Туйшолуп анда дагы ойго баттым ..
Турмуш деген ары бери калчайт тура ,
Ушинтип орус жерде жашап калдым .
Турмушум ойдогудай болгон менен
Туулган жердин топурагын сагынам.
Кочодон кыргыздарды коргонумдо ,
Коз алдыга тартылат кыргызстаным .
Ээ Россия Россия бир боор энем ,
Эмнеге мынча кучагын бизге кенен .
Койнунду сен мынчалык ачпаганда ,
Жашообуз оз эл жерде отоор белем .
Акча дешип канчалаган кыргыздар ,
Сапар тартып орус жерге келишти .
Акча учун чон бакыттан айрылышып
Канча жубайлар ажырашып кетишти .
Ата-энесин заарыгып кутуу менен ,
Ар кимде балдарыбыз кала берди .
Ата эненин мээримин эч корушпой ,
Тируулой канча жетим жетилишти .
Алыс калып ата энеден балдары ,
Ата эне максат кылышып акчаны .
Бир уй булоо бир бирине жат болуп ,
Канча тагдыр замата талкаланды .
Апасына кызынын мээрими эч жок
Атасынын баласына соз отпой мокоп
Тарбиясыз жаштар кундо кобойуудо ,
Ыйман айтып ким аларды токтотот ..
Абийирсиз кыздарыбыз толуп барат ,
Акыл айтсан алар сени шылдыңдайт.
Жашап аткан орус жерде кыргыздын
Тагдыр жолу эртенкиси кандай болот ?
Улуулар жок акыл насаат айтып турган ,
Кичуулор жок улууларды урматташкан .
Уят сыйыт ортодо такыр эле жоголуп ,,
Улуу кичууу тентуш болуп баары калган .
Апасындай аялды аял кылып алышып
Атасындай чалды эр кылып жашашып.
Баш аламан түшүнүксүз жашоолору эх,
Биздин уулу намысыбыз калбай калган.
Маймылдай мамилээлер чын айтсам,
Манкуртай ичте сезим калбай калган.
Жылмайган жүздөр ,сулуу бет каптар
Жан дүйнөсун бирөө жок тыңшаган..
Эч эим жок достукту бек кармашкан ,
Эч ким жок айткан созуно турушкан .
Эптеп иштеп,айлык акы алса болду,
Эртенки кунду баары эчак унутушкан.
Эже -синди, ага -ини козго илинбей ,
Ээн эркин баардыгы журуп калган .
Эсептешип ал тургай бир тыйынды ,
Эрди катын кас душманга айланган.
Озумчулдук озокторду ээлеп алган ,
Ойдо чыксан коз коп коро албаган .
Кокустан жыгылып жерде жатсан ,
Эч ким жок турчу деп колун сунган .
Бар болсо баары жакын болушуп ,
Жок болсо сени такыр унутушкан .
Боорукерлик сезимдерде жоголуп ,
Бой көтөрүп мерез болуп калышкан.
Орус бакча берип анан тарбияны ,,
Кийинки муун тилин билбей баратат ,
Чала кыргыз балдарыбыз чоноюда ,
Келечегин ойлогондо башым катат .
Ээрчишип экиден келет кыргыз ,
Ээ кудай канчоосу кайтат жалгыз .
Эч коз жашка ишенбеген Москвада
Эмне болот эртенки тагдырыбыз ...
Ээлирип бир озундо журо бербей ,
Ээн оскон бийик тоолу шиберлуу ..
Элибизге колу ачык кен пейилду ,,
Ээ кыргыздар деги качан кайтабыз.
Эч коз жашка ишенбеген Москвада,
Эч белгисиз карып барат сапарыбыз.
12.11.2014..
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев