12-бөлүм.
— Карагым, ыракмат ийменгениңе. Өтө бер бери. Тагдыр башка салса кантмек элең. Бий акелериңдин соболдоруна жооп бере гой, — жылуу үн салды Ажыбек датка. Башын ылдый сала аяр басып бийлердин алдына келип, бүркөнчүк жоолугун ылдый тарта, кысылып турду жаш келин. Ак саргыл субагай жүз, кырдач мурун, жаркын маңдай, ийилген кара каш алдындагы сурмалуу кара көздөрүн кайгы чайыган, эптүү кымтылган жука эриндерин жоолугунун учу менен жаба, дирилдеп айласыз турду жаш келин. — Шашылбаңыз, сабыр этип оюңузду жыйнаңыз. Эмнеге чакырылганыңызды билесиз да, —деди жыйын башы үнүн жылуу чыгарууга аракеттенип. Билем... күйөөм өлгөн... балам бар, — деп келин бир аз сүрдөңкүрөп тура сөзүн улады. — Тагдыр экен акелер, ыгы келсе мен балам менен төркүнүнө кетейин, атам ыраазы болсун. — Оо, айланайын Моймол, балам, энең экөөбүздү талаага таштаба. Кайниң турбайбы, — деп каргылдана Сөлпү ордунан турду. Келин көзүн жоолугу менен баса, дирилдеп ыйлады. — Кайын атаң кайниңе баш байлап коелу, ата расими деп турат го, — деди бийлердин бири. — Бытыкый бала өз баламдай, акелер, уят, — деп сөзүнүн аягын жута токтоду Моймол. — Жеке эле ушул бекен жесир болгон. «Алтын баштуу катындан бака баштуу эр ийги», бала көнүп кетет... жетилет. Сөлпүнүкү жүйөөлүү, ата салты эзелтен бери, — деп обдулду бийлердин бери четинде отурган кара сакал кызыл чийкил эткел киши. — Ата салты болгондо эмне. Тырмактай баланы килейген катынга, — деп ордунан тура калды жапырык шырымал тебетейчен, кара кемселине кайыш кур курчанган Майлыбайдын айылдашы — атка минер. — Токтоткула, найэсеп сөзүңөрдү, орду жок макал, обу жок сөз, — деген Ормон жыйын башынын катаал үнү тиги экөөнү селейтти. — Эмесе тараптардын жактоочулары сүйлөсүн, — деп Ормон жыйынга кайрылды. Кырбулуу жылбырска тебетей, ак кементай кийген, ийиндүү, шыңга бойлуу, ачаланган көк ала сакалы төшүн жаба жарашкан, тарам кызылдуу субагай жүзүн бырыш аралай баштаган, келте мурун,коюу каш алдындагы сурмалуу көзү ой калчай сабыр тутунган салабаттуу карыя ордунан турду. Бул черик бийи Турдуке эле. — Оо, жыйын башы баатыр, ак сакал акылмандар. Калайык калк, бүгүн биз ата-баба салтын улап, эл ичиндеги өйдө-төмөн, талаш-тартыш маселелерди чечели деп чогулдук. Бечара Сөлпүнүн башында эки кабат мүшкүл турат. Баары Кудайдын колунда. Тагдыры жетип уулу каза болсо, чырактай жанган келини жаш баласын бооруна кысып жесир отурат. Келинге да өтө оор. Майлыбай куда болсо кызымдын башын ачып бергиле дейт. Жесир келин да ошону каалайт экен. Сөлпүнүн айтканына көнүп, балакатка жете элек уулуна баш байлайлы десек жаш келиндин өмүрү сая кетет. Балалык сезиминен адашкан балага да убал. Менин оюмча,жесирдин башын ачып, төркүнүнө берип, баланы Сөлпүдө калтыралы. «Ургаачынын чырагы кырк» дейт, келин дагы балалуу болор. Кызынын башы ачылганы үчүн төө баштаган үч тогуз төлөсүн Майлыбай... —деп бий сөзүн бүтө электе: — Айланайын акелер, баламдан ажырабайын, — деп келин жоолугу менен бетин баса эчкире ыйлап турду да, — мейли, тобокел, атамдын үйүндө жесир бойдон отуруп, уулунун ордуна каруум казык болгуча кызматын кылайын, бир гана өтүнүчүм, Бытыкый баланы да соо койгула. Уулум катары болсун. Бой жеткенде өз теңине үйлөнсүн, — деди келин. — Баракелде, эстүү жан тура. — Баласы үчүн өмүрүн сайганы да, — деген үндөр угулуп, Турдуке бий сөзүн бүтө албай ордуна отурду. Элдин уу-дуусу басыла түшкөндө: — Жесирдин төркүндөрүнүн талабын жактоочу ким? — деп Ормон ой ойлоп отурган бийлерге, жыйынга суроо салды. Башында эндей ак калпак, кара нооту кемселчен, тууралжынынан келген эткээл, сары чийкил, каш-кабагы тайкы, чекир көзүнөн өкүмдүк туюлган моңолдор бийи Салыбек: — Оо, калайык, оо, жыйын башы баатыр, жүйөөлөшө келсе адилеттик ордун табат деген сөз бар, Турдуке бийдин айтканына көнүүгө болбойт. Жаакты баштан айрыгандан бетер. Бала жүрөк, жигер, жүлүн менен тең, жесирдин сөзүн угуп, бала үчүн башын байлаган эненин эрдигине кол койдум. Ошонуку туура. Келиндин сая кеткен жаштыгынын өтөлгөсү уулу эр жетсе ошону менен төлөнөт. Биз төркүн жагы кызыбызга ыраазыбыз, — деп сөзүн бүтүрдү Салыбек бий. — Сакең калыс сүйлөдү өз жагына тартпай. — Келинге убал болот го, өмүр бою жесир өтүп, — деген үндөр басылып, жыйын тынчый түшкөндө Ормон калбаат ордунан турду. — Бийлердин сөздөрү угулду. Баатыр ага, жыйын башы мансабыңызды мага ыйгардыңыз эле, сиздин кеңешиңизди уксак дейм, — деп Ажыбек даткага кайрылды. — Ыракмат баатыр, кеңеш сураганыңа. Бийлик кезмегин эрким менен бердим эле, бүтүм чыгаруу эрки да сизде болсун. Жоомарттыгымды акырына жеткирейин, — деп борс-борс күлдү датка. Ой ойлоого отурган бийлердин арасынан омоктуу бугу бийи Боронбай: — Эки тараптын мүдөөлөрүн, ой ойлогон бийлеринин сөздөрүн уктук. Эми баатыр, бүтүмдү өзүң чыгар, — деди да обдула козголуп, кончунан күмүш чегеленген чакчасын алды. — Ыракмат. Ойчул бийлер, калайык калк, тагдырдын оош-кыйышы татаал иш. Ошентсе да,ак менен каранын, мүдөөлөрүн айтышкан үй-бүлөлөрдүн бүгүнкү мүшкүлү менен келечек үмүттөрүнүн ортосун жара, адилеттик издеп көрөлү, — деп бир тынымга ойлуу тура сөзүн улады. — Жеңесинин жанында уулундай эркелеп жүргөн наристе балага баш байлоо экөөнүн тең өмүрлөрүнө каскак болот. Бала бактылуу баео балалыгынан ажырайт. Келиндин жаш өмүрүн сая кетирип, арзуунун арылгыс кайгысына чөгөрөт. Үй-бүлөдөгү адамдык салтка да доо кетет. Келиндин өмүр бою Сөлпүнүн үйүндө уулунча кызмат кылып өтөйүн дегени, бала үчүн баарына кайыл болгон эненин өз тагдырын курмандыкка чалганы, адамдыкта өтөлгөсү өмүр кунуна теңдеш аруу туюмдардын бар экенин далилдеген эненин эрдиги. Бирок курмандыктар да дайым эле кабылдана бербейт. Алла таала да Ыбырайым байгамбар уулун курмандыкка чалганда кабылдабай ыраазы боло курмандыкка асмандан кой түшүргөн. Бизда эненин курмандыгын кабылдабайлы, — деген сөздөргө дуу эткен жыйында: — Бали, топ салыштырды — чечен тура. — Көсөм киши тура, — деген кубаттоолор Ормондун сөзүн коштоп турду. — Бүтүм мындай болсун, — деп сөзүн улады Ормон, — жесирдин башы ачылсын төө баштаган үч тогузга. Бирок баласы эр жеткенче энеси менен жашасын. Эр жеткенде, Кудай акы, Сөлпү карыянын колуна келерин аныктап коелу. Небере чоң атасынан чоочун өспөсүн үчүн Майлыбай баланы жыл сайын кеминде эки ирет белек-бечкек менен жиберип турууга милдеттүү болот. Эки куданын байланышы үзүлбөсүн. Келин эрге тийсе да ушул шарт сакталсын. Бул шартты бузгандар Кудай алдында, эл жыйыны алдында жаза тартат. — Баракелде, адилет бүтүм болду. — Албетте боконосу катканча баланы энеси тарбиялаганы оң. — Уулу Сөлпүдөн кол үзбөй турган болбодубу, — деген кобур аралап жыйын дүүлүгүп турганда, жарчы жыйын тыныгып түштөнүүдөн кийин кайра башталарын жарыялады. Эл түштөнүү үчүн боз үйлөргө бет алышты.
КУДАЛАШУУ
Көтмалдыдагы үч күнгө созулган жыйын бүтүп, жыйынга келгендер айылдарына тароодо. Жыйындан тараган жоон топ атчандар көл кылаасына бет ала жөнөдү. Кыркаланган алдыңкы катарда Калыгул акылман, Муратаалы, Боронбай, Ормон баштаган сакалдуу билермандар үзөңгү кагыш баратышат. Чоң жээрде жоргодо омоктуу отурган, эткелирээк сары чийкил, маңдайы жазы, сакал-муруту суйдаң, сурмасыз сургулт көздөрүнөн ой калчаган акыл, өз баркын билген салабат туюлган Боронбай бий сөөлөттүү көрүнөт. Көгүш нооту чепкенинин этектерин тизе алдына кыса, күмүштөлгөн үзөңгүгө булгары маасы-көлөччөн буттарын бошураак таяп, чепкенине өңдөш көгүш баркыт тышталган кырбуусу тайкы сүлөөсүн тебетейин көтөрө кийип, тизгин-чылбырды сол колуна шалкы кармай, бүлдүргөлүү булдурсун камчыны оң билегине иле, жоргонун шайбыр басыгына төнүп каалгый баратат. Төрөгелди, Балбай, Адыл, Өмүргө курбалдаш бир даар жашы кичүүлөр адеп сактай артта өз тобу менен келатышат. Айылдан чыккандан бери атчандар жыйын жөнүндөгү ойлорун бөлүшө келатышат. Бир оокумда Боронбай бий: — Ормон баатыр, Кудаа кааласа, жыйынды ирээттүү, адилет өткөрдүң. Түйүндүү, чырлуу маселелер адилет чечилди. Эми сага бир собол, бу кокондуктардын жазасын берипсиң. Бирок ордолуу журт эмеспи, ажыдаардын куйругун басып алган жоксуңбу? — деп Ормонду карады. — Тобокел Алла дедим бий. Куйругун баса электе эле оп тартып келатпайбы, — деди Ормон камырабай. — Ажыбек датканын айтканына караганда, Кокон Ормон баатырдын айдыңынан чочуп калган тейи бар го. Бийик наам берип, ордого сыйга чакырат экен деди го, — деди катар бастырып келаткан Муратаалы бий. Бир азга сөз үзүлө ар ким бул окуяны өзүнчө жоруган сымал үнсүз баратышты. — Кокон ордосунда Нарбото бийден калган нарк бузулуп, касиет качты. Кичүү энеси, Оморхандын токолу менен сына кылган Мадали хандын абийири төгүлүп турат. Бухар эмири Насрулла шариат жолунан чыккан бузуку Мадали ханды Кудай атынан жазалайм, деп Коконду чапканга азирленип турган кези, — деп сөзгө аралашты Боронбай менен катар келаткан Калыгул олуя. — Оо, Кудай аткыр, хан башы менен маскара болуп, — деп жакасын кармай тобо кылды кыдык бийи Самсаалы. — Ханды Кудай урарда,
Каада унутуп мас болот.
Кылган иши пас болот.
Абийири төгүлүп,
Калкы менен кас болот, — деди ойлуу бараткан Калыгул.
