(15-бөлүм.)
Аялзатындагы улуулукту,айкөл-
дүктү,мээримдүүлүктү,эр бүлөнү
сыйлаган асылдыкты,ушул чыка-
нактай аялдан көрдү,Айжаркын.
Болбосо,үйүн бузган аялдын кызы
болсом,эзели көрбөсөм,мага неге
кагылат?Атамдын атынан айтпай
"атаңар" дегени да кызык,үйүнөн
таштап чыгып кеткен эркектин сү-
рөтүн,төрүнө илип,согушка кетип
кайтпай калган жубайын күткөн-
сүп,ээн үйдүн эшигин ачып,жаап
отурганын кара.Кетээринде,нан-
дын түрүн ,кургак жер жемишти
салып,Теңиз менен Деңиз эмдиги
жылы отпускеге келет,келгин,ал
сенин бир туугандарың,биз дүнү-
йөгө түркүк болбойбуз,кызга төркүн
керек,түбүң ушул деп,өз кызын уза-
тып жаткандай,жашыды.
Кара-Суудан келгенден кийин,
Айжаркын кадырэсе "чоңоё" түштү,
Абида апамдыкына бардым,ошол жерде жашадым,сизге салам айт-
ты дегенде:-Саламат болсун,ал жак
шы адам да,деп башка,эч нерсе су-
рабады.
Кара-Суудан эң мыкты пикирди
жазып,келечекте көптү үмүттөндү-
рөт,деп алкоо баракчасын да бе-
ришкен.Алардын баарын атасы-
на көргөзгөн,Айжаркын бир чети
сыймыктана,бир чети мен сизди
жер каратпайм деген таризде,жыл-
майып койду.
-Азаматсың кызым,билими күчтүү адам,кор болбойт,окуп билим алуу эч качан кеч эмес,деген
Абазов,кызына бир топ кеп кеңеш-
терди айтып,экөө түндүн бир оокумуна чейин далай нерселерди
айтышып,жеңилденип алышты.
Абазовдун:-Айкеш,бакыттын баа
ры үй-бүлөдө,үй бул сенин тылың,
тыл канчалык бекем болсо,сенин
бакытың ошол экен,жеке жашооңо
да көңүл бурушуң керек,жалгыздык
тан жаман нерсе жок,аны да унут-
пагын кызым деп,айта албай жүр-
гөн бир ооз кебин айтып алды.
Айжаркын унчукпады,анын жеке планында,бирөө жарым менен сүйлөшүү,таанышуу деген
жок эле.Үч көчкөн журттай көңүл
калуучулуктан,жанына бөлөк бөтөн
эркек адам жакын жоломок түгүл,
тамашалап эле койсо,итатайы бузу
луп,дароо какканга ээгин эптеш-
тирчү.Атасынын сөзүнөн кийин,
Абиданын жалгыздыгынан кийин,
ал ойлонуп калды.Тагдырдын кан-
дай белеги күтүп жатат болду экен
деп,эң биринчи орунга окуумду
коёмун,буюрса аялдар зомбулугун
толук токтото албасам да,көтөрүп
чыгам,күрөшөм деген ой көкүрөгүн
бийлеп алды.
Айжаркын университетте да өз
ордун тапты,китепканадан башы
чыкпаган,укуктук окуу китептер ко-
лунан түшпөгөн,сабакты калтырба-
ган,такыр кечикпеген студент өзү
үчүн да,өңгөлөр үчүн да жагымдуу
атмосфераны түзөт.Улуу кичүүгө
жасаган бирдей мамилеси аны ого
бетер көкөлөтүп,көп жигит сырты-
нан ашык.Серпилбеген Айганыш гана,эч ким менен мышык оюн кур-
бай,тоң.Анын үстүнө Абазовдун кы-
зы дегенде эле,бул шаардык кыз,
текеберленип,бир да бала менен
сүйлөшпөйт дешип,балдар өздөрү
деле,даап сүйлөшө алышпайт.Ага
жаккан күндө да тизгиндеп койчу
нерсе бар да.Кээде,тамашалашчу
жерден тамашалашайын деп,"ооз-
дугун" шак тартып алганы да,эски
жаранын картын сыйрыбайын де-
гениби,ичинен сызып,тим калат.
Бүгүн университетте окумуштуу-
лардын илимий конференциясы.
буга Орто Азия мамлекеттеринин
окумуштуулары катышат жана кон-
ференциянын алкагында,бир канча
темалар талкууга алынып,студент-
тер да катышууга болот экен деген-
ди угуп,"Орто Азиядагы аялдардын
тең укуктуулугу жана аларга болгон
зордук-зомбулуктун негизги белги-
лери","Коомдогу жат көрүнүштөр,
укук жана аялдарга болгон зомбу-
лук" деген темадагы талаш-тартыш
тар бар экен.Айжаркын абдан ка-
тышкысы келди,каап мурунураак
билсем,даярданмак экенмин деп,эмнеси болсо да,барып каты-
шууну чечти.
Бул жыйын Айжаркындын жү-
зүн гана көрсөтпөстөн,тушоосун да кести.Та-
лаш-тартыш убагында берилген су-
роо жоопторду уккан Алма-Атадан
келген профессор картаң еврейдин
көзү,Айжаркындын суроо жооптору
нан кийин,көзүн ээрчите,кубанып
олтурду.Акырында,Айжаркындын
аты жөнүн сурап:-Бул кыздын айт-
кандары,суроосу да,кайра талдап
берген жообу да,бүтүн бир илимий
иштин өзөгү,даяр диссертация экен
деп мактап,жыйын бүткөн соң сөз-
сүз мага жолугуңуз деди.
Профессор Алтунин,Айжаркын-
га бир канча суроолорду берди,зом
булукту,зордукту өзү башынан өткө-
рүп,көзү менен көрүп жаткан Ай-
жаркындын,Ырыскулдан көргөн ыдыгынан берки суубаган көксөөсү
ошол болгондуктан,ташка тамга баскандай жооп берип жатканды-
гы карт еврейди кубантып,биз сөз-
сүз кайрадан кезигебиз деди.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4