуп, бир эселекорус баланын "кыргыздар чеченди жайлады" кошо угуп түз эле ооруканагакелишти, байагы чыр башы болуп берген "Ауди" менен. Келишти дакирүүгө мүмкүндүк алалбай эле кутурган немелер куралдуу кол сала албай бирсааттай наркы-терки жүрүшүп анан кетип калышты.
Үч чечен башка чечен тобунунубашчысына байланашып болгон ишти түшүндүрүп, жардам сурашты. Алардан бат элекелген дагы төртөө болуп машине койчу жайга - Мырзабектерге келишти.Машиналарын көчө бойуна токтотуп баары жерге түшүп байкоо салышты. Ваханын жиникайнаган ойунда бу жерде иштегендердин баарын жайлап кетмек. Кароолчулар турчуүйдүн жанында беш-алты, анын сол жагындагы ончакты метр алысыраактагы килейгенкараталдын көлөкөсүндөгү узун орундукта дагы ошончо жигит турат. Алар бекер элетурган жок. Муну далайды көргөн Ваха дароо эле байкады. Анангыча бактүбүндөгүлөр да, үйдүн жанындагылар да жайыла басышты, чечендерди көздөй. Ваха:
- Кеттик, - деп шаша басыпмашинасына отурду. Жети чечен эки машина менен куйрук түйдү. Аша чаападыраңдаганы менен чеченге да жан керек.. .
Аларды көздөй баскандар таза элекыргыздан турган эргулдар болчу, алардын арасында Мырзабекти эскертип, чечендитепкилеп, огун чыгарып кеткен жанагы олбуржигит да бар болчу.. . анан да мынданүч жарым жыл мурун паркта бычак жеп өлгөн жигиттин агасы да бар эле. Баса, Вахазордуктаган кыз ошол күндүн эртеси эле уксус ичип, ал жетпей калчудай болупвенасын кошо кыйып өлгөн.
Өлгөн жигиттин агасы кыргыздынанабашы кримавторитетинин жигиттери менен жүргөн жөнүнүн тарыхы мындай.. .
Өлгөн жигит Бишкектеги бир университеткежаңы эле өткөн. Анан калса он жыл чогуу окуп, бирисиз бири туралбачу сүйгөнкызы менен чогуу өткөн жаңы гана окуунун кызыгына батып, жанында жан жыргатарыбар жапжаш жигит бу борборго келгенине ай толбой жайрабадыбы. Эки бир тууганэле бу шордуу. Улуусу он жыл чамасы бу шаарда турчу. Ошондон бери аздап соодакылып, нечен ирет банкрот болуп оңколо калып, кайра оңолуп, кийинки эки жылдаиши дурус боло баштаган банкрот деген балээден улам алыстай чаап.. . Инисин өзүжылдап апкелип каалаган окуусуна өткөздү. Контракт деген балакетин төлөдү,каалашынча төлөйм деди. Жалгыз инисин окутпаганда кимди окутат. Бу жалгыз инисиөзүнөн он эки жаш кичүү эле. Ата-энесине ошол экөө эле буйуруптур да, болбособайкуш энеси туура сегизди төрөгөн экен. Таңкалыштуусу төрөгөндөн ай айланбайчарчап калчу алты наристеси тең эркек экен. Эки баласынын бири, болгондо да жашкетип баратканда көргөн эрке сүймөнчүгү өлгөндөгү эне-атанын маанайы өтөайанычтуу эле. Көздөн эзели жаш чыгарбаган мерестер да жашына ээ боло албай туруштуго. Агасы да аябай күйдү, өрттөндү да тим эле. Ошондо сөз берди: инисинөлтүргөндү өмүрүн сайса да таап өлтүрөт, антмейин эркек эмес, акыркы шымынсайса да бүт каражатын инисин өлтүргөндөрдөн өч алууга сарптайт.
Бу отузга чыккан жигит инисин жандайсүйчү, далай ай боздогондон кийин иниси алардан бир жыл мурун ишке киришкенчакан дүкөнүн, жаңы эле алган "Жигулисин" сатып он миң доллар кылыпкыргызкримдүйнөсүнүн анабашы менен жолугууга жол издеди. Ошол кримдүйнөнүнанабашы жакшы киришсе гана инисин кимдер өлтүргөнүн таап, өч алып берет.Милийсаң болсо закондон чыга албайт, законуң болсо жаза эмес эле шылдың го бирзапкы тарткандарга, атып салчуларга алты жыл берип отурду..
Анысын ким өлтүргөнүн таптыңарбы депмилийсаны тажата сурап жүрдү. Аны менен катар кримавторитетке байланышуу жолуниздеди. Кандай жол менен тапты ким билди бир күнү жөнөкөй эле ашканада өлкөнүдүң кылган авторитеттердин дал маңдайында калтырай да, сүйүнө да отурду.Эңгезердей дөөнү, көзүнөн кантамган бир коркунучтуу немени элестеткен немеавторитеттин кадимки жигиттердин бириндей экенин байкады. Өзүнөн биртоптой улуукөрүндү.
- Өз оозуңдан угайын, айтчы, - дедиавторитет чыныга куйулган чайдан ууртап.
Күйгөн жигит ата-энеси жөнүндө,жалгыз инисинин жакындарынын кашайткан өлүмүн, анын өчүн алуу үчүн дүкөнүнмашинасына кошуп сатканын.. . баарын, баарын айтып берип отуруп жашып да кетти,анан буркурап жиберди, бирбоорунан айрылгандын деми суубайт го.
- Ошентип мага канча доллар мененкелдиң? - деди авторитет.
- Туура он миң менен.
- Жетпейт аның.. .
Авторитеттин бул сөзү жигитти жиндикыла баштады. Эми эле жакын көрүнгөн, ыймандуу көрүнгөн, тайанар тоосундай сезетүшкөн немени жек көрүп кеткендей болду:
- Дагы канча керек? - деди акырын.
- Жүз миң!
Жигиттин оозунан сөз түштү. Эмнеайтарды билбей буулугуп турду. Авторитет аны сынай биртоп көз албай турду даайтты:
- Эй, мен деген азабы бар адамданакча алып иш бүтүргөндөй коррупционер чиновник айбан эмесмин, мени түшүндүңбү?
- Түшүндүм.
- Дүкөнүңдү сатып алган неме кандайнеме? Оруспы, кыргызбы?
- Кыргыз бала, жакшы неме.
- Кете бер, - деди авторитет жигиткебашын жаңсай, - сага барышат.
Ошондон эки күн өткөндө эки-үч жигиткелип иниси өлгөн жигитке дүкөнүн кайтарып бердирди. Сатып алган неме нааразыболбосуп деп баягы акысына өз чөнтөктөрүнөн миң доллар кошуп беришти, машина даалперишти ошол эле жумада. Ага беш жүз доллар кошту.
Жардам сурап он миң доллар көтөрүпбарса, авторитет аны алмак турсун кайра бир жарым миңге чыгым болгону жигиттижинди болгондой таңдандырды. Анын кулу болууга, өмүр бойу таманынын астындажүрүүгө даяр болуп турду.
Авторитет төрт чечендин эмнекылганын баарын алар соттолгондон кийин уккан бир оңой эмес милийса чоңунан." Инимди өлтүргөндү жазалап бериңиз" деп ал жөнүндө тизмектеп айтабаштаганда эле аны Ваханын жигиттери өлтүргөнүн билди.
Авторитет бул төртөөнү түрмөдөн элежайлатмак, бирок ал жөнүндө милийсаларга учуруп, алар түрмө чоңдоруна эскертип,а турсун чечендердин өздөрү да билип артараптан саксактап калганда өлүм өкүмүнкийинкиге калтырышкан. Инимдин өчүн алып бергиле деген жигит келгенден кийинтуура бир жылдан кийин бошонушту төрт чечен. Алар чыгары менен катуу көзөмөлгөалынды авторитеттин жигиттери аркылуу. Бир-эки күндө өкүм ишке ашырыла турганболгондо жанагы окуя болуп кетти Мырзабек аралашкан.. .
Мырзабек Самат экөө эми төртчечендин тарыхын толук угуп, Мырзабек бирин өз көзү менен көрүп, тээп көрүп,аларга өлүм апкелмей болушту эч токтоосуз, эскертүүсүз. Кыргыз жигиттерининканы кандай болорун көрүшсүн, чеченде "канга кан" кыргызда андай эмесбекен. Кыргыз да намыстуу эл.
Чечен ооруканага жаткандын эртесикечте Мырзабек менен Самат париктерин кийип, муруттарын тагынып, өз жаштарынан15- 16 жаш улуу көрүнүп, экөө эки башка киши болуп ооруканага келишти. Келсеанын алдында котологон эл, милийсасы батпайт. Көрсө, жыйырма мүнөт мурун бужерде кайтарууда жаткан оору чеченди атып кетишиптир. Анан да алардан мурун алнеменин эркектик энегин түбүнөн кесип салышыптыр - муну Мырзабектер кийинчерээкугушту. Бу чечендер белгилүү авторитет тарабынан өлүм жазасына тартылганын, милийса тарап мейли деп тоскоол кылууга аракет көрбөй турганын да Мырзабекменен Самат кийин угушту. Ошону менен чечендерди жайына койушту, "өлүмапкерчүлөр" бар экен, болгондо да ал иште аки-чүкү дебей бүтүрчүлөр.
***
Ваха бу жерде эми ээн-эркин койчусузкороо койдо карышкырча жүрө албасын билди, жергиликтүү чечен бандиттерининкеңеш- чечими менен Ваха калган эки жигити менен белгисиз мөөнөткө чейинКазакстанда башкалкалап турмай болушту.. .
Ваха "Аудинин" артындаүргүлөйт. Бир жигити рулда, экинчиси анын жанында. Ваха өздөрүн өлүмгөкыйгандардын түбүнө бүгүн болбосо эртең сөзсүз жетем деп тишин кычыратасөгүнөт. Бүт кыргыз кылым эстегендей кылбаса элеби. Бу баш кесер бүгүн кетимишболуп баратканы менен жума айланбай күчтөнө куралданып келип бир-эки түндөбаарын кырмак.. .
Шашке чен. Асфальт жол бир дөңсөөгөсозулуп кайра жерге түшкөн жерде автоинспектор тозду. Токтоп турганмикроавтобустан дагы бирөө түшүп, экөөлөп машийнаны текшерүүгө алышты,багажникти ачтырышты. Документ сурашкан жок. Рулда отурганды микроавтобускакиргизишти, тазасыңбы же ичкенсиңби врач-нарколог текшерет деп. Анысы автобускакирип эле башка бирди жеп, оозу чапталып, башына картөшкө салчу ак мүшөк кийгизилди. Аз өтпөй башка жеген Ваха менен дагы бир жигити мүшөк кийди. "Ауди"чоң жолдон буйткараак айдалып, өрттөлдү.
Ошол асфальт жолдон төрт-беш чакырымалыс азыр ураганы турган сарайдын ичинде Ваха эки жигити менен чөгөлөйотургузулду, буту-кол байланган жок. Кайда качмак. Кол кайтарганга аракеттенсеавторитеттин жети жигитинин эки-үчөө эле жетет тынчытып койууга.
Авторитет сурап турду кыжырдуу,кекерлүү:
- Ии, Ваха белең, эй аңги, кыргыздынканча кызын какшаттың?
- Эсептеген эмесмин, - деди Вахаорой.
Анын артында турган авторитеттин биржигити төбөдөн ары басты эле Вахаң каша боло жаздады, эси ооду.
- А силерчи? - деди авторитетВаханын эки жигитине. Алар үн каткан жок. Антсе да башка бирден жеп эстери оопкайра оңолушту.
Авторитет сөзүн улады, ал Вахагабагышталды:
- Ии, энеңди гана, сука! Азыр канчакыздын убалына калганды эстейсиң, энеңди гана урайын эшек десе! Кана, баштагын,- деди жигиттерине, - эй, эшек сен азыр биттелесиң!
Жанатан тоотпогондой турган неме эмисезди накта коркунучту. Андан ары ойлонууга чамасы келбей калды, эки жигит аныэки жактан кабыштыра кармап бурч жакка алпарышып чалкадан салышты. Сырттанкелген акхалатчан жигит сумкасын ачып жабдыктарын алды.. . Бир бакырды Ваха,сарай урап түшчүдөй бакырды. Аз өтпөй сөгүнгөнгө өттү. Берки экөө да ачуучаңырык менен биттелди. Эми гана кол-буттары чечкис чырмала байланды.
Сырттан баягы иниси өлгөн жигиттиавторитеттин алдына алып келишти.
- Тигине, - деди авторитет кудайгаүнү угулуп жаткандарды көрсөтүп, -иниңди өлтүргөндөр ушулар, азыр эле биттелди,бирөөсү ооруканадан атылды. Ме, кааласаң өз колуң менен атып сал. - Авторитетжигитке тапанча сунду эле, тиги чочуп кетти:
- Аталбайм, байке.
- Мейлиң аталбасаң. Өчүң кандыбы?
- Канды.. . Сизге аябай ыраазымын,байке, өмүр бойу кызматыңызга даярмын.
- Мага кызматыңдын кереги жок. Өзүңаман жүр, бар эми кете бер.
Жигиттин көкүрөгү жеңишке толуптурду, көксөсү сууду, иниси тирилгендей болду, жашып кетти баары бир.. .
Ошол эле күнү атасына жетип болгоништи айтып берди эле а дагы жеңилдеп алгандай болду. "Канга кан"деген дары тура көксөөнү суутканга.. .
Бу жолу авторитет жинине алдырды,мыкаачы болуп кетти, тиги үчөөнү бирден атып тынчытуунун ордуна өлбөс жерлеринеэки- үчтөн аттырып жарадар бойунча канын суудай агызып таштап кетти. Жандынтаттуулугун, мыкаачылык көркөөлук, зордуктаган эмнеге апкелерин билсин деди.Жок дегенде өлүп баратып билсин адам өмүрү, жаны өтө эле таттуу болорун.. .Өлүктөр эки күн өткөндө табылды. Адегенде өрттөлгөн машина табылып анан дагыиздөө салынып жатып сарайдагы өлүктөр табылды. Судмедэксперт булардын өлгөнүнөбеш- алты саат эле болгонун аныктады. Кан агып бир суткадай өлөлбай жатышкан гокебетеси. . .
Бу өлүктөрдү тапкан оперлердин биридароо эле айтты дейт калгандарына: "Ушундай болмок дейм да.. . Бир аз кечигипөлүштү окшойт менин эсебимде" деп. #өлүм
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 18
14-болумун окусаныздар болот