— Анда Ормон баатыр куп иштептир, — деди Калыгул акылмандын сөздөрүн кыбасы кана угуп бараткан сакалдуулардын бири. — Ай, кантер экен акыры... жакшы болбойт го Кокондун... Орустарды жакшы айтат, Байсылда абзий, — деди Боронбай тамагын жасай, ат үстүндө оңдонуп отура. — Доңуздун этин жеп, чокунган орустардан көрө, дини бирге, дили бирге, тили да окшош Кокон эле жакшы го бизге, — деп темине бастырды Самсаалы бий.—Байсылда абзийдин эки сөзүнүн бири эле орус, өзү да чокунган немеби дейм, — деп сөзгө аралашты катарда келе аткандардын бири. — Жогуңуз, Байсылда абзий кудай деген мой сопут киши, — деп Боронбай өз сөзүн ырастады. — Кокон да, орус да өз көмөчтөрүнө күл тартышат. Көрүп турбайбызбы Кокондун кыргыздарга көрсөтүп турган ыдыгын. Кыргыз өз камын өзү көрбөсө, Кудайдан башка эч кимден жардам жок, — деди Ормон баатыр ат үстүндө ойлуу бараткан калыбында. — Аай кантээр экенбиз, акырына көз жетпей турат. Оролдон, Омбудан орус чыгып,казактарды жеринен сүрүп чыгарып, мужуктарын көчүрүп келип атат деген каңырыш угулат,— деди Муратаалы бий. — Орус өнөрлүү да, билимдүү да көп эл, келсе өнөр-билими жугар беле, бирок элдин кую бат эле өзгөрүп кетээр бекен. Салт бузулуп динге күч келер, — деди да, өзүнчө тунжурай күңгүрөнө:
— Өңү сары, көзү көк Орус чыгат деп айткан.
Миң түтүнгө бир киши.
Болуш чыгат деп айткан.
Буйрук менен кондурган,
Конуш чыгат деп айткан.
Узун чөптүн баарысын,
Оруп чыгат деп айткан.
Кыска чөптүн баарысын,
Коруп чыгат деп айткан.
Жылдан жылга замана,
Кыйын болот ошондо.
Эсеп кылып мал алган,
Тыйын чыгат ошондо.
Андан кийин билимдүү,
Адам чыгат деп уктум.
Түрдүү-түрдүү акылдуу,
Аяр чыгат деп уктум,
Калайыкты бийлеген,
Аял чыгат деп уктум.
Албан түрлүү ушундай,
З аман чыгат деп уктум.
Кийин чыккан адамы,
Аяр болот деп уктум.
Кандай болсо жумушка,
Даяр болот деп уктум.
Ошондогу адамдар,
Молдо болот деп уктум,
Минген атын карасаң,
Жорго болот деп уктум.
От араба, дилгирем,
Жол кыскарат ошондо,
Этек-жеңи чолоюп,
Тон кыскарат ошондо.
Атасынын сөзүнө,
Бала кулак көп салбайт.
Атанын тилин бала албайт.
Андан артык биле албайт.
Айт дедирбей жедирбей,
Аяр болот ошолор.
Жоо дегенде дегдешип,
Даяр болот ошолор.
Түн ичинде уктабас,
Баатыр болот ошолор.
Бисмилланы айтпаган,
Каапыр болот ошолор.
Жарды-байы билинбей,
Жалпы болот ошолор.
Ошол жакшы биз жаман.
Кийин келет бир заман.
Биз жашаган тар заман,
Кийин келер зар заман.
Кыйкырыгы бел ашпай,
Үн кыскарган бир заман,
Кылса жумуш бүтпөгөн.
Күн кыскарган бир заман.
Кожо, молдо жоголуп,
Дин кыскарган бир заман.
Орозо, намаз окулбай,
Дил кыскарган бир заман, — деп күңгүрөнө «ушундайбы» деп эки ийнин карап, ат үстүндө каалгып ойлуу баратты Калыгул олуя.
Акылман олуянын меселине муюп, жай келаткан атчандар Ормон тобу Күңгөйгө, Боронбайлар Тескейге кайрыла турган жол айрылышына келгенде салабаттуу Боронбай бий тизгин жыя: — Атаганат, кайрылышка келдик го. Калыкемдин насыяттарын үч күндөн бери угуп канбадык. Эми кайра көрүшкөнчө соо бололук, — деп күмүштөлгөн чакчасын алып, насвай чекти. Ормон да чакчасын алып, чайкай, бош экенин көрүп, кайра катты да: — Бий, насыңыздан бир атым бериңизчи, меники бүтүптүр, — деп колун сунду. — Жогуңуз баатыр, нас бекер берилбейт, — деп күлө чакчасын экчеди Боронбай. — Өлбөстүн куну болсо да, бериңизчи, өтөөсүнө чыгармын, — деп күлдү Ормон колун сунган калыбында. Атчандар экөөнүн тамашасына маашырлана тизгин жыйып, күлө бага кобурап турушту. — Өлбөстүн дабасы болбосо да, кыздын калыңына тете, баатыр, — деп чакчасын кармаган тейде борс-борс күлдү Боронбай. — Алда жарыктык ай, ачууну аяган болбойт деген накыл бар эмеспи, — деди Ормон колун сунган бойдон. — Мен аябайм, өтөөсү төп келсе беремин, — деди Боронбай. — Өтөөсүнө чыга алам, бериңиз эми колду талытпай, — деди Ормон. — Куда болоюн десең берем, — деди Боронбай мостойгон тейде. — А, болуптур, куда болсо бололу, — деп обдула колун узатты Ормон. — Мына, эмесе, — деп атчандар кыраан-каткы күлүштү. — Аа... баракелде. Мына чакча, бирок кол Кудайдын мөөрү дейт, келе колуңузду, — деп кол сунду Боронбай. Ормон Боронбай менен кол алышып, чакчаны алып, нас чекти. — Насыңыз баалуу болду го, — деди Муратаалы күлө бага Боронбайды карап. — Баркын билген кишиге, — деп Ормонду карап күлүмсүрөдү Калыгул. — Айдай сулуу Кулан кызга сөйкө салынды го. — Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт. — Берген март эмес, алган март. — Экөө тең жоомарт кишилер, куп келишет кудалыктары, — деп атчандар кобурап турганда: — Кана эмесе Калыке, Ормон баатыр, көрүшкөнчө Кудайга аманат. Кудаа кааласа жакында көрүшөбүз, куда болуп калбадыкпы, — деп күлө Боронбай Калыгулга, анан Ормонго кол берип, калгандарына баш ийкей Тескейге тизгин бурду. Калыгул акылман, Ормон тобу Күңгөйгө бет алышты.
Жайдын толгон кези. Асман чайыттай ачык. Мөңгүлүү чокулардан төмөнкү борчуктанган аскалар, караган шактуу куюлма шагыл төмөндөй келип жашыл тулаңдуу төргө жалгашып турат. Төрдүн оң жагы бетеге, тулаңдуу апай бет, сол жагы арча, карагандуу торпу. Мөңгүдөн түшкөн көк кашка суу өзөндү жара шаркырап, табият жарашыгын даңазалап тургансыйт. Суу бойлогон жайыктагы калың айыл Ныязбектин сегиз бегинин чыгааны, баатыр атанып, мартабасы жогорулап турган Ормондуку. Айылдын баш жагындагы Ормондун он эки канат ак өргөсү алда кайдан көзгө урунат. Уяң жүндөн кылданып, бордолуп жасалган үзүк, туурдуктарын жашыл, кызыл манаттан оюлуп жасалган кере карыш тасма айкалыштырып турат. Үзүк, туурдуктун боолору, кырчоосу түстүү жибектен ак жүнгө айкалыштыра эшилген. Эшигинин төрт жагы тең көк кызыл оюу түшүрүлгөн тасма менен алкакталган. Эшиктин оң жагына үйгө жөлөй түпөктүү найза сайылган. Үйдүн ичине өрө кийиздерге кабаттала алакийиздер салынып, капшыттарына, төргө шырдак, кара саксак көлдөлөңдөр төшөлгөн. Килем жабылган тактага адеми үч кертим жүк жыйылып, үстүнө ак мамык жаздыктар тирелген. Үйдүн капшыттарына кара баркыттан аземдүү сайма сайылып, жашыл жибек менен ортолонгон туш кийиздер тартылуу. Туш кийиздердин баш аягында, ортосунда илбирстин, бөрүнүн терилери кере илинген. Төрдө аюу талпак үстүндө сексен ашкан айтылуу Ныязбек бий, анын эки жагын бугу мыктылары Боронбай, Муратаалы бийлер, Калыгул акылман, аларга улай үй ээси Ормон отурат. Төрдүн эпчи жагында Боронбайдын улуу аялы Алым байбиче, Муратаалы бийдин байбичеси, Ормондун улуу аялы Кусубалды байбиче жай алышкан. Ормон менен Боронбай бий бир атым насвайдын колкосу үчүн кудалашкан Кулан кызга сөйкө салуу жөрөлгөсүнө баш кошуп отурушат. Дасторкон жайылып, чай ичилүүдө. Сакалдуу кишилерден келин-кезектер айбыккандыктан самоор чайын Уулбала өзү куюп, жеңил кийинген тестиер улан сылык ийиле бошогон чыныларды алып кайра узатууда. Боронбай бий чайдан жай ууртай Ныязбек бийди карап: — Баатыр аба, кудай кошкон куда болот, байгамбар кошкон дос болот дегендей, Ормон уулуңуз менен куда бололу, — деп убадалашканбыз. Эми небереңиз Куланга сөйкө салып,уулум Өмүрзакка жар болсун деген ак тилек менен алдыңызга келип турабыз. Кудай алдында кулдугубуз бар, — деди. — Укканбыз. Бу Ормон экөөңөр салтта жок жөрөлгө баштапсыңар го, — деп жылмайды да,— эмне демекбиз, кадыр-көңүл жарашса бир атым насбай да арага жүргөнү ошол, — деп чайдан ууртап, дасторконго койду. — Урпактарга уламыш болуп айтылуучу кеп болду эки эрендин кудалашканы, — деп сөзгө аралашты Муратаалы бий.
— Учурун таап кармаганын кара Боронбай бийдин, капырай жүйөөлөшпөй эле, — деп шыпшына сөз кыстарды, сурмалуу кара көз, толмочураак ак жуумал жүзүн бырыш аралай элек, келиштире оронгон ээк алмалуу жеңил элечеги, тик жака кара бешманты турпатына жарашкан Кусубалды байбиче. — Боронбай бий менен Ормондун пейилдери төп келип турганда, Кудай буйруп учуру келе шылтоо табылды да, — деп Ныязбек бийди карады Калыгул. — Албетте кут болсун, Боронбай чануучу кишиби. Небере Кулан кыз не дейт болду экен, —деди Ныязбек бий. — Өмүрзак экөө кыз оюндарда жолугушуп жүргөн. Бири-бирине тең, ата эрки болгондон кийин айланайын Кулан баш чайкабас, — деп бийдин сөзүнө жооп каткансыды Боронбайдын аялы сымбаттуу Алым байбиче. Атасы макулдугун билдирген соң, Ормон сөз катпай конокторду сыйлаганын билдире сыпаа отурду. Дасторкон жыйылып, бата тиленди. — Баатыр аба, калк карыткан журт атасысыз, Бул жалган дүнүйөнүн байлыгы менен ыраазылашуу уккан, көргөнгө керек. Чын ыраазылыгыбыз Кудай алдында кол алышып, кыяматтык куда болгонубузда. Алла таала төп көрсүн, батаңызды бериңиз. Ыроолоп күлүк аргымактын көкүлүнө кебез байлап, бир үйүр жылкы, бир тогуз мал менен келдик. Ормон баатыр экөөбүз кол кармашалы, — деп Боронбай Ныязбек бийден өтүндү. — Эл-журт айда аман, жылда эсен болсун. Эл ичинде эсен болуп, Кудай кошкон, кайрымдуу, мээрбан кудалардан болгула. Кайындалган уул-кызыңардын өмүрлөрү узун болуп, алдыларынан бала, артынан мал өксүбөсүн, өркөнү өсүп, өрүштөрү кең болсун. Оомийин,Аллоху акбар, — деп ак сакалын жайкалта Ныязбек бий алакан жайды. Бата тиленгенден кийин, Боронбай бий ордунан туруп, күмүш кемерин чечип мойнуна сала: — Дагы бир ирээт кулдук этем, кутман аба, зоболосу бийик Ормон баатыр, — деп эңкейгенде, Ормон ордунан туруп, Боронбай менен кучакташа кол алышты. Орундарына отургандан кийин Боронбай: — Кудаага шүгүр, көптөн бери көксөгөн тилегим ишке ашты. Жамаатташ тууган элек, бир Кылжырдын балдары. Мына эми Кудай кошуп куда болдук Эсенгул баатырдын балдары менен. Кудай ийгилигин берсин. Ыракмат, ийрибиз жанбады, — деп сунулган кымызды алып, бир ууртады да: — Кана, Алым байбиче, куда, кудагыйларга ыроологон кийиттериңди чыгарчы, — деп тамагын жасай оңдонуп отурду. Алым байбиче килиттүү чоң ак куржундан алып чыккан жакасы менен тик турган кашкардын кара кыргактуу кымкап чепкенин Боронбай бий Ныязбектин ийнине жапты. Ормонго илбирс ичик кийгизди. Муратаалы Калыгулга күрөң кымкап жапты. Сүлөөсүн жакалуу суусар ичикти Алым Ныязбек бийдин байбичесине кийгизди. Кусубалды менен Уулбалага кундуз жакалуу, кара баркыт тышталган жылбырска ичиктер тартууланды. Жашы улгайып баратса да кыймылы илбериңки, аялдык сымбаты кайта элек Алым байбиче чаканыраак ак куржундан кызыл баркыт тышталып, маңдайына бармак басым каухар таш чөгөрүлгөн, төбөсүнөн кырбуусуна чейин төрт талаа жыш бермет тизилген, кырбуусуна тегерете алтын жалатылган күмүш күбөктүү желбирчектер тагылып,күрөң кундуз менен кыюуланган шөкүлөнү, сагагына кызгылтым майда акак таштар чөгөрүлүп, бермет тизилген алтын сөйкөнү алып чыгып: — Байбиче, мына Кулан кызыңызга салынуучу сөйкө, шөкүлө, — деп Кусубалды байбиченин колуна карматты. — Азем буюмдар экен, — деп Кусубалды шөкүлөнү кызыга карап: — жеңелери салар сөйкөнү, шөкүлөнү тойдо кийет да, — деп Уулбалага берди. Эркектер буюмдарга назар салбаган болуп өздөрүнчө кобурашып, салабаттуу отурушат. — Кана, кызыбыздын сөйкөсү кулагынан, шөкүлөсү башынан түшпөсүн, бата тилейли, —деп Ныязбек бийдин байбичеси алакан жайды. Бата тиленери менен эшиктен кирген жигит ийиле салам айтып: — Конокторго арналган малга бата сурайбыз, — деди. Отургандар жапырт ордунан туруп,эшик ачыла сыртка чыгышты.
Үйдөн оолагыраак, кермеден берки аш үйдүн алдында кысыр эмди тай ноктосун кармаган жигиттин колунда ойноктоп турат. Эл кыркар тарта кыбыланы карашты: — Оо, Жараткан, эл журт тынч болсун, айдан аман, жылдан эсен бололу, кайындалган эки чүрпө бактылуу болуп, үрөн-бутактары өссүн, оомийин Аллоху акбар, — деп жапырт бата тиленди. Куда-кудагыйлар үйгө киришип, мейиз чайкалган кымыз сунулуп, астейдил субкатташууга өтүштү. Конокторго атайын өргө көтөрүлүп, эки өргүй конок болушту. Көңүлдөгүнү төгө баарлашып, чер жазышты. Коноктор узар күнү чай үстүндө Боронбай: — Баатыр аба, — деди Ныязбек бийди карап, — ата-бабадан калган кеп бар эмеспи: Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт деген. Ормон баатыр сизден өтүнө албас, небереңизге калын айтсаңыз, — деди сакалын сылай салабаттуу калыбында. — Ээ, бий кудам ай, биз эми картайдык. Биздин убак өтүп кетти го. Сөз эки куда өзүңөрдө болсун, — деди Ормонду карап. — Кудалашуубуз да салттан тышкары болду эле. Мен кызыма калың сурагым келбей турат. Кара чечекей балабыздын наркын малга бычпайлы. Кандай каадаменен келесиз — эрк сизде, — деди Ормон кудасына сала-сал эте. — Туура сөз. Ата-бабадан бери калыптанып калганы эле болбосо, кара башыл адамды малга баалоо Кудайга жакпаса керек. Ормон баатыр жаңы жөрөлгө баштады, — деди Калыгул акылман. — Дурус, дурус, биз да өз баркыбызды сактай келербиз, — деп сакалын сылады Боронбай. — Сары журт болуп, конуш эскирип баратат. Он чакты күндө конуш которобуз —кабарлашарсыңар, — деди Ормон. Чайдан кийин кымыз сунулуп. Өспүрүм Сейилкандын комуз черткенин угушуп, түштүгүнө союлган баглан козунун эти желгенден кийин, баалуу кийит кийишкен кудалар айылдарына кайтышты.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1