Предыдущая публикация
Кандай азыктар керек?
Кабатталган даяр камыр: 600 г
Тооктун ышталган эти: 250 г
Катуу сыр: 250 г
Пияз: 1 баш
Жумуртка: 2 баш
Оливка майы: 2 чоң кашык
Туз, мурч
Майдаланган петрушка, укроп: 2 чоң кашык
Кантип жасалат?
Тооктун эти менен пиязды чарчы кылып туурап, татымына жараша туз, мурч кошуп кууруйсуз. Аягында майда тууралган көк чөптөрдү кошуп, жумуртканы чагып аралаштырасыз.
Камырды 5 мм калыңдыкта жайып, бетине тегиз кылып начинканы саласыз. Эң үстүнө кыргычтан өткөрүлгөн сырды себелейсиз.
Эми камырды рулет кылып оройсуз.
Рулеттин үстүнө жумуртканы сүйкөп, кесимдерге кесесиз.
Кызып турган духовкага салып, даяр болгончо кармайсыз.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1