Кооз, бийик анан кенен болсун деп буюруптур .
Ошентип, хан сарайды баштоо иштери жургузулуп, куруу учун коп жумушчулар тартылып, тезирээк бутуруунун айласын башташыптыр.
Адатта мындай касыр салып бутуруу учун коп убакыт талап кылынат эмеспи ..
Айлар отуптур, жылдар отуп хан сарайдын бутушуно саналуу кундор калган убакта,
Келечектеги сарайын коргону Хан озу келип, журуп жаткан иш менен таанышып, касырдын кооздугу менен суктанып терезеден шаарга назар салыптыр .
Караса, касырдын жанында тилемчи каарыган кемпирдин жука кездеме менен оролгон алачык (чатыры) уйу бар экен.
Хан ачууланып, менин хан сарайымдын ушундай кооздугун кайдагы бир тилемчинин эски чатырынын корунушу бузуп жатат ! Аны бузуп салгыла деп буюрат экен.
Ал убакта, тилемчи кемпир кайыр сурап, жардам сурап, бир тиштем нан болсо да издеп, жан багуу учун кеткен экен .
Карып калган, аран басып, белиндеги кучун жоготкон кемпир, жегенге эч нерсе таба албай кайтып келсе, жалгыз чатырын да бузуп салышыптыр .
Кемпир аны коруп, падыша буздуруп салганын угат. Колунан эч нерсе келбейт. Мазлум эле. Падыша заалым эле..
аябай конулу ооруп,
жашы тамчылап, кусасы ичине батпай дуба кылыптыр :
"Оо Кудурети чексиз Зат!?
Менго жок элем.
Сен каякта элен ?!
Ушул заалымдардын жасаган ишине озун жазасын бергин !"- деп тилек кылыптыр.
Кундор отот, хан сарайдын курулуш иштери да бутот .
Бирок, падышанын эмнегедир ден соолугу начарлап баштайт.
Шаардагы кучтуу табыптар чакырылат . Имамдар келет. Падышага дем салып жин чыгарчу молдосу да келиптир .
Колунан келген баардык ишти жасашыптыр, бирок хандын абалы начарлап гана баратты дейт.
Колдору кыймылсыз болуп, эки колун которуп шилтей албай калыптыр .
Бир медицина , бир да даарыгер, бир да табып, бир да имам жардам бере албай калганда,
акылдуурак биро келип сураптыр:
Оо Падышам!?
Баардык даары дармекти колдонуп кордук .
Пайда бербей жатканы тан калычтуу болуп жатат .
Ачуунуз келбесин.
Сиз кимдир бироого заалымдык кылып, конулун катуу иренжитип албадыныз беле ?
Мазлумдун дубасы кайтарылбастан тузмо туз кабыл болот !- деп сураптыр .
Падыша ойлоп, кыжаалат болуп, чекесинен тер агып, аран эстептир .
Ушул хан сарайды салып баштаганда жакыр жашаган жалгыз кемпирдин эски кепесин бузуп салууга окум берген элем.
Ошол кемпир, бараарга жай таба албай, менин жасаган бул ишиме катту нааразы болуп, бир нерселерди айтып, суйлонуп гана калган эле дейт . Убакыт отпой кемпирди таап, анын астына алып баруусун буюрат .
Желдеттери жакыр кемпирди бат эле таба калып, хандын астына алып келишет .
Хан колу бутунун иштебей жатканын айтып, кемпирдин бузуп салган эски чатырынын ордуна коп байлык берип, курсагын тойгозуп, кечируусун суранат .
Кемпир, макул болот ..
Кечиргенин айтат.
Ошентип падыша сарайга кайтып, эс алып жатып уйкуга кетет .
Уйкудан ойгонсо, эки колу кыймылдап баштаптыр. Кубанып бутуна туруп, бир эки кадам басып, адамдарга жасаган зулумдуктарын эстеп чын журоктон тообо кылган экен .
Ошондуктан, агалар, достор ..
мазлумдун дубасынан корколу!
Сенин мансабын бар, колунда байлыгын бар, бийлигин бар .
Башкаларды озундон томон санап, аларга катуулук кылба.
Сенинго байлыгын бар . Мазлумдун колунда эч нерсеси жок да.
Сенин мансабын бар , текеберленесин, зулум кыласын.
Бирок, мазлум адамдын
Кудайы бар сен муну унутуп калбагын !!
Зыян жеткен адам дуба кылса,
Мазлумдун дубасын созсуз кабыл кыламын, азыр болбосо бир аз убакыттан сон дейт
Аллах Таала кудсий хадисте.
Туугандаар?
Уйунузго конок болуп келген адамдар, сиз эгип остургон дарактардын момосун узуп ыргытып, бутактарын сындырып таштап, сиз жашап жаткан уйго жийиркеничтуу кылып таштанды толтуруп таштап кетишсе кандай абалда каласыз ?
Билесизби Кыргызстан менин уйум !
Кыргызстан сиздин да уйунуз !
Эс алууга талаага барып, толо мусор таштап кеткенин коруп аябай журогум ооруду.
Адамча барып эс алууну билбесен, сага эс алууну ким койду экен .
Биз эмнеге тушунгубуз келбейт .
Эмнеге биз келечектен кабатыр болбойбуз ?
Эмне учун гам кайгысыз бугунку кунубузду откозгонубузго кубанып журобуз ?
Бул Мекен ар бирибиздики!
Келечек муундуку !
Кыргызстан таштандыга толуп калсынбы эмне ?
Ар бирибиздин журогубуз оорусун. Таштанды таштап, жерге тукуруп булгап басып бараткандарды оз уйубузго мусор таштап кеткендей эле жактырбастан, барып тушундуруп айталы !
Кыргызстан менин мекеним !
Сен менин уйумо, менин жериме, менин мекениме таштанды тогуп мага зулум кылып жатасын !
Мен дуба кылсам албетте кабыл кылынат .
Ошондуктан башкаларга да зулумдук кылуудан корккула да!
Врачтар диагноз коё албай турган оорулар пайда болуп жатат. Канча адам кол буту иштебей, денеси иштебей шал болуп жатат .
Кудай билет алар кимдин назарынан калып, кайсы мазлумдун каргыш дубасына кабылганын !
Мекенди мынчалык кордобойлу туугандар .
Атайын таштанды ташталуучу урналарга салалы .
Президент карабайт, депутаттар иштебейт деп отура беруу менен КЫРГЫЗТАН эч качан онукпойт.
Жолду ондобойт, тазалыкты карашпайт деп наалый беребиз .
Озунун уйундогу ажат канасы буто элек турат .
Озубузду ондойлу туугандар.
Ар бирибиз озубузду таза туталы.
Башкаларга зулум жеткирбейли,
башкалардын акысынан корколу.
Тазалык ыймандан экенин биз билели !
АССАЛААМУ АЛАЙКУМ ВА РОХМАТУЛЛООХИ ВА БАРОКААТУХУ
Али Маматов
БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 19