Чак түштө ушунча да ичеби деп, башын чайкап өтүштү кемпирлер. Бир канча окуучу балдар келип, чөнтөгүн аңтарышып телефону менен акчасын алып кетишти... Тамекисин түтөтө кары киши өтүп кетти, аял киши ушундай да болобу деп сүйлөнүп... Магазиндеги сатуучу милицияга чалды, алып кеткиле силердин клиентиңер, обезьянникте жатып соолугаар деп.
Ошол убакта джип келип токтоду, кымбат баалуу кийим кийген жигит түштү. Бул жигиттин ар бир минутасы кымбат турат. Аялга эңкейип, тез жардам чакырды.
- Тез келиңиздер, жүрөгү кармап 40 жаштардагы аял жатат көчөдө... Аялдын колунан кармап, сиз чыдаңыз , азыр беш мүнөттө келишет врачтар. Баарын угуп, көрүп бирок сүйлөй албай, кыймылдай албай жаткан аялдын, көзүнөн жашы куюлуп чачтарына сиңип жатты....Врачтар келип, укол сайып, аялды кардиологияга алып кетишти...
Которгон: #Елизабет.
Кайдыгерлик акыры адамзаттын түбүнө жетет!...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3