Поэзия,
Ыр дүйнөдө мөлтүр булак,
Ыр жазсаң,чер жазылып моокум канат.
Керемет укмуш сөздөн курап алса,
Ширесин ырга айлантса,бул да кубат.
Поэзия,
Көзүндөн жаш агызат,актёр кылат,
Сүйүүсүн энчилеген байкуш кылат.
Көөдөнүң толуп турса ,дүйнө батпай,
Ааламды тен айлантат ,байкуш кылат.
Поэзия,
Ак ирим,шарпылдаган дайра сымал,
Ташыса жээкти көздөй толкун урат.
Тандайың катып турса махабатка,
Шоокуму ,ырга айланат,сүйүү улайт.
Поэзия,
Дартыңды ак баракка чиймелетет,
Көл жээкте,кыялданган акын кылат,
Түбүнө түшүп алсан ой санаанын,
Таптаза,ак баракка жакын кылат.
Поэзия
Жан эргүүнүн дабаагери,
Акындын,ырдан тапкан ,мандай тери.
Поэзия,калп айталбайт,таза сүйлөйт,
Бийикте анын орду,күчтүү деми. М.Исакова.Москва шаары.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев