5-БОЛУМ
– Ооба, ошол үчүн келе албай жатпадымбы.
– Арген болсоң сен кеткенде айткан ырыңды айтчы? – деди Нуржамал ага эми гана түшүнгөндөй, эсиңде барбы?
– Азыр, – Арсен калдастап калды, ал кызды дагы бирдеме болобу деп чоочуп кетти, – Мен кээде эле ыр жаза коем, илхом келгенде, – Күлүмүш этти.
– Калп! – деп Нуржамал артын көздөй басып бара жатты, – Калп, сен мени алдап жатыпсың, Арген эмессиң! – деди да ыйлаган бойдон үйүнө кирип кетти, Арсен эмне кылаарын билбей туруп: “Билгени жакшы болду, эми катты берсем болот, өзү чечсин”, – деген ойдо көпкө катып тура берди. Кокус ал кайра жүгүрүп чыгып бир балээнин ичинен чыгабы деп коркту. Ошол убакта кайдандыр Сагынбек келе жаткан эле аны менен учурашты да:
– Бул катты Нуржамалга берип коюңуз, – деди.
– Аа-а, али бере элексиңби?
– Жок, ыңгайы келбеди.
– Макул, үйгө кирбедиңби?
– Жок, мен барайын, жакшы калыңыз, – Арген ылдамдай басып кетип калды, үйүнө кирсе Бурул ички бөлмөнүн эшигинде туруптур:
– Нуржамал, кызым сага эмне болду, ач эшикти кызым.
– Эмне болду Бурул?
– Эжем ыйлап кирип кетти, – деди Жумабек.
– Эмне болуптур ага?
– Билсем кана, ушинтип турат белем? – деди Бурул.
– Жөн кой, бир аз өзүнө келсин, антип аңдый берсең болбойт.
– Ишиң бүттүбү? – Бурул бери басты, – Мени тим койсоң болмок, балдарым менен сага тынчтык бербей койдук окшойт.
– Ал эмне дегениң Бурул, мына буга окшогон бир жаманды, сендей жакшы аялды кайдан табат элем? – деп Сагынбек Жумабек көтөрүп турган алты айлык наристени колуна алып өөп ички бөлмөгө кирди.
Анан аркы-беркини сүйлөшүп кеч киргизишти, Нуржамал күүгүмдө сыртка чыгып келип алардын жанына отурду, эч кимиси үндөгөн жок, Бурул аны аста карап коюп Сагынбек менен сүйлөшүп жатты:
– Эмне болду кызым, күбөлүккө бардыңбы? – деди эч нерсе болбогондой Сагынбек.
– Ооба бир жумадан кийин деди.
– Ап бали, мен сенин камыңды көрүп койдум, кагаздарды даярдап баарын бүтүрүп койсок күбөлүктү алаарың менен кетесиң.
– Чын элеби? – Нуржамал кубанычтуу карады.
– Албетте, мен сага калп айтмак белем?
– Рахмат сизге, өз атам кылбаганды жасап жатасыз, – Нуржамал муңая түштү, – Бул жерден эртерээк эле кетейинчи…
– Буйруса кызыбыз актриса болуп теледен көрүп турсак кандай жакшы?
– Чын эле эжем телеге чыгабы? – деди Кумарбек кызыккандай.
– Актриса болсо чыгат да, киного чыгасызбы? – деди Жумабек.
– Окуп алайын, анан көрөм.
– Ата, менин дагы киного түшкүм келем, аябай жакшы да теледен элдин баары көрүп турса, – деп Кумарбек айтканда күлүп калышты, Жумабек менен Кумарбек ата деп калышкан, Гүлжамал аке дейт.
– Сен анда актер болгуң келет тура уулум?
– Ооба да, – деп эдиреңдей карады, ал али он үчтө, Жумабек он беште, Нуржамал он алтыдан жаңы эле ашты, бир жыл кийин окуп калган.
– Болду балдарым, окуй турган окууңарды даярдай бергиле, аманчылык болсо окуйсуңар, – Сагынбек күлүмсүрөй карады, ага Бурул ичтен ыраазы болуп турду, айтканда эмне, Сагынбек абдан адамгерчиликтүү да колу ачык март неме. Кызы шаарда окуйт, уулу үйлөнгөн, шаарда жашайт, Нуржамалды кызына дайындады эле ал макул болду. Ошентип Нуржамал шаарга окууга кетмек болуп калды, Акылай анда-мында келип турат, анын күбөлүгүн алып кеткени жатканын угуп үйүнө келип калды:
– Нуржамал, чын эле кетип жатасыңбы? – деди ал учурашып эле.
– Ооба, кимден уктуң?
– Күбөлүккө барганыңды уктум.
– Ошондой, бул жерде калуунун кереги жок болуп калды.
– Эмнеге?
– Жинди болуп кетпейин.
– Нуржамал, айтчы эмне болду?
– Аргендин эгизин мен Арген деп жүрүптүрмүн.
– Км айтты?
– Өзү.
– Эмне-е?
– Ооба, мен эми биерде кала албайм.
– Акыры айткан экен да, – деди Акылай.
– Сен дагы билчү белең? – Ага жини келе карады, – Мен кандай акмакмын?
– Нуржамал, мени түшүн, сен ошол күнү мен келсем… – Акылай ага укканын айтып берди, – Эч кимге айтпа, Нуржамал менин өзүмдөн уккандай болсун деген.
– Баарыңарга ишенбейм эми, эч кимге!
– Койчу Нуржамал, дагы жакшы, ал сени аяды, ошол бойдон калсаң эмне болот эле, мына сен кадимкидейсиң, баардык чындыкты билдиң.
– Ооба, ошондой болду, ме айбан аны Арген экен деп…
– Чынында абдан окшош тура, эгиздер окшош болушат.
– Бирок кээ бир мүнөзүндө айырмалар барын сезгенмин, буга эмне болгон, бир жыл алыста болуп өзгөрүлгөн го деп койгом, көрсө…
– Жакшы болду, эми эмне кылмаксың?
– Баса Акылай, эртең көрүстөнгө барсак болобу?
– Болот, бирок эмнеге?
– Гүл коюп келейин деп ойлогонмун, акыркы коштошконум болсун.
– Макул, макул курбум, – Акылай ага жылмая карады, – Сен кетип калсаң мен кантем Нуржамал?
– Окууну улантасың, эки жылдан кийин шаарга барсаң жолугушабыз, – Күлүм калды, – Мен чындап эле кетким келди Акылай.
– Ооба, туура кыласың, башыңдан өткөн окуя сени бир топ кыйнап койду, шаарга барып окуп, жаңы досторду күтүп алаксышың керек.
– Жүрү чай ичели, – деп Нуржамал Акылайды алып кирип чай койду, Бурул үйдө болчу, экөөнө тоскоол болгусу келбеди, алар сүйлөшүп көпкө отурушту, бирде ыйлап, бирде күлгөн Нуржамал Аргенди айтып түгөтө албайт, кечке маал гана Акылай үйүнө кетти. Ал кеткенден кийин иниси Дөөлөттү алып эшикте жүрүп Арсенди эстеп: “Кызык, эки-үч жума болуп кетти, мен Арген деп жүргөнүмдү кара, эмнеге байкабадым, же окшоштугунан кайгыга батып турганымдандыр, болбосо бир топ эле айрымалары бар экен”, – деп үйгө кирди. Сагынбек менен Бурул кеңешип анын китептери турган үстөл үстүнө кагаздарга кошуп катты коюп койгон, уктап калган инисин жаткырып анан ичкери кирип үстөлгө отуруп китеп окумак болуп төрт бүктөм кагазга көзү түштү: “Бул Аргендин бүктөгөнүнө окшош кагаз экен, менде мурун жок эле, кайдан