4-БОЛУМ
— Эми келди окшойт, — деп Азима тура калганда жарык жалп дей өчүп калды, — Өскөн, Өскөн дейм, келе жатасыңбы Өскөн? — деген Азима босогого жеткенде аны бирөө үн чыгарбай кармап калды. Өскөндүн өзүнө тааныш жытына окшобогон коңурсуган жыттан жүрөгү айлана түштү, аны дем чыгарбай көпкө босогодон тосуп турганда Акмат эч нерсеге түшүнбөй да калды.
— Өскөн байке! — деди көптөн кийин, тарс этип бир нерсе жерге түшкөндөй болду, — Өскөн байке! — деп дагы үнүн чыгарганда карылуу колдор аны кармап муунта баштады, үнү чыкпай тырпырап туруп шалак дегенде ошол бойдон үн чыкпай калды, шкафта бекинип отурган Саада караңгыдан коркуп, апасын чакыра албай, же үнү чыкпай терезеден түшкөн айдын жарыгынан улам бир караанды көрүп титиреп отура берди. Көптөн кийин үйүнө келген Өскөнбай үйдүн жарыгы өчүп калганын көрүп кирип учетчике баратты, бутуна бирдеме тийип кетти, эңкейип карап Азима экенин көрүп:
— Ази, Ази сага эмне болду, аччы көзүңдү, — деди да колуна көтөрүп алып жарыкты күйгүздү, Азиманы көтөрүп кирип үйдө инисинин сулк жатканын көрүп эмне болгонуна көзү жетпей Азиманы булкулдатты, ал эчак эле денеси муздап калган эле, кайра тура калып Акматка барды, анын дагы денеси муздак, жүгүрүп чыгып коңшуларына кыйкырып-бакырып ыйлап жатканда ар жак, бер жактан элдер келишти. Өскөнбай өзүн чакырган чалды жакалап кирди.
— Капырай эмне болуп кетти? — деди эшиктеш коңшусу Сыйда.
— Мына бу акмак мени чакырды, сен мени атайын алаксыткан экенсиң, ким, ким өлтүрдү, айт! — деп чалды ачуусу менен катуу муунтуп алган экен зорго бошотушту. Аңгыча Төлөбайлар дагы жетип келип болгон окуяны көрүп баласын көрүп ызы-чуу болуп эле жатып калышты. Азиманын ата-энеси келди, ошондо гана Өскөнбай кызын эстеп тура калып, — Саада кызым, Саада жок, бул эмне деген эл-журт, менин кайсы күнөөм үчүн ушундай болду? — Туруп үй ичин карап чыкты, бир кезде коркуп жатып уктап калган Сааданын буту шкафты тээп ийгенде көрүнүп калды эле көрүп калышты, аны ала коюп буркураган Өскөнбайдын үнү адамдын муун-жүүнүн бошотуп ийди, ошол убакта кимдир бирөөсү милицияны чакырып койгон экен, үчөө кирип келди. Эмне болгонун сураштырып өлүктү карап көрүшүп тез жардам менен алып кетишти, Өскөнбайды болсо бөлүмчөгө алып кетишти. Ал ботодой боздоп коңшусу чакырып алардын урушун токтотуп барганча ушул иш болгонун алардан күмөн санаганын айтып, аларды дагы суракка алып жатышты. Сакалы сербеңдеген жетимиштеги Дарман карыя милицияларга:
— Балдарым, уул-келиним урушуп бири-бирин өлтүрүп коеордо мен Өскөнбайды чакырганым чын, мен кантип кара санайын, Өскөнбайда күнөө жок, муну башка бирөө кылды, — деди көз кычыгындагы чылпагын сүртө, — Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбагыла, кылмышкерди башка жактан издегиле, бул атайын жасалган иш, узай электе издеп тапкыла, мен дагы убагында силердей иштеп жүргөмүн. Майор Атаналиев Дарман деген мен болом балдарым, Өскөнбайды коюп башка жактан издегиле, — деди да жанындагы паспорту менен пенсиялык күбөлүгүн алып чыкты, анан бир кездеги иштеп жүргөндөгү удостоверениесин көрсөттү. Аны карап көргөн милициялар бири-бирин карап туруп анан Өскөнбайды, Дарман карыяны үйүнө жеткирип коюшту. Ал келип үйүндөгү элдин көзүнчө өкүрүп жатты, коркконунан таенесинин койнуна башын катып алган Саада бакырып жаткан атасын көрүп кошо бакырды, аны сооротуп ата-энеси буркурап эстери оой отурушат, үймөлөктөгөн эл аларды улам сооротуп жубаткандан пайда болбоду, ошондо Төлөбай элдин ортосуна чыгып:
— Өскөнбайга өчөшсүн, муну билип эле турам, менин баламда кайсы күнөө, айланайындар?! — деди үнү дирилдей, — Мен Өскөнбайга өзүм жибердим эле да, көрсө өлүмгө жөнөткөн экенмин го?
— Каралдымдын көрөөр күнү бүтүп, ичээр суусу түгөнгөн күнү бүгүн беле, эл-журт? — деп апасы Шарапат ыйлап жатты.
— Бул дагы болсо жазмыш, өчөшкөнүңөр жок беле, Өскөн балам?
— Мен кайдан билем, ичинен өчөшсө өчөшкөндүр, чынында мен бир адамга жамандык кыла элекмин, — деп Өскөнбайдын оозунан көк түтүн буркурап ичи өрттөнүп турду, анын ою эч кимге барбайт эле, кантип билет, — Артур байкемдерге барып келе калгылачы, — деди анан, — укпай калбасын, — дегенде элдин ичинде жүргөн Байтур баласын жөнөттү, селдейип-селдейип үнсүз туруп калышты, Өскөнбай гана отура калып, тура калып жан алакетке түшүп жатты, ошондо аксакал карыя:
— Болоор иш болду балдар, бул күтүлбөгөн кырсыкты пенде көтөрбөскө чарабыз жок, өлүк камын көргүлө, барып текшергенден кийин алып келгиле, районго түндөп баргыла, бияктагылар өз иштерин жасай берсин, үй тигилсин, — дегенде баары аксакал карыянын сөзүн эп көрүштү, Өскөнбайдын машинасын бири айдап, Төлөбайдын улуу баласы өз машинасын айдап жөнөөрдө Байтурдун баласы Камчы келип калды:
— Артур байкелер үйүндө жок экен, кулпулануу турат, — деди.
— Кайда кетиптир? — деген Өскөнбай, өзү Артурду арка бел кылаар эле, шаабайы сууй түштү: «Аттиң, жалгыздын иши жалгыз экен го, ушундайда жанымда болсо болот эле», — деп ойлонуп алды.
— Кайда кеткенин билбейм, — деп ийин куушурду Камчы.
— Болуптур, биз жөнөдүк, — деп жөнөп кетишти, калган эл түндөп өлүк камын көрүүгө шымалана киришти. Булар ошентип тыпырап жатканда Артурдун үйбүлөсү түндөп шаарды көздөй жол тарткан эле. Көптөн бери ичиндеги өчүн чыгарууну иш жүзүнө ашырган Зууранын планы эле…
Артурду турса-басса кулагынын кужурун алат, канчалык анын сөзүнө макулдугун бербей тынч жашоону көздөгөн Артурду Зуура үч күн мурун минтти:
— Нымтырап жаман адам болдуң, сен Өскөнбай болбогондо бардык байлыктын ээси болмоксуң, карыганда мен кылайынбы сен жасай турган ишти, анын сурап алаары жок, өлдү өчтү болот, ыйлап-сыктап эл көзүнө күйгөн болуп койбой жаның жокпу?
— Апа, байлыгы өзүнө эле буйрусун, Өскөн жакшы бала, мени байкелеп турат, ошого тийишпей тынч жашайынчы.
— Башы жок десе, сен адам болбой калдың, анда ушул түнү өзүм барып жатам да үчөөнү тең жайлап келем, Ызактын дарысын тартып алып мен өлтүргөмүн, уктуңбу?
— Койчу? — Артур апасын таңгала карады.
— Ооба, баары сен үчүн, мурасын өткөрүп бүтпөй калган, сандыкта ал жазган кол каты бар, ошону жок кылсак эле баары сеники болот, билдиңби байлык деген байлык, канча малды жалгыз ээлеп калды! — дегенде көздөрү кектен жалжылдап аялдын-эненин эмес эле аял ажыдаар тургандай болуп көрүндү Артурга, унчукпай сыртка чыгып кетти, көптөн бери бир адамды билчү, үй-жайы жок тентиреп жүргөн неменин адам өлтүрүп камалып келгенин уккан: «Ошонун колунан келет», — деп ойлонуп алды да эртеси аны таап ээн жерге алып барды:
— Менден эмне керек иничек? — деди ал Артурга.
— Мен бир сунуш айтам, эгерде аткарсаң үстүңө үй, аял жана машина алып беремин, оозуңдан сөз чыкпасын.
— Мен оозумду эбак бекитип койгомун, эгерде айтканың чын болсо баарын аткарам!
— Анда жүрү, — деп машинасына күүгүмдө отургузуп алды да Өскөнбайдын үйүнүн жанына жетпей токтотту, — Бул үйдө үч адам жашайт, эрди-аял, бир алты жашар кыз, үчөөнү тең жайлайсың, мен сага айткандарымды берем.
— Жарайт, бул иш мен үчүн оюнчуктай эле иш, бирок сен аткарасыңбы?
— Аткарсаң аткарам!
— Жарайт, эртең кечинде бүтүрөм, — деди тигил адам, бул он беш жыл түрмөдө отуруп чыгып өз элине батпай тентип жүргөн Карабай деген адам эле. Кайра кайтканда жолдон Карабайды жал-жал караган Артур:
— Кай жерлик болосуз? — деди.
— Нарындан, укмуштуу окуяны баштан өткөрүп камалгамын, бирок сага ишенсе болобу, мени түрмөгө түшө бер, жыл өтпөй куткарып алам деген адам менин артымдан барып койбой изин сууткан.
— Сиз ишти бүтүрсөңүз эле мен сизге айтканымды берем.
— Жарайт жигит, мени ушул жерден түшүрүп кой, селсаяктын кайда түнөгөнү, кантип жашаары кимге кызык, мааниси да жок.
— Макул, — Артур машинасын токтотоору менен Карабай түшүп калды. Артур андан ары үйүнө келип Зууранын көзүнө чалдыккысы келбей кеч кирип өз бөлмөсүнө өтүп кетти, түнү бою уктай албай чабалактай берди: «Иче турган ашыңа какырба дечү эле, мен эмне кылып койдум, бул аял бакканын милдет кылып мени кылмышка түртүп жаткан жокпу», — деп ойлоно берди. Эртеси директоруна кирип иштен чыгуу үчүн арыз жазды.
— Кайда кетип жатасың? — деди директор ага таңгала.
— Иш ошондой болуп калды, шаарга кетебиз го.
— Ай-ай Артур, азыр биздин совхозго сендей адистер абдан керек экенин билесиң, ишиң жакшы эле, макул айла жок, — деп директор арызга кол коюп берди, ошол күнү түш оой расчетун алып эсептешип алып кантордон чыгып келе жатканда алдынан Өскөнбай чыга калды:
— Байке кандай, иш жакшыбы? — Өскөнбай ичинде арамы жок учурашты.
— Жакшы, баары жакшы.
— Чакырганда эле келбей үйгө барып турсаңар боло байке?
— Убакыт жок, кеч келем, жеңеңди барып тур деп жатам.
— Мейли, аман-эсен болсок ар дайым бири-бирибизди колдосок болду, — деп Өскөнбай жайдары учурашып узап кетти. Ал узап баратканда: «Ушундай ичинде кири жок адамдын өмүрүнө кол салып жатам, мунум кудайга жакпас ээ, баары бүттү эми, акыры келип ошол үй ээн калса өзүм ээлейм да», — деп заңгыраган там, алма-бакты, кең короону, баарын сыдыра көз алдына келтирип алып басып кетти. Үйүнө келди эле Зуура ага:
— Ойлонуп жатасыңбы же жүрөсүңбү? — деди каарый, — Колуңдагыны алдырып ийип отура бер!
— Бүтүрдүм, бүгүн түндөп андан кабар болсо дароо жолго чыгышыбыз керек.
— Аз-замат балам, биз унчукпай койсок кайдагы бир нокотек баарын ээлеп калып жатпайбы, ошону түшүнчү балам, көзүмдүн тирүүсүндө ошол үйгө сени жайгаштырып койсом, Өскөнбайды киши колдуу болду деп эптеп көмүп коет, ким артынан түшмөк эле, болсо бир тага-таежеси тейтектээр, алар кайсыны кыйратмак эле, сени менен менден түк да ойлошпойт, орун очогуң бар, экөөң бир туугандайсыңар, — деп дагы бир топ сөздү айтып жатты. Рая күйөөсүн бир карап, кайненесин бир карап балдарын кийинтип даярданып турду. Добул экинчи класста окуп калган, Кабыл али окуй элек. Бир кезде машинасына минип болжошкон жерге келип күтүп турду, көп өтпөй бир караан анын жанына келип отурду.
— Иш бүттүбү?
— Баары сен айткандай болду.
— Азамат, — деген Артур аны бир карап алды да, — Эртең ушул жерге кел, мен сенин үйүңдү көрсөтүп, машинаны алып барып коем, аялды өзүң табасың, жардам берем, бирок оозуңа бек бол, — дегенде Карабай шарт машинадан түшүп ары басты, ошол убакта Артур колуна машинанын ручкасын алды да анын артынан кыйкырды, ээн жерде булардын үнүн эч ким укмак эмес.
— Эмне болду? — Карабай токтоп калды, ошол кезде Артур:
— Үчөөнү тең жайладыңбы, кызын дагы өлтүрдүңбү? — деди акырын.
— Ооба, — деди Карабай калп эле, — Үчөөнү тең.
— Бара бер, — дегенде Карабай бурулуп жөнөдү эле ручка менен башка күч менен чапты, ал «Аа-а!», — деп жыгылып түштү, Артур өлбөй калбасын деп ойлоп башка бир нече жолу чапты да колундагы темир ручканы карышкан колуна бекем кармаган бойдон машинасына отуруп үйүнө келди да темир ручканын кан болгонун көрүп сууга жууп, машинасынын салонун дагы жууп анан үйбүлөсүн отургузуп түндөп кетип калды, Зуура үйдө эле калган, сырты кулпулануу эмес болчу, Камчы каалганы тартканда ичтен илинүү эле.
Түнү бою моргдо жүрүшүп, эртеси түшкө жакын экспертке тарттыргандан кийин гана эки бирдей өлүктү алып келишти, алар келгенде милициялар Өскөнбайга жолугуп айылдын четиндеги бактын ичинен дагы бир өлүк табылганын, анын башын талкаланганын айтты эле ал:
— Анда кылмыштын изин жашыруу үчүн өлтүрүшкөн экен, булар жалгыз эмес окшойт? — деди Өскөнбай.
— Биз дагы ошондой ойлоп жатабыз.
— Ким болушу мүмкүн?
— Айтуу кыйын, дагы иликтейбиз го?
