12- БӨЛҮМҮ...
Күндөрдүн бир күнүндө "мен сага өлүм апкелем" деген коркунучтуу кагазды милийса начальнигинин секретаршасына апкелип беришти. Болот ишке келе элек болчу. Кечээ Бишкектен кеч кайтып бүгүн түшкө чейин шашпай эс алмак.
Болот ишке түштөн кийин чыкты. Кабинетине киргенден кийин артынан секретаршасы кирип конверт сунду. Адреси жок эле Болотко деп жазылган. Болот конвертти шашпай ачып ичиндеги алакандай кагазды сууруп окуду. Жүрөгү шуу этти. Кечээ эле министрдеги чогулушта дал ушул ишке баш катырышкан. Болот бу коркунучтуу сөздү бир эмес, эки сыйра окуп, жини келгенине караганда корккону аша чаап, ошол коркунуч бүт денесин каптап кеткендей болуп, майда калтыракка бастырды. Ага бул жазылган эскертүү, башка маанай апкелмек эмес. Анткени жаратылышынан коркок жаралган жан эле да. Дале болсо муну жазгандар ким болду экен деп толгон-токой өзүнө тааныш бандит эмес да адамдардын элесин көз алдынан өткөрүп жиберди. Анын бул тизмесинде Мырзабек сөзсүз алдыңкы орундарда турат. Анын ушул шектенүүсү менен министрликтеги тиешелүү адамдар Мырзабектин мурунку, кийинки баскан жолуна сары эсеп салып көрүшүп эч кандай шек-шыбоо таап алышкан жок. Милийсадан небактан эле тажап жүргөн, ошонун натыйжасында андан кантип кетүүнүн жакшы шылтоосун издеп келген. Анан начальниги менен урушту өзү баштап милийсадан кетүүгө арыз жазган. Белгисиз бирөөлөр үйүн өрттөп кеткенде ошол күйүтүнө чыдабаган аялы өз жанын кыйганынан кийин Мырзабек эч ким менен байланышпай, а турсун жакын туугандар менен да катышпай, түнт тартып, жалгыздык издеп калган. Азыр машина коюучу жайда иштейт. Эч ким менен контактка барбайт, эки бөлмөлүү квартирада турат. Ал законсуз иштерди жасайт же жасаган деп айтууга эч кандай негиз жок. Анын үстүнөн болгон көзөмөл мындан ары да улантыла бермекчи деген кызматтык отчеттун бир көчүрмөсүн Болот да алып окуганы бар...
Эми Болоттун ишинен башка да негизги түйшүгү пайда болду. Ал түйшүккө караганда өтө оор, коркунучтуу эле. Бул жөнүндө өзүнө өлүм апкелгендерден кабар келгендигин көзүнүн кареги менен кошо айланчу орунбасарына айтты эле, ал эки оперди гражданча кийинтип Болотту акмалатты, ал экөө Болоттун көлөкөсүнө айланды. Болоттун "кара кагаз" алгандыгы жөнүндө кабар милийсага чейин дароо белгилүү болду. Бандиттердин жогорку чөйрөсү да андан кабардар эле...
"Мен сага өлүм апкелем" деген эскертүү коштогон өлүмдөр бир топ эле болду. Адегенде бул эскертүүнү элес албай, маани бербей кол шилтеп койгондор эми анын күчүнө ишенип турушту. Ошол "өлүм апкелем" кагазы колуна тийгендер, өлүмдүн качан, кай тараптан келерин күтүп жаналакет түшүп жатышты. "Өлүм апкелемдин" кабары, таасири, коркунучу аябагандай жогору эле...
Мырзабек өзүнөн шек аларын беш колундай билет. Болот менен Болуш эч качан аны унутушпайт. Шек алганы шек алган. Ошондуктан ар иш аткарыларда Самат экөө ошол иштин планын ийне-жибине чейин талкууга алышат. Кайра-кайра эсептешет. "Жети өлчөп, бир кес" дегенди "миң өлчөшкө" чейин жеткиришет. Ошондон улам бир эмес, миң ирет шегалышсын - эч нерсе мойунга койо алышпайт. Анан да бул окуяларга ички иштер министрлигинде кандай реакция жасап жатат, Самат баарын билип турат. Жашырынгандар үчүн бул эң сонун болсо, издегендер үчүн трагедия да...
