9-бөлүм.
Оорукананын бийик тепкичинде туруп, ишине келе жаткан ар бир аялга кунт коё карап, күткөн кишисин тааныбастан өткөрүп жибербөөнүн аракетин кылды. Анткен менен Улан Зареманы алыстан эле жазбай тааныды Ак жуумалынан келген сулуучумак жүзүн сумсайты алды жагына тике карай тигилип, зымпыйган узун боюна туз кармап, кынтыксыз классикалык кийими менен ого бетер сүрдүү тартып, тыкылдай басып акындап келе жаткан ага алдынан чыккан ким болсо да жол бошотуп тайсалдачудай. Бир кезде өзү шынаарла жүрчү шыңга бойлуу сырдакана жароокер кыз өзгөрүп ак сөөк кебетелүү интеллигент айымга айланыптыр. Эгер Улан аны жолуктурарын азыр билбесе тааныба калмак экен. Ошентип жакындап келген ал алдыны турган Уланды карап да койбой түз басып өтө бергенинде жигит шашылыш үн катты: - Зарема... Кечиресиз сиз Заремасызбы?
Кандай баратса ошондой тык токтогон ал өзү кайрылган жигитти бүшүркөй караганда гана катаал жүзү жумшара түшүп жылмайды.
- Сиз Улансызбы?
- Ооба Уланмын. Кандай Зарема, ден соолуктар иштер жакшыбы?
- Жакшы. Өзүң каяктан?
- Ушундай эле, мында жаткан тууганыма келгем.
Сен ушул жерде иштейсинби?
- Ооба.
- Канча жылдан бери көрүшө элекпиз. Зынкыйга айым болгон турбайсынбы.
- А сен өзгөрбөпсүң, ошол эле бойдон экенсин.
- Ооба, мен ошол эле Уланмын.
Айылдасынбы?
- - Ооба. Убактын болсо отуруп сүйлөшпөйлүбү 3арема.
- Ка-ап, мен шашып атпадым беле, азыр консилиум да. - Канчада бошойсуң?
- Түштө.
- Мен да түш ченде кайра келгени калдым, анткени тууганым кем-карчымды алып келип берчи деп жатат. Ошондо жолуксак болобу?
- Болот. Жаракат бөлүмүнө кирип сурасан эле менин кабинетимди көрсөтүшөт.
- Болуптур анда түштө кире кетем.
-Мейли.
-Кокусунан кезиккендей түр көргөзсө да Зареманын озу менен мамилелешүүдөн качпасы байкалган сон экинчи жолугушууга жолу ачылган Улан түш ченде анын кабинетинин эшигин бир-эки тыкылдатып уруксат сурамыш этип, бирок жооп күтпөй эле кирип барды. Зарема өзү жалгыз отурган экен ордунан тура калды. Кайрадан ал-жай сурашкан сон Улан сөз тизгинин алып, өзүн кызыга уккан Заремага чечиле сүйлөп берип, өз жашоосу тууралуу, аялы менен балалуу болбогондугунан улам ажырашканы жөнүндө кеп салды. Ал тургай ата-энеси небере көргүсү келип, ар кайсы кыз-келинди сунуштап, үйлөнүүсүн талап кылып жатканын да жашырбады. Улан келгенде жардамчысына үстүнө эч кимди киргизбөөсүн тапшырган Зарема үн катпастан анда-санда баш ийкеп коюп гана ашыкча соз айтпай угуп отурду. Качан Улан сөзүн токтотуп, өзүнөн сөз күткөндөй түр көргөзгөндө гана окууну бүткөндөн бери эле ушул ооруканада иштеп жатканын, андан башка жашоосунда эч өзгөрүү жок экенин айтып келип, беш жыл мурунку шагын сындырганы үчүн кечирим сураганында уну дирилдеп, көзү жашылдана тушту. Зарема андагы катасы үчүн эмес, азыркы айласыз абалынан улам ызаланып турганын боолгологон
Улан махабаты үчүн күрөшпөстөн чала тааныш бирөөгө үйлөнө калган өзүндө да күнөө бар экенин мойнуна алгыча жооткотуп, өткөндү унутуп жакшы келечек үчүн күрөшүш керек экенин айтып, андагы каталарды азыр да ондосо болорун кыйытты. Ушул сүйлөшүүдөн соң экөөнүн ортосу кадимкидей жакындашып, жылуу мамиле кайрадан орногонсуду. Мындан улам Улан эн тартынбай эле Зареманы кечки тамакка чакырып, ал кандайдыр тартына түшүп макул болду. Кезинде көңүлүн катуу калтырганы, эми болсо башка бирөөдөн боюнда бар экени кандайдыр иренжитип турса да, анын кайсы эркекти болсо да кайдыгер калтырбаган татынакайлыгы менен жароокер наздыгы Уландын мурдагы сезимдерин козгоп, көптөн бери ургаачыга жакындай элек жанын бир топ азгырып койду. Максаты бул аялды торуна түшүрүп, аялдыкка алуу болгондон кийин Зареманын бир кездеги ошол шагын сындырганын өз алдынча жаштыкка шылтады, азыркы абалын анын ургаачылык алсыздыгынан пайдаланган Касенден көрдү. Ага өзүнүн тукумсуздук оорусун жашырып, балага зар болгон ата-энесинин талабын тезинен аткарып, неберелүү кылып, өзүлөрүн бактылуу сездирүүдөн өткөн жакшылык жок эле. Ушинтип убактылуу болсо да көйгөйдү чечип, бул кетирген катасын кийин ондомой болду. Бул максаты үчүн ал тургай жүрөгүнө бекем орношкон Жаркынайды убактылуу болсо да четке жылдырып, өзүнүн азыркы айласыздыгын ал кийин жолукканында туура түшүнөрүнө, кечирерине ишенди. Ошон үчүн көп көйгөйгө көз жумуп, Зареманы алып кетүү үчүн бардыгына бармай болду. Аны менен жолугушчу жерди болжошуп чыккандан кийин көчөдөгү автоматтан Жайнагүлгө чалды эле, ал азыр эле Зарема менен кол телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтты. Корсо өзү чыгып кетери менен Зарема курбусуна чалып болгонун болгондой айтып берип, эмне кылам деп кенеш сураптыр. Кубанганын жашыра албаган ага Жайнагул Улан колунду сурап калса макул болгун дептир, бул тунгуюктан чыгуунун бирден бир жолу экенин айтыптыр. Касен менен бир айдай жа шаганын айтуу же айтпоо керек экени боюнча кенеш сураганында Жайнагул бул жагдай боюнча эч нерсени жашырбоо зарылдыгын, кийин кокусунан бул чындык билинип калса арты жаман болорун, анын үстүнө кыз эместигин эскертип, андан көрө азыртан бут чындыкты сыртка чыгарып, ал шумпайга алданганын айтышы керек экенин, эгер Уландын өзүндө чындап конулу болсо ага деле карабастыгын айтыптыр, бир гана боюнда бар экенин жашырууну кенеш катары бериптир. Өзүнөн кандай кылуу боюнча кенеш сураган Уланга Жайнагүл коркпой эле Заремага үйлөнүү боюнча сунушун айта берүүсүн, анткени курбусунун бул баш кошууга көңүлү бар экенин, андай болбогон күнде да анын макул болбоско аргасы жогун айтып, шыктандырды. Кыскасы иш өзү каалагандай жолдо баратты. Күтүүсүз эле тоскоолдуктар чыга калбаса баары жайында болчудай. Эн негизгиси Зареманын озу менен баш кошууга көңүлү болуп жатканы болчу. Ал айнып эле кетип жолу болбой калбаса, башка жол- тоолуктарды жеңсе болмок.