— Айла жок, мындай кайгыны көтөрүү оңой эмес экен, — деп ыйлап-сыктап өлүктү коюу ырасмына киришти: «Өлгөндүн сазайы көмгөн», — дегендей эртеси Азиманы боздоп сыздап жерге беришти, Саада чырылдап:
— Апам кана, апама барам, — деп ыйлаган сайын ыйлабаган жан жок, Өскөнбай андан бетер буркурайт, кечээ гана бактылуу жылмайып, ичин сыйпалай өзүнө эркелеп: «Өскөн, мен билип турам, бул уул болот», — деп төшүнө башын коюп эч капарсыз жаткан келинчегинин кара жерди жазданып жатып калганын ойлоп жаны жай албай: «Эгерде колума тийсе өзүм өлтүрөмүн, камалып кетсем да кайылмын», — деп муштумун түйүп ордунан тура калганын өзү да билбей калып жатты. Байтур менен Мыскал ошол жерде күнү-түнү кызматын кылып кайгысына тең орток болуп жүрүштү. Төрөбек дагы анын жанында үйбүлөсү менен туугандары болуп ошол жерде, өлүктү ызаат-сый менен коюп, ырым-жырымын жасагандан кийин дагы Өскөнбайды жалгыз калтырбай жанында болушту. Үч күн өткөндө гана Артур үйбүлөсү менен өкүрүп келди, Зууранын ыйлаганын айтпа, «күйбөс катын кошокчу», — дегендей кан какшап кошогун кошуп жатканы менен ичинен: «Кудай албаган Артур, ишти чала кылганын кара, өлө турган өлбөй өлбөй турган өлүптүр», — деп ичи тызылдап жатты. Артур курулай күйгөн болуп Өскөнбайды кучактап бакырып:
— Кандай иш болуп кетти боорум, шаарга балдар менен кетип укпай калбадыкпы, деги кандай балакет болду? — деп ыйлап кирди.
— Ушундай болду байке, ушундай оор кезде жанымда болбой кайда кетип калдыңар, мен Азимадан айрылып калдым, ошол канкорду көрсөтүп койсо өз колум менн терисин тирүүлөй сыйрып кыйнап өлтүрөт элем, — дегенде Артурдун жүрөгү селт этип алды, сыртынан билгизбей:
— Кана колго түшсө, андай немени соо койбойт элек, — деди жер карап.
— Заматта болду, мен эшикти каккылаган дабыштан эшикке чыккамын, Дарман аба экен, уул-келини урушуп жатыптыр, ажыратып кой деп калды. Мен кеткенде Акмат келиптир, Төлөбай абам аны мага жөнөткөн экен, карачы ажалынын жеткенин, — деп болгонун айтып отурду Өскөнбай, андан кийин боз үйдөн Зуура чыгып Өскөнбайды кучактап ыйлаган болду, Рая дагы көз көрсөттү, Артур ичинен: «Ажал жетпесе кыйын экен да, Дарман аба чакырбаганда бул дагы өлмөк, куштун эмчеги жок, кудай өзү сактайт», — деген ушул тура, — деп ойлонуп боз үйдүн капшытында Өскөнбайдын жанында отурду. Анын ички оюн кайдан билсин, ал сырын, арманын айтып жатты, эң негизги сары санаасы билинип калуудан коркуп жаткан. Бардык ыгым, чыгымдарын төлөгөндөн кийин кайын журту Сааданы алып үйгө келишти, анткени союштун баары Өскөнбайдын өзүнөн чыккан эле.
— Балам, — деди Азиманын атасы Сарыбай, — Азимадан болсо айрылдык, сен бизди таштаба, Сааданы биз багып туралы, сен азыр баланы караганга акыбалың келбейт, апаң экөөбүз кеңешип чечтик, неберебиз бизде боло берсин, качандыр өзүңдүн шартың туура келгенде барып алып келип аласың, — деди.
— Макул-макул ата, Саада ыйлабай, ооруп сыркабай эле жүрсө болду, — Өскөнбай кайнатасына баш ийкеди.
— Болуптур балам, көп эле ойлоно бербе, этият бол, менимче алар сени өлтүрмөк болгон өңдүү, алыстан эмес жакындан эле уюшулгандай сезилип жатат, — деди Сарыбай ички күдүк оюн айтып.
— Кандайча? — Өскөнбай кайнатасын таңдана карады, — Эмнеге андай деп ойлойсуз ата?
— Элдин айтмында Артур сени көрө албайт экен, балким уюштуруп коюп качып кеткендир, апаң дагы кийин келди, неге алар ошол күнү алыска кетип калышат?
— Канттип, Артур байкем ошого барсын, мүмкүн эмес.
— Мейли, мен экөөңөрдүн ортоңорго от жаккым келген эмес, бирок ойлонуп көрсөң, ошол күндү эстечи, Артур жумуштан чыгыптыр, анан кайра келип эле ишке кирип жатпайбы, ал корккон өзүнөн, билинип калабы деп чоочулап алыска кетмек болгон, бирок ал эки баласы менен аялы болуп шаарга кетпей эле төштөгү сарайдагы койчунун үйүндө үч күн болуптур, эч кайда барган эмес, апаң үйүндө эле бекинип жаткан имиш, эч кандай шектүү болбогон соң гана келишиптир, — деп Сарыбай күйөө баласына айтып отурду.
— Эгерде ал кылган болсо оңбойт ата, жетимдигин билгизбей асырап, окутуп чокутуп, үйлөнтүп үстүнө үй болгон адамга кара санаса оңбойт, — деп сүйлөшүп отурганда Байтур кирди:
— Салам Алейкум!
— Алеки Салам, кел Байтур, мал жан аманбы?
— Аманы курусун, түндө короодон жылкынын бирин уурдап кетиптир, эч кимге айтпай издеп келдим, киши колдуу болгонбу, кыскасы таппай келдим, эмне кылаарымды билбей сага келдим Өскөн.
— Издеп көрүңүз, табылбаса арга жок андан кымбат адамымды жоготуп зорго отурам, — деди Өскөнбай каңырыгы түтөй, — Артур байкемдер өткөндө шаарга барып келиштиби?
— Билбейм, алар мага эчтеке айтышпайт.
— Мейли бара бериңиз.
— Мейли анда, дагы издейин, — Байтур чынында эчтеке билбейт, Зуура аларды тирүүсүндө бир тууган катары катыштырбасы айдан ачык эле, Байтур кээде жини келип калчу, бир тууганымды мага катыштырбай өткөрөт бул катын, бир ата, бир энеден төрөлгөн иним менен бир боорлошуп отура албаганым азап эмеспи, — деп. Чынында Артур анын бир тууган экенин кийин малын көздөтүп жүргөндө Байтур айткан, бирок Зуура угуп алып Байтурду урушуп койгон, Артурга болсо: «Ал жалган айтат, сени тамашалап койгондур», — деп ишендирген эле. Ошол бойдон эч кимиси унчукпай калган, ошондо алты-жетиге чыгып калган болчу, кээде ойлонуп агасы экенин туюп турса да айта албайт, же батынып бара албайт, кайдыгер гана учурашып тим болушканына ичинен кыжаалат боло берет. Кырк күн болоюн деп Өскөнбай камынып кайната-кайненесине кеңешип жаткан, ошол күнү ага милиция келип калды:
— Өскөнбай байке, бир шектүү из таптык.
— Кандай из?
— Машинаны изи, табылган өлүктөн эки метр аралыкта бут кийимдин изи да турат, ошону изилдеш керек, сүрөткө тартып алдык, — деди участковый Өскөнбайга кайрылып.
— Кызык, аны кантип далилдейсиңер анан?
