Үйгө келсем келинчегим компьютерди тиктеген бойдон ыйлап отуруптур. “Иш чатак экен...” дедим ичимен. “Сабыр кыл, кемпир... “ деп сыртка бет алдым.
Эми согумга бир жылкы табышым керек. Кайнатам бечаранын төшөккө жатып калганына көп болгон. Токсон төрт жашка чыгыш оңойбу. Канткен менен ишенген күйө баласы болсом. Андан калса, уул десем – уул, кыз десем – кыз төрөп берген кызын мага ишенип берип жатса. Бир жагынан кемпирим бечара аңга түшсөм – аңга, дөңгө чыксам – дөңгө чыгып ташпишимди бирге тартышып келатса, анан кантип кайнатамын акыркы зыйнатына каралашпай калайын? Тажиясына эркекче туруп беришим керек да.
Ошентип жолго чыктым. Кайгы жокто кайната өлдү да кыскасы. Колдо кызмат барда парванадай айлангандар чилдей тараганы качан. Түз эле Касымдын үйүнө жөнөдүм. Телефон чалган менен баары бир албайт, ошондуктан, үйүнө кирип барыш керек. Мени көрүп дендароо боло түштү Касым досум. Меники эмес, анын кайнатасы өткөндөй карбаластаганычы. Иши кылып абалды түшүндүрдүм. “Карызды кайтар, досум...” деп атам.
- Үч жыл күттүң дос, дагы үч ай күтүп койчу... – деген досум жалдырап турат го.
- Таза кызык экенсиң, оякта кайнатам кулап жатса!.. Күтпөйм, бол тап!.. – дедим жиним кайнап.
Аяшым ортого түшүп, кайнатама көңүл айта башташты. “Бар бараке” деп 100 граммды тартып жибердим. Ишенимдүү акча доолайм деп атам да. Жок 100 грамм кайра жибитти. Көңүлчөк жаның курусун, “Болгондо бересиңер да...” деп отуруп калдым.
- Артур досуңа бар... - деди Касым менин далымдан таптап. – Онун бизнеси гүлдөп атат. Кантип эле сага жок десин... – деп сыпайы узатып койду.
Артурга жөнөдүм. Чын эле бизнестин битин сыккан ишкер эмес беле. Кантсе да сооданын карышкыры да, мени бекем кучактай, бооруна кысып:
- Эх дос, Кыргызстанда бизнес кылуу өтө кыйын болуп калды... – деди далысынын сезгендей. – Түрк туугандар менен ишке ашыра турган эки жүз миңдик долбоор турат былк этпей... – деп кейигендей үн катты.
- 200 жүз миң сомбу?.. – деп кызыга кайра сурайм.
- Каяктагы сом?.. Доллар менен досум, доллар менен!.. Беш миллионго жапондор келишим түзгөн. Ал дагы токтоп турат.Жол киреге тыйын жок мукурап отурам, досум... – десе бир эсе аяп кеттим. Тунжурап туруп калдык.
- Кайнатаң канчага чыкты эле?.. – деди бир аздан соң.
- Токсон төрткө... – дедим дагы деле үмүтүмдү үзбөй.
- Тансы тээп бара турган экенсиң... – деди мыйыгынан жылмайып.
- Минеге?.. – дейм сөзүнүн төркүнүн түшүнбөй.
- Токсон төрт жаштагы өлүм той да, дос... Башкага жардам бербесем дагы, сага жардам беришим керек эле, чорттуку. Карабайсыңбы, бир күндө эле жол карап калат экенсиң... – деп бечаранын образына кирип кетти. “Эми көңүл айтып 100 грамм куйса керек” деген ой келди мага. Жок, нан ооз тийип эле артка кайттым. Каалгандан чыгып баратканда,
- Досум, сен эми Темишке бар... – деди колумдан тартып. Анан менин кайгымды тең бөлүшкөндөй түр менен: - Аны сен бир макалаң менен агенттиктин директору кылып койгонсун. Кызматта жүргөндө канча колдодуң... Андан калса, таланттуу инсан катары сени баарыбыз сыйлайбыз. Темикени билесиң, сенин талантыңды өтө жогору баалайт... – деди.
“Ушунусуна дагы шүгүр” деп жолго чыктым. Темирбекти чын эле көп колдодум. Үмүттүн шооласы өчпөйт экен да, Майрам Акаева айткандай. “Кайдасың Темиш?..” деп келатам.
- Кап, жаман иш болуптур, досум... Жүзгө чыга жашаса болмок экен... Эми мине кылабыз, айла жок... Баарыбыздын барар жерибиз ошол экен... – деди Темиш көңүл айтып. Дасторкондо заматта бир бөтөлкө пайда болду. Досум арактан стаканга толтура куюп:
- Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, досум... – деп чөйчөктөрдү кагыштырып жатып: Менден кандай жардам керек?.. – деди ажаатты ачып. Сүйүнүп кеттим. Кантсе да интеллигент да.
- Акча керек, досум... Согумга бир жылкы албасам болбойт... – дедим жымыңдап.
- Замандан артта калган окшойсуң... – деген досум күлө карады. Мен таң кала тигилдим.
- Азыр ысырапкорчулукка каршы аёсуз күрөш жүрүп жатпайбы... – досум трибунада сүйлөп жаткансып үнүн оңдоп: - Атайын мыйзам чыкпады беле... Же ишиңен айдалайын дейсиңби... Кой досум, кайнатаңдын зыйнатын бир кой союп эле өткөрүп кел... Өзүң үлгү болбойсуңбу... Сен деген чыгармачыл адамсың... Муну элден мурда түшүнүшүң керек эле... – деди салабаттуу калыбынан жазбай. Ушу сөзү мага жага түштү. Бир жагынан ичим кызып баратса, экинчи жагынан карыз сураган азаптан кутулгандай болдум.
Үйгө жөнөдүм. Жолдо келатып санаам санга бөлүндү. Бечара кайнатам, мыкты киши эле. Анын мага жасаган сылык мамилеси тасмадай көз алдыман чуурулуп өтүп жатты. Атам мага ушу кезге чейин бир кой союп бере элек. А кайнатам барган сайын кой союп берет десең. “Жок, жылкы соём...” дедим ичимен чыңалып. Бирок, “Кимге барам, кимден карыз сурайм?..” деген собол жан дүйнөмдү мүлжүп, өзөгүмдү өрттөп баратты.
Үйгө кирсем, аялым компьютер менен тиктешеп отуруптур. Нес болуп калгандай сезилди мага. Күйүт деген жаман да. Ууру мышыктай акырын басып, жанынан орун алдым. Ал мага кайдыгер карап:
- Атам менен сүйлөштүм... кыйла жакшы болуп калыптыр... Табыптардын дарысы жардам берген окшойт... – деди көзүнүн жашын сүртүп. Кайнатам эмес мага жанга киргендей сүйүнүп кеттим.
- Анда минеге ыйласың?.. Сен ыйласаң кабатыр болуп көчөдө басып жүрдүм... – деп шаарды чарк айланган абалымды айтып жибере жаздадым.
- Ыйлайм да!.. – деди аялым көзүнүн жашын тыя албай.
- Ок, көзүңө ак түшкүр, о киши жүзгө чыгат, көрөсүң!.. Обу жок болбочу!.. – дейм кемпиримди сооротуп. Ал оор улутуна компьютерге тигилип:
- Минеге ыйлабайм!.. Минеге ыйлабайм!.. – деп экрандагы тизилген жазууну көрсөттү.
“Сизди ар дайым фейсбуктан издей берем... Сиздин сүйүү жөнүндө жазылган ырларыңыз мага гана арналгандай... Сиз менин жашоомо шаң берип келесиз... Бар болуңуз жакшы адам...” деген жазууну окуп өнө-боюмду өрт каптагандай бүткүл денем чымырап ысып чыкты. Сүйүүтай деген кыз жазыптыр.
Кызганчаак аялымдын ууз жыттанган төшүнө башымды жөлөп, эртеден берки ташпишти унуткарган, үрүл таңдын абасындай таза, көңүлдүн кирин жууган аруузат - бейтааныш Сүйүүтайга ичимден бакыт тилеп, миң кыялга чөмүлүп, жан биргемдин көкүлүн сылап отурдум.
01.04.2024ж
Шекербек Калыков.
#суйуутай_элдик
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1