Ойлуу тиктеп.. апам байкуш унчукпайт
Санаа тартып сагындыңбы апаке..?
Ар түр ойлор жатса керек тынчытпай!
Ишен апа чыккым келбейт жаныңан
Күндүр - түндүр сизден өтүп сагынам
Оорубасын, аман болсун апам деп
Таңдан кечке, мен кудайга жалынам.
Апа менден болбой жүрчү кабатыр
Сагынычка жүрөм күндөр санатып
Элестетсем күндө кечте күткөнүң...
Бөтөн элден жетпей калам жан ачып!
Айыл кечи., казаныңда даам бышып
Жегиң келбей күтөсүң ээ..? жол карап
Күндө келип кетишсе деп даам сызып
Манжаң түйүп.. күн эсептеп кол санап!
Алтын апам жароокерим, кең дүйнөм
Сиз мен үчүн бүт ааламга тең дүйнөм
Жүрсөм дагы тээ алыста... бөтөндө
Санааркаба мен уулуңмун сен сүйгөн!
Кайда.,? Кантип..? жүрсөм дагы ойлонбо!
Мен ошондой.. таза бойдон сен сүйгөн!
Уланбек Жээналиев
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 16