16- бөлүк
Таң жарып намазымды окуп,чай ичип жолго чыктым.Даарыланууга барсам жанагы байке сыртта туруптур,анда ал : " Ассалоому алейкум! Жакшысыңбы? Кантип калдың?"- деп токтоо тиктеди.Жакшы рахмат , чооң рахмат деп аябай ыраазы болдум, анткени чын эле адам ыйлагыдай абалда болчумун.Леченияда бирге жаткан кыз м-н жакшы сүйлөшчү элек,ага болгонун айтып бергем,жолдошум м-н арабыз 2жылдан бери жакшы эмес экенин билчү эле.Даарылануу убагы бүтүп,жанагы кыз Алия экөөбүз чыгып баратсак,тиги байке жылмайып: "эми куспайсынбы? "- деди.Анда мен "жоок Кудай сактасын, жакшы элемин го!"- деп жооп бердим.Алия болсо "оо экинчи турмушка даярданып жаткансго ээ?- деп мага карап күлдү.Анда тиги байке: " А сен турмушта эмессиңби?"- деп кубанычтуу тиктеди.Мен жооп бергенче Алия ооба жакшы деле жашабай эле 2жылдан бери ,же жообун бербейт,же жакшына жашабайт!- деп кудураңдады.Мен эй кыз деп эле уялып чыгып кеттим.Ошондон кийин тиги Таалай байке экөөбүз жакшы маектеш болуп калдык.Ал аябай сүрдүү келген,бирок көздөрү мээримге толо караган, өтө токтоо, өтө эрктүү жана чечкиндүү, ыймандуу жигит болчу,мени дайыма намазына бекем бол дечү,колумдан кармап учурашчу эмес эле.Бир күнү ал байке мени үйүңө жеткирип коёюн анан калса сөзүм бар бираз деди.Макул деп чогуу жөнөдүк.Эмне үчүн жашоом жакшы болбой жатканын сурап калды,менда баарын болгонун болгондой айттым,мага боору оорудубу инсульт м-н ооруп жатсам,ден соолугум жакшы болбосо,жашабайм деп жүрсөм кыйналып,3балам болсо аларды эми гана мектепке жайгаштырып,узаактан көчүп келген болсом,анан калса өзүм даарыланып жүрсөм айтор же мага боору ооруду,же чын эле өзү айткандай жактырды.Мага карап "Аннура сени жактырып калдым бирок үй бүлөм бар менин,аялым аябай жакшы,балдарымда чоңоюп калды алхамдулиллах!- дедида сени экинчи аял кылып алгым келди,динде да бул жакшы эле көрүнүш,алгач таксыр м-н сүйлөшүп анан ушундай чечимге келдим,сен макул болсоң, жообуңду алсаң,мен сени өз камкордугума алайын!- деди.
Эгер жок жашооңдун өзгөрүүсүнө көзүң жетсе барып жашаганың деле оң деп билем,балдар дагы ата энеси м-н өскөнү дурус болот негизи,ойлончу анан жообун айтасың!- деди.
Уландысы бар........
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып комментарий жазып колдоп кетиңиздер,чыгарма кандай чыкса ошондой чыгарып жатабыз,көп көптөн чыгарсак тажатып ийебиз ошого сабыр кылып окусаныздар болот...
Автору :Рапия Маматова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 13