Шаар борборундагы мен деген ресторандардын бириндеги Зарема менен болчу жолугушууга Улан гүл көтөрүп барып, аны кучактап бетинен обо жакшылап учурашып, илберинки мамиле кылып, үзүлүп түшө сыйлагыча аркы-беркини айтып, тамаша кептен козгоп, ортого жайдары абал жаратып алгандан кийин гана келечек тууралуу маанилүү кепти козгоду:
-Зарем, менин өмүрүмдогу эн жакшы күндөрдүн бири ушул кун болду десем жанылышпайм. Анткени
сени кайрадан жолуктурдум. Ошон үчүн мен өткөн ду козгогум келбейт. Анда азыркыга караганда жаш экенбиз, турмуштан тажрыйбабыз да аз болчу, ошондуктан ката кетирдик. Буга жараша турмуштан жолум болгон жок. Тагдыр экен кайрадан жолугушуп отурабыз. Мени кубандырганы экөөбүз бири-бирибизди түшүнүштүк, кечириштик, ичке жаман ой сактабай Минтип ак дасторкон четинде сыр чечишип отурабыз, мен ушуга кубанам,- деп жай сүйлөп, жадыраган жүдө Зареманы карады эле ал да жагымдуу жылмайып, башын акырын ийкей сөз учугун улады:
- Улан, мен да ушул күнгө абдан кубанып отурам. Кезинде жаштык кылып шагынды сындырдым эле, ал үчүн дагы да кечирим сурайм. Өзүн айткандай мен дагы өткөнгө кайрылып өкүнгүм келбейт. Ошон үчүн мамилебиз мурдагыдай эле ысык бойдон калышын каалайм, - деп келип сөз таппай калгансып токтоло калганда Улан ордунан учуп туруп, бир аттап үстөлдү айланып өттү да Зареманы далысынан кучактап жүзүнөн сүйгүчө жалооруй сүйлөдү:
- Мамилебиз мурдагыдай ысык бойдон калса анда биз кайрадан кыз-жигит экенбиз да ээ! Рахмат, Зарем сен мени абдан кубандырып койдун. Бир кезде сени кандай болбосун өзүмдүкү кылганга аракет кылбай чон ката кетирдим эле, азыр дагы аны кайталагым келбейт. Ошон үчүн Зарем сенин колунду сурайм, бирок макул болсоң да, болбосоң да асыл жубайым болууна шарт түзөм. Бул үчүн бүт калоо-тилегинди орундатам. Керек болсо сени менен шаарда калып да бирге жашоого макулмун. Бир гана менин шагымды сындырбасаң болду, - деп бул сөздөрдү айтып жатканында Улан сезимге катуу берилгендиктен ортодо беш жылдан бери болуп өткөндөргө карабастан, жаман ойсуз чын жүрөгүнөн сүйлөдү. Бул сөздөр жасалмасыз экенин, арам ойсуз асыл жигиттин оозунан чыгып жатканын түшүнгөн, анын өзүнө болгон сүйүүсүн даана сезген, бирок алардын баарын дал өзүндөй кылып кабыл алууга ошого тете аруулук өзүндө жогун, ага татыктуу эмесин билген Зареманын ансыз да көңүлүндөгү өкүнүчү менен ызасы эми ого бетер көтөрүлүп ый болуп сыртка атырылып, кадимкидей боздотуп жиберди. Башын чулгуп, эки колу менен бетин басып буркурай ыйлаган келинди кантип соороторду билбеген Улан артка кетенчиктей берип, шалдайып туруп калды. Ыйга алдырып катуу кетип калганын сезген Зарема кантсе да күчтүү аял эмеспи, өзүн бат эле колго алып, муну кубанычтан улам жаралган ый сыяктантыш үчүн көзүнүн жашын сүртүп, бышактай баш көтөрдү. Улан да бул эмнеден улам жаралган кайгы экенин билсе да, сыр алдырбаш сооротумуш эте бетинен сүйүп:
Зареманы болду жаным. Ыйлай турган себеп жок. Мындай тагдырыбызга кайра кубанышыбыз керек, деп - ордунан кандай туруп келген болсо ага ошондой эле тездикте отурду. Зарема мандайында эч нерседен капарсыз өзүн бактылуу сезип отурган баёо жигитке Касендин өзүнө көрсөткөн кордугу боюнча чындыкты ачыкка чыгара турган учур келгенин даана сезип, өзүн колго алгыча бир азга дасторкон үстүн ойлуу тиктеп отурду да, үнүн олуттуу чыгара сөзүн баштады:
- Бирок Улан... Кечирип кой мени... Мен баягы сен суйгон Зарема эмесмин. Алданган, кордолгон, ай- ласын таппай турган бир байкуш Заремамын... деп келип ички ызасына алдырып жибербеш үчүн демин ичине ала түшүп токтой калды. Эгер Улан анын бул кайгысынан кабардар болбогонунда азыр учуп туруп аны айлана чуркап, сооротууга аракет кылмак. Ал Зарема азыр ички сырын өзүнө ачарын туюп ичинен тынып, түшүнбөгөндөй түр көргөзө
- Зарема эмне дейсин? Эмне болду сага? - деп ордунан обдулуп кайра отурду. ойлогондой эмесмин абийиримден айрылгам. Муну ачыкка чыгарба- - Улан мен сен сам сени алдаган болом. Бир шумпайга алданып, аны менен бир ай бирге жашадым. Ал абдан коркунучтуу киши, азыр да артымдан кала элек. Ошон үчүн экөө буз баш кошпой эле койгонубуз оң го. Менин азыркы абалым жакшы эмес. Аны билсен мага деген жакшы . Бирөөгө алда
ниетинден айныйт болушун керек... - Зарема мен эч нерсеге түшүнгөн жокмун. Бирөөгө алдангам дейсиңби?
- Ооба. Ал аябай жаман киши. Ошон үчүн мени менен байланышпай эле койгонун оң.
- Зарем, көл муздак суудан ичип, өзүндү колго алып анан мага болгонун болгондой айтып берчи. Ошондон кийин анан эмне кылышты ойлонолу, - деп Улан Зареманын жанына өтүп идишине суудан жаңырта куюп сунду. Зарема муздак суудан чон ууртап, ички кайгысынан улам солуктаган денин баскыча унчукпай отуруп, анан ойлуу тарта түшүп, үнүн акырын чыгара сүйлөй баштады:
- Окууну бүтүп иштей баштаганымда эле травматолог болгонума өкүнгөм. Анткени бул бөлүмгө көбүнчө өз ара мушташкандар, жөн жүрбөгөндөр, каяктагы бир шалмандар, ал тургай караларга чейин түшүп дарыланышат экен. Кыскасы травматологдук тынч эмес кесип экен. Буга деле көнүп, көп сырларын өздөштүрүп, ал эмес бөлүм башчылыкка чейин көтөрүлүп, карапайым кишиби же каралардын мүчөсүбү бирдей дарылап, баарына бирдей мамиле кылып жакшы эле иштеп жүргөм. Анан эле ушул кышта бир жаман кишиге кабылып, азыркыга чейин айлам кетип жүрөм. Башында колуна бычак жеп, башы жарылып түшкөн ага эл катары мамиле кылып, кадимки катардагы бейтап сынары эле дарылап жүргөм. Бирок ал мага башкача мамиле жасай баштады, артымдан калбай жүгүрүп, айланчыктап, жактырып калганын айтып, кымбат баалуу белектерин берип, жакшы сөздөрүн арнап, ал тургай колумду сураганга чейин барып, кыскасы мени өзүнө ийиткенге катуу аракет кылды. Мен байкуш кантмек элем, өзүм кара далы кыз болсом, жанымда андан башка жылуу сөз айткан жигитим болбосо, буга жараша ал өзүн чыныгы эркек катары көргөзүп, жакшы сөздөрү менен белектерин аябай атса жүрөгүм жибип, баш ийип берип, кыз-жигит катары жүргөндөн башка аргам калган жок. Анын үстүнө ал жөн жердин баласы эмес экен, кадимки мурда премьер министр болуп иштеген Мамбеталиевдин жалгыз уулу экен. Колунда байлыгы да, бийлиги да бар ага мен ким болуп калыптырмын, ой-боюма койбой бат эле өзүнө имерип алды, каалаганымды аткарып башымды айландырып салды. Акы төлөп ар кай жерде жашап, өз үйүм болсо деп кыялданган мага эки бөлмөлүү батир алып берди. Бирок ал үйгө көчүп барган эле күнү зордуктаганы аз келгенсип, бир жума сыртка чыгарбай алып жатты. Тагдырыма айласыз баш ийип, мынча болгондон кийин ата-энемдин алдына барып макулдук алып, эл катары үйлөнүүсүн талап кыла баштадым. Ал буга макул болгону менен создуктуруп жүрө берди. Анан бир күнүн кызуу болуп келгенинен ичкендерди жаман көргөн жаным катуу кагып койдум эле ал менден аша жинденип, жаактан ары катуу чаап, басынткан жаман сөздөрү менен сөгүп, өзүнүн аялы, эки кызы бар экенин, мен токолу экенимди, тагдырым өз колунда турганын, кааласа жумушумдан да кетирип, батиринен да кубалап чыгып, ал тургай шаарда жашатпай коёрун, колунда акчасы менен бийлиги турганда кара далы кыз эмес мен деген кыйындарды чөгөлөтөрүн
