3-БОЛУМ
— Атам апамды катуу сүйгөн экен, экөө жашыруун үйлөнүп никеге туруп алышкан тура, мени төрөгөндө апам байкуш өлүп калыптыр, көрсө кыргызча кара баскан тура, — Өскөнбай ойлуу ымыркайга карады, — Карачы Ази, кызым сен каалагандай эле өзүмө опокшош болот, апам дагы аябай сулуу болуптур да, — деди наристени эңкейе берип чекесинен өөп, — Кызымдын өмүрү узун болуп чоң энесинин арбагы колдоп-жөлөп жүрсүн.
— Ылайым эле өмүрү узун болсо экен.
— Кудайым боор ооруп коеор жаным, келечек бактысын тилейм, — Эки жаш ымыркайын тегеректеп көздөрүн, каштарын, ал тургай колдорун, салааларын бири-бирине окшоштуруп, талашып бакыттын туу чокусунда дүйнөдөгү эң бир ажайып кооздуктун чексиздигинде калкып отурушту. Ошол убакта Ызак өз бөлмөсүндө жүрөгү кармап дарысынан ичип диванда жатканда Зуура аны менен иши жок Өскөнбайга кандай кылып баардык байлыкты карматкысы келбей ойлонуп тамак ичилчү бөлмөдө отурду: «Небересине кайдагы бир сойку катындын атын койгонун кара, мен сенин балаңа оңой менен бере койбосумду билбейсиң как баш, менин дагы мээнетим, көз акым, үлүшүм болушу керек, сен мени оюңа дагы албадың», — деп жинденип жатты. Ызак анын арам оюн сезген жок, күн алыс уулунукуна барып наристесин көрүп кайра келет, күн өткөн сайын Саада көзгө көрүнүп, адегенде күлүшүп, анан кыял-жоругу чыгып эбедейди эзген бала кыялына ата-эненин кумары канбай кайра-кайра күлдүрүп кайра-кайра колдорун сереңдеткен сайын кубанычка батып бактылуу жубайлар эч нерседен капарсыз. Ызак келген сайын колуна алып көңүлү көтөрүлө түшүп, оорусун унутуп өткөн жашоонун калтырган өкүнүчтүү издери бир мүнөттүк наристенин ырахатына бөлөнүп кайтат. Арадан билинбей үч жыл өтүп кетти, Саада тыпылдап басып, бал тилдүү кыз болгон. Сааданы жетелеп алып Ызак ары-бери басып күндө эрмек кылат.
— Чо-ата, — дейт Саада башын өйдө көтөрүп Ызакты карап, — Бутум оойуп тетти.
— Каралдым десе, сенин бутуңдан айланайын, — Шарт алып көтөрмөк болот, зырп эткен белинин оорусуна да карабайт, — Сени көтөрүп алат да чоң атаң, — Күлүңдөй жүзүнөн өөп алат, — Эми оорубай калдыбы?
— Ийи, оойубай калды, ата.
— Айланайын жыттоочум десе.
— Чо-ата.
— Оов, кызым.
— Сен мени чакчы көйөчүңбү?
— Ооба садагам.
— Ии-ий да, атам да, апам да чакчы көйөт да, — Саада башын кыймылдата мактангандай тилин «чык» эттирип койду.
— Ырас элеби, кызым?
— Ооба да.
— Эрке кызым, ата-энеңдин кубанычы болуп жүрө бер кагылайын, — деп Ызак небересинин чулдур тилине ыраазы боло күйүгө үйүнө жеткиче Саада уктап калат, аны көтөрүп келген кайнатасынын колунан Азима ала койду:
— Уктап калган го, ата.
— Ооба балам, чарчады окшойт басып жүрүп.
— Көтөрүп кыйналдыңыз го?
— Кой балам, күнү-түнү көтөрсөм да кыйналбай калайын, ушул күндү тиледим эле, кудай жеткирди, эми арманым жок, — деп кетмек болду.
— Ата, чай ичиңиз.
— Жок балам, Артур көчүп жатат, үй алып бердим, бул үйдү бекитип коюп чоң үйгө көчкүлө, Өскөндү айт, менин кашымда болгула, — деди Ызак ойлуу.
Ал өзүнөн чоочулап жүргөн, анткени өткөндө түшүнө ата-энеси экөө тең кирип жатыптыр: «Балам, сени күтө берип кыйналып кеттик, жамандыкты сен өзүңдүн жаныңда жүргөн адамдардан күтпөйсүң, сен биякка баса берчи, бул дүйнөдө баары тегиз, дүйнө-мүлк, байлык менен ишибиз жок, ач көздүк тирүүлүктүн баркын билгизбей адамдардын жүрөгүн картайтып койгон, бул жакка келсе кана дили тазаланат», — деп жатыптыр. Кийинки күнү Саада кирип: «Мен сени күтүп жатпайынбы, качан келесиң, же унутуп калдыңбы», — деп жатыптыр: «Жо-ок, сени кантип унутам, сен жүрөгүмдүн төрүндө түбөлүк жашайсың, неберебиздин атын Саада койбодумбу». Аны билем, «баары бир сен мага керексиң, балдар бизди унутушпайт». «Ырас айтасың, мен деле сени сагындым Саада», «Тезирээк кел Ызак», — дегенде чоочуп ойгонуп кетти, туруп сыртка чыкты: «Өскөндү бул үйгө жайгаштырып коеюн анан ушул үйдөн сөөгүм чыгып, уулум башымда ыйлап, ууч топурак буйруса болду, — деп ойлонуп андан кийин уйкусу качып жаткысы келбей сыртта таң агаргыча басып жүрдү. Демейде айыл ичиндеги карыянын ошол жашка жеткенче канча тагдырды башынан өткөргөнүн, не деген кызыктуу же армандуу өмүр сүрүп келгенин биз байкабайбыз. Ал ошол бойдон өтүп келе жаткан сыяктуу гана «карыя, же чал», — деп коебуз, Ызактын да өмүрү ошол сыяктуу бир айылда өтүп бараткан эле… Бирок пендебиз да, Өскөнбай баргысы келчү эмес. Өскөнбай келгенде Азима кайнатасынын айтканын айтты эле ал:
— Жарыктык десе, ал үйгө барганда эмне, тура берсин, Артур байке кетсе кеткендир, биздики да акыры.
— Атамды капа кылып албайсыңбы?
— Эмнеге капа болмок эле.
— Апам чатак чыгарып каттоодон өтпөй калыптыр, кайрадан макулдашып келгиле, мындай чыр нерсени өзүңөр бүтүргүлө деп коюптур, балким апам чоң үйдү Артур байкеге алып бергиси келип жаткандыр.
— Жөн эле берип кое бербейби, менин талашкым да келбейт, дүнүйө мүлк деген мына биз, денсоолук таза, балдарың аман, ишиң оңунда болсо ошол эмеспи жаным, — деп кийимин алмаштырмак болгондо сырттан Байтурдун баласы кирди:
— Өскөн байке, сизди чакырып жатат, жеңемди да келсин дейт.
— Эмнеге?
— Ызак атам катуу ооруп жатыптыр.
— Жанараак эле жакшынакай эмес беле? — Азима таңгала сурады.
— Кары киши эмеспи, бол кеттик, — Өскөнбай шашып калды, бирок алар келгенче Ызак үзүлүп кеткен эле, анткени Ызак келгенде Зуура адатынча аны менен уруша баштады:
— Кудай гана көрсөтсүн, калыстыгың жок, мен бул үйдө балапан кезимде келип, ээгимде эки тишим калбай түшкүчө жашадым, туубасам да тутунуп Артурду бактым, Өскөндө да эмгегим жок эмес, мен сага тынчтык бербейм, качан калыс бөлсөң, анан менден кутуласың.
— Зуура, мен өмүр бою бала деп жүрүп Өскөндү көрдүм, жаман жашаган жоксуң, кийем дегениңди кийдиң, ичем дегениңди ичтиң, менден эмне зыян тарттың, кудай сүйүп берген балама өз мүлкүмдү бергенге тардык кылба, мен тең эле кылдым, Артурду бактым, чоңойттум, окуттум адам болду, менде арманы жоктур, сен өзүң эле тейтеңдей бербесең, — Ызак ага катуу айткысы келбей бөлмөсүнө кирди, артынан кирди Зуура, анын башынан ошондой адаты бар эле:
— Окуттум деп, мектепти жакшы бүткөн, өзү деле окуп алмак.
— Ошондо дагы каралаштым, кийим-кече, ичкен-жегени желден келип жаттыбы, менин эсебимден беш жыл окуду да.
— Майдачыл акмаксың да.
— Бул дүйнөдө баары эсептелүү болуш керек, мына өзүнчө үй алып бердим, тиги-булардан угуп жатам, колунан келе баштаганда туугандары чыгып катыша баштаптыр, ошолору качан кайрылып койду эле? — деп Ызак ичиндегини ачык айтып койду.
— Сен эмне деп жатасың, Артур тууганын таап алыптырбы? — Зуура эси оой Ызакты карап калды, жадагалса Байтурдан кызганып жүргөн баласынан мындайды күтпөгөн эле, — Ушул айтканың чындыкпы?
— Мен сага далилдеп бергим келбейт, эл деген көрөгөч, шамал болмоюнча чөптүн башы кыймылдабайт, — Ызак ары басты, бурчта турчу дарыларын карап жатты ал, жүрөгү ээленип эми мына кекиртегинен чыгып кетчүдөй согуп жатты, өзүн-өзү кармап: «Азыр табам, токтой турчу курган жүрөк, кайда шашып барасың, күнүм бүтүп баратабы, жан чыгаарда жан күйөөрүм жанымда болсун дегендей уулумдун көз алдында өлсөм экен, ошого айтаарымды айтып өлсөм арман жок», — деп эми жүрөк оорусунун дарысын таап колдору калчылдай оозун ача албай жатканда Зуура анын колунан дароо жулуп алды.
— Ушул жаныңды алып калып жатса көрөйүнчү, — деп кыжырлуу ары жылганда калтыраган Ызак аны көздөй басты:
— Зуура, жинди болбо, бөөдө өлтүрбө мени.
— Өлбөйсүң, дарысыз эс алып көр, ушул дарыга сенин жаның байланып калды дейсиңби? — Өчөшкөнсүп эшикти ачып сырткы коридорго чыгып кетти.
— Зуура! — деп бир кыйкырган Ызак күп этип жыгылып түштү, Зуура ага өчү бардай укмаксан болуп басып кетип калды, бир аздан кийин: «Эс алып калды окшойт», — деп кирип келсе көмкөрөсүнөн кыймылсыз жатканын көрүп чоочуп кетти, ал өлөт деп оюна албаса керек.
— Ызак, айланайын Ызак, көзүндү аччы! — деп өйдө кылып башын көтөрдү эле ошондо гана «кыр» эткен көмөкөйүнөн дабыш чыгып шылк эте түштү, анын жаны ошондо чыккан эле, — Оо курган башым, эми эмне кылам, Ыза-ак, өмүр шеригиң элем го, мени кимге таштап кеттиң?! — деп көз жашын куюлта эптеп сүйрөп диванга чыгарып жаткырып, буту-колун түздөп койду да сыртка чыкты, шашылып Байтурларга жетти, эшикте кыштын кычыраган маалы эле, Байтур айыл коңшулар угушсун деп үнүн бийик кылып өкүрүп жиберди, аңгыча коңшу-колоңдор жыйылып келип жатты, Өскөнбай келгенде эл толуп калган, боз үй тиккенге жүгүрүп жүрүшкөн, ал дароо эле бакырып ичкери кирди:
— Ата, атама эмне болду, жакшынакай жүрбөдү беле? — деп Зуурага ачуулана кайрылды.
— Ботом, мен эмне кылдым, бөлмөсүндө жаткан, чай ич деп кирсем эле жерде жатып калыптыр, — деп Зуура Өскөнбайдан сестене артка кетенчиктеди.
— Карап койбойт белең, атайлап карабай койгонсуңар да, — Өскөнбай Ызактын жанына келип үстүнө жапкан шейшепти ачып уктап жаткандай сезди, — Ата, атаке көзүңдү аччы, мен келдим ата, — деп колдорун кармап алып таштай муздагынан селт этип алды, аңгыча Беккул кирди:
— Өскөн, кайрат кыл балам, байкемдин тиги дүйнөсүн берсин, өлүк камын көрүү керек, эл көзүнө көрүнгүдөй кылып узаталы.
— Байке! — Өскөнбай Беккулду кучактап ыйлап ийди.
— Кайрат кыл иним, адам ушул экен, жаралабыз бул дүйнөнүн кызыгын көрүү үчүн, өтөбүз баарына кол шилтеп, тойдум тирүүлүктүн машакатына деп, улуулар өтүп, жаштар өсөт, дүйнө ошентип жаңыланып турат, — деди далыга таптай.
— Көзүм көрүп бир ооз сөзүн укпай калдым, кашында болгонумда болот эле, билбей калдым, — деп Өскөнбай өкүнүп атасынын бетиндеги шейшепти кайра жаап Беккул менен сыртка чыкты. Арыдан бери үй тигилип өлүктү үйгө алып чыгышты, кычыраган кышта өлүк коюнун ырасмы болуп, ызаат сыйын жасап жатты. Молдо сөөктү сыртка алып чыгып жаназа окуу алдында:
— Маркумдун эң жакын адамы алдыга чыксын, — дегенде Өскөнбай менен Артур экөө тең чыкты, — Бириңер, улуусу, жоопкерчиликти мойнуңа ала турганы керек.
— Мен алам, — деди Артур тайманбай.
Беккул чыдабай кетти:
— Артур, өз канынан жаралган баласы турсун! — деди.
— Мен өзүм турам, — деди Өскөнбай.
— Никесиз төрөлгөн бала боло береби? — деп Артур көз көрүнө өчөштүккө өттү, — Өскөнбай никесиз төрөлгөн.
— Ким экен никесиз, итче атамдын жугундусуна тоюп чоңоюп, адам болуп алгандан кийин ушул экен да кылаарың! — деген Өскөнбай ызалана молдого кайрылды. — Ооба, бул менин агам, буга менин атамдын аздыр-көптүр байлыгы керек, ата теги ушул эле айылдан, эч кимиси жетим экенинде карап койбогондо атам бооруна батырып алган экен, Ызактын көзгө басаар жалгыз баласы мен!
— Болуптур, — Молдо ары басып бирөөнө сүйлөшүп калды, ал никелүү же никесиз төрөлгөнүн аныктагысы келди, ошондо элдин ичинен Ызак менен теңтуш болуп катышып жүргөн Мыскалдын атасы Төрөбек:
— Мен күбөмүн! — деди элдин алдына чыгып, — Ызак менен бала кезибизден теңтуш элек, Саада менен үйлөнгөндө күбө болгомун!
— Ыраспы? — деди Молдо.
— Калпты мындай жерде айтууга болобу?
— Жок, анда кел балам, убакытты өткөрбөйлү, Айдаралы уулу Ызактын аласа бересесин тактайлы, эгерде бересеси болсо уулу Өскөнбайдан аласыңар! — деп Өскөнбайды алдына коюп элге каратты, — Кайталап айт.
— Атамдын бересеси болсо ачык айтыңыздар, мен төлөйм, карызы барбы?
— Жок.
— Жок.
— Жок эле, эч кимден карыз албаган адам эле.
— Эмесе, — Молдо кайрадан сүйлөдү, — Бересеси болсо…
— Атама бересеси болсо кечтим! — деди Өскөнбай баш көтөрө элди карай, ошондо ал өзүн жек көрө карап турган Артурду көрдү, негедир анын көзүндө өч алуу тургандай сезди: «Адамдын котур ташы ичинде катылганын билүү кыйын экен да, атам барда башкача эле», — деп ойлоп алды. Атама бересеси болсо кечтим, аласасы болсо мен берем! — деди эле молдо аны далыга таптай бирдеме деди эле бурулуп элдин алды жагына туруп калды. Жаназа окулуп Ызактын табытын мүрзөнү көздөй көтөрүп жөнөштү. Артур үнсүз аргасыз алдыңкы жагын кармап Өскөнбайдын катарында баратты.
Ошентип Ызакты да жайына беришти, үчүлүк, жетилигин өткөргөн соң Өскөнбай чоң үйгө көчүп келди, үй-мүлктөн эч нерсе алууга үлгүргөн эмес, Зууранын катып бергени, көрүнөө бергенин гана алган, ошондуктан Зуура менен Артур ичи күйүп жаткан. Үй ичинде чынында баалуу буюмдар бар эле, килем паластар, диван креслолор, сервант-шифоньерлер менен күзгүлөрү ар бир бөлмөсүндө толтура эле. Өскөнбай көчүп келгенде Зуура үн деген жок, анткени каралуу болуп боз үйдө болчу, өзүнүн жеңеси менен сиңдилери, Беккул менен Төлөбайлар аялдары менен кете элек. Алар туугандыкы ушундайда гана деп ойлошуп Ызактын жакшылыгын эскеришип аяк-биягына жардам берип Өскөнбайга бел болууда. Артур койгондо эле кеткен, ошол бойдон аялы да келбеди. Зуура Артурга нааразы болуп жатты ичинен, ал эми Артур Зуурага нааразы, ал кичинесинен эле: «Өскөнбай никесиз төрөлгөн, нокетек баланы сенин катарыңа кошпоймун, Ызак өлгөндө да ал жанына жолой албайт», — дегенин көп айтып кулагына сиңип калган эле. Дал ошол күнү дагы: «Жаназасына никесиз баланы тургузбайт, сен бар», — деген Зуура болчу, эл алдында отуздан ашкан бакандай мал доктуру болуп туруп уят болгонуна ызалуу эле. Өскөнбай ага жини келип жатты, эки-үч досу көчүрүшүп келип Өскөнбайдын жанында жүрдү, ал тургай аялдары Азимага жардам берип жүрөт. Зуура ага ого бетер ичтен тынып: «Атаңдын артынан гүлүстөн кетирбесем элеби, бул дүнүйө мени менен гана Артурга таандык», — деп ойлонуп жатты.
Келген-кеткен болуп кыркына чейин эл үзүлгөн жок, Өскөнбай өкүрүп боз үй четинде, отуруп алып күндө келген элге куран окуп атасы жөнүндөгү жакшы сөздөрдү угуп, өзү дагы жакшы мүнөзүн, өзүнө жасаган мамилесин айтуудан тажабайт. Өскөнбайга эл ыраазы болуп жатышты, ан сайын атасынын айткандарын эстеп ыйлап алат. Байтур менен Мыскал келип-кетип жардамдашып турат, аңгыча кыркы да өтүп өз-өз үйлөрүнө кетишти. Зуура Артур келип алып кетет деп күттү эле ал жадагалса кыркына да келбеди. Өскөнбай эл ичинен аны издеген менен көрүнбөдү: «Атамдын тузуна койдум», — деп ойлоп алды. Зуура Артур жөнүндө сөз болобу деп күттү эле болбоду, тек Артур деген анын жашоосунда болбогондой эстегиси да келбеди, түш ченде чай ичип отурганда Зуура таарыныч кыла сөз козгоду:
— Ботом, Атурду кудай урдубу, бир келип койбогону эмнеси?
— Ал менин жашоомдо жок болгону жакшы, мен ал жөнүндө сүйлөмөк тургай эстегим келбейт, — деди Өскөнбай.
— Кой балам, Артурду бармактайында бакканбыз, сенден алты жашка улуу, сага дагы канат бутак керек, — деди Зуура сынай.
— Мага канат бутак болчу бир гана кудай, боорго катып боор оору болобу пендеге, мал арыгын сактасаң оозуң майлайт, киши арыгын сактасаң башың кандайт деген ошол да, кана туугандары бир кайрылып келгени, көрүп билип унчуккан эмес экен, эми адам болуп колунан келгенде теги-жээндери келип жатпайбы?
— Капырай де, ошентиптирби?
— Ким билбейт, терисин алып келип тирүү кой кылып кеткендерин мага айткандар далай чыгат, апа ал жөнүндө мага экинчи сөз кылбаңыз, мен сизди атамдын кадыры үчүн, энелик атыңыз үчүн өзүм карап-багып алам, албетте кааласаңыз, — деди Өскөнбай өткүр көздөрү менен карап, — Ансыз да менин энем сизсиз, биз ынтымакта жашасак ким буза алат бизди?
— Ооба айланайын, мен Артурду кандай кылып бакпадым, көрсө боору бөлөктүгүнө кеткен тура, — Зуура үшкүрүнүп алды. Өскөнбай андан кийин үн деген жок, ошол күнү Өскөнбай менен Азиманын келе элек иштешкендери батага келип калышты. Аларга тамак-аш жасап куран окутуп отурганда совхоздун башкы бухгалтери менен Артур келип калды, куран окутуп болгондон кийин Артур Зуурага кайрылды:
— Апа, кетсең ала кетейин.
— Кое тур балам, чалымдын жылдыгына чейин биерде болбосом эл наала кылбайбы, кантсе дагы элүү жыл бирге жашадык, жаман жашаган жокпуз, кетип калганым болбойт.
— Мейли, өзүңүз билиңиз, — деди да чыгып кетти.
Өскөнбай аны жини келе караганы менен унчукпады. Көздөрүндөгү кек толгон караштары аларды бир күрөшкө чакыргандай тымызын ичтеринен сызып тим болушту. Зуура Артурга таарынып жүрдү: «Чекесине черттирбей, жаман сөз угузбай, жетимдигин билгизбей бактым эле, кеңешип-таңашып койбой туугандарына катышканын кара, ырас эле бирөө келип биздин баланы багып жатасыңар деп бири келип койду беле», — деп ыйлап да алды: «Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы деген ушул тура, бирөөнүн баласын алпештеп өстүрсөң да акыры таап кетет экен да, жараткан ай, жок дегенде бир кыз берип койсоң эмне», — деп картайып жүзүнө түшкөн бырышында сай-сайлап жашы агып ыйлап жатты түн ичинде. Азима Зуураны «апа» деп эле турат. Саада бала эмеспи, баягыдан тили такталып сүйлөп калган, Зууранын жанына бөйтөйүп отуруп алат:
— Чоң апа, сизди жакшы көйөм ээ?
— Ооба айланайын.
— Сизчи, мени жакшы көйөсүзбү?
— Анан эмей, сени жакшы көрөм да.
— Мен дагы, сизди жакшы көйөм, чоң атам өлүп калбадыбы, эмне үчүн өлдү чоң атам?
— Ал тигил жакка керек экен, кызым.
— Каякка, а сиз аякка кейек эмес туйбайсызбы ээ?
— Ыя?! — деп Зуура чоочуй карады, алардын сөзүн ишин кылып жүргөн Азима угуп алып бырс этип күлүп алды, ички бөлмөдө болчу.
— Сиз аякка кейек эмес экенсиз да.
— Ооба кагылайын, керек эмес окшойм, — Зуура ойлуу айтты муну, ал ошол күнкү Ызактын калтыраган колдорун көз алдына келтирди: «Байкуш, жан талашты ээ, анын өлүп калаарын кайдан билем, тарап кетет деп ойлодум да, мен эле өлтүрүп койдум окшойт», — деп мелтирей отуруп калды, Саада аны жулкулдатып жатыптыр:
— Чоң апа дейм, чоң апа!
— Ыя, эмне болду садага?
— Уктап калдыңызбы?
— Жо-ок кызым.
— Анда эмне сүйлөбөй калдыңыз?
— Ойлонуп кеткен турбайынбы?
— Эмнени?
— Өткөндү, кызым.
— Өткөн деген эмне?
— Сендей кезимди.
— Сиз мендей белеңиз?
— Ооба.
— Калп, сиз чо-оңсуз, менин чоң апамсыз да.
— Ооба кагылайын, сенин чоң апаңмын.
— Анан эмне мендей болгом дейсиз? — Саада жадабай сурай бергенине Азима үйдөн чыкты:
— Саада, чоң апа чарчады, эс алсын, сурай бербе да, жүрү үйгө кирели, — деп колунан жетелегенде ал чырылдап:
— Чоң апамдын жанында отуйайынчы, — деп болбой жатты.
— Тим кой балам, отура берсин, эрмек болот да.
— Сизди тажатып ийген жокпу, апа?
— Жо-ок, тажамак турсун эс алып калдым, — Зуура күлүп калды.
Кеч киргенде уйкусу келип араң үйгө киришти, Өскөнбай жумушунан келип чогуу тамакка отурушту. Көптөн кийин:
— Ази, менин бир тагам бар экен, таежем экөө үйбүлөсү менен учурушкандын ортосунда батага келгени жатышыптыр, — деди Өскөнбай.
— Качан? — деп Азима аны карап жооп күтүп калды.
— Дем алышта келишет экен, даярдана бер.
— Союшун эле алдырсаң башкасы даяр го, — Экөө сүйлөшүп жатканда Зуура өзүнө кеңеш салбаганга ичинен жини келди, бирок ушул жашында таарынып кайда бармак, бала ордуна бала кылып баккан Артуру баягы бойдон кабар да албады.
— Ээ апа, сиз каршы эмессизби? — деди көптөн кийин Өскөнбай Зуурага кайрыла.
— Эмнеге каршы болом балам, катташып алганың жакшы дечи, бирок Сааданы жалгыз кыз деп уктум эле…
— Ооба, апам жалгыз кыз экен, кийинки апасынан төрөлгөн балдары экен, ошондо апам менен аталаш болобу?
— Ошондой, эки бала экен да.
— Ооба, бири уул, бири кыз экен, сураштырып жүрүшкөн экен да, апам атам менен үйлөнгөндө алар жаш экен, кийин апам өлүп калганда мени билишпептир, анткени бала экен, кийин угушуптур.
— Мейли балам, тууган-уруктун бары жакшы, катыша бер, — деди ойлуу Зуура, — Мен Артурду жөндөн жөн жаман көрүп жаткан окшойм, анын да эли-журту бар эмеспи, курган акылсыз жаным.
— Садагаң болоюн десе, сен атаңдын өзүн тартыпсың, пейли кенен, ак көңүл адам эле, кудай өмүрүңдү берсин балам, — Зуура чын пейлиненби, же жөн гана айттыбы, алкап отурду.
Эртеси чындап эле Өскөнбай Артурдун үйүнө барды, эки уулу сыртта ойноп жүргөн, Кабыл көрүп эле жүгүрүп келди:
— Өскөн байкем келди!
— Чоңойдуңарбы? — Экөөнү өөп анан үйгө карады, — Ким бар үйдө?
— Апам бар, атам жок.
— Качан келет атаң?
— Билбейм, — Аңгыча Рая чыга калды:
— Кел бала, келип калыпсың?
— Жеңе амансызбы, келип калдык, — Өскөнбай эч митайымдыгы жок учурашты.
— Келгениң го жакшы, үйгө кир.
— Артур байкем экөөңөрдү чакырып келдим эле, мүмкүн болсо эртең барып калгыла, жеңе.
— Байкеңе айтып көрөйүн.
