8-бөлүм.
Жакшы көрүп калган ал ар кандай жолдорго салып артынан калбай атат. Иштеген жерине күнүгө барып, коркутуп да аны өзүнүкү кылганга далбастоодо. Артынан бирөөлөргө андытып койсо керек, кайсы тууганыныкына жашынса да оной эле таап алып жатат, - деп Жайнагүл аңгемесин токтотуп, эмне дээр экен дегенсип Уланга карады.
- Зарема Касен менен сүйлөшпөй койсо эле артынан ээрчип жүрүп акыры тажаганда кала берет да. Касен канчалык кыйын болсо да Зареманы зордоп аял кыла албайт. Зордуктады деп милийсага арыз жазып койсо Касен коркуп калат болушу керек, - деди Улан ойлоно түшүп.
- Касендин корко турган түрү жок. Эч кимди тоготпойт. Ал мурдакы премьер министр Мамбеталиевдин жалгыз уулу. Билесин да ал азыр деле бийликтегилер менен абдан жакшы мамиледе, байлыгын болсо кайда батырарды билбей жүрөт имиш, анын үстүнө... - деп Жайнагүл сөзүн улантып келип айтсамбы, айтпасамбы дегендей токтоло калды.
- Анын үстүнө эмне? - деп сурады Улан Жайнагүл- дун маанилүү сырды билерин, аны ачканга батына албай турганын байкап.
- Анын үстүнө Зареманын боюна болуп калыптыр. Болбосо сен айткандай Касен менен сүйлөшпөй койсо эле ал аргасыз кала бермек.
- Ыя де! Ушунусу абдан жаман экен. Ошентсе деле баладан оной эле кутулса болот да. Аны Зарема врач катары жакшы билсе керек.
-Алдырсын дейсинби? Сен билесин да, эгер биринчисин алдырса экинчи төрөй албай каларын.
- Врач катары башка да жолдорун билсе керек дейм да - Алардын баары эле ден соолук үчүн опурталдуу да. Бирок убакыт шаштырган күндөр ичи билине баштайт. Ошондо Зареманын Касендин шартына көнбөскө аргасы калбайт же...
- Же эмне?
- Бирдеменин ичинен чыгат. Мен билем Зарема аябай кек, Касенден да аябай көңүлү калды. Баланы бирдеме кылат же өзүн...
- Менимче Касенге төрөп берип анан кол үзгөнү он окшойт. Ошентсе баланы да сактап калат, Касенге да жакшылык кылат, өз ден соолугуна да зыян келтирбейт, материалдык абалын да ондоп алат.
- Ушуну мен деле айттым, бирок ал таптакыр эле көгөрүп болбой жатат. Мындан көрө өлгөнүм жакшы дейт.
- Тигил көңүлүн аябай калтырган окшойт анда. Ал билеби Зареманын боюнда бар экенин?
- Билбейт. Билсе Заремага ого бетер жабышат болушу керек. Кыскасы Зареманын азыркы абалы ушундай. Айласы кетип турат. Сага мунун баарын эмнеге айтып жатканымды өзүм да билбейм. Бирок ал кантсе да сенин мурунку сүйгөнүң эмеспи. Кайдыгер болбоссун дейм. Кезинде сенин шагынды катуу сындырды эле жок дегенде табан канар.
-Жайнаш, сен эмне деп жатасын? Мен эч качан бирөөнүн бактысыздыгын табалабайм. Жана айттымго аны ошондо эле кечиргем, кек сактабайм дагы деп. -Улан сени чыныгы эр жигит деп билем. Бул айт- кандарымды эч кимге айтпа ээ. Анан Заремага кантип жардам беришти ойлонуп көрчү. - Кимге айтмак элем. Анын үстүнө алардын мамилелерине кийлигишкеним болбойт го. Ошентсе да мейли ойлонуп көрөйүн.
-Жок дегенде жакшы кенешинди айтарсын. Мен шаардык оорукананын жаракат бөлүмүндө иштейм. Эгер жакшы акыл таап калсан мага айтып койчу ээ.