айтып кадимкидей мактанбаспы. Мунун баарын айтканында уккан кулагыма ишене албай нес калыпмын, анан өзүмө келе калып кетмекчи болгонумда бир-эки уруп ордума отургузуп койду. Дагы чыр салсам өлтүргөндөн да кайра тартпачудай. Ал туну эптеп таң атырып, эртеси ал уктап жатканда качып чыктым. Жумушумдан башка кайда бармак элем, келип иштеп жүрсөм артымдан келиптир. Түндө ашыкча сүйлөп койгонун айтып кечирим сурамыш этип, аялы бар экенин мойнуна алып, бирок аны менен ажырашып атканын, аны бир жаңсыл кылса эле ата-энемдин алдына барып үйлөнөрүн айтып актанымыш этти. Мурда аз болсо да ага деген жылуу сезимим бар болчу, ушундан кийин жүрөгүм биротоло сууп, көрөйүн деген көзүм калган жок. Ал күнү жумушума жолтоо болбоосун суранып кетирип жиберип, кечинде батириме барбай жакын тууганымдыкына кетип калдым. Ошондон баштап андан качып жүрөм, ал мени өзүнө зордоп аял кылса да жүрөгүмө зордук менен ээлик кыла албасын билип азырынча жакшы мамиле кылып, көп катуу кете элек. Ар кимдерден өз алдымча сураштырсам аялы менен ажырашпай эле чогуу жашап атышыптыр, анысы эки кыз төрөгөндөн кийин эле төрөттөн калгандыктан эркек уулдуу болуш үчүн экинчи аял алмай болуптур. Ошентип жүргөнүндө тагдыры тайкы мен ага жолугуп калыптырмын. Мен эч качан бирөөнүн токолу болгум келбейт, Улан. Андан көрө өлгөнүм артык. Же бир жакка качып кете алсамчы. Касендин укуругу узун, кайдан болсо да таап алат. Ал менин артыма андуу коюп койгон. Азыр да анын көзүн эптеп жазгырып, сени сыйлаганымдан улам мында келдим. Башка бирөө менен жолукканымды билчу болсо ал жөн койбойт. Болгону ушул, Улан. Ошон мен үчүн баягы Зареман эмесмин. Сенин шагынды сындырганыма азыркыга чейин абдан өкүнүп келатам. Азыр эми кеч болсо да колумду сурап атасын, бул сунушуна мен макул боло албайм. Анткени сага татыктуу эмесмин, бул биринчиден. Экинчиден жана айтканымдай Касен экөөбүздү үйлөндүрө койбойт. Ал каралар менен байланышы бар абдан коркунучтуу неме. Сени ага каршы коюп убалына кала албайм...
Зарема дагы бирдемелерди айтчудай болуп барып унчукпай калды, бул күтүүсүздүк болбосо да, көңүлүндө айтайын деген сөзү даяр болгону менен Улан эмне дээрин билбей отурду. Улан ойлорун топтоого короткон бул тынымда Зарема андан жакшы сөз угуудан үмүттөнгөн жок, ордунан туруп басып кетсе да тан калмак эмес. Бирок Уландан күтүүсүз жооп угулду:
- Мындай акмактар кайдан жаралат деги. Эмне колунда байлыгы менен бийлиги болсо эле аларга баары уруксатпы! Зарема, алтыным иттин кожоюну болсо карышкырдын Кудайы бар деген жакшы сөз бар. Коркпо баардыгы жакшы болот. Анткени арамдыкка таянып иш кылгандардын арты дайыма туюк. Анан сактанганды Кудай да сактайт дегендей бир аз этиеттенип иш кылсак эле бул кыйынчылыктан чыгып кетебиз. Эн негизгиси сен менин сунушума макул болсон болду. Антпеген күнүндө да мен сага жардам берем, ал шумпайдан куткарганга аракет кылам. Мындай кылбоого менин адамгерчилигим менен жигиттик ар намысым да жол бербейт. Жана айтканымдай мурдагы турмушубуз менен ортодогу таарынычтарды унутуп жаңы жашоо баштоого кол кармашып умтулалы. Сен бир гана менин сунушумду кабыл алсан болду, калганын өзүм жайгарам, өзүн колдоп турсан мага эч кандай Касендер коркунучтуу эмес. Улан, сен жакшылап ойлондунбу? Касен абдан жаман киши. Ал эч кимди аябайт. Анда байлык, бий- лик кара күч да бар. Ошон үчүн жакшылап ойлон.
