7-бөлүм.
Бир жүткүнүшсө эле жетип барышмак, бирок аялы баса албай калгандан кийин бул куткарылуу оорлошо түшөт. Андыктан эртерээк башка чара ойлоп таппаса арты жаман болмок. Ошол учурда анын башына «айылга эртерээк жетип ат менен кайра келе калыш керек» деген азгырык ой келип, эки кызын апасына жабыштыра салып уулун көтөрүп айылды карай чуркап жөнөйт. Эгер кыздарын калтыра турбаса айылга жетиши кыйындамак, андыктан кичинекей жана жеңил деп уулун гана алат. Бирок анын бул ниетин аялы башкача, болгондо да жаман жакка жоруйт. Ал «Жанызак өз жанын ала качып кетти, мени ойрот деп чанды, кыздарымды кыз деп бала катары көрбөй, бир гана баласын куткарып калууну чечти» деп ойлоп, аяк шилтерге дарманы келбей, бүткөн бою муз боло тоңуп, кайыккандан өзүн жоготуп баратса да өз тилинде кандайдыр дубаларды окуп, күйөөсүн минтип каргап жиберген имиш: «Жанызак жалгыз жанынды ала качып кеттиң... Ылайым жарыбай кал, өзүмдү ойрот деп чандын ойронун чыксын, чүрпөлөрүмдү кыз деп чандын ылайым кызартып кыз суйбой кал, уучун узарбай, жалгыз уулунду кучактап, ушинтип өмүр бою тоо-таш аралап томаяктык өмүр сүр, каргышым бүт урпактарына чейин жетсин!» деген каргышты биротоло тонуп түбөлүк уктап кеткиче айтып, ойротчо дубасын миң кайталап окуган имиш. Жанында эч ким болбогондон кийин мунун калп же чын экенин бир эле Кудай билбесе, башка эч ким билбейт. Бул эми элдин болжолу болгону менен убакыт өткөн сайын чындыкка окшошо берет. Жок эл ошол чындыкка таянып бул болжолду айтып келе жатат. Ошондо уулун бооруна каткан бойдон айылга кар малтап чуркап жетип, баланы биринчи үйгө таштап, айылды аралай жүгүрүп ат издеп, атчан жигиттин коштоосунда Чон-Кыяга жеткен Жанызак жанагинтип өзүн каргап
жатып көз жумган аялы менен кыздарынын карга көмүлгөн сөөгүн табат. Бир заматта чырактай аялы менен алмончоктой кыздарынан айрылган Жанызактын азабы ушуну менен эле бүтпөйт, ошол бороондон боруна катып эптеп аман алып чыккан уулу баары бир эле өзөгүнө суук өтүп кеткендиктен чарчап калат, эти от менен жалын болсо да катуу үшүгөн немедей калтырак басып бир жума бою ооруп жатып аран оңолот. Бул да эч нерсе эмес экен, жарым жылга жетпей улуу аялынан төрөлгөн тестиер кызы түшүнүксүз ооруга чалдыгып каза болуп калат. Элден безгендигинен улам ушундай кырсыкка кабылганын Жанызак өз тушүнөт, бирок муну жакындары кайберендин каргышы катары жоруйт. Жакындары каршы чыкса да болбой мергенчилигин таштабаган Жанызак ошондон кийин балалуу боло албай көп жыл жүрөт. Ал убакта ата-бабаларыбыз эр азаматтан тукум алууга катуу маани беришкен. Мындан улам алар Жанызакка төшөк жаңыртып дагы бир аял алып беришет, бирок андан да балалуу болбой жүрүп, эки