Жакшы акыл табарыма ишенбей деле мейли, ойлонуп көрөйүн. турам. Ошентсе да
- Болуптур анда. Жакшы сакайып чык. Көрүшкөнчө, - Жакшы бар.
Зареманын мындай аргасыз абалын укканда ага болгон эски сезимдери козголо түшүп, кандайдыр жардам беришти канчалык баш оорутуп ойлонсо да мээсине жакшы ой келген жок Уландын. Анын кур намыска алдырып көктүккө салбай Касенге багынып берүүсүн туура көрдү. Ошентерине ишенгенинде Заремадан көңүлү жайлана түштү.
Үч күндөн кийин бир жумалык дарылануусу аяктап, кайрадан анализ тапшырганында ден соолугунда жакшы жакка жылыш болбогону билинди, башкача айтканда уруктугу бала жаратуу жөндөмүнө жетише элек экен. Бул натыйжа анын үмүтүнө доо кетирип башын шылкыйтса дарыгерлерди тан калтырды.
- Мындай болчу эмес эле, дароо эле жакшы жагына жылыш болчу. Баары эле туура жасалган эле. Дарыланууну дагы улантат окшойбуз... - деп ойлоно түшүп: - Мындай кылалычы. Зыяндуу адаттарга барбай, жалан таза жана күчтүү тамактар менен азыктанып жашап, бир айдан кийин келип текшерилүүдөн өтүңүз, жылыш болбосо кайра башка дарылоо ыкмасын колдонобуз. Ал сөзсүз жакшы натыйжа берет! - деди бейтаптын айыгарына ишеним артышы сакаюуга тете экенин түшүнгөн Дарыгер ишенимдүү түрдө. Жүрөгүн ысытып турган умутүнө минтип суу себилгенде дендароо боло түшкөн Улан эмне кыларын билбей туруп калды да, дарыгердин айтканын аткаргандан башка аргасы жогун түшүнүп, ошол күнү эле айылды карай сапар тартты. Тукумсуздугунан айыкмайын ага бакты-таалайдын дарбазасы ачылбайт болчу, Жаркынайды таап кайрадан баш кошкондору менен торой албаса аны ата-энеси кабыл ала алмак эмес,
алар айткан кызды алганында деле балалуу боло албай анын убалына калмак. Айтор мындай жан кыйнап оорутпаганы менен келечегине балта чапкан балээлүү илдеттен айыктырчу дарыгер айткан алиги башка дарылоо ыкмасына ишенип айылга кайтып келди.
Келсе шаарга барып дарыланган сон ден соолугу оноло түштү деп үмүттөндүргөн атасынын тетирисинче саламаттыгы начарлап, эзели оорудум деп жатпаган анын буту-колу шишип төшөк тартып калыптыр. Атасынын бул абалын көрүп жүрөгү түшүп калды Уландын. Ону кара көгүнө тартып, демиккен ал бир жума бою машине оңдотом деп шаарга жатып алган уулуна болгон нааразычылыгын бул ирет ачык эле билдирди.
- Жашың отуздан өтсө да, эс тартпай койдун го, балам. Бир машине оңдотом деп бир жума бою шаарда эмнеге жаттың? Аны бул жерден деле оңдосон болот эле да.
- Ондотуп, анан сатып жиберип башкасын алайын дегем, бирок мындан түзүгүрөгү үстүнө акча кошмоюн келгидей эмес. Ошон үчүн жүрүп калбадымбы, - деп аргасыз калп айткан Улан кайра атасынын бул абалга түшүп калганы үчүн өзүн күнөөлөмүш этти: - Сизди врачтар көп санааркаба, жазылган дарыларды өз убагынан калтырбай ич дешпеди беле. Анткен эмес окшойсуз, болбосо мындай абалга түшпөйт болчусуз.
- Кантип санааркабайм! Ичип эле атам дарыларын, бирок болбойт окшойт. Асылган оору акыры албай койбойт деген чын да. Небере көрүп, аларды эркелетип өлсөм арманым болбойт эле. Ошон үчүн эртерек үйлөнбөсөң болбойт.
- Үйлөнөм ата, үйлөнөм. Жөн жүргөн жокмун, кыз караштырып жатам мен дагы...
-Улан, Акматбек аяш атандын кызы Нурайымды жакшы билесин да, эстүү десен эстүү, билимдүү десен билимдүү. Ата-энеси да жакшы кишилер. Байкуш кыздын тийген эри жаман чыгып, турмуштан жолу болбой калыптыр, бир баласын алып ажырашып келиптир. Бизди угуп ушу Нурайымды эле ал. Алдына барсак ата- энеси каршы болбойт,- деп Ырыс апа сөзгө аралашты - Нурайым дейсизби? Ии, ал аяш атамдын баягы
Караколго турмушка чыккан кызы да ээ? - Ошол. Турмушту көрүп кагылып-согулуп калыптыр. Башыңарды кошуп койсок жаш эмессиңер, оокат кылып кетесиңер.
- Билбейм апа, ойлонуп көрөйүнчү.
- Коп ойлонбо балам. Акматбек аяш атан менен Бүбү аяш апанды билесин да аябай жакшы кишилер Мен билгенден кыздары деле ата-энесин тартышкан. Нурайым жаман бүлө болбойт. Этегинен жалгаса эле....
- Мейли апа, силерге жакса болду. Бирок мен деле шаарга барганда жөн жүргөн жок элем...
- Шаарда сүйлөшкөнүң болсо ага деле макулбуз. Кандай болбосун үйүбүздү балалуу үй базарга айлантчу келиндүү кылсаң болду.
- Ата, апа айтканыңардай кылам, бирок кичине ой- лонуп алууга уруксат бергиле.
- Ойлоногой айланайын. Аял алыш эле оңой бекен Бирок көпкө жүрүп алба. Атандын оорусунун дарысы эле бала. Неберелүү кылсаң куландан соо айыгып кетет эле. Туурабы абышка? - Айыкпасам дагы көңүлүм жайлана түшөт эле Коркпой өлөт болчумун.
- Ата, жаман сөздөрдү айтпаңызчы. Көрөсүз го баары жайында болот.
Ошондой болсо экен.
Ата-энеси менен ушинтип сүйлөшкөн Улан жагдай шаштырарлык болгондуктан түнү бою ойлонуп, бир чечимге келип, эртеси күнү апасына кайра шаарга барып келерин айтты эле ал чочуп кетти:
- Ыя! Эмнеге барасың шаарга? Жайчылык элеби?
- Жайчылык эле. Сиздерди келиндүү кылайын деп бирөө менен сүйлөшүп аттым эле. Бул жолкуда барып колун сурайм. Макул болсо алып келем, болбосо Ак- матбек аяш атамдын кызы менен сүйлөшөм, сиздер өзү менен сүйлөшөсүздөр.
Оозуна май айланайын! Ошентсең кана! Барып келе гой шаарына.
-Жоолугунузду даярдай берсеңиз болот. Бүгүн жетсем буюрса, эртен болбосо да бүрсүгүндөн келип калам.
-Келинди алып келип каласынбы?
-Эгер макул болсо алып келем. Болбосо келип Ну- райым менен сүйлөшөм.
- Кокуй, анда даярданышыбыз керек турбайбы!
- Даярданганга убактыныз болот. Эгер шаардагы кызым макул болсо телефон чалып коём. Аяш келиндериниз жардам берсе бат эле даярдана каласыздар.
Ата-энеси менен ушинтип сүйлөшүп, алардын абдан кубандырган Улан ошол эле күнү шаарга чыгып, жумуш күнү бүтө электе жетип, түз эле Жайнагүл иштейм деген шаардык ооруканага келди. Ондой берди болуп ал жумушунда экен. Улан ал-жай сурашкан соң
ток этерин айтты.
- Жайнаш, мен Заремага жардам бермей болдум.
- Ыя! Чын элеби? А кантип?
- Аны алып кетейин дедим. Эгер макул болсо
- Чын эле ошентейин дединби? Жакшылап ойлондунбу?
-Ойлондум. Чындап эле жардам берейин деп чечтим. - Ошентсен чындап эрдик кылган болот элең. Антпесе байкуш Зареманын айласы кетип калды.
- Өзү менен сүйлөшүп көрөйүн. Сунушума макул болсо бир жуманын айланасына айылга алып кетем.
- Жакшылап ойлондунбу Улан. Анын абалын өткөндө жакшылап түшүндүргөндөй болдум эле. Унутпа Зареманын боюнда бар. Анын атасы болгондо да каралар менен байланышы бар чоңдун баласы. Билип калса катуу каршылык кылат. Ошон үчүн жакшылап ойлон - Зарема сунушума макул болсо болду. Эч нерседен коркпойм.
- Өткөндө Зареманын азыркы абалын сага айтып койгонума өкүндүм эле. Эми болсо корко баштадым. Ал сага баарын айтып салганымды билчу болсо мени өлтүрөт. Баарынан да сенин чечкиндүүлүгүңө таң калып, коркуп да атам.
Коркпой эле кой. Баары жакшы болот. Кааласан бул иштин сен аркылуу болуп жатканын ага билгизбей эле коёлу. Мага анын иштеген жумушу менен жашаган дарегин берсең болду. Калганын өзүм бүтүрөм. Ал экөөбүз бири-бирибиз үчүн бөтөн эмеспиз, кантсе да
бир кезде сүйлөшүп жүрбөдүк беле. - Мейли. Бирок Улан айтчы, мындай кадамга баруу менен сен эмне максатты көздөп жатасын? Чыныны айтчы.
- Жайнаш, сенин көзүңчө калп эле жакшы киши көрунгум келбейт. Ооба, Заремага боорум ооруп жатканы чын, бирок бул иштин өзүмө пайдалуу жагы да бар. Бирок ал максатымды сен сурабай эле койчу, мен айтпайын.
- Мейли. Ошондо Зареманын колун кантип сурап, кантип макулдугун алганы жатасын? - Сен мага анын кайда иштерин же жашарын айтсан болду. Мен ага кокусунан жолугуп калымыш этем, анан аны дале болсо унута албай жүргөндөй түр көргөзөм дагы, ажырашып кеткенимди, үйлөнүш кере болуп жатканын айтып колун сурайм. Эгер сен айткан- дай анын чындап эле аргасы кетип калган болсо дароо макул болот.
- Ооба. Менимче планды туура түзүпсүң. Зарема макул болот го деп ойлойм. Ал бул тууралуу мени менен да кенешет болушу керек. Бирөөнүн токолу болгончо сендей жигиттин жары болгону ага жакшы да.
- Ооба десен.
- Бирок, башкадан боюна бүткөн аялды алганы атканына мен түшүнө албай атам. Же сага бала керекпи? - Туура божомолдодун Жайнаш. Мага бала керек. Мурунку аялым менен да балалуу боло албаганыбыздан улам ажырашканбыз.
- Заремага эмне үчүн үйлөгөнү жатканынды эми түшүндүм окшойт. Демек сен анын баласын өзүңдүкүндей көрүп асырап алат экенсиң да.
- Ооба.
- Андай болсо жанагы өзүн түзгөн план боюнча аракеттен. Зарема облустук оорукананын жаракат бөлүмүнүн башчысы. Эртеден кечке чейин жумушунда болот. Ооруканада дарыланып жаткан кайсы бир тууганына келгендей түр көргөзүп алдынан чыга калсан шек албайт болуш керек.
- Рахмат Жайнаш. Эгер Зарема макул болсо дагы жолугабыз да.
- Ал мага бул тууралуу сөзсүз айтып кеңешет болуш керек. Сенде кол телефон барбы?
- Жок, азырынча ала элекмин.
- Андай болсо мен номурумду берейин, көчөдөгү автоматтан кайсыл учур болсо да чала бер.
- Макул...
Улан облустук оорукананын алдына таңатпай келди. Оорукана кызматкерлери жумушуна шашыла басып келе башташканда Заремага кокусунан жолугуп калгандай түр көргөзүүнү максат кылган ал оорукананын.....
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1