13- БӨЛҮМҮ..
Алло, Майрамбек байке, азыр эле Жылдызбек байке чалды, эртең саат кечки төрттө өзү кезигет экен сиз менен. Мен саат үч жарымда алып кетем. Туура үч жарымда сыртта туруңуз. Түшүндүңүзбү?
-Түшүндүм. - Шум телефонун диванга таштап ойго батты. Чакырган жигиттерин кайра бара бергиле деди. "Жылдызбек" - генералдын Шум үчүн коюлган аты. Ал эмнеге келди болду экен. Жакшы кабар мененби же жаманбы? Шумдун санаасы санга бөлүнөт. Бу генералдан жаналгычтай коркот. Өтө коркунучтуу, канкор экенин билет, далай иштерин уккан. Андан качууга да болбойт, сөзүн эки кыла албайсың. Бу кең Москвада да анын көзөмөлүндө болсо керек. Шум кандай шум болсо дагы бүтүндөй бир өлкөнүн милийсасы менен жашырын кызматы кыңк этпей баш ийген генералдан жүрөгү түшкөнү түшкөн. Дагы бир айча убакыт өтсө, түбөлүк кете турган жерине кетип бу генерал баш болгон желмогуздардан да түбөлүк кутулмак. Ага чейин генералдын ар бир сөзүн кыңк этпей аткарганы аткарган.
Эртеси Шум болжошкон убакытта сүйлөшкөн боюнча үйдөн өзү жалгыз чыгып бир-эки мүнөт тургандан кийин ага жанаша такси токтоп, терезесинен бир жигит үн салды:
-Майрамбек байке, келиңиз, отуруңуз. Жылдызбек байке жиберген менмин.
Шум так#### отурду. Кыштын күнү эрте караңгы кирет эмеспи, үч жарым болсо да күн койу кеч болуп бараткан. Такси көчөдөн көчөгө өтүп кырк мүнөттөй жүрүп бир жерден экөөнү түшүрдү. Экөө бир-эки көчөө жөө басып, анан котельныйга киришти. Полковниктин жаңы эки дос кочегары экөөнү көрүп эпилдей тосуп алышты. Шумга барардан мурун полковник бул жерге келип экөөнү аябай сугарып кеткен. Кайра келем деген. Эки орус буттарына араң тургандай болгону менен көмүрдү олбурлуу ыргытып жатат.
Полковник Шумду бир бөлмөгө отургузуп коюп эки кочегарды дагы бир-эки жолудан стакан көтөрттү эле, ошондон он мүнөт өтпөй экөө тең бир бурчтагы тапчандын үстүнө кулашты. Аракка да тоюшкан, эс-учунан ажыратчу дарыдан пийва менен аябай ичишкен.
-Качан келет? -деди Шум сырттан кирген полковникке:
Полковник саатын карады:
-Он мүнөт калды. -Анан үстөлдөгү арактан эки стаканга куюп бирин Шумга сунду. -Алыңыз.
Шум тартты, полковник да. Шум столдогу бадыраңдан алып бир тиштеп кайра койду. Полковник ага катарлаша отуруп баратып мойундун оң жак күрөө тамырына колдун кыры менен шилтеп калды эле, тиги шылк этти. Ошол замат анын мойнуна бир байлам аркан сымал жип чалынып муунта тартылды. Аз өтпөй элүү миллион долларды оңой эле апэткен акула сындуу неме жансыз денеге айланды, эми ал өлүк болчу. Полковник аны ийинге сала көтөрүп барып дүркүрөп күйүп жаткан килейген мешке салып, темир менен нары түрттү. Эки-үч мүнөттөн кийин өлүктүн изи да калбады, үстүнө көмүр ыргытылды..
Полковник бөлмөгө кайра келип стакандар менен бөтөлкөнү отко ыргытты да, котельныйдан чыгып көчөдөн көчөгө өттү.
Жана Шум полковник "Азамат" менен жолугушам деп кеткенден кийин бир жаш бала Шумдун бир жигитине алакандай барак карматып чуркап кеткен. Жигит диванга отуруп окуса: "Мен сага өлүм апкелдим" деген жазуу бар экен. Бу жигит шериги экөө сыртка чуркап кагаз апкелген баланы да, Шумду да таппай калышты. Кийин булар Бишкекке кетип бу жерден милийсанын сурагына кабылганда ошол кагаз жөнүндө айтышкан...
Генерал болсо Шумдун өлүмүн "өлүм апкелем" деген бандиттерге шылтап салып аны бийлик кылды дегенди айттырбай, эми анын он миллион долларын кантип алуу жөнүндө баш катырып жүргөн убагы, баягы полковник экөө...
***
Ошентип Сатар талкаланган үйүн, кебетеси келишкен Асясын көрүп, "өлүм апкелгендер" көзүнө көрүнүп - баары кошул-ташыл болуп катуу жыгылды. Догдурга жатты далайга. Ася болсо Бишкектин эң чоң базарына көп байралып жүрүп кескиленген долларын баштыгы менен көтөрүп аккөңүлү кармаса көрүнгөнгө берип, кереги жок десе урушуп, жин оорусу күчөп анан кышкы суук күндөрдүн биринде дал ошол базардын четиндеги каналда тоңуп өлдү. Сөөгү моргдо биртопко жаткандан кийин ээси жок өлүк катары эптеп көөмп ташталды...
Сатар кийин укту аны. Убагында укса деле колу менен көммөк эмес, үй толо дүнүйөдөн, толгон жылкыдан айрылткан ушул, анан да көрсөтпөй он миңдеген долларды катып жүргөнүн карабайсыңбы! Жок Сатар бу аялын көммөк эмес!
Сатар ооруканада көпкө жатып, баскан жолун көп ойлоду. Ошол жолунда уялчу кылыктары бар экенин алгачкы жолу эсине алды. Мурун ал жөнүндө ойлоп көргөн эмес. Айбандык менен адамдыктын, арамдык менен адалдыктын, айкөлдүк менен наадандыктын, боорукердик менен ташбоордуктун ажырымын тактап-талдоого аракет кылгандай болду. Өзүнөн өзү минтпейт эле, өзү менен бир палатада жаткан бир ажы адам бар экен жалаң эле улуу сөздөн, ыймандан сүйлөгөн ошонун сөздөрү түрткү берди көрүнөт. Өзү чөөдөй жутунган, адамга жылдызы да жок неме болгону менен кеп сөздөрү мыкты экен да! Угуп эле тургуң келет. Дилиңди дароо тазалап салгандай кылат экен анын сөздөрү. Тамагын катып жегени, жаш токолу келгенде уу тили пайда болуп аны каарыганы, майдачылдыгы көргөн адамды жийирткени менен кооз сөздөрү цыгандардын картасындай экен, коенду тарткан удавдай экен, эритип таштайт экен эритип... Сатарды да эритти.
Догдурдан чыккандан бир ай өтпөй Сатар ажылыкка аттанды топкыргыз менен.
Сатар ажылыкка жөнөгөнчө бар байлыгын долларга айлантып Батыштын бир банкына которгон. Өзү ойлогондор ишке ашса, экинчи бул жакка, киндик кан тамган мекенине кайрылып келбейт. Ажылыктан тазаланат да башка турмушту баштайт... Сатардын бир тилеги дароо эле орундалды, баргандан үч күн өтпөй мейманкананын 7-кабаттагы балконунда турат эле, төмөн карай берип башы айланды, бир убакта жерге учуп, былч эле дей түштү. Тилеги кабыл, түбөлүк туулган жерине кайткыс болду. Аны ошол жерге көмүштү, түптүз бейишке чыгат экен, да бир өмүр бүттү ошентип...
***
Мырзабектин өмүрү өтүп жатат. Кез-кези менен кайындарына барып балдары менен үч-төрт күндөй болот. Өз эне-атасына учурашып, бир-эки күн конот. Ал жактарга барганда эч жакка чыкпайт, эч ким менен сүйлөшпөйт. Анын баары Болоттун да, министрликтин да көзөмөлүндө. "Өлүм апкелгендер" Москвага чейин жетип элдин номер биринчи жегичин өлтүрүп кеткенден кийин алар өтө чоң даярдыгы бар күчтүү кылмыш тобу же милийсанын же коопсуздук кызматынын жигиттери деген ойду Болот да ойлоп жүрдү. Бара-бара Мырзабек шек алдырчу ролун аткара албай калды, андан шек албай калышты.
Эне-атасы ушул уулу аял алып оокатын кылса жакшы болбойт беле дегенди күнү-түнү ойлогону менен а жөнүндө уулуна бирооз сөз айтыша элек. Мырзабек да үндөбөйт. Анын аял алайын деген ойу жок эле азырынча. Турмуш дегениң кеңешип отурмакпы, бир күнү өз билгенин жасайт эмеспи. Жыл кетти. Аялынын өлүмүнө өзүн күнөөлүү сезип жүрөгү мыкчылганы кала элек. Алы өлүмгө түрткөндөрдүн сөөгү небак чириген дечи, бирок башкы айбан Болот дале тирүү жүрөт. Жок, аны дароо өлтүрбөйт, андай жыргалды апкелалбайт ал жексурга, азапты тарттырып, боздотуп, сыздатып туруп, анан гана жакын алат. Мырзабек небак эле ушундай чечимге келген, Самат да билет ал жөнүндө...
Болот Бишкекке иш менен көп келет. Бирок ушул жердеги эң жакшы көргөн көңүлдөшүнүн өзү алып берген үйүнө келбегенине көп болду. Ал бул ирет Бишкекке он-онбеш күнгө келди. Отпускага чыккан. Кыштын кыраан чилдесинде беришпедиби анысын да...
Ушул көңүлдөшүнө кезиккенде Болот баарын унутат, анын сөздөрү, эркелегени менен эркелеткени, жасаган тамагы баары... баары жыргал болуп кетет. Кийин пенсияга чыкса мунусун алып бери дегенде Москвага же андан ары кетип жашашат. Ошонун камын көрүп каражат топтоп жүрбөйбү. Мына, бир жума мурун эле жыйырма миң доллар колго тийди. Бир чириген бай бизнесмендин көпкөн баласы бир кызды зордуктап анысы аз келгенсип кадимки эле кой мууздагандай мууздап салыптыр. Анын атасы уулу камалары менен эле Болотко келип жардам сурады. Экөө мурун чала тааныш эле. Эми жакындашып турушту. Тиги каничкичтин атасы уулунун эркиндигине он миң доллар сунуштады эле, "Баланын өлүмү үчүн оң миң өтө аз, кеминде жыйырма миң" деди Болот, - "уулуңуз атууга кетпесе да, 18-20 жыл кесилет, ал жактан тирүү кайтмай жок". Үч кыздан кийин көргөн жалгыз уулу экен да атанын. Болоттун баасына көнүп турду. Жалгыз эркек кымбат болот тура. Бул иш тергелип, кыз паркта белгисиз бандиттердин колунан мууздалган болуп чыкты. Бизнесмендин баласында "күнөө жок" экен. Кыздын аттуу-баштуу, колунда туугандары жок экен. Жалгыз агасы гана мен баары бир тигини соттотом же өз колум менен өлтүрөм деген сөзү менен калган. Бизнесмендин баласы кайсы бир чет өлкөгө окууга жиберилди дейт. Ушундай абийирсиз иши үчүн Болот жыйырма миң доллар алды. Керек болсо кийин да алса болот... Иликтөөдө жаңы фактылар чыкты, күбөлөр көрсөтмөсүн өзгөрттү дегендерди сууруп чыгып тиги айбан баланы алекизаматта камап койсо болот. Милийсаңдын укуругу каалагандай узара берет эмеспи...
Мырзабек бу министр жөнүндө көп укчу. Жакшы сөзүнө караганда жаман сөзү аябагандай көп эле. Элдин элеги ошондой кылган. Бу падышага өтө жакын министр өлкөбүздүн тээ эң эле буйткалуу алыс жеринен Бишкекке окууга келип, мээсинин күчтүүлүгүнөн эмес, карандай эмгегинин күчтүүлүгүнөн чоң окуу бүтүп, андан соң Академияда ишке өтөт. Тагдырын кара, ошо кезде ушу падыша да ал жакта иштечү да. Бу тоодон тоң бойдон түшүп эми-эми гана тамакты вилка менен сайып жегенди, бутундагы байпагын бир айда эмес, күн аттата жууганды үйрөнө баштаган неме кудайургандай элпек болчу. Антпеске чарасы жок эле да, ким эмне айтса дароо аткарууга даяр кези болчу. Дал ушундай абалда келечектеги падышага аябай жагып алды. Өп-чөп жашаса да өзүнө жетекчи болуп турган келечектеги падышаны туулуп-өскөн айылына мейманга чакырып, бир жума бою аябай сыйын көрсөттү. Эшегине мингизип ажайып кооз жерлерди көрсөттү, оозунан тамак өксүтпөй көзүнүн кареги менен теңайланды, жок, алдыраак айланды. Келечектеги падыша аккөңүл жан болчу, бул каратоголок аспиранты Сүйүнтбек Апталиев аябай жакшы, түбөлүк кайткыс жакты көрүнөт. Анткени ал колунда бийлиги бар өзүнө пайдасы тийчү адамды эч качан сатып кетпечү, анан да чоңунун кандай гана тапшырмасы болбосун суроо салбай, эмнеге дебей сокур сезим менен гана аткара турган неме экенин келечек падыша айныгыс сезди...
Ай өттү, жыл өттү. Баягы аспирантынын эшегин "аргымак" кылып минген окумуштуу падышалыкка отурду, түшпөс болуп. Ал эми эшегин туура тартып, аттандырып- түшүргөн аспирант падышанын көңүлүндө жүрөт. Мен деген кызматтан бери дегенде бешти иштеди, иштеп келет. Түркүгү күчтүү болсо иштей берет тура, дээри менен деңгээли жетеби, жокпу. Сүйүнтбек байлыкты дурус чогултту. Байлыгың батпай турса махабат издетет эркекти. Сүйүнтбекти да издетти. Тапты. Махабаты ырчы кызга такалып токтоду. Кызмат менен байлык махабат майданында да тоскоолдук көрбөйт. Ошондой болду. Күлгүнжаш күйөөсү, андан балдары бар бу ырчы келин секелектик кылдыбы, акча менен кызматтын азгырык-кысымыбы, айтор, Сүйүнтбекке аял болуп берип тынды.
Бу министр жөнүндө уккан сайын Мырзабектин жини аябай келчү. Бир күнү Самат менен кеңешип, "өлүм апкелем" кагазын дал ушу Сүйүнтбекке карматмай болду... Чын эле өлүмдү апкелүү жөнүндө Мырзабек биротоло чечкен эмес. Ошондой кагазды Сүйүнтбекке тезинен, ооба, өтө тезинен карматууну көздөдү.
Ошол жөнүндө чечим кабыл алынгандын эртеси Сүйүнтбек "Мен сага өлүм апкелем" деген коркунучтуу эскертүүсү бар аппак кагазды окуп анын коркунучун көп элес албай турду. Анткени, ал жөнүндө бир ирет өкмөттүн чогулушунда уккан, бирок ага көңүл токтотуп маани берген эмес, болбогон кеп деген. Бул сөздүн мааниси жөнүндө жаш аялы жакшы угуп жүргөн экен, күйөөсүнөн угар менен өң-алакеттен кетти. Уккандарын калтырбай айтты. Сүйүнтбек бул эскертүү оюнчук эмес экенине ишенип-ишенбей ички иштер министри менен телефондон сүйлөшүп, ошондон кийин гана бул накта коркунуч экенин, болгондо да дайым ишке аша келген эскертүү экенин толгон мисалдар менен укту. Эми жүрөгү катуулай согуп, эки жакты элеңдей караганга өттү, үйдөн да, сырттан да.
Падышанын сүймөнчүгү коркунучтуу эскертүү алгандан кийин ички иштер министри Сүйүнтбекти эки катар кайтарууга алууга буйрук берди. Биринчиси, анын мурунку телохранителдерине милийсадан дагы бирөө кошулду. Экинчиси, дагы беш-алты кызматкер Сүйүнтбекке билинбей аны акмалайт кезектешип. Кол салчу немени дал ушулар колго түшүрөт. Жок эле дегенде кол салууну үзгүлтүккө учуратат.
Сүйүнтбекти сыртынан кайтаргандарды министр өзү жеке тандады. Министрликтеги эң мыкты дегендеринен тандалды.
Коркунучтуу кабар жазылган кагаздын маанисин милийса министри жакшылап түшүндүргөндөн кийин Сүйүнтбек ошол кагаздан алып жарык дүйнө менен коштошкондордун бардыгы жөнүндө укту, кайра-кайра укту, ушул иш менен алпурушуп келаткан бир чыган оперден. Күн өткөн сайын жүрөгү түшкөнү күчөдү. Бөтөнчө гезиттен же телевизордон баланча дегенди сайып кетиптир, атып кетиптир дегенди көргөндө жаны өзүнүкү эмес. Мына-мына далыга бычак же ок жечүдөй элеңдейт... Мурун китептерден окуган, кинолордон көргөн киллерлердин окуялары көз алдыга чубалат. Өзүн өлүм тооруп турганын падышасына кантип угузду... Ал укса сонун болбойт беле. Милийсасы менен коопсуздук кызматынын шефтеринин жүрөгүнүн сары суусун алып "өлүм апкелгендерди" тез кармагыла дейт эле да.
Кечинде өтө турган ар кыл банкеттерге, кечелерге барбай турган болду. Өтө официалдуу болсо, айла жок барат, бирок санаасы башынан ашып, ойу бир гана жерде турат - өлүмдө, элесинде тапанча сундурган киллер. Аялын алып бир алыс-алыс чет элге кетип тынсачы. Жок, ал жактан деле табат. Эң туурасы - "өлүм апкелем" дегендерди кандай болгон күндө да таптыруу керек...#өлүм
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6
А ортодо 14-болум каякта калды, жок го?????
Чыгарып койгула