жолу кыздуу болгону менен алар наристесинде эле чарчап калышат. Кийин гана бир уулдуу болуп, араң дегенде тукумун улайт. Ал дагы атасы сымал мергенчи чыгып, бир гана уулдуу болгонунда, кыздары чарчап кала бергенинде чоң аталарымын да кандайдыр бир сыр бар экенинен шекшип, бүбү-бакшыларга күзгү ачтырып, көз ачыктар менен молдолордон сураштырса Жанызакка каргыш айтылып, тетири дуба окулганын айтышканы менен эч кимисинин аны жандырууга кудурети жетпейт. Ушундан улам силердин тукум жалгыз чокон болуп келе жатат. Сенин жалгыз гана уулдуу болуп, кыздарын чарчап калганына караганда терс дуба күчүндө окшойт», - деп санжырачы аксакал сөзүн аяктаган
Ата-бабалардын көкөйүндөгү ушул көйгөй кан аркылуу агып келгенсип, азыр Байөмүр атанын көңүлүн чыдатпай катуу өйүп атат. Бүт өмүрлүк каалоосу болуп калган, ал тургай жети атасынан берки бул тилекти орундатпаса, урпактар учун улап кетпесе оо дүйнөгө барганда эмне деп жооп берет. Качанкы бир жанылыш айтылган каргыштын айынан көп неберелүү боло албаса да, өз тукумуна буйрулган бир уулдун жытын жытташы керек эле. Анын бетин ары кылсын, бирок жалгыз деген жалгыз, кокус Улан бирдеме болсо Жанызак бабадан эптеп уланып келе жаткан тукум үзүлүп кетиши мүмкүн. Анда ким бабалар канын алып жүрөт, ким аталарды эскерип, бейитине барып тооп кылат. Урпактары турганда ата-бабалардын өнү, мүнөз-кыялдары, кылган эткендери кайталанат, жок эле дегенде баягынын тукуму дедиртип эскерер кишиси болот бул жалганда. Ушуну уулу Улан билип атабы? Билсе да ага маани бербей кеткен аялын издеп чымын-куюн боло шаарга каттап, өз өмүрүн эле эмес, бүткүл тукумдун уланышын тобокелге салууда. Күнүгө ондогон кырсыктар болуп жаткан кан жолдо жүрөт, Кудай сактаса экен аны. Ушуну ойлогон абышка-кемпир Жаркынай кеткенден бери Уланга ыңгайы келе калганда үйлөнүп балалуу болушу керек экенин айтып, талап кыла башташты. Ата-энесинин бала дегенде ак эткенден так этишерин билип турса да, өзүлөрүнө айтылбай турган бир сыры бардан бетер унчукпай кутулуп кетүүдө. Бул деги качанкыга чейин созулат?
Анын үстүнө ушундай санаага кабылып, жаны жай таппай жүргөн Байѳмүр атанын кийинчерээк ден соолугу да жакшы болбой жүрбөйбү. Башы лукулдап ооруп, көңүлү караңгылашып, көбүрөөк басса демиге түшөт. Карылыкпы дейин десе өзү курактуулар деле мындай дарттан сырт жүргөнсүйт. Башында буга анча маани бербеген кийин убакыт өтө бул оорусу күчөгөндөн күчөп бараткансыйт. Кемпири Ырыскан абышкасынын табы мурдагыдай эмес экенин, шайы кете баш- таганын көптөн бери эле байкап жүргөн, эми доктурга көрүнүүсүн талап кылып, муну Уланга да айтып, коркуп кеткен ал атасын түз эле шаардын чон доктуруна көргөзмөй болду.
Ошентип Улан мурда эл ташып акча табууну шылтоолоп шаарга каттап, андан пайдаланып ара-чолодо Жаркынайды издеп жүргөн болсо, бул жолкусунда таптакыр башка жумуш менен атасын дарыгерлерге көрсөтүү үчүн келди. Майды жапсын деп эки жүргүнчү салып алган ал кечке жуук шаарга жетип, кымбаттыгына карабай бир кезде Жаркынай экөө токтоп өтчү өзүнө жакшы тааныш мейманканага жайгашты. Өзүн ата-энеси менен кошо жакшынакай кабыл алып, канча күн болсо деле кабагым кашым дебей сыйын көрсөтө алчу достору деле бар болчу. Бирок үй-жайы өздөрүнө чак аларга ыңгайсыздык жараткысы келбеди. Ар кандай кишилер жатып кетчү мейманканага жайгашып жатып жакын тууганы жок экенине ата-эне менен бала өз ичтеринен өкүнүп алышты. Туугандын топурагы алтын дегендей, ал алысыраак болсо да доско караганда жүрөккө жакын болот экен. Дос айрылат, тууган кайрылат дегендей канын бир болгондон кийин сен үчүн кандай болбосун түтөт тура жакынын. Ал эми жети атасынан бери жалгыздап туулуп келе жаткан Жанызактын тукуму болгон Байѳмүрдө бир туу-ңган турмак жакын тууган да жок. Ырыскан эненин бир туугандарынын эч кимиси бул шаар жеринде турбайт, алардын балдарыныкына баргысы келишпеди. Айтор түз кирип барып өз киши катары камтама болбой жүрө туруучу үйлөрү болбогондон кийин кымбат жана
кандайдыр ыңгайсыз болсо да мейманканага жайгашышты. Ошонун эртеси эле мамлекеттик бейтапканага барышса жолдомо сураган алар кабыл алгысы келбей ары-бери түрткүнчүк кылышарын, дарыгерлерине
аргасыздан акча беришерин билген Улан атасын акы төлөп көрүүчү менчик бейтапканага алып барды. Алган акчасына жараша илбериңки тейлеп, изилдөөлөрун заманбап медициналык аппараттардын жардамы
менен жүргүзгөн бул бейтапкана Байѳмүр атанын ден соолугун кылдат текшерип, аныктамаларын үч күндүн ичинде чыгарып, дартын аныктап, ага жараша дарысын дайындап, медициналык кеңештерин, дарыгерлик сунуштарын айтышты. Көрсө Байөмүр атанын кан басымы жогорулап, гипертония деген дартка чалдыгыптыр. Андыктан ден соолугуна кылдат мамиле кылып, дарыгерлердин айтканын аткарбаса бул оорунун
салакасы жаман болот экен. Алар ар бир жеп-ичкен тамагына, жүргөн турганына көзөмөл жүргүзүп, күчтүү
жана майлуу тамактарды жебей, жашылча-жемиштер
менен дос болуп, ачууланбашы, капаланбашы керек
экенин айтышты, Нарындын абасы оор болгондуктан
кан басымы жогоруларга ал жерде жашаш кыйын экенин, мындай оорулуулар Чүйдү турак кылгандары оң
экенин түшүндүрүшүп, үч маал ичүүчү толтура дарыларды жазып беришти. Муну укканда Байѳмүр атага
заман акыр болуп кеткендей сезилди. Баарынан да туулуп-өсүп, өмүр бою жашаган жеринин абасы жакпай
калганы эмнеси! Балалыгынан бери жеп-ичип көнгөн
тамагы жакпай калганы не шумдук! Ушул жашоодо
да санааркабай, капаланбай жашоого болобу? Айтор
Дарыгерлер дартына дабаа таппай эле кайра көбөйкөнсүдү, жашоосун оорлотконсуду. Алардын талабын