келди”, – деп колдору калтырай ачып окуп жатып ыйлай берди, окуй берди… Ал эми баарын түшүндү, ага эми бул кат түбөлүк табериктей туюлду, анан кайра бүктөп, бет аарчыга ороп туруп китептин ичине салып койду. Көздөрү шишип калган, ал күнү эчтеке ичпей жатып алды, эртеси негедир эрте турду, ыйлаганга шишимик тартып калган, аны көргөн Бурул унчукпады: “Кудайга шүгүр, эми өзүнө келип калды, баарын түшүнгөн экен”, – деп ичинен кубанып турду…
Арсен үйүндө жүрүп дагы ойлоно берди, анын такыр башкача болуп ойго чөмүлүп кеткенин көрүп ата-энеси Аргендин өлүмүнө жорушат, Насият аны ичинен аяп: “Кагылайыным, эгиз козудай болуп аябай ынак эле, өзүн күнөөлүү сезип жүрөт окшойт, эми калган балдарым аман болсун, Аргенимдин бейишин берсин кудайым, кантейин айлам гана жок”, – деп сыздап алат. Бирок Арсендин ой санаасы таптакыр башка жакта эле, Нуржамалды өзүн карабагандай кыжалат болуп: “Агасы өлсө иниси деп жеңесинин аялын деле алып берип коюшат го, ага караганда алар үйлөнгөн эмес, же алар “бирдеме” болушту бекен, Нуржамал ошол үчүн менден качтыбы, андай болушу мүмкүн эмес, бул кыз, менин иним ага барган эместир, ал андай чектен чыкчу эмес эле”, – деп кээде күмөнсүй кетчү болгон, бирок өзүнүн кызга күндөн-күнгө эңсөөсү күчөп жатканын тана албай жүрдү. Бир күнү Акылайга келди ал, үйдөн чыгып келе жатып Арсенди көрүп Акылай саамга токтоп калды: “Эмнеге келди, Нуржамалга жолуккусу келдиби же…”, – деп жүзү албыра аны көздөй жайдары басып келди, анткени ар Арсенди жактырып калган, анысын Нуржамалга дагы билдирген эмес.
– Кандай Акылай? – ийиле учурашты Арсен.
– Жакшы, өзүңүз кандайсыз?
– Жакшы, каникул кандай өтүп жатат?
– Дурус, жылдагыдай эле.
– Бош эмессиңби?
– Эмнеге?
– Мындай чыгып келсекпи деп ойлогом.
– Айыл шаардай эмес, кылт эткениң элдин көз алдында, кандай сөзүңүз бар?
– Нуржамал кандай жүрөт?
– Ал жакында шаарга кеткени камынып жатат.
– Кайсыга тапшырат экен?
– Актриса болом дейт.
– Чынбы? – Арсен ага күлө карады.
– Эмне болбойбу?
– Мм, болот дечи, бирок мен андан муну күткөн эмесмин.
– Андай ошондой, тагыраак билгиңиз келсе өзүнө жолуксаңыз болот.
– Мени ал көргүсү келбей калды го?
– Андай эмес, сиз барып байкаңыз, – Акылай өзүнө эмес Нуржамалга келгенин билген соң ага ичинен жини келе сыртынан билдирбеди.
– Жүрү экөөбүз баралы.
– Менин колум бошобойт.
– Акылай суранам сенден.
– Азыр үйдөн суранып чыгайын, – Акылай кирип кетип кайра бат эле чыкты, алар сүйлөшүп келе жатышты.
– Мен өзүмдү абдан күнөөлүү сезип жүрөм, – деди Арсен, – Аргенди мен алып кетпесем балким тирүү жүрмөк, Нуржамал экөө үйлөнүп алмак…
– Эмне-е? – Акылай Арсенге каштарын жыйра карады.
– Ооба, алар ошондой деп сүйлөшүптүр, мен анысын кечээ гана билдим.
– Кантип?
– Нуржамал окууга барам деп күбөлүк алган соң Арген алып кетмек экен.
– Кыз-зык, Нуржамал муну мага айткан эмес.
– Уялса керек.
– Ошондойдур, бирок мага айтышы керек эле…
– Акылай, сен Нуржамалга жолугуп жатасыңбы?
– Кечээ эле барып келгенмин.
– Кандай жүрөт?
– Жакшы эле.
– Мен Нуржамалга сөйкө салдырайын деп жатам.
– Эмне, чын элеби? – Акылай токтоп ага көңүл бура карады: “Эмнеге эле баары Нуржамалды сүйүшөт, мен деле жакшынакаймын, өң десе өң, акыл десе акылым бар, төрт тарабым төп келген эле кызмын, бирок неге”, – деп ойлонуп кетти.
– Ооба, эгерде Нуржамал каршы болбосо, балким ал жолотпой коебу, деп корком.
– Алар Арген экөө күндөп-түндөп жүрүшчү, бири-бирин катуу сүйүшкөн экен, мен ал өлгөндө Нуржамалдын абалын көрүп түшүндүм, балким алар…
– Сен ошондой ойлойсуңбу? – Арсен анын көздөрүнө тигилди, – Ошончолукка бара койбогондур, Арген андай бала эмес болчу, ал кыздарга абдан сылык мамиле кылчу.
– Билбейм, бирок алардын мамилеси өтө башкача болуп кеткен, эч нерсеге карабай калышкан, – Акылай Арсендин оюн Нуржамалдан бурууга аракеттенди, бирок Арсен ага ишенбеди: “Мен Нуржамалдын көздөрүнөн анын аруулугун сездим, ал таза башкача кыз, иним ошол үчүн сүйгөндүр, кандай болсо дагы ал тандаган кыз мага дагы жагат”, – деген ойдо.
– Биз эгиз болгон соң бирибиздин мүнөзүбүз бирибизге абдан окшош, анан да жүрөгүбүз бирге кагып, бирге дем алып, тогуз ай курсакта бирге жатканбыз, ошондуктан анын сүйгөнүн мен сүйүп калдым Акылай, албетте ал макул болсо, аны зордоп сүйдүрүүгө акым жок, – деди Арсен ойлуу бара жатым.
– Мунуң тура, балким ал сенин жашооңдон кеткиси келип жаткандыр, – Акылай аны сен деп алып уялып кети, – Ой кечириңиз.
– Эчтеке эмес, биз дос болуп калбадыкпы.
– Чын эле ошондой деп ойлойсузбу?
– Ооба, мен сени менен досторчо сүйлөшүп, сырымды айтып жатпайынбы, – Күлө карады, – Же андай эмеспи?
– Туура дечи…
– Сенин оюңча Нуржамал менден качабы?
– Билбейм, менин өз оюм ошондой, – Акылай жер карап кетип бара жатып: “Маданияттуу балдар, бирок бул кайда жүрдү эле, биз Аргенди эле көрчү элек”, – деп ойлонуп ага кайрылды, – Сиз эмнеге мурда көрүнчү эмессиз?
– Мени таежем багып алыптыр, апам бир жаштан төрөп, балдары жаш болуп кыйналганда мени алып кеткен экен.
– Аа-а, биз келип калдык, сиз киресизби?
– Мүмкүн болсо чакырып чыксаңыз жакшы болот эле.
– Жарайт, анда мен кирип айтып көрөйүн, – Акылай короого кирип кетти, ал ичи тарып турду, бирок кандай кылып аларды бири-бирине жолуктурбастын амалын таппай кирип бара жатканда Нуржамал чыгып келе жаткан.
– Оой Акылай, – деп күлүп жиберди.
– Кайда жөнөдүң эле?
– Бир справка калган ошону алып келишим керек.
– Чогуу чыгалы анда, – Акылай ага бир нерсе айткысы келди бирок үндөбөдү, “өзү көрсүн”, – деген ойдо болду, – Нуржамал.
– Оов, – шашыла басып бара жатып ага карады.
– Нуржамал, Акылайды үйгө кир дебей эле эшиктен кетиргениң болбойт да кызым, – деп Бурул чыга калды.
– Саламатсызбы? – Акылай ага учурашкан болду.
– Нан-пан ооз тийсең боло кызым.
– Апа кечир, мен такыр эле ойлобопмун, – Нуржамал курбусуна кайрылды, – Жүр эми үйгө кир, бир нерсе ооз тийип чык.
– Жо-ок рахмат, эми кете берели.
– Экинчи мындай кылбай жүр, – деп эне кызын зекиген болду, аңгыча кыздар дарбазага жетип сыртка чыгышты, Арсен негедир эми гана келе жаткандай арыдан келе жатып учурашты:
– Салам кыздар.
– Салам.
– Салам, – Нуржамал аны карабай өтүп кетмек болду.
– Нуржамал кандайсың?
– Жакшы.
– Качан кеткени жатасың?
– Буйруса эртең.
– Чогуу кетет экенбиз да.
– Сиз кайда бармак элеңиз?
– Шаарга, иштер бар.
– Жакшы экен, мен өз жолум, сиз өз жолуңуз менен кетесиз да.
– Менде машина бар, алып барып коем, башкысы дарегиңизге чейин.
– Кереги жок.
– Нуржамал, катты окугандырсыз?
– Окудум…
– Анда…
– Жок, менин жүрөгүмдө бир гана Арген жашайт.
– Мейли, ага тарчылыгым жок, бирок бирге кеткенге эмне болбосун?
– Билбейм, мен алдамчыны жек көрөм.
– Алдамчыга окшоп турамбы? – Арсен каткыра Акылайга карады, ал өзүнчө кыжаалат болуп өзүнүн Арсенге жакпаганына ичи тызылдап кызганычтан жаман абалда турган эле, – Айтчы Акылай, мен алдамчымынбы?
– Мен кайдан билем, силер өзүңөрчө чечишкиле, мен кеттим, – деп Акылай Нуржамалга кайрылды, – Мен бара берейин.
– Акылай, мен аны менен чечише турган сөзүм жок, сен мени менен кал.
– Болуптур, – Акылай унчукпай калды.
– Мейли анда кыздар, мен кеттим, силерге тоскоол болгум келбейт, – деп Арсен басып кетти, ал бир ой ойлонуп бара жатты. Үйүнө келди да атасына, – Ата, эртең шаарга барам, иш чыгып калды, – деди Аудисин ар жак бер жагын карап.
– Эмнеге, кандай иш эле?
– Зарыл, эртең эрте чыгуум керек.
– Мейли, этият бол балам.
– Кудай сактасын, – деп кымыңдай машинасынын тетиктерин кылдат текшерип көрүп жолго даярдап койду, Насият менен Касиет жакшы эле каршы болушту, бирок айтканынан кайтпаган уулун токтото албады. Ал эми Нуржамал менен Акылай айыл өкмөтүнө барып келе жатып Нуржамал:
– Акылай, менин көзүм караңгылап бара жатат, – деп ага жөлөнө калды.
– Ачка чыктың беле? – деп Акылай кармап калды.
– Жо-ок, тамак ичип эле чыкканмын.
– Эс алдыңбы?
– Бир аз, жүрү кете берели.
– Мен үйгө кетсем болот эле.
– Акылай, мени жеткирип койчу, өзүмдү жаман сезип турам.
– Макул-макул, – деген Акылай: “Эмне болду экен, боюнда болууга мүмкүн эмес, анын кеткенине эле бир жылдан ашпадыбы, ооруп калдыбы”, – деп ойлонуп аны колтуктап үйүнө алып келди, Нуржамалдын өңү кубарып кеткен болчу.
– Эмне болду? – Бурул көрүп үрпөңдөй карады.
– Жаман болуп турам апа, – Араң эле турган экен шалак дей түштү, Бурул менен Акылай кармап калды, Сагынбек дагы чыга калып аны төшөккө жаткырышты:
– Ай кудай ай, дагы эмне болуп кетти? – Бурул ыйлактап кирди.
