Адамдын сырткы көрүнүшүнө карап диагноз коюуга болот. Мисалы, өңдүн саргайып кетиши, тырмактын же эриндин көгөрүп турушу кайсы оорудан улам экендигин. Бул жаатында кызыгууңуз бар болсо, төмөнкү маалымат акыл-эс кампаңызды байытмакчы.
ЧАЧ
Чачтын көп түшүшү – иммунитеттин абдан төмөндөп кетиши же адамдын оор дартка чалдыкканы.
Майлуу, бири-бирине жабышкан чачтар – ички бездердин иштөөсүнүн бузулганы, ашказан-ичеги ооруларынын бардыгы.
Ичке, сынма чачтар – зат алмашуунун бузулганы. авитаминоз.
ТЕРИ
Адамдын өңүнүн кубарып турушу – кан басымдын төмөндүгү, анемия, бөйрөктүн оорусу.
Теринин саргайып турушу – боордун, өттүн оорусу.
Өңдүн кызарып турушу – кан басымдын жогору экендиги. Беттин убак-убагы менен кызарышы – ичке ичегиде рак оорусунун бардыгы же бөйрөк үстүндөгү бездердин рак оорусуна чалдыкканы. Аялдарда бул көрүнүш климаксты да шарттайт.
Жибектей жылмакай тери – кызыл жүгүрүккө, бөйрөк жана табарсык ооруларына жакындык.
Кургак, шуудураган тери – калтыратма жана жугуштуу ооруларга жакындык.
Муздак жана нымдуу тери – боордун оорусу.
Жаш адамдын бетинин бырыш басып кетиши – уйку безинин оорусуна чалдыкканы.
Өңдүн жездей саргайып турушу – бөйрөк үстүндөгү бездердин оорусу.
Өңдүн жашыл сымал тартып турушу – организмде рактын бардыгы.
БЕТ
Чекедеги карама-каршы толгон сызыктар – ичимдикке жакындык.
Эки каштын ортосундагы тике терең сызык – өнөкөт оорунун бар экендиги.
Жылтырап, чарасынан чыгып кете тургандай көздөр – калкан сымал бездин оорусу.
Узун, кайрылган, коюу кирпиктер – өпкө жана астма оорусуна жакындык.
Кирпиктин түшүшү – иммунитеттин төмөндөшү, В тобундагы витаминдердин жетишсиздиги.
Көздүн алдынын шишип турушу – бөйрөктүн оорусу.
Көздү бат-бат ирмөө – депрессия.
Көздүн ичинин саргайышы боордо же өттө оорунун бар экендигинен кабар берет.
Көздөн жаштын агып турушу – блефарит, конъюнктивит (көз оорулары).
Көздүн тартылышы (диртилдеши) невроздон, невралгиядан кабар берет.
Беттин жалпы шишиши – жүрөктүн оорусу.
Жаакта майда тор сымал сызыктардын болушу – жогорку кан басым жана инсультка жакындык.
Сары-күрөң тактар – бөйрөктө оору бар экендигинин белгиси.
Жаактын кызарып, ал эми ооздун кымтылып турушу – жүрөк оорусу.
Өңдүн көгөрүп турушу – анемия же өпкөнүн оорусу.
Ооздун эки жагынын түшүп турушу – депрессия.
Кургак эриндер гастриттен же ашказандын жарасынан кабар берет.
Жарылган эриндер – бөйрөктүн оорусу, витаминдердин жетишсиздиги.
Бозоргон эрин анемия, сары тартып турган эрин боордун, ал эми көгөрүп турган эриндер жүрөк оорусунан кабар берет.
Быткыл, кан тамырлары көрүнүп турган кызыл мурун – артериалдык кан басымдын жогору экендиги.
Көк-кызыл түстөгү мурун – кан басымдын төмөндүгү.
Мурундун таноолорунун калыңдап кетиши өпкө оорусунан кабар берет.
Мурундун учунун эти калыңдап кеткени – ашказандын чоюлуп калганы.
Мурундун тегерегине кан тамырлардын торчолору пайда болуп калса, анда кан айлануунун бузулушу же венанын сезгениши.
Эртелеп пайда болгон экинчи ээк, шалбыраган тери – ички бездердин оорусу.
БЕТТЕГИ БЕЗЕТКИЛЕР
Чекедеги безеткилер – ичке ичегинин иштешинин бузулушу, оорунун жаралышы.
Чыкыйдагы безетки – өттө оорунун бар экендиги.
Жаактагы жана үстүңкү эриндеги безетки жоон ичегинин оорусун айтып турат.
Кулак менен ээктин тегерегине чыккан безетки – заара жолдорунун оорусу (табарсык, заара түтүкчөлөрү, заара чыгаруучу канал).
Мурундун таноосунан жаакка чейин тараган безетки – уйку безинин оорусу.
КОЛ-БУТ
Колдун диртилдеши кан тамыр оорусунан кабар берет.
Кол-буттун муздап турушу – кан айлануунун начарлыгы. Мындай адамдардын көбүнчө башы ооруп, жүрөгү бат-бат согуп тердейт. Кан басымы көбүнчө төмөн болот.
Бут оорлошуп, басканда кыйынчылык жаралса, омуртка аралык грыжанын же остеохондроздун бар экендиги.
Кол уюп, сууга салганда зырылдап муздап ооруса, колдун нервдеринин сезгениши.
ТЫРМАК
Тырмактын өңү көк тартып турса, адамда жүрөк оорусунун бар экендиги.
Тырмак сары өңдө болсо, боордун оорусу (гепатит, цирроз).
Күңүрт күрөң өң калтыратма оорусунан кабар берет.
Сары-жашыл өң – дененин бир жеринде ириңдөөнүн жүрүшү.
Кызыл өң – аритмия, кан оорусу.
Боз-күлгүн өң жана тырмактардын катмарланып сынышы – анемия. Жалпак жана чуңкурайып турган тырмак да анемиянын белгиси (темирдин жетишсиздиги).
Тырмактагы сары тактар – мээде оорунун жаралашы.
Адам тубаса дем алуу системасынын оорусу менен туулса, тырмак жалпак жана ийри болот.
Тырмактын толкун сымал көрүнүштө болушу – ичеги-карын оорусу.
Тырмактагы сызыкчалар – көк боордун жана ичке ичегинин оорусу.
Тырмактагы ак тактар – цинктин жана кальцийдин жетишсиздиги. Жогорудагы жазылган нерселерге Алоэ Веранын продукциясы жогорку денгээлде жардам берет. Продукция жогорку сапатта, " Халял" деген сертификат бар . Сиздерге томонку продукциялар толук кандуу жардам берет. Сурап билуу учун томонку телефон номерге кайрылсаныздар болот: +7926 565 01 66 (вотсап)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев