Кадимки биз күн сайын колдонгон пияздын пайдалуу жактары туурасында айтып отурсак түгөнбөйт. Мына ушул пияздын өзү эле эмес, анын кабыгы да адам баласы үчүн абдан керектүү экен.
Пияз кабыгынын тундурмасы жүрөк кан тамыр оорусунун алдын алып, ашказан-ичегиге да жагымдуу таасири бар. Пияздын кабыгын кайнатып ичсе, ал стресске каршы жакшы жардам берет. Мына ушул пияз кабыгынын 7 керемети тууралуу айтып берели.
1. Курч кармаган бронхит оорусунда пияз кабыгынын жардамы чоң. Бир стакан пияз кабыгына кайнак суу куюп, 15 мүнөткө тыныктырат, андан кийин марлиден сыгып алат. Мындан компресс жасап күнүнө 3 жолу 30 мүнөттөн көкүрөккө компресс жасайт. Жан кыйнаган азаптуу жөтөлдөн кутулуш үчүн 15 баш пияздын кабыгын чогултуп, бир литр муздак сууга салып отко коюп кайнап чыккандан кийин отту азайтып, суюктуктун жарымы калганча күтөбүз. Андан кийин аралашманы муздатып, дакиден өткөрүп алып күнүнө 4-5 жолу 2 аш кашыктан ичебиз.
2. Бетке чыккан безетки, бүдүр, майда жаралар адамды жүдөңкү көрсөтүп, бир топ эле кыйнайт эмеспи. Булардан кутулуу үчүн пияз кабыгын майдалап аны вазелин же майлуу бетмайга кошуп аралаштырат. Муну күнүнө 2 жолу жара чыккан жерге коөт. Муздак жерде сактоо керек.
3. Таңкаларлык болсо да, пияз кабыгы буттагы ооруксунуу жана буттун кан тамырларынын кеңейип кетишинде жардам берет. 2 аш кашык пияз кабыгына 2 аш кашык ромашка гүлдөрүн кошуп 2 стакан сууда 15 мүнөт кайнатат. Аралашманы 5 саатка коө туруп, андан кийин суу буусуна жарымы түгөнгүчө кармайт. Андан калган аралашманы ооруган жерлерге сыйпайт. Бут чарчаганда май кошулган пияз кабыгы жардамга келет. Аны даярдоо үчүн бир ууч пияз кабыгын майда туурап, 2 аш кашык зайтун (олива) майынан же жүзүм сөөгүнөн даярдалган майдан кошуп коөт. Муну 10-12 күн айнек же керамикадан жасалган идиште тыныктырып алат. Бутка массаж жасагандан кийин бул аралашмадан жумасына 2-3 жолу сыйпап жүрсө бут оорусу жоголот.
4. Пияз кабыгынын тундурмасы аллергия оорусунда да жардам берип, организмди зыяндуу заттардан тазалайт. Бул үчүн пияз кабыгына кайнак суудан куюп, суу буусунда 10-15 мүнөт кайнаткыла, андан соң муздатып, дакиден өткөрүп алуу керек. Муну күнүнө бир нече ирет 2-3 аш кашыктан ичет.
5. Пияздын кабыгы чачты өстүрүп, ага жалтылдаган түс берет. Пияз кабыгын металл эмес идишке салып кайнак суу куят. Капкагын жаап, 12 саатка тундуруп коөт. Муну менен башты жуугандан кийин чачты чайкап турса, 2-3 жумадан кийин жыйынтыгы билинет. Бул аралашманын жыты жок, андыктан жагымсыз жыттанам деп коркпосоңуз да болот.
6. Пияз кабыгы ошондой эле зыянсыз табигый боөгуч. Аны кайнатып, дакиден өткөрүп алгандан кийин борң же шорпо сыяктуу тамакка бир кашык кошуп койсо, тамактын өңү жагымдуу алтын түскө боөлот. Ошондой эле таза жуулган, аарчылбаган бир баш пиязды тамакка кошуп койсо да болот.
7. Пияз кабыгынын тундурмасын үй өсүмдүктөрүн зыянкеч заттардан коргоо үчүн да пайдаланат. Аны даярдоо жолу жөнөкөй — бир литрлик банкага пияз кабыгын толтуруп, ага кайнак суу кошуп, 24 саат тундурат. Муну дакиден өткөрүп алган соң аны менен үй өсүмдүгүн дарылайт. Айрыкча, гүлдөрдүн ылдыйкы жалбырактарын жакшылап жууш керек. Бир суткадан кийин гүлдү таза суу менен жууп коөт. Эгерде дачаңыз жана огородуңуз болсо, пияз кабыгынын тундурмасы менен сабиз жана помидорду сугарсаңыз, саргайып бараткан жалбырактары кайра жашылданып, түшүмдүүлүгү артат. Пияз кабыгынын тундурмасын жалбырагы саргайып бараткан помидор, бадыраңга чачып койсо да болот. #7
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3