Ойлондум Зарема. Сен макул болсон эле болду. Башкасынын баарына кайылмын. Анын байлыгы менен зордугуна каршы биз да арга табарбыз.
- Рахмат Улан, колдоп койгонуна. Мен сенден чыныгы эркек менен жан күйөр достун колдоосун сезип атам. Андыктан чын жүрөгүңдөн чыккан сунушту кантип кабыл албай коё алам. Баардык кыйынчылыктарынды тең бөлүшкөнгө даярмын, мен сендикмин жаным...
Муну уккан Улан ордунан учуп туруп, бир аттап Заремага жетип аны кучактап жалооруп турду:
Рахмат жаным! Сунушумду кабыл алганына. Баардык кубаныч-кайгында бирге болууга даярмын. Сен үчүн баардыгына кайылмын.
- Сага рахмат Улан. Мени туура түшүнгөнүңө. Чыныгы жигиттик колдооңо...
Экөө бир кезде кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөндөгүдөй бек кучакташып, аймалаша өбүшүп турушту. Аздан кийин алар махабаттын жан балкыткан таттуу абалынан чыгышып, жанаша отуруп кандай кылып баш кошушту кеңешишти. Демилгени өз колуна алган Улан Таласка барып ата-энесинин колунан кадимки салт менен алып кетүүнү сунуштады эле, Касенден корккон Зарема буга каршы чыгып, өзүн шаардан түз эле ала качкан сыяктуу алып кетип, анан атасын бир эки кишиси менен ачуу басарга жиберүүсүн айтты. Сүйбөгөн адамга баш кошуусу аргасыз болуп жаткандан кийин көп шаң-салтанатты каалабаган Улан бул сунушка дароо макул болду. Ошентип убакытты создуктурбоону туура көрүшкөн алар турмуш жолуна бирге аттанар күнүн кийинки жуманын алтынчы күнүнө белгилешип, ага чейин Улан айылга барып, ата- энесине үйлөнөрүн айтып камчомун көрсө, Зарема бул жактагы иштерин жайгарып, жумушунан отпуска алмай болду. Бир айдан ашык убакытка созулчу эмгек
өргүүсүн айылга барып өткөрүп келерин айтып Касенди жазгырып, бул калпты айлана- чөйрөсүндөгүлөргө да жарыялап, болушунча сак болуп, кылдат даярданмай болду. Кыскасы бир топко чейин отурушуп, бул жарым-жартылай жашыруун үйлөнүүнүн планын майда-чүйдөсүнө чейин сүйлөшүп тарашты. Касенден коркконуна карабай Зареманы туугандарынын шаар четиндеги үйүнө жеткирип койду. Ошондон сон гана акыл-оюн токтотуп, асыл жары Жаркынайга чыккынчылык кылып жатканына, Заремага сүйгөн түр көргөзуп, аны да алдап эки жүздүүлүк кылганына, бирөөнүн тебелендисине калган немени алганы жатканына жийиркенди Улан. Аргасы кетип калган Зарема байкушту куткарып, балага зар болгон ата-энесинин каалоосун орундатып жатканы үчүн гана өзүн кечирди.
Башында коп убакыт бардай сезилип, анан бат эле өтүп кетчү бардык эле мөөнөттөрдөй болуп бул күн да жетип келди. Бир жумадан кийин келиндүү болоруна жетине албаган атасына ачуу басарга барышына, апасына тойго үйүн даярдашына жардамдашкан Улан бир досун алып, бешинчи күнү эртелеп чыгып, түш оой келди шаарга. Дагы бир досунукуна түнөгөн ал эртеси уй ээсин экинчи күйөө жолдош катары алып, мурда болжошкону, кийин телефондон тактаганы боюнча Зареманын жакын тууганынын үйүнө жакын көчө кесилишине келип кутуп турду. Жаңы колуктусу коп күттүрбөй айылга кетип бараткан түр көргөзө жупуну кийинип, үйлөнүү үлпөт кийими салынган чемоданын көтөрүп келип калды. Досторуна колуктусун ала качып алып кетебиз деп айтып койгон Улан аны бейтааныш немече тосуп алып, чемоданын багажка салып, өзүн машинеге отургузгандан кийин гана аны кучактап....
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5