Милийсадан Болот, бандиттен Болуш, бизнесмен дегенинен Сатар колдоруна "каракагаз" алып жегени желим болуп жүрөт. Болот менен Болуш жакындарынын көзүнчө "урганым жок!" деген сөздү айтып коркпостугун, кенебестигин көрсөткөндөй болгону менен элеңдегени элеңдеген, өлүмдөн коркпогон ким бар экен?! Сатар болсо небак карып бүткөн өлүм көзүнө көрүнүп көз ирмем сайын.
Ал Украинада бир айча жүрүп кайра келди. Келбейт болчу, акчасы түгөндү, анын үстүнө армиялаш досу да азга тажай баштады көрүнөт.
Сатар үйүнө келип түштү, эч нерседен капарсыз келген да, талкаланган үйүнө кирип эси ооду. Азга унута түшкөн келчү өлүм эсинде кайра жанданды. Азыр бир бөлмөдөн бирөө чыгып келип тапанча менен атып жиберчүдөй же шамшар менен мууздап салчудай сезди. Аз жерден кыйкырып жибере жаздады. Көр-жерге толгон дивандын үстүндө бети-башынан тамтыгы жок шишиген Асясы жатат. Өлгөн сымал. Жок, тирүү экен, коңурук тартып коет, кез-кези менен. Сатардын мууну калчылдай кетти. Башкасын билбейт...
Ася андан бир саатча мурун келген. Сатардын бир жакшы таанышы бакчу жылкыдан дагы үчтү саттырып, ошонун акчасын чачып ичип жүрөт. Үйүнө келген сайын биринчи ирет уктоочу бөлмөдөгү өзү терип целлофан баштыкчага салып койгон доллардын күлмайда кесиктерин кармалап көпкө отурат. Жүрөгү ачышканда денеси титиреп кетет. Буулугат, жинденет. Муну алмаштырчу жай барбы ошону ойлойт, доллары бүтүн кезде санап жатып анын жытын кайра-кайра искегенин эстейт. Кесилсе да жыты кетпейт да, азыр да жыттайт. Жыттай берет, жинденет... Өзүнчө сүйлөнөт, сөгүнүп-сагынып. ..
Кыргызстанда "өлүм апкелгендин" сөзү, имиши көбөйүп, биртопторунун жүрөктөрүн сарысуу бастырып, биртоптору аны тапса тирүүлөй кескилеп өлтүрүүнү самап турган кезде Шумкар деген опсуз акчалуу неме орустун айкөл шаары Москвада жашап жаткан. Москваны айкөл дегендей бар. Бу сегиз-тогуз миллиондуу шаарга баары батат: ууру-кескиси да, киши өлтүргүчү менен террористи да, а турсун мамлекетинде көңтөрүлгөн- төңкөрүлгөн падышалар да келип жашай берет. Кимиси болсо да батып, сиңип-житип кетчү шаар Москва деген.
Шумкар Байсалбаев кыргызыңа да, Бишкегине да батпай турган болгондо бийликтегилердин эң бийиктери кеңешип туруп аны Москвага жеткирип тынышкан, азырынча деп чын эле пендеден чыкпас шум эле. Нечен бир мен-мен деген куу менен шумдар анын жанында кыкка турбайт экен.
Шум жетишпеген үйдө өскөн. Башына жүн чыгып, буту тамтуң баскандан эле издеп-табуу жолуна түшкөн. Энесинин эмчегин жанталаша соруп кан чыгара жаздачу какшатып. Ошондо энеси кенедей немени ээмп аткан жерден эле башка бир коюп алчу. Бир-эки үн чыгарып кайра басылып дале сөөктү сыздата сорчу. Эшикке өзү кирип-чыкканы колунан тамак түшпөйт, жечүсүн да жейт, жебечүсүн огобетер жейт. Нечен ирет колундагы чөп-чарды, икир-чикирди колдон жулуп алып көчүктөн ары чаап-чаап алчу апасы небак тажап бүткөн. Көзү көргөндү колу алат да түз эле оозго салат. Жанагы догдурлар коркутчу микроп-сикроп дегениң Шумду алалбайт экен. Ашказаны да укмуш чүпүрөк-сапырак, кум-топурак, ыразиңке-мыразиңке, кагаз-пагаз дегендерди анын ашказаны тамакка айландырып таштайт сымал, колуна тийгенин жесе да эч нерсе болбойт. Нанын да жейт, кумун да жейт, курсагы тойбойт. Үйүндө тамагы өп-чөп неме бир жакка барганда тартынбай жейт, эс тартып калганда деле. Куюп берген табагы эле тиш өтпөгөндөн калбаса, куюлган тамакты эзели арттырган жан эмес... Ошентип Шум жутунуп өстү, өтө куу болду, шум болду. Мектепти бүтпөй эле акчага кызыгып бир акчалуу жумушка кирип кетти. Анын чоңунун көзү менен айланды, кулу катары кызматын кылды. Шумдугу менен кошо кошоматын дурус өнүктүрүп, өстүрүп алган Шум чоңуна аябай жакты. Мектепти бүттү деген аттестат сатып берди. Дагы үч-төрт жыл өтүп Шум бир эмес эки институттун дипломун чөнтөккө салды. Чөнтөгүнө акча байрала баштады, дос күттү, кадыр күттү. Ошондой күндөрдүн биринде бир жакшы санаалашы, акчанын күчү менен санаалаш да, Шумду акча ордосуна орноштуруп салды. Ал - нефтебаза эле. Адегенде майдачоң болду Шум, аз өтпөй бу чакан нефтебаза анын колуна толугу менен кантип өтүп кеткенин ошол жерде чогуу иштешкендер да билбей калды. Бу нефтебаза Шумдун колуна тийгени ырасында укмуштуудай иштеди. Бензин да, акча да суудай акты. Эсебин билген жан жок, бир билсе Шум билет. Бензин менен дизелдин майы Россия менен Казакстандан келет, бажы дегенден өтөт. Шум каалаган тоннасын аз-аз салыгын төлөп өткөзүп алат. Анткени бүткүл бажыны мыкчып отурган Турманалиев анын өз кишиси эле да. Аны өз кишиси кылган да, тутам-тутам акча-доллар. Андай долларды Шум эми бирден эсептебей пачкасы менен санап ыргытып койчу. Ошону санагандан да эринген учур келди...
Дагы аз убакыт өтүп Шум бүтүндөй бир аймактын, болгондо да кыргыздын борбору орун алган аймактын бүтүндөй күйүүчү майын тейлегенге өттү. Долларың эми миллиондоп эсептелип, саналып калды. Машина көбөйгөнү элге бензин түтпөйт. Шумдун жигиттери майды күнү-түнү ташыйт, көз ирмем тыным жок. Эми Шумдун колунан эң чоң, эң бийик, эң коркунучтуу үйдүн анабашылары ала баштады. Бул иштин Шум үчүн эки жагы бар эле: бири - бийликтин анабашындагылар менен байланышы каалаган ишиңди жасай берүүгө жол ачат, бул жакшы, экинчиси - ошол лөктөрдү доллар менен тойгузуу оголе кыйын экен, аларың, кысталактар долларыңды акуладай жута берет экен, болду деген сөз болбойт экен аларда. Бул - жаман. Анткен менен биринчиси - жакшысы жеңип турат. Мамлекетиңдин анабашындагылар колдоп турса таңгак-таңгак долларың кеп бекен. Тойдум дешпешсе мейли да, бере берет, бере берет. Бир ирет Шум бир миллион долларды кейске салып бир милийсанын генералына алпарып берди. Ал аны үлкөн чоңдун бирине бермек. Генерал кейсти ачкан да жок:
-Туурабы, - деди керейе.
-Туура, бир миллион...
-Санабай эле ишенейинби?
-Өзүм так эсептегем. Ишенбесеңиз санап көрүңүз, -деди Шум азга таарына үн чыгарып, - сиздерди кантип алдайын.
-Алдабайсыңбы?
-Жок, алдабайм...
-Эй, алдабасаң бу миллионду кайдан алдың?!
Шум мындай обу жок орой суроону эч күткөн эмес да, кай абал болсо да чыгып кетчү неме бу жолу мукактана түштү:
-Пайда... бизнесте деген...
