Паразитология - бул грек тилинен алганда мите курт жөнүндөгү илим - дегенди түшүндүрөт. Мите курттардын 350 миңге жакын түрү бар.
Ал өз ичинен жугуу жолдору, өнүгүү баскычы боюнча бир канча түргө бөлүнөт. Бул ооруларга көбүнчө балдар чалдыгат.
Балдарда көп кездешкен жана адамдан адамга түздөн-түз жуккан мите курттардын түрлөрү - бул чүчөк курт, кодо курт оорусу. Булардын коркунучтуу жери бир класста окуган балдарга бири-бирине карандаш, калемсапты кармоо аркылуу эле жуга берет. Бир балада бар болсо өзүнө өзү жугузуп алуу жагы да бар.
Үй-бүлөдө болсо ал бала сөзсүз түрдө бул оорунун булагы болуп эсептелет. Ошондой эле кодо курт оорусу баладан балага жугуп көп жылдар бою баланын ичегисинде жашайт. Чүчөк курт оорусунда эгерде бала дарыланып, тазаланбаса дагы бул процесс бир айда токтоп калышы ыктымал. Кодо курт оорусу болсо баланын ичинде көп жылдар бою жүрө берет. Анын "кодо" деп аталышы, өзүнүн кичинекейлиги менен түшүндүрүлөт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев