2-сезон 16-БОЛУК
Жайнагулго бул картина, башкача ой, башкача тасир калтырды. Картинадагы бул окуя башка эмес эле, айбан аркылуу берилген Зыйнаттын картиналарынан баш которо албай калган Жайнагул Толкунбек менен Усонду укпай калды. Аял чыгарманы аягына чыга толук коруп бутуп, оор улунунуп алып, альбомду Усонго кайра берди.
-Суротунорду таштагыла, тамак ичели. Калганын кайра келип коргуло, -деп чыгып баратып.
-Дагы башка кыргыз художниктеринин альбомдору жокпу?
-Бар.
-Кана, корсотчу.
Усон текчеде ирээти менен коюлган "СОВЕТТИК КЫРГЫЗСТАН" , дагы башка авторлордун уч-торт альбомун бирден алып атасына корсотуп, кайра ордуна коюп жатты.
Толкунбек озуно таныш альбомдорду коргондо журогу удургуй тушту. Кечээ жакында эле озунун жубайы болгон бул суроткер кунулошу жонундо балдарына эч нерсе айтпаган Жайнагулдун ички сырына тушуно албай айран-тан болуп турду. Анын оюна эмелеки озу окуган Зыйнаттын каты тушту. Анда Толкунбекке акаарат келтирген бир ооз да жаман соз жок болучу. Тескерисинче Жайнагул жонундо журогу тазалыгын жазган. Катты толук окуп чыккандан кийин Толкунбек: "Зыйнат, кеменгер, акылдуу аял турбайбы. Жаш болсо да башынан жамандык менен жакшылыкты коп откорду. "Билими кучтуу минди жыгат, билеги кучтуу бирди жыгат" дегендей, канча кылса билимдуу адам билимдуулук кылат экен да. Ал калп айтып, карозгой суйлогонду билбейт. Эгерде, бул бечара аял мени менен туболук жашап, Жайнагул торогон баланы ал тороп, санаасы тынч, конулу куунак болсо бир Зыйнат эмес, мындай эки Зыйнат болуп, даражасы даркан, таланты ташкан болмок
- деп ойлоду.
-Папа, сен художникти тааныйсынбы?
-Кайсы художникти?
-Мына бул альбомду жазган кишини?
-Ал ким экен?
-Айтиев.
-Тааныйм.
-А мунучу.?
-Ким ал? -Усондун кармап турган альбомун колуна алды. Коргон козуно ишенбегендей коздору алая тушту.
-Айвазовскийби? Оо , муну кайдан алдын?
-Биз эн коп китеп сатып алганбыз.
-Кайдан сатып алдынар эле ?
-Бир карган киши саткан. Мамам ага кооп акча берген болучу. Мына мунун баарын (колу менен текчелерди корсотту), мен билем булар кимдердики экенин.
-Озун окуй аласынбы?
-Ооба, окуй алам.
-Кана, окуп корчу.
Усон китептерди улам бирден алып окуй баштады.
-Мольер, Байрон, Хафиз, Жами, Жусуп Баласагун... ....
-Оо, анык азамат бала турбайсынбы, ыя?
-Ыя, папа, сен Эсенова деген суротчу менен досунбу?
-Эмне болду?
-Мамам айткан Эсенова атандын досу деп. Сенин дагы башка суротчу досторун барбы?
-Ооба, бар! -Кантер экен деп минтти. -Суриков, Репин, Кончаловский деген суротчулорду уктун беле?
-Ооба билем алардын баарын.
-Оо, азамат, жакшы бала турбайсынбы. Репиндин чыгармасы барбы?
-Ооба , бар.
-Толкунбек озу мурда угуп корбогон атактуу адамдар менен Зыйнат аркылуу алардын баа жеткис мурастары менен таанышкан эмес беле.
Ошол орошон тагдырлардын кобу журогунун теренинде очпос болуп жазылып калган ысымдарды тим эле сыймыктануу менен Усондун алдында билимдуу, копту коруп, копту билген, коп окууган зирек адамдарча оозуна толтура суйлоп минтти:
-Сальводор, Пикассо, Куприн, Рерих, Микеланжело, Тансыкбаевди уктун беле?
-Жок, аларды уккан эмесмин. Оруспу же кыргызбы?
-Сальводор Куба, Пикассо менен Микеланжело итальянец, Куприн орус, Рерих индеец, Тансыкбаев озбек...... .
Усон тим эле жер шаарындагы бардык улутту таанып билуучудон бетер ун катпай муюп укту.
Толкунбек Усондун ою менен, бала менен бала болуп оозуна келгенди оттоп олтурган жок. Ал уулу менен кадырасе чон адам менен суйлошуп жаткансып, дунуйосу тугол, чечекейи чеч болуп, журогу жарыла суйлошуп жатып, тамакты да унутуп калды.
Ал учун бул нары ардактуу, нары туйшуктуу кесиптин туу чокусу болгон суротчулук искуствосу менен танапташ болгон ажайып кундору, Зыйнат менен ажырашкан муноттон тартып экинчи кайрылгыс болуп, ошол уйдо, ошол жерде калды деп ойлоп, экинчи андай бактылуу, дооту колдогон адамдар менен табакташта, талапташ да болом деп эч ойлогон эмес болучу.
"Аттин ай, бир кем дунуйо!" деген ойдо ичи эншерилип Зыйнат экоо жашаган уйдун эшигин акыркы жолу жаап кетээр алдында:
"Ушул жанга жагымдуу май боёктун жытын сагынаар бекемин" -деп коздоруно жаш айлана тушкон болучу.
Аздыр-коптур Зыйнат менен жашаган кундорумдун кубосу болгон алтын уям, кош бол.
Оз койнунда экообуздун кандай жашап, кандай турганыбызды сен гана билесин.
Эми минтип, акыры Зыйнатты да, сени да таштап оз уй, олон тошогумо, козум ачып коргон, оозун ачып оппкон балдарыма кетип жатам, кечиргиле мени.
Зыйнат мени суйуп, мени кастарлаганчалык, мен аны кастарлап, кубанычына- кубаныч кошуп, журогумду жарып кубандыра албадым.
Бул да болсо ар адамдын жан дуйносунун каалосунун ар башкалыгы окшобойбу.
Сен эми мени менен бактылуу боло албасан да Зыйнат менен бактылуу, ал учун "акжолтой жай бол" дегендей туркун турду ойго батып, оо бир окумга чейин уй ичин тегерете карап, Зыйнаттын баякы баёо журок балалык кездерин эстеп олтурду.
-Ойноп оюнга, кулуп кулкуго, иштеп ишке тойбой, эми-эми жетпегенге жетип, болуп-толуп турган кезинде тугойунон ажырап, зангыраган уч комунат тамда жалгыз калган жанына жаны кейип, кангырагы тутоп, деми ичине батпай, ордунан оор козголуп, бир озогу орттоно ушкуруп алган эмес беле.
Эми минтип ойдо жок жерден, очту деген оту жанып, олду деген баласы тирилип, Усондун сурот искуствосуна болгон тубаса таланты Толкунбекти коптон умуттонтуп, кайра баштан мурдуна май боёктун жыты келип, кайра баштан корком сурот онорканасына кылчайып турду.
Ушул саамда баякы "тонуп олду" деген баланын жарык дуйного келген кезин эстеп кетти.
....Зыйнаттын аман-эсен коз жарып, эки колун бооруна алып, кол башындай болгон кызыл эт ымыркайды журогунун тушуна кыса кучактаган аялын машинага салып кетип бараткандагы окуя Толкунбектин айлына жакындаган кезде минтти:
Толкунбек, ушул жерге машинанды четке буруп бир аз токтотчу.
-Эмне болду?
-Балага тигил байбиче оозанткан бойдон эмчек берген жокмун. Бир аз эмизейин Азыр коштошом да балам менен.
Ушундай кундо балалуу болуп, аны менен минтип ажырашам деп ким ойлоптур
Чолпон-Атага жакындаган сайын озогум орттонуп, журогум куйуп, ичек боорум эзилип баратат.
Башым да ооруп чыкты.
Мээме кан куюлуп, журогум кайгыдан жарылып оломбу деп турам.
Машинанын дообушу менен Зыйнаттын ыйлап жатканын Толкунбек уккан эмес.
Ый аралаш дирилдеген унду угуп, артына кылчая карады.
-Ой, сен ыйлап келатасынбы?
-Ырдап келатат деп ойлодун беле? Ыйлап келатам.
Опко-опкосуно батпай озондоп коё берди.
-Жинди болбо, "Кенешип кескен бармак оорубайт" дегендей, кенешип, макулдашып ушул ишке бардык беле.
Баланы тим эле талаага таштап жаткансып суйлойсун да.
Болду эми боздобо. Жайнагул менен энем экоо коросун го, сен экообуздон артык бакпаса, кем бакпайт. Макул эми эмизем десен эмизип ал.
Машина буйткалуу жерге бурулду.
Зыйнат, калын ороо чулгонун ичинде жаткан баланын бетин аяр ачып, эмчегин чыгарды.
Бирок карангы аяздуу тундо баланын оозу кайда, козу кайда экенин да биле албады.
Иши кылып оозу мурдун болжолдоп урпун саап жалмалаткан болду.
-Зыйнат, сен бекер эле баланы да, озунду да кыйнап жатасын. Эмизем деп жатып бекер балага суук тийгизип алба, абайла...
Толкунбек оз кочосуно келгенде , машинаны уйунон жуз кадамча алыс токтотту
..Эшикти ачып баланы алайын десе, Зыйнаттын колу кучактаган бойдон балага карышып калыптыр.
Аны коруп журогу атып кетти.
Анын оюна уйкусу жок сак кулак атасы, булардын дабышын угуп дарбазадан чыга калуучудан бетер, Толкунбектин журогу алып учуп, муун-муунуна тийбей калчылдап кетти.
Ал Зыйнаттын боорундагы баланы куч менен жулуп алгандай болду.
Эси оогон Зыйнаттан, опко кагып соолуктагандан башка ун да, соз да чыкпады.
Толкунбек баланы таштап кайра келгенде Зыйнат олтурган ордунда тилсиз жаткан болучу.
Жигит анын абалына да конул бурган жок.
Анын бардык ою эч кимге корунбой, эч адамга туйгузбай, бул жерден тезирээк узап кетуу болучу.
Тим эле булардын артынан жоо кууп келаткансып, жолдун каарына да, тайгагына да карабай 100-120 менен олоор-тирилээрин билбей урдуруп келатты.
Качан ЧОЛПОН-АТАДАН алыстап, тээ кыйла жерге келгенде гана бир "ох" деп алып, машинаны токтотту.
Толкунбек Зыйнатты коруп коргон козуно ишенбей журогу атып кетти.
-Зыйнат! Ай, Зыйнат! - жулкулдатты.
-Караса колу бутту тырышып эле тим болбостон, жаагы да кошо карышып калыптыр.
Толкунбек машинаны жылытып коюп, арак менен масаж жасап, буту колун тынымсыз ушалап жатып, келинди оо бир окумда арак эс алдырды.
Анан термостон ысык чай берди. Зыйнат чаранадагы баласы эмес, чарк токтолгон уулунан ажыраган немече жолдугатар Толкунбектин айласын алты кетирип, Бишкектеги уйуно жеткенче унун баспай бооздоп келди.
Эртеси толкунбек ЧОЛПОН-АТАГА кайра келип, бала жонундо жаман кабар алып келди.
Уулунун тонуп олгонун уккан Зыйнаттын ичинен кан журуп кетти.
Ал ооруканада копко жатып чыкты.
Бирок Зыйнат Жайнагулдун эгиз торогонун уккандан кийин баласынын олгонуно ишенбеген бойдон кала берди.
Ал ар качандан бир качан:
"Асан менен Усондун бири менин балам. Оз баламды озумо алып бер" деген создорунун чындыгы барына Толкунбектин козу эми жетип, эми ишеними кундон-кунго артып бартты.
Азыр басса турса ойлогону Усон болуп калды.
Байкуш Зыйнат баласынын тируу экенин, Асан менен Усондун озу айткандай бири озунуку экенин билбеген бойдон арманда кала береби!?
Кантип ачылат бул сыр?
-Озу менен озу суйлошот.
Ушул маалда уйго Асан атып кирди.
-Папа, чакырып жатат, тамак ичпейсинерби? -Усондун жанына келип тура калды.
-Сурот тартып жатасынбы?
Берчи коройун?
Колу менен калкалай калды.
-Тартып буткондо корсотом.
-Корсотсон эми?
-Билем кимди тартып жатканынды,
-Асан талаша баштады.
-Айрасын, тарт колунду. Мамама айтам.
-Айта бер, -Усондун колундагы коколото кармаган баракты бир секируу менен жулуп алды.
Кагаз айрылып кетти. Балдар кармаша баштады.. Толкунбек эки болунуп жаткан кагазды колуна алып караса, бири-биринен жашыра турган деле эч нерсе жок экен. Бар болгону ботала болгон бир баланын солокоту тушуруло баштаптыр.
-Ой бо-о-ой, мен силерди жакшы балдар экен десем, ынтымагы жок урушчаак балдар турбайсынарбы. Бир туугандар да силердей болобу? Усон сен дагы бир кызык экенсин. Бул суроттун эмнеси секирет, корсотуп эле койбойсунбу?
Экоонду кагыштырган бул балакеттуу суроттогу эмне болгон бала эле?
-Билем Усон мени тартып жатат. Жана айткан ошентип.
-Койчу, сен эмес эле турат.
-Ооба, ал менмин, -Асан ыйлап жиберди.
Толкунбек болунгон баракты бири-бирине бириктирип, абайлап кайра караса, чын эле Асанга окшогонсуп кетти.
Анан уулдарына минтти:
-Сен эмес эле, башка бала го?
-Ооба, менмин, тигине карабайсынбы?
-Сени мамам кечээ мокочо деди беле, мокочо деген, -деди Усон.
Анан эки колун бойрогуно алып тура калды Асан.
-Сен озун мокочо эмесинби? Кыйынсынып калган тура, мактанчаак.
-Качан мактандым эле. Озун мактанчааксын.
-Калп айтпа, сен озун мактанчааксын. Мен Асандан окууну жакшы окуйм деп таэнеме айткан жок белен.
-Айтса эмне экен? Сен окуганды да, жазганды да билбейсин.
Толкунбек экоонун ортосуна тура калды.
-Болду, токтоткула созунорду. Сурот калып эми окууга отуп кеттинерби. Силерди улгулуу жакшы балдар десем андай эмес тура. Азыр кором экоонордун киминер кыйын окуурунарды.
Ушул убакта кайра-кайра чакырып, тамакка келбеген куйоосуно ачуусу келген Жайнагул озу келип, балдарынын талашын угуп, эшик алдына токтоп калды.
Толкунбек катарында турган китеп текчесинен колуна тийген бир китепти алды да, балдарына сунду.
-Кана, бул эмне деген китеп, киминер окуйсунар?
Усон кол которуп тура калды.
-Мен! -китепти колуна алды. "Кара шумкар!"
-Туура! Автору ким экен.
-Сардарбек Рыскулов.
-Ой, азамат, туура шар окудун.
Толкунбек китепти ордуна коюп, колуна урунган дагы бир китепти алды.
-Кана Асан, эмики кезек сеники. Эмне деген китеп экен, окуп корчу.
Асан китепти китепти колуна ачып, тамгаларды бирден терип эжелеп окуй баштады.
Аны карап туруп Толкунбек минти;
-Сен Усондой шар окуй албайт турбайсынбы. Бирок тамгаларды жакшы тааныйт экенсин.
Санаганды билесинерби?
-Билебиз. Асан деле, мен деле билем санаганды, -деди Усон.
Толкунбек Жайнагулду карады.
-Уулдарындын мектепке дайардыгы жакшы экен.
-Жакшы окугандыгы учун Усон дайардоо группасынан "Мактоо грамата" менен сыйланды. Бул балам англис тилинен да, орус тилинен да мыкты. "Алыбек алына жараша" дегендей Асаным Усонго караганда, сабак оздоштуруу жагынан анчалык болбой калды.
-Билет экен тамгаларды, мектепке барганда жакшы окууп кетиши ыктымал.
-Деги ошондой эле болсо экен.
Ушул малда Усон Жайнагулго даттана кетти.
-Мама, сен Асанды айтпадын беле, жуунбаган немени мокочодой кылып тартып суротун илип кой деп. Тартсам айрып салды, карачы?
Жайнагул кулду.
-Кана берчи коройун. Озун коруп ичи куйгон го. Кагазды бири-бирине эптештирип коруп каткырып жиберди. -Так эле Асандын озу ботала болуп. Кайра тарт эми.
-Ыя, мама, тартпай эле коёюнчу? Асан жуунган жана.
-Анда жуунса тартпай эле кой.
Усондун жаркылдаган жайдары мунозун, кулгондо жузуно озунчо бир жарашык берген кош уурутундагы чыпалак басым чункурду коруп, Толкунбектин журогу турсулдой тушту.
"Зыйнаттын озу" -деп ойлоду.
Бир уйдо жашап, бир тошокто жаткандары менен бири бирине айталбай, коодонду ойуп, журокту тилген бу туюк жара Толкунбек менен Жайнагулдун тынчын алып эле тим болбостон, уйкусун да кошо алды. Экоо мурункудай эзилишип татуу да боло алышпады, конул калтырар каттуу соз айтышып ачуу да болалышпады.
Жайнагул канчалык куйоосунун ниетине тушунуп, мурункудай жароокер, жаны менен жаны бир жар болоюн, мынча болду откон-кеткенди унутайын дегени менен оз журогу озуно баш ийбей, кандайдыр бир комускодо жанын жай алдырбай оксук коодонун ойуп, кежигеси кер тартат да турат.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7