— Текшерүүгө жөнөтөбүз, бут кийимдин, машинанын издерин текшерип кандай машина экенин далилдеп ээсин таап коебуз, — дегенде Өскөнбай ага карап:
— Табылса кана, өчүмдү өзүм алам, колума бир берип койсоңор, — деди ойлуу. Милиция кеткенден кийин Өскөнбай ойлонуп калды: «Кандай адам, ким деги, менде кандай өчү бар болду экен, неге өчөштү мага, Азима-Азима, сени жоготуу мага өтө оор болгонун сен билбей гана кара жердин алдында жатасың, сени абдан сагындым, Саада азыр эненин да, атанын да мээримин сагынып жүрөт, менин жанымда жүрө албайт, жалгыздыктан сени эстей берип кыйналып кеттим Азима», — деп оор үшкүрө ордунан туруп ары-бери басып башын мыкчый кыжаалат болуп турганда Беккул менен Төлөбай келип калды.
— Өскөн акыбалдар жакшыбы?
— Дурус, санаадан жаным кашайып баратат.
— Көп ойлоно бербе, биз Акматты ойлонуп жаман болуп жүрөбүз, кайдан жибере койдум эле деп өз башымды өзүм койгулап жүрбөйүнбү? — Төлөбай каңырыгы түтөп кетти.
— Баса милиция келип айттыбы?
— Айтты, эми иликтейбиз деди, байке чай кайнам гана убакыт өттү, кандай болуп кеткенин билбей калдым, жинди болуп кете жаздадым, ойлосоңуз, кошунам чакырганынан аларды тынчтандырып коюп келсем үйдө эки өлүк жатса, кызымдын дагы көрөөр күнү бар экен да, шкафка кирип кетпесе аны да соо коймок эмес экен да, — деп күйүп-бышып жатты.
— Бул да болсо пешене балам, айла канча, ушуну көрсөттү жараткан, көтөрбөскө чарабыз жок экен да, — деп Төлөбай Өскөнбайга акыл-насаат айтып жатты. Көпкө сүйлөшүп отурушуп анан кы
— ??????
анан кетишти. Туугандары келип керектүүлөрүн сурап сүйлөшүп, ал-акыбалын сурап кетип жатышса Өскөнбайдын оюнда Артур турду: «Неге бир жолу келип кеңешип койбойт, ал-акыбалымды бир жолу сурап койсо эмне болот, апамчы ал неге келбейт, өгөй дебей апалап турчу эле Азима, ошонун арбагына бир келип куран окутуп коюшпады, атамдын даамын татып жакшылыгын деле көрдү эле», — деп ойлоно берди. Акыры кырк күн болгондо тууган-уругу чогулуп келип өткөрүп жатканда гана Артур, аялы менен Зуура болуп дарбазадан кирип келе жатканда Өскөнбай ары басып кетти, Артур тургандар менен учурашып туруп калды. Зуура менен Рая боз үйгө кирип кетишти. Беккулдун аялы Зуура ыйлап бүткөндөн кийин атайлап тийише сүйлөдү:
— Ийи жеңе, акем бардагыдай эле бул үйдө болбойт белең, туубаса дагы тутунган балаң Өскөн, саламчыдан бетер кайдыгер гана келгениң туура эмес, акем сизди үлпүлдөтүп төрөбөдүң түшпөдүң дебей карачы эле, — деди эле Зуура кызаңдап калды:
— Карылык деген кыйын экен, ооруп жаттым.
— Ушу Өскөндөн жаман сөз уктуңбу же көңүлүң калдыбы?
— Жо-ок Алтын, Өскөнүм мага жаман айткан эмес, таарынбайт балам, айла канча эрте эле келмекмин.
— Эрте келбей эле ушундайда кашында болсоң болот эле го, же бул үйгө келбес болдуң беле?
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып комментарий жазып колдоп кетиңиздер уланталыбы?
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 16