— Бир энеден туулбасак да бир кеседен аш ичкенбиз, бир үйдө өстүк, кичүүлүк парзым, алдыңардан кечирим сураш, албетте күнөөм болбосо дагы.
— Айтам, келип кеткениңди сөзсүз айтам, сага рахмат, бала, — деп Рая үйгө кир десе да болбой сырттан кайтты Өскөнбай.
Эртеси тагасы менен таежеси, Сааданын аталаш иниси менен сиңдиси, үйбүлөсү менен келип калышты, Өскөнбайдын аялы экөөнө бир сыйра кийит менен, кой союп, боорсок таттуу тарапа ала келген экен, Өскөнбай Байтурга айтып союш союп конок каадасын катуу күтүнүп жатканда Артурлар келип калды. Өскөнбай чын дилинен ыраазы боло алдынан тосуп алып экөө кучакташа көрүшүштү, андан кийин үйгө киргизип коноктору менен тааныштырды. Кубанычтуу бака-шака түшүп ортодо эч нерсе болбогондой ага-инилер конокту тосуп жатышты. Таежеси Майра шакылдаган неме экен, сөздүн ток этээр жерин айтып Өскөнбайга кайрылды.
— Жээним, дүйнөдө эмне гана болбойт, Саада эжемди жакшы да биле албай калдым, ал турмушка чыкканда үч жашар экенмин, Кадыр эмчектеги бала болчу, атам оорудан каза болгондо мен араң эле алтыга чыккам, тагдыр экен жакында апабыздан да айрылып калдык, апам өлөөрүндө гана айтып кетти, сени сураштырганыбызга туура бир жыл болду.
— Таеже, келгениңер мени кубанычка бөлөп отурат, кыргызда өлгөн өзүнүн шор деп коюшат экен, мен жадагалса ууз сүтүн эмбей калыптырмын, эми мага ата да, эне да болгон, эмчек сүтүн бербесе элик сүтүн берип чоңойткон апам мына бул, — деп атайлап эле Зуураны далысынан таптай эркелегенсип айтты, дилинде Зууранын өзүн жакшы көрбөсүн билсе да ушинтти, бирок жүрөгү сыздап, көзүнө жаш тегерене түштү, жашка мууна отуруп калды, — А бу киши менин агам, совхоздо бакыйган мал доктур, — деп көптөн кийин күлгөн болуп Артурду карады.
— Бу кишини билебиз го, кантип тааныбайлы.
— Айланайындар, мен Өскөндү ымыркайынан бактым, өгөй дешет экен, бирок мен Өскөнүмө өгөйлүк кылганым жок, мына бакыйган тарыхчы мугалим маңдайыңарда отурат, мен өстүргөн уулдар, — деп Зуура кашкая Майра менен Кадырга карады, — Эми жалгызсыратпай каттап тургула, кудайга шүгүр атасы баарын жасап берип коюп кетти…
— Арты кайрылуу болсун.
— Айтканыңар келсин, — деп үшкүрүнүп койду Зуура, алтымыш төрткө чыкса дагы кырчындай болуп жоолук салынышы, жүзүндөгү сулуулугу тырыш түшкөнүнө карабай бир топ жаш көрүнгөн бул аял ичинен ирип отурган эле: «Өз балам болбосо ушул экен да, төрөп койсо качанкы өлгөн энесин да эстейт экен, аттиң мен өлсөм ушулар эстемек кайда, Артурга ишенсем ал дагы туугандарын таап алыптыр, төрөбөгөн аял бутагы жок дарак сымал экен да, мөмөсү жок алма бак тура», — деп сыздап ийди ушул кезде.
Өскөнбай таежеси менен тагасына кийит-кече кийгизип, балдарына акча карматып, бир союшту салып берип узатты да үйгө кирип дасторконго отурду. Артурлар кете элек болчу.
— Өзүбек кетип өз калды дечи беле байке, кана эми көптөн бери арабыз алыстап кетти, атам өлгөндөн кийин минткенибиз болбойт, эгерде менден кеткен болсо кечириңиз, — деди агасын карап.
— Жок иним, сенден эмес, менден кетти, — Зуураны бир карап алды Артур, — бала кезден бир жат сөздөргө кулак көнүп калса жаман тура, киши болгонумду эстен чыгарып баланын ишин кылдым, сен мени кечир! — деди Артур, ошол кезде Зуурага көзү түштү, ал аны жек көрө карап турган экен. Анын: «Сен деген дал ушул үйдө калышың керек, Өскөнбайды кубалап чыгасың, эч качан ал сойкунун баласына бул үйдү ыраа көрбөйм, ал нокотек, никесиз төрөлгөн», — деген сөздөрү кулагына шак эте түштү.
— Биз бир туугандай биригишибиз керек байке, демек менде дагы, сизде дагы күнөө жок, ошондуктан мындан ары жеңем менен инилерим болуп чогуу эле жашабайлыбы, бир үйгө сыйбай эмне болуптурбуз? — деди Өскөнбай аңгыча, Артур ойлонуп калган:
— Эмне дедиң? — деди чоочугандай.
— Тигил үйдү кулпулап коюп эле чогуу бололу, заңгыраган үйгө батпай эмне болуптурбуз, балдар дагы чогуу өсүп бир туугандай өсөт.
— Ойлонуп көрөлү.
— Кандай дейсиз, апа? — Өскөнбай Зуурага кайрылды.
— Туура, пейлиңерди кенен кылсаңар батасыңар, кеп өзүңөрдүн ынтымагыңарда, — Зуура башын ийкеди. Анын оюнда Артурдун бул үйгө келгени майдай эле жагып турду, бирок Артур Рая экөө кеңешип бөлөк туруп, тез-тез келип турмак болушту. Өскөнбай ага кейиген да жок, болгону өз оюн айтты, Артурду сынап көрмөк болду, ушул келиште Зуура Артурдукуна бармак болуп кошо кетти.
Жашоодо адам баласы оюна келбеген күтүлбөстүктөр болот эмеспи, аны да адамдар ойлоп табат, адамдар жасайт, бири-бирин көрө албастык, ичи таар пейли жамандык адамды кылмышка түртөт, болтурбай коюуга да мүмкүн болбой калган учурлар болот. Көнүмүш оокат тиричилик менен арадан дагы бир жыл өтүп кетти, Өскөнбай Байтурга кеңешип малдын көбүн сатып кассага салды, совхозго этке торпок менен эки эчки төгүп Байтурга болгону он чакты кой, эки саан уй, эки жылкы калтырды:
— Байтур аба, ушуларды деле көбөйтсө болот, малың көп дей берет экен, андан көрө азайтып эле акча кылып коеюн ээ?
— Мал ээсисиң Өскөн, өзүң билесиң эмне кылаарыңды, — Байтур жер карай күңкүлдөдү.
— Сиздин эмгегиңизге жылына бир торпок берип турам, кандай дейсиз, нааразы эмессизби? — Өскөнбай Байтурга кайрылды.
— Жо-жок, мен ыраазымын.
— Анда сүйлөштүк, малды жакшылап бага бериңиз, — деди да үйүнө жөнөдү. Азиманын боюнда бар эле Саада такылдап чоңоюп калган, кечки тамактарын эми ичип бүткөндө дарбаза катуу тарсылдап калды, коңшусу экен.
— Эмне болду Дарман аба?
— Балам, үйгө жүрчү, уул-келиним мушташып жатат, бирин-бири өлтүрүп коюшпасын, кемпир жок эле үйдө.
— Жарыктык, мен барганда угабы анан?
— Кой деп кой балам, алар кырылышып жатат, — деп карыя ага жардам күтүп жалдыраганынан ал аны ээрчий коңшусунукуна кирип кетти, Азима төшөгүн салып уктаганы жаткан, Саада абдан оюнкарак, Азиманын жанын койбой сүйлөй берди, же уйкусу келбеди.
— Апа, атам качан келет?
— Азыр, эшикке эле чыкты, кызым.
— Каякка кетти?
— Эч жакка, ажатканада жүрсө керек.
— Анда мен бекинип турам, атам келгенде мени таппай калсын, — Шкафтын ичине кирип отуруп алып да сүйлөп жатты, — Атам келдиби?
— Жо-ок кызым келе элек.
— Мени айтпа, таппай калсын ээ?
— Макул, мен уктадым.
— Ыкы-ы, уктаба мен, мен корком, — деп эркелей шкафтын оозун жаап ичине отуруп алды, ошол кезде алардын эшиги такылдап калды:
— Ки-им? — Азима үйдөн эле үн салды.
— Мен эле, Өскөн байкем жок беле? — деп Төлөбайдын баласы Акмат кирди.
— Эшикте жок бекен?
— Көрүнбөйт эшикте.
— Кайда кетип калды, азыр эле чыккан, отура тур, келип калат.
— Макул, отурса отуруп турайын, — деп Акмат тикесинен туруп калды.
— Отурбайсыңбы Акмат.
— Азыр жеңе, жумуштап келдим эле да, тез кел деген атам.
— Анда эртең кел.
— Бүгүн келбейби? — Акмат ыргылжың боло туруп калды, ошол убакта эшик кылдырт деп ачылгандай болду.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1