-Ии, пайдасы ушунча дечи. Сенин ишиңден мынча пайда түшпөйт. Беш үйүңдү, жыйырма тогуз машинаңды ж.б. "пайдаңды" кошсок канча жыл болорун билесиңби?
"Мунун айтып турганын кара, энеңди гана... десе. Көтүнөн чыкканча алат да, айтканын кара!" деп Шум генералды жеп жиберчүдөй жек көрүп турду. Бирок бу шүмшүк аны кайдан билгизсин, түлкүдөй жойпу да, билмексенге салды, аңкоосунуп жатпайбы:
-Пайда менен жылдын эмне байланышы бар, жолдош генерал? Же бул пайда канча жылда түштү деп атасызбы?
-Ой энеңди... Куусуң ээ, шүмшүк. Түшүнбөс боло калганын бат эле. Эй, сенин тапкан "пайдаңды" түрмөнүн жылына айландырса канча жыл болот дебатам?! Шүмшүйүп канча жыл тор артында отурар элең дейм. Эми түшүндүңбү?
Шум анткор жалжактай калды:
-Ой жолдош генерал, тамашаңыз да кызык... Баарын өзүңүз билесиз да. Өзүңүздүн колдо да.
-Ии, ошентсең... -Генерал диванда өзүнүн жанында жаткан кейсти баш ийкей көрсөтө сурады, - муну жеткиргендин акысы кайда?
-Мына, -деди Шум ички чөнтөктөн бир пачка доллар алып сунуп, - муну кантип унутайын.
Генерал пачканы алып кабак бүркөгөндөй болду:
-Ушулбу?
-Дагы бар, - деп жиберди Шум шашкалактай, - кантип эле ушул эле болсун. -Дагы бир пачка сунулду. Генералдын колундагы эки пачка жыйырма миң доллар эле. -Ии, ушундай десең, болуптур эми, бара бер. Ашканадан нан ооз тийе кет.
Шум генералдыкынан көңүлсүз чыкты. Он миң эле бермек, бу айбан жыйырмага түшүрбөдүбү. Мейли да, булар болбосо мага эмненин акчасы... Колдон келсе бул энеңдурайындардын оозу-мурдуна тыгып туруш керек, деле соо тешик калтырбай тыга бериш керек. Ыраазы да болот, табакташ да болуп жоопкерчилиги да артат. Тирүү болсок бир тордо, өлүү болсок бир көрдө деген кеп да. Дагы бир-эки жылдай бу айбандарга корболумуш болуп турса, анан көрө жатар... Ушунтип демденет Шум.
Ошондон көп өтпөй бу шүмшүктүн кылган жана кылып жаткан ишин бүт кыргыз эмес казагы менен өзүбеги, тажик менен азербайжаны, америкалыгы менен орусу укту. Шумдук экен бу Шум. Кепкенедей экономикасы итий кебетесиндеги мамлекетте жашап элүү миллиондон ашык долларды жеп коюптур. Бул чыпчыргасы коробой бюджетке түшчү акча экен. Бул ишти ички иштер министрлиги менен коопсуздук кызматынын ээнбаш кызматкерлери ачык чуу чыгарып жиберип жатпайбы. Үлкөн чоңдор байкабай калыбатпайбы. Эми аны басууга болбой калды. Гезиттер менен телерадио Шумкар Байсалбаев деп какшай берип анын атын тили эми чыккан баладан кулжадай куркуйган чалга чейин жаттап бүтүштү. Эпадам Шумду чындап тергеп соттой турган болсо, миллиондогон долларлар салынган кейстер, жөнөкөй эле пакеттер кимдердин колуна тийгенин айтып салса, өлкөнүн анабашында тургандардын абийири төгүлмөк да, төгүлгөндө да иттей төгүлмөк. Тез арада чара көрүш керек эле. Үч-төрт чоң бир кечте Шумдун кебин талкууга алып мамлекеттик резиденциянын биринде алты сааттай отурушту. Баягы генерал да бар болчу.
-Муунуп өлсө, же Көлгө кетип баратып авария болсо эмне болот? - деди ошол генерал.
-Болбойт! - ушул жердегилердин баарына чоң окшойт, бири генералды кагып таштады. -Ал иш билинбей калбайт. Сен жеке өзүң муунтсаң же машинасын өзүң жеке айдап авария кылып берсең бир жөн. Аны башкалар аткарат. Демек, жабылуу аяктын ачылышы сөзсүз бар, уктуңбу?!
Генерал "уктум" дегендин ордуна:
-Кечиресиз, -дебатпайбы.
-Азырынча аны качыра тургула, - деп бу топтун чоңу бүтүм чыгарып салды.
Ушул сөздү айтыш үчүн алты саат отурганын карабайсыңбы. Жок, ал убакыт бошко кеткен жок, Шумдун жана ага окшогондордун далайынын ишин укту.
Генералга кимди кандай кылуу керектиги жөнүндө аткарбай койуга болбос көрсөтмөлөрдү берди...
Ошол күндүн эртеси эле бүтүндөй коомчулук - "Байсалбаев качып кетиптир" болуп чуу түшүп жатып калды. ал шүмшүктүн бетин ачкан макалалар гезит беттеринде батпайт. "Кармап туруп, өпкөгө койуп кустурабыз" деп оңду-солду интервьюларды берип жаткан милийса, прокурорлор. ..
Шум Байсалбаев акыр-аягы бир балээге кабыларын, ошондо аны оңой эле атып таштаарын билген. Миллиондогон долларларды кимге качан бергенин саат, мүнөтүнө чейин жазып жүргөн өзү да он миллион долларды Европанын эки банкына тең бөлө салган, дагы эки миллион Москвадагы жана Алматыдагы банктарга бөлө салынган. Чуу чыгары менен генерал менен маектешкен Шум эми болору болду дегенчилик кылып, бар кайратын жыйып туруп ага буларды айткан: "Жолдош генерал, мен кичине эмесмин. Ошондуктан менин сөзүмдү жакшылап угуңуз. Мен кейс менен сизге туура он эки жолу келдим. Ошонун баары жазылуу. Шоопурум, анан мени кайтарган төрт жигитим күбө болуп кол коюп беришкен. Кейстен башка пачкалардын да эсеби бар. -Бул генералдын өзүнө берилген долларлар эле. -Дагы ........ менен пакеттер туура сегиз жолу резиденцияга кирди. Анын да эсеп-чоту, алган авторлору бар, баары катталып, күбөлөндүрүп коюлган. Демек, мени жок кылуу мага караганда сиздерге коркунучтуу. Эмне кылсаңыз ошо кылыңыз, мен сөзүмдү айтып бүттүм" деген.
Генерал бу шумпайдын сөзүн кагып-сокпой кунт койо угуп андан кийин да тил тийгизген жок. "Бар, бара бер, эш-шек!" деп узаткан...
Эми Шум Москванын чок орто тушундагы жыйырма төрт жыйырма төрт кабат үйдүн он тогузунчу кабатында үч бөлмөлүү квартирада жашайт. Эч ким менен иши жок. Жанынан жарым карыш жылбай эки-экиден кезектеше кайтарчу төрт жигити бар. Аларга кошуна квартираны сатып берген, ал дагы үч бөлмөлүү. Төртөө кезектешип Кыргызстанга келип үй-бүлөсү менен учурашып, Шум айткан адамдарга жолугуп сөз ташышат. Өзү жөнүндөгү кептерди, чыккан материалдарды алдырып окуйт. Убакыт өткөн сайын азыраак айтылып, унутулуп баратканына кубанат. Бул жердеги жашоосу баягы генералдын жана дагы биртоп полковниктердин контролунда. Шум бу жерде дагы бир аз жашап туруп төрт жигитти да, генерал менен полковниктер да жер сыйпалап таппай калгандай бир алыскы өлкөнү көздөй жүрөт, көчүп барар жери, а турсун жашачу үйү да такталып жатат. Баягы эки банктагы он миллион доллар өзү гана билген башка банктарга жашыруун аттарга которулган. Бир өмүр эмес көп өмүргө жетчү акча...
Генерал далайды көргөн неме. Өмүр бойу милийсада иштеди. Далай мыкты иштерди да, былык иштерди да теңме-тең жасады. Аброй күттү бир топ. Өкмөт башчысынын жакын адамдарынын бири болду. Кимдин ким экенин бир эле караганда билчү генерал Шумкар Байсалбаевди алгач көргөндө эле анын оңой шүмшүк эмес экендигин байкап "өз ажалыңан өлчү түрүң жок" деп койгон ичинде. Ошол биринчи көргөндөн баштап эле кыртышы сүйгөн эмес.
Шумду Москвага жашырган күндөн эле аны кантип жайлатып саларды ойлоп жүрдү. "Тийбегиле" деп ................ айтканда эле ичинен өзүнө өзү сөз берген Шумду өлтүрүүгө. Дагы бир аз убакыт өтсө ал изин жашырып кетиши мүмкүн. Генерал азыр ички иштер министрлигинде иштебесе да ал жактагы иштер менен таанышып турат, таасири тийип турат. "Мен сага өлүм апкелем" маселеси күчөп турган күндөрдүн биринде мыкты милийсалар эсебиндеги полковниктерди бүгүн чакыртты да өтө жашырын делген тапшырмасын айтты. Ал тапшырма - Шумкар Байсалбаевди тындым кылып, анын өлүгү эч качан табылбагандай жоготуп келүү эле. Ал ишти кыркка эми чыккан полковник жалгыз аткармак...
Полковник гражданча кийингенде бир карапайым интеллигентке окшоп кетет. Бойу ортодон жогору, арыкчырай, акжумал неме. Өзүнүн кырк жашынан алда канча жаш көрүнөт.
Тапшырма алгандын эртеси чакан кара сумкасын асынып, башына спорттук топу, жылуу спорттук куртка кийип Москвага жөнөп кетти. Бир кылмышкерди издеп, командировкада жүрөт кагазы толтурулган. Керек десе орустун милийсасынан жардам суроого акысы бар.
Полковник Москванын арзан мейманканаларынын биринен орун алып бир суткадай эч жакка чыкпастан жатты да, анан Москванын четирек жактарын кыдырды. Кыдыргандын экинчи күнү издегенин тапты - от жакчу жай болчу издегени. Эки күндөн бери андайдан ончактыны тапса да ушул жолкусу өтө ылайыктуудай көрүндү. Эки кочегар тең эңгезердей ичкен орустар экен. Мындайларда арамдык жок болот, ак көңүл болот.
Полковник алар менен тез эле таанышты. Өзүн "Абакандан келгем, бир тууганым ушул жакка иштегени кетип кабар жок, сураштырса Москванын ушул аймагында квартирада туруп иштеп жүрөт экен деп дагы бир тааныш жердеши айтканын, инисин тапса эле кайра кетерин, өзү карагай даярдоочу фирмада менеджер экендигин" айтып дароо эле бир бөтөлкө аракты эки пийва жана балыгы менен коюп берип олбурлуу эки оруска аябак жакты. Биртопко сүйлөшүп эртең да келерин айтып кетти.
Полковник эртеси да келди бу жерге, бу жолу эки аракты баш кылып бир топ тамак-аш сала келген улам көмүр ыргытышып коюп ичип, сүйлөшүп төрт сааттай отуруп кетти. Эки орус бу ирет полковникти кучактай узатып, аябай жакшы көрүп калышкан экен. Жайында отпускага чыкса экөө тең Абаканга конокко барышмай болушту...
Полковник Москвага келгенден бир жумадай өткөндө гана Шумдун сотовыйына чалды:
-Алло, Майрамбек байкесизби?
-Ии.
-Мен Азамат дегенмин. Жылдызбек байке сизге аманат айттырды эле. Кай жерден кезигишсек.
-Үйгө келе бер.
-Мен катуу грипп болубатам. Эч кимге жугузбашым керек.
-Эч кимге жукпайт, келе бер.
-Жөнөдүм.
Шум дароо түшүндү генерал бу жигитти жашырып жибергенин, жана аны менен жолукканын эч ким көрбөшү керек, аны да түшүндү. Демек, өтө маанилүү кабар апкелген.
Шум квартирадагы эки жигитин чакырып "силер бүгүн бошсуңар" деп айтмакчы болгондо Шумдун телефону дагы шыңгырады. Эмелеги Азамат деген неме экен:#өлүм
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4