– Коркпо, каны азайып кеткен го?
– Догдурга алып баралыбы?
– Мейли, мен Жаныбектин машинасын айдатып келейин, – Сагынбек кетип кайра машина менен келип Нуржамалды доктурга алып барышты. Алар текшерип көрүп анын каны азайып, көп ойлогондон жүрөк оору пайда болгонун айтты, он чакты күн жатмак болду, ошентип ал окууга барбай калды. Арсен болсо таң атпай таксилер токточу жерге барып сүйлөшүп койду, эгерде мен көрсөткөн кыз келгенде алар албай турган болду, улам кеткен таксилерди карап жатты, бирок ал көрүнбөдү: “Ага эмне болду, тааныштары менен кетип калдыбы”, – деп түшкө чейин туруп анан Акылайдан сураганга жөнөп жолдо келе жатканда Сагынбекти көрүп токтотуп түшүп учурашты.
– Кайдан келе жаттыңыз эле, ала кетейин.
– Нуржамал ооруканага жатып калды, ошого бардым эле.
– Эмне болду ага?
– Жүрөгү ооруйт экен, каны да азайып кетиптир.
– Аа-а, жакшыбы анан?
– Он чакты күн жатсын көрөбүз деди врач.
– Жакшы болуп кетсин, – деп аны жеткирип кайра келе жатып таанышына жолугуп калды, экөө жолугуп туруп сүйлөшүп жатканда:
– Арсен, мен телефон сатып жүрөм албайсыңбы? – деди.
– Өзүмдө бар, аа-а баса кана көрсөтчү.
– Мына жаңы эле.
– Канча?
– Үч миң.
– Оо кымбат мунуң.
– Жо-ок, азыр телефондор жаңы келип жатпайбы, ремонт болгон эмес.
– Болоор жерин айт, – деп Арсен аны далыга таптап тамашалап туруп бирин алды, – Рахмат сага, ошентип айылга таратпасаң али телефон жете элек, – деп күлүп кала берди, ал анан оорукананы көздөй жөнөдү, кыпкызыл нокиа телефонун Нуржамалга белек кылмак болду. Чакан оорукана, элүү алтымыш киши сыярлык ооруканага жетип сураштырмак болуп бара жатып Нуржамалды көрдү, ал сырттагы отургучта бир жигит менен отуруптур. Ал өзүнүн айылынан Гүлжамалдын классташы болчу, жолугуп калып сүйлөшүп турган, Арсен аны көрүп бир азга туруп анан жайдарылана экөөнү көздөй басып барды:
– Салам, Нуржамал кандай акыбал?
– Жакшы, – Алар сүйлөшүп калганда тигил ары басып кетти.
– Нуржамал, жакшы болуп кет.
– Рахмат, – Нуржамал жер карады.
– Мен сага бир сюрприз даярдап келгенмин Нуржамал.
– Кандай?
– Телефон!
– Мм, – Нуржамал аны суз карады, – Кереги жок эле…
– Нуржамал, муну сага атайын арнап алдым, кана көрчү, – Арсен ага коробканы берди, – Менимче сага жагат, – Жанына отурду.
– Мен али билбейм.
– Мен үйрөтөм.
– Рахмат, мени таң калттың, – Күлүмсүрөй телефонду колуна алды, – Үйрөнө аламбы?
– Оңой эле, менен деле жаңы алганда араң үйрөнгөнмүн, – Арсен ага жакындай отуруп телефонду ачып күйгүздү, – Мына, бул менен зарядкага коесуң, – деди да телефонун алып чалып калганда телефондон жагымдуу ырдын музыкасы чыкты, – Мына муну басып сүйлөшөсүң, – Арсен анын колун кармай телефонду кулагына алып барып өз бир колу менен телефонун кулагына такап, – Жакшы угулуп жатабы? – деди.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8