эч качан орундатмак эмес. Жеп-ичкенин алардын айтканы менен шайкеш келтирип, жазып берген дарыларын калтырбай ичип, күнүмдүк жашоосун өзгөрткөн күндө да туулган жерин таштап, бейиш болуп кетсе да, өлүп баратса да Чүйгө келе алмак эмес. Андайды эч качан кабыл албастарын түшүнүп ата-энесине Улан да унчуга алган жок. Ошентип бир жумага жетпей артка кайтышты. Бул шаарга баргандарынын пайдасы Байѳмүр атанын дарты аныкталганы, аны менен күрөшүүдө эмнени ичип, эмнени коюшу керек экени, оорусу кыйнап келгенинде жеңилдетүүчү дарыларды чектетип алганы, жөн эле санааркап, болбогон ишке капаланбоого аракет кыла баштаганы болду. Ырыскан апа менен Улан да ага этиет мамиле кылып, айтканын айткандай аткарганга, талашып-тартышпоого аракет кыла башташты. Бирок адамдын ой-санаасын эч ким тыя албайт эмеспи. Жашы жетимиштеги Байѳмүр атанын бир караганда жашоосу жайындадай, оокат- мүлкү жетиштүү үйү үстүндө, ашы астында дегендей баары жакшыдай сезилгени менен анын небере жытын жыттоо, ата-бабалардын тукумун улоо деген эн бир чоң эңсөөсү бар. Бул каалоосу анын кыял-санаасы да, капалануусу да, бирден бир көйгөйү жана жалгыз умтулганы болчу. Ушуну ойлогондо эле башы лукулдап ооруп, өңү кара көк тартып демигип чыкчу болду. Мурда мындай кыйналганында унчукпай отуруп, оорусу басандагыча күтүп, азабына түтсө эми дарты олуттуу экенин билгенден кийин бул көңүлүн өйүгөн санаасын ачык эле айтып, Уланга талапты катуу эле койчу болду: «Өзүн билдин абалым жакшы эмес экенин. Ошон үчүн эртерээк үйлөнүп, неберелүү кыл. Тукумум уланганын көрбөй кетсем арманда калам». Ан- дайда Улан: <<Ата жаман ойлоп, жөн эле капалана бербеңизчи, убагы келип калды үйлөнөм, неберелүү да кылам, кыскасы баары жайында болот. Мен деле жөн жүргөн жокмун, апам экөөңүздөргө ылайыктуу келин
издеп жатам, капа боло бербей, өз ден соолугунузга карап кичине күтө туруңуз»,- деп калп айтып болсо да карыларды жайгарганга аракет кылганы менен көңүлүндө Жаркынайдан башка жан жок болгондуктан аргасы кете баштады. Жаркынай кеткенден бери эле ылайыктуу келин издей баштаган Ырыс эне айылдагы кыздарды сураштырып, өзүнө жакса уулунан таанышуусун сүйлөшүүсүн суранып, жактырса ата-энеси менен кудалашарын айтып, талап койчу болду. Акыры үйлөнүп тынбаса болбой калганын, ушинтип карылардын каалоосун орундатса аларга женил болорун, өзгөчө оорудан санааркаган сайын жабыркаган атасына жакшы болорун түшүндү. Дале болсо Жаркынайды издегенин койбогон ал тапкан күндө да эми экөөнүн жашоосу болбой калганын, сүйүктүү келинчеги менен кайрадан баш кошуусуна бир гана арга бар эле ал андан бала көрүүсү болчу. Ошондо гана ата-энеси анын кайтып келүүсүнө каршы чыкпай кайра кубанышып, кучак жая тосуп чыгышмак. Бул иш бирок кыял гана болчу, Жаркынайды таппай жатса, ал кайдан ишке ашмак эле. Аны тапкан күндө да төрөбөсө үйүнө кайра алып бара албайт да. Мурда Жаркынайды тапсам шаардан батир жалдап жайгаштырып коёт элем да, келген сайын бирге болуп, жубайлык жашообузду уланта беребиз деп пландачу. Эми ата-энеси үйлөнүүсүн талап кылып, атасынын оорусу олуттуу экени билингенден кийин бул кыялы да ишке ашпачудай болуп барат. Үйлөнуп алганын билсе Жаркынай кечиреби, жагдайды түшүндүрсө түшүнүктүү неме кечиргени менен өзү менен шаардан жолугушуп турууга макул болобу?
Ушундай суроолор менен баш катырып, санаалар менен сабыркаган Улан кийинки шаарга келгенинде алиги атасынын ден соолугун текшерткен менчик бейтапканага кайра барды. Максаты эми өзүнүн ден соолугун, тактап айтканда тукумсуздугунан айыккан айыкпаганын текшертүү болчу. Мындан төрт жыл мурда Жаркынай экөө текшерилгендеринде өзүнүн тукумсуздугу аныкталып, дарыгерлер эгер тамеки, арак сыяктуу зыяндуу адаттарын таштап, нукура таза азыктар менен тамактанса көйгөй чечилерин айтышып, буга ишенген жубайлар алардын талаптарын аткарып (Улан тамеки менен аракты таштап), беймарал жашап жүрө беришпеди беле. Ошол камаарабай жүрө берүү эми тагдырга сокку уруп, жакшынакай жашоону бузду. Ошондогу текшерүүлөрдүн туура болгонуна күмөнсүп, өзүнүн дале тукумсуздук оорусу айыга электигинен шектенип, дагы бир жолу текшерилүүгө чыгынды, Текшерилүүнүн жыйынтыгы урук тапшыргандын эртеси куну чыгып, дале тукумсуз экенин билдирип, эсин эңгиретип турду Уландын. Эң бир жаман кабарды уккансып башы шылкыйып, өң алеттен кете түшкөн аны дарыгер карыдан алып, бул эч нерсе эмес экенин, мында жатып бир жумача жакшылап дарыланса уруктугу калыбына келерин, өзү сыяктуу бейтаптардын далайын айыктырганын айтып, кандай кайгыртса ошондой эле кайра кубантпаспы. Ошол эле күнү авто- бекетке барып жердеш таксистерден ата-энесине машинеси бузулганын, оңдотуп алып барарын айттырды да, ооруканага келип дарылана баштады.
Зымырап откон убакыттын алып учкан кундору бат эле кышты жазга алмаштырып, Жаркынай экөөнүн бөлүнгөндөрүнө төрт айдын жүзү болсо да аны тынбай издегени менен тапмак тургай бир кабарын уга албады. Анын курбусунун үйүнө дайынын сурап бара берип тажатты. Көлдөгү таякесиникине эле эки жолу издеп барып, айласы кеткенде аларга чындыкты айтып, кечирим сурап, издеп тапканга жардам берүүлөрүн өтүндү. Айтор ушул убакыттын ичинде анын баркын чындап билди, сүйөрүн түшүндү, сагынычы ашып-ташып, бук кылып баратты.
Ошентип дарыланып жатканына үч-төрт күндөй болуп калган. Бул күнү өзү менен чогуу дарыланып жаткан жигит менен сырттагы отургучта жагымдуу тийген жазгы күндүн алдында эки жакка көз чаптыргыча кобурашып отурушкан. Аңгыча сымбаттуу кийинген мүче-бою келишимдүү келин шиш такасын тыкылдата басып алдыдан өттү эле жаш жигиттер аргасыздан көңүл бөлүп, аны узата карап калышты. Келин узай берип артына кылчак карап алып, ооруканага кирип кетти да, бир аздан кийин кайра чыгып алдыдан жанагындай эле басып өткөндө Улан анын жүзүнө тигиле карай берди эле көзүнө кандайдыр жылуу учурады. Ал да нары карай узай берип, жанагыдай эле артына кылчактай карап алып, токтой калды да артка бурула берип:
- Кечиресиз, сиз Улан эмессизби? - деп сурады. - Ооба, Уланмын. А сиз Жайнагүлсүз да, - деп бул келинди эми аран тааныган Улан ордунан тура калып аны көздөй басты. - Кандай Жайнаш ден соолуктар, иштер жакшыбы, жакшы жүрөсүңбү?
- Жакшы, өзүң кандайсың? - деп ал-жай сурашкыча чогуу басышып, Жайнагүл шаардагы ооруканалардын биринде дарыгер болуп иштеп жатканын, турмушка чыгып бир балалуу болгонун айткыча, Улан айыл- да экенин мында дарыланып жатканынан кеп салды. Бара түшүп сөздөрү түгөнгөндө Улан артына кайтмакчы болду эле Жайнагүл эмнегедир коштошууга шашпаган түр көргөзүп, анан кандайдыр ойлуу тарта түшүп үн катты:
- Улан, эмнеге Зарема тууралуу сурабайсың?
- Сураганда эмне. Ал экөөбүз эки башка жол менен кеткен кишибиз да. - Ошентсе деле бир кезде сүйгөн адамындын тагдыры кызык болушу керек эле го.
- Өткөндү козгоп өкүнгөндө эмне чыгат... Мен Зареманын бактылуу болгонуна ишенем. Окуусун бутуп, өзу каалаган дарыгерлик кесибине ээ болуп, карьера жасап жатса керек.
- Ооба. Бирок үй-бүлөлүк бакыт деген да керек экен. Адам бир эле иш менен бактылуу боло албайт тура.
Жайнаш, мунун баарын мага эмнеге айтып жатасын? Зарема экөөбүздүн жолдорубуз эки башка кеткенден кийин өткөнүбүздү козгоп эмне кыласын? Кеп болсо ал күйөөгө тие албай жүргөндүр. Анда өң десе өн, билим десе билим бар, Заремадай сулуулар жерде калбайт.
- Кеп ошондо болуп жатпайбы. Түшүнөм сен аны кечире албайсын. Бирок өзүн да ал үчүн күрөшпей койбодунбу. Ошондо эле ала качып баса берсен болмокда.
- Жайнагүл, муну менен эмнени айткын келип жа тат? Ал кезде Зарема ала качтырчу кыздардан беле? - Кантсе да ал сени сүйчү да. Сенин бир заматта өзүнөн кол үзүп, чала тааныш бирөөнү алып баса береринди күткөн эмес. Кийин аябай өкүнүп, жаман болуп журду.
- Ушуну эле айтайын дедин беле Жайнаш? Болуптур. Зарема жаман болуп жүргөн болсо айтып кой мен аны ошондо эле кечиргем. Ал эмес ошондой кылганына ыраазы да болгом. Антпегенинде жакшы адамга жолуга алмак эмесмин...
- Жакшы аялга жолуктум дебейсинби. Кубанычтамын! Бактылуу болгула, - деген Жайнагулдун сөзү чын журоктон чыккансыганы менен аягы өкүнүчтүү уланды: - Зареманыкы андай болбой калды. Байкуш кийинки кезде абдан жаман болуп жүрөт. Кыскасы анын турмуштан жолу болгон жок, сен сыяктуу бакты- луу боло албады. Аны табаласан деле болот.
- Эмнеге табаламак элем. Ал жаш, жакшы жашоосу алдыда. Менин деле жашоом сен ойлогондой эмес. Ажырашып кеткенбиз, күзүндө...
- Эмне? Ажырашып кеттиңерби? Деги эмне болуп, - Ал төрөй алган жок.
- Каап! Жаман болгон экенсинер. Бирөөгө зар, бирөөгө кор бала деген ошол тура. - Ооба. Кой Жайнаш мен барайын. Заремага салам
айтып кой. Менин ага эч кандай деле жаман оюм жок.
- Болуптур, - деп кол берип узай берген Жайнагул бир аз узап барып кайра кылчая берип ун катты: -
Улан токтосон.
- Эмне болду Жайнаш?
- Зареманын абалы сен ойлогондон да кыйын. Ал эмне кылар айласын таппай калды.
- Эмне болуп?
- Эгер ага кек сактабаган болсон, тагдырына кай- дыгер деле болбойт болушуң керек. Зареманын эң жакын курбусу катары мен ушунча болгондон кийин сага анын азыркы абалы жөнүндө айтпай коё албайм. Балким жардамын тийип калар...
- Жайнаш, аны менен мамилебиз болбой калгандан кийин ушунун кереги жок болчу. Ал менин жардамымды деле алгысы келбейт болушу керек.
- Анысын билбейм. Бирок айттым го абалы абдан оор деп...
- Мейли, айтсан айтчы.
- Уксан анда бир жерге отуралычы, - деп соз узак болорун ишаараттаган Жайнагүл качан алар анча алыс эмес жердеги бош орундукка отурушкан соң сөзүн улантты. Зарема каяктагы бир зөөкүргө кайдан
жолукканын билбейм, болбосо аныкы баары жакшы болчу, окууну артыкчылык менен бүтүп, мен деген
ооруканага орношуп, эки жыл өткөндөн кийин бөлүм башчылыкка да көтөрүлгөн эле. Анан эле ошол ооруканага мушташта колуна бычак жеп, башынан
жарылып түшкөн бир жигит менен сүйлөшө баштады
Өзү айткандай ошондо эле анын жөн жүрбөгөн, каралар менен кандайдыр байланышы бар неме экенинен шектенбептир. Мурдагы спортсмендер абалын сурап келип жатканын көрүп туруп да жаман ойлобоптур.
Анын үстүнө Касен деген ал шумпай Зареманы абдан
жактырып калып бура бастырбай туруп алыптыр, кымбат белектерди берип, жакшы сөздөрдү айтып башын
айландырыптыр. Мындай мамилени эзели көрбөгөн,
жашы да өтүп кара далы болуп бараткан Зарема байкуш кантсин өз бактысына жолуккансып, аны менен
кыз-жигит катары жүрө баштаптыр. Мага деле ошондо
бул тууралуу айтып, кубандырып, куттуктоомду уккан
эле. Ошентип экөө ысык мамиле өтүшүп, ал тургай
уйлонмой болушат. Бирок Касен баш кошууну создуктуруп, жылуу сөздөрү менен кооз убадаларына тойгузуп жүрө берет. Мындай арамдыктан шектенбеген
Зарема ал белек кылган батирге көчүп кирип жашай баштаган эле. Анан бир күнү эле ал мага ыйлап келип
болгонун болгондой айтып берди. Көрсө тиги шумпай аны зордуктаганы аз келгенсип, бир жума бою батирине камап жатыптыр. Аргасы кеткен Зарема аны менен эрди-катын катары жашай баштап, ата-энесинин
алдына баруусун, эл катары үйлөнүүсүн талап кылыптыр.
Бирок Касен баягы эле кооз убадаларын айтып, тоготпой, квартирасын колко кылып, коркута сүйлөп, ал тургай ичип келип коркута сүйлөп, ал тургай ичип келип кол көтөрөт.
Төргөнгө чейин барат. Бул да эч нерсе эмес экен, бир
айга жетпей көп чындыктар ачыкка чыгат. Көрсө Касендин аялы, ал тургай эки кызы бар экен. Аялы дагы Касен менен Зареманын мамилесин билип, ал тургай буга өзү жол бериптир. Эмнеге дебейсинби. Көрсө Ка- сендин аялы эки кыз төрөгөндөн кийин эле төрөй албай калат. Ата-энеси болсо тукум улай турган эркек неберелүү болгусу келип, ал тургай муну уул-келининен талап кылганга чейин барышат. Келини төрөй албай калганы билингенде аны кетирип уулуна башка аял алып бергилери келет. Касен эки кызын, жакшынакай жашап жаткан аялын кыя албай же ата-энесине каршы чыга албай чайналат. Аңгыча каралардын өз ара кагылышуусунда Касен колуна бычак жеп, башы жарылып ооруканага түшүп калат. Ушундан соң уулунун каралар менен байланышып, опуртал жолго түшкөнүн билген Касендин ата-энеси ал бирдеме болсо тукумубуз уланбай калабы деп ого бетер коркуп кетип, андан төрөй албаган немени кетирип, башка аял алуусун ачык эле талап кылып киришет. Ошондо айласы кетип калган Касендин аялы күйөөсүнө экинчи аял алууга уруксат берет. Ооруканада жатканында Зареманы жактырып калган Касен ага жетүүгө минтип жакшы шарт түзүл- гөндө жөн турмак эмес да, жанагындай жолго салып максатына жетет. Батир алып берип, үйлөнбөсө да эрди-катын катары жашай баштагандарында гана Касен уялбастан бүткүл сырын ачыкка чыгарып, эгер экинчи аялдыкка макул болсо бүткүл байлыгынын жарымын берип, карьералык жактан өсүшүнө шарт түзөрүн ай- тат. Бирок, билесин да Зареманы, намысы менен дымагы күчтүү ал эч качан мындай алдамчылыкка чыдай албайт, бирөөнүн токолу болгусу келбейт, ошол замат Касен алып берген батирдин ачкычын ыргытып, баарына кол шилтеп басып кетет. Бирок Касен да женилгенди жаман көргөн неме да,
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2