<<
Дарыгерлер айтты мээнде шишик бар деп,
Ыйлабадым жон гана муздак тердеп,
Ошол кундон баштап кеттим мен озгоруп,
Уйго келбей, башка жайды кээде жердеп.
Айткан жокмун, жашырдым айла жоктон,
Жалган суйлоп, жасалгандай тилим октон,
Кыйналганым корбосо деп, жалгыз сени,
Кайра келчум, кызарган ыссык оттон
Сен ыйладын тапптыныз кимди айтын,
Кечиремин, бар болгону артка кайтын,
Эч нерсе деп айткан жокмун, тушун мени,
Бар болгону кундон кунго кучоп дартым
Корком мен да олумдон жашырбайын,
Куурагым жок, келет менин жашылдагым,
Бирок кантем кундон кунго ажал мынтип,
Кирип келет жаныртып тарсылдагын
Бугун дагы жанында болгон жокмун,
Жан чыдатпайт оорусу мандай сооктун,
Экообузду ажыратмак оюнда бар,
Тагдырымды, каргап шилеп, абдан соктум.
Кечир мени куноосу жок асыл жарым,
Кулатмакка аз калды тагдыр баарын,
Келбес болуп кетериме аз калды го,
Куттсон дагы, керек болсо катуу сагын
Эн жаманы, кетип барам арман менен,
Бир тилегим балалуу болсом сенен,
Байлыкка да тукуруп салаттырмын,
Бар болгону болсом дегем сени менен
Жакшы иттер олугун корсотушпойт,
Ажал келип, тузагыма келе туш дейт,
Арман кучу олумдон да кучтуу окшойт,
Ажаан иттейт, журокторду кайра тиштейт
Сен корбочу кыйналганым озумдуку,
Жаштары тамбаса дейм козундуку,
Омур деген суу болсо колго куяр
Тугонот го бир кун келип чогундуку
Мына бутту жомогум мынча кыска,
Денем болсо окшоп барат, муздак кышка,
Мыкчып мыкчып жатып калдым баштарымды,
Суу алмакка сен чыккансын азыр тышка
Бирок болбойт мындайымды корбосун деп,
Даарыларды салдым оозго бирден тиштеп,
Кийимди кийинип сен келгиче,
Уйдон чыкктым, жалган суйлоп, бугун иш деп
А сен болсо, кызганып алыптырсын,
Деп ойлоп, тапканын алып тынсын,
Жетелешип жоноп калсам ажал менен,
Анкып турду, мурунумда жаным жытын
Кечир мени ыйласан да баары бекер,
Адам деген жаралаар, кайра кетээр,
Куноолорум толуп кетти кечирип кой,
Бирге болом деген жалган созум жетер.
Мени узат, бирок созум уккун дагы,
Окшой корбо, кулдарга туткундагы,
Жалгыздык бир кудайга жарашат го,
Башканы тап, айыксын журок тагы
Жок деди сиз менен кетем азыр,
Акындар ким, биз жонундо жазгыла ыр,
Периштеси кошо барат соолуп аздан,
Тынчтык суруп айланада, тыйылып чыр.
Жашырып неге менден журдунуз ай,
Сиз чыкканда арканыздан жонодум жай,
Мумкун баары башкача болот беле?
Билсем кана, туногунуз болгонун сай.
Жетелшип аттанаар сапарында,
Баратышты периштелер катарында,
Сен менин бактым дешип бир бирине,
Айткан созун адат болгон жатарында.
Суйуу болсо болсун, бирок тугой менен,
Суйгон жанга жеткен укмуш дечу женем,
Бир кудайдан откон уста жок деген чын,
Мен жашоомду, тушундум, сени менен.
Мейли ачуу, мейли абдан татту болсун,
Суйуун болсо, бактылуусун, тушун жолчум.
Азаптарга салса дагы сезимдерди,
Суйлордун суусуна кимдер тойсун?
Автор:Нурбек Перфекционист
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев