Предыдущая публикация
Агымдан бир тарабым кара болуп.
Күчү жок алы кеткен жолоочудай,
Тарабым ээнсирейт талаа болуп.
Көлкүлдөп, батпай турат ойлор деңиз,
Топтолгон туман ойду кезүүдөбүз.
Карангы бар тарабым түн жамынган,
Чырак жок жарык берген алаам тегиз.
Калп эле, күлүп жайнайм адам болуп,
Тан атат, кун кеч кирет, козго илинбей.
Мен деген, алп урушам ойлор менен,
Ойлорум окшошпогон бир бириндей.
Деги мен мынча ойду кайдан алдым?
Жаргылчак талкаланган таруу сымал.
Далаалат кылсам деле айланчыктап,
Ойлорду тизилишет шуру сымал.
М.Исакова.10.01.2018-жыл.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев