1-бөлүм.
Асман падышасындай болгон. Күн Жарыктыктын кеңирсиген он сегиз миң ааламга чыгып,таң куланөөк сүргөндөн узунду күнү кечке кара жерди балкытып, шамалдуу күнү толкуган , а болбосо
акылман карыядай ойго чөгүп мелтиреген улуу мухиттерден ойдо калтырбай алтындай нуруна жуунтуп жатса жаткандыр-бир гана аны түрмөнүн сыз камераларында күн өткөрүшкөн <<Селсаяктар> > гана сезбейт. Күндүн шооласын туйбагандай - алар сокур, не дүлөй, не
сокур, не сезими өлүк, таш боор мерез эмес. Арийне жерге чөгө орнотулган түрмөнүн жыш тордолгон чүтүрөйгөн терезелеринен жарык өтпөйт өтсө да, <<СИЗОнун> > тегерегин тоскон боз дубалдардан улам буйдалып, киргилденген суудай агылып кирээр...Кудайдын ушунусуна да шүгүр: <<селсаяктар> > ичер суусу, көрөөр күнү бүтө элек белем - сырттан <<дачка> > кирсе
белем-сырттан <<дачка> > кирсе кирээр, кирбесе чала бышырылган түрмөнүн bоткосунан ашап алып, күнү кечке не, түнү бою бири-бирине аңгемедүкөн куруп, а болбосо түпсүз санаага чөгүп, бирок сыртына чыгарбай ар бирине эки жарым, үч чарчы метрге эсептелген тар камераларда өлбөстүø оокатын өткөрүшүүдө.
Көп күндөрдүн бири. <<Селсаяктар> > таң ык салганын темир торлуу терезенин көзөнөкчөлөрүнөн жөө тумандай билинээр-билинбес агылып ичке кирген жарыктан улам боолголошот. <<Ии, таң атыптыр>> деп коюшат ичинде ар кимиси; эриндери күбүр эткен менен, дилдери туюк, үн катышпайт. Аларга күн чыгабы, түн келеби - айырмасы жок, бирок, күндүзгү жашоо кыймыл менен шартталат, бекеринен Алла Таала адамзатка түнкү уйкуну, күндүз көр тириликти ыроологон эместир, андыктан, он үчүнчү камеранын жашоочулары да биринен сала бири түйшөлүшүп, түнү бою баса жаткан орун төшөгүн оңдоп, кезек менен суу агуучу, түтүктүн тушуна келишип, бети- колдоруна, жүздөрүнө суу чайып жуунушууда. Камерадагылардын
ичинен эмнегедир бир гана Тилектин бүгүн түрү бөлөк; кийинки мезгилде, ичтен жеген курту бардай өңү ой- санаадан кирдеп, көп ачылбай, чүнчүп жүргөнү байкалат. Бул жерде ким эле жыргалга батып жүрүптүр дейсиң, Тилектин айрыкча бүгүнкү турпаты өзгөчө. Кайраттуу, өсүңкү тарткан капкара чачынын саксайганына кайыл, аны артка кайрып койбой,
<<нарасынын> > үстүндө, башын салаңдаткан тейде, эки бутун тизесинен чала бүгүлгөн абалында сунуп таштап шалдайып олтурганында - кандайдыр бир жүрөк өйүгөн оор капа, ошону менен бирге, баары жокко кол шилтеген жүүнү боштук бардай. Ушул олтурган турпатын көзү чалып, ынтаа менен бир карады Карыпбек.
--Азыр <<проверка> > ...Тетиги, Сананы ойготуп койчу? Болбосо, жаңы келген Таштан деген эме <<конченный> > экен, <<зонада> > иштеп келген <<проженный мент>> окшойт, не <<карцер> > бердиртип, же, төшөгү алып коюп жүрбөсүн - ойготуп
койгула?...бекерден бекер <<головняктын> > кереги эмне?-деди да, Карыпбек сөз арасында, жана бир ирет-үңкүйгөн тейде козголбой олтурган
Тилекке көз кыйыгын салды:
__ Ой-бой <<бродяга? !>> эмне, <<давлениең> > Түшүп калган? Тилек ооз ачкыча болбой, Жусуп киңк этип
күлдү.
Баягы эле волянын гонкасы да Тилектин Жусупка карай баш көтөрө ачуулу көз агытканын байкап калды Карыпбек. Аны байкамаксанга салып, жооткото сүйлөдү Карыпбек. Настроюңду көтөрүп жүр Тилек. Антпесек, кыйын бизге ...Гнать эте берип, крышасы жылып кеткендерди сонадан көп корбодүмбү ...Статьяң деле жеңил, конешно, ар кимге өзүнүн срогу оор, бирок өзүңдү өзүң жей бербе? Өзүңө өзүң поддержка бербесең, эч ким бербейт. Таш мүшөк
жаткан жерибиз, жегенибиз баланда, көргөн күнүбүз тетиги решка, так
что, братишка давлениеңди төмөндөтпө? Буюрса баары ровно болот...
...Тилек Карыпбектин сөзү бүтөөр-бүткөнчө ыраазылык билдирген көзүн төмөн түшүрө, күңк этти. Рахмат Каке, жылуу сөздөрүңө. Ушуну айткандан кийин гана, жеңил күрсүнүп, суу түтүккө карай бет алды. Сана да ойгонду. Камерада жандуу кыймыл өкүм сүрүп, турмуш кадимки өз нугуна түшкөн сыңары. Аз убакыт өттүбү, көп убакыт өттүбү, камеранын эшиги шалдырады. Проверка. Селсаяктардын өлүү -тирүүсүн, эсебин тактаган иш чара. Эртең менен, анан кечинде жүргүзүлөт. Эшик шалдырттай баштаганда эле, камераны мекендегендер ордуларынан шарт-шарт секирип тура калсышпаса да, ыкшоо козголушуп, хатанын төр жагына жарым тегерек тарта айланып тизилишти. Селсаяктын көнүмүш адаты: көпчүлүгү колдорун аркасына алып турушат. Карыпбек төрдө, решкадан түшкөн шоола далысына тийген дал ортодо, эшиктен көзүн албай тикирейет. Эшик аңырайып толук ачылбастан, жарым-жартылай kыңайды. Мунун себеби бар. Сактык үчүн, сырт астанага келки тактай урулган, эшик ошого такалат, кылмышкер камерадан чыгыш үчүн, же ичкери кириш үчүн гана ачылган жылчык. Бир адам баткыдай. Жабылып, кол салып ийишпесин дешет көрүнөт. Мына азыр ошол жылжыктан аскер формачан мент көрүндү. Арт жагында турган экинчи менттин өңү күңүрт, даана байкалбайт, бул - жарык үлбүл тийген камеранын ала-көлөкө түшкөн караңгылыгынан, ошондой эле күңүрттүгү андан кем калышпаган сырткы узуун далистен болуш керек.
Ырас продол менен хатанын экөөндө тең лампочка бар, арийне, анын жарыгы жетишээрлик эмес. Эшиктин жогору жагындагы, дал кире беришке орнотулган жападан жалгыз лампочканын үл-бүл
жарыгы решкадан түшкөн таңдын чеке жылытпаган кунары аз шооласы менен кашулуп, өзүнчө бир түскө айланып эшиктен кирип келаткандардан көздөрүн албай тикирейишкен сегиз <<селсаяктын> > -
шимирилген, кызылы өчкөн жаактарына кумсарыңкы боёк сүртөт. Алардын эчен айлардан бери түрмөнүн одур-бодур шыбалган дубалдары жеп саргарган өлүмсүк кешпирлерин дагы айкындагысы келгендей -маңдайларын, уурттарын тилген бырыштары дааналап бет чүкөлөрүн оркойто көргөзгөн сызыктары жик-жик болуп ала көлөкө түшкөн. Үнсүз
бөрү караштар. Көз
тигилткендери бирдей окшош эмес. Кээ биринин тээ тереңинде канбас кеги бардай заар оту карегинен жылтылдаса, айрымдары-
эми боолору болуп боёсу канды дегендей, башына
түшкөн тагдырына
сабырдуу түрдө баш
ийе, чечкиндүү караса, кай биринин көз кычыгынан жылт жанган оттой
чочуркоо, сынаркоо өңдүү сезимдер туюлган ырайы
бар.
Сегиз тагдыр, сегиз
бөлөк мүнөз. Камеранын адатта кош эшиги бар, Сырткысы -ортосу жыгач түлкү бою калың темирден ортолорун төрт бурчтантып келки-келки кылып ширеткен решка эшик оор кулпу, жылдырма илгич, чынжырлуу илгич, дагы эмнелер менен кулптанаарын ит билсинби-иши кылса чынжыр шылдырап, илгичтин жылдырылган үнү, кулпунун доошу шарактап ачылганча <<селсаяктардын> >ойгонбогондору ойгонуп, катарга тизилүүгө үлгүрүшөт. Сегиз жуп көз-эшикте. Сырткы йикти ачкан майор чининдеги улгайган <<мент>> эми, ичкерки тор эшикке асылууда.
Темир тор эшиктин көзөнөкчөлөрүнөн -тизилип тургандарга көңүлкош көнүмүш көз жүгүртүп койду майор. <<Кылмыш дүйнөсүнө> > жайгашкан лагерлерде жаш кезинен иштеп, башы бышкан, эчен тагдырларды көрүп, жүрөгү муздай каткан. Катаал турмушка дасыккан менттин көз карашы, өз үй өлөң төшөгүнө кирип келаткандай, шашылбаган токтоо кыймыл. Акыры эшик да ачылды белем темирден курак сымал аралары төрт бурчтана ширетилген, <<роботтун> > кыйчылдаганына удаа:
-Тургула! -деген, катаал, ырайым билбеген үндү эшитишти сегиз күнөөкөр. Турбаганда эмне кылышат. Какайган бойдон турушат го, сегизи тең. Шылтоого шыноо табылбай турабы, мынабу, прожженный мент.
-Ким дежурный?
-Мен. -Камерага келгенине бир апта боло элек Витя деген үн катты. Чыбыктай болгон ичке бала. Жигит деп айтууга ооз барбайт, үстүңкү эрди жаңыдан сары
түктөнгөн, ак саргыл жүзүндөгү алагар көздөрүнөн баёолугу, ак көңүлдүгү билинген чырактай жапжаш бала. Нашаа менен кармалган. Нарында эки жылдык милдеттүү аскерде экен. Бир жылдык мөөнөтүн өтөгөндөн кийин, үйүнө, Караколдун автобекетинен үч грамм чөп менен кармалып отурбайбы.
-Дежурный болсоң, өлжүрөбөй, камерада ким ким бар айтып чык!? Кишинин санын, даана так?..Витянын калтаарый шашып калганы жүзүнөн турпатынан эле билинет. Камералаштарын жалт бир карап, али өзгөрө элек балалык ичке үнү менен чыңылдады:
-Он үчүнчү, подследственный хатада сегиз адам.
-Хата?-тигинин сөзүн
туурады майор, -Эмне блатнойсунбу? Бул жерди "СИЗО" дейт! Зонадан-блатовать этесиң! Ким билет сенин кандай блотавать этээриңди? -таңдайын шык эттирип, тизилип турган күнөөкөрлөрдүн эң четинде турган
Витянын ырбыйган мүчөсүн карап койду. Москоол, багалчак денеси, төрт бурчтанган эттүү жүзү, булчуң эттери ойдологон каттуу жаактары, ат такадай алдыга чыккан ээги, келекелеген сымак дайыма жүлжүйгөн көздөрү-бул адамдын нечен капшапка түшкөнү кылмышкерлерди ылгабай туруп туруп баарын бирдей калыпка салып койгондой жек көргөнү, колуна түшсө, кордоодон кайра тартпаган кара мүртөздүгү бир караганда эле туюлат. Эгер, ушу
түшсө,кордоодон кайра тартпаган кара мүртөздүгү бир караганда эле туюлат. Эгер, ушул тизилип тургандардын бирөө эле ашепке сөз айтты дегиче анын шору шорподой кайнады дей бер! Не, кылчылдаткан суук карцерге тыгат, а болбосо, под пресс коё берет, көксөөсү сууганча тепкилеп, дубинал бердиртет. "СИЗОдо" иштеп жүрүшкөн жаш дубактар буга караганда ,оозунан эне сүтү кургай элек сары балабандар. Алар менен кандайдыр бир деңгээлде тил табышсаң болот, а, майорду кеп-сөзгө көндүрүү кыйын, эпке көнө койбойт, анын үстүнө лагерлерде иштеп келген бул кашабаң кимдин ким экенин, эмне ойлоп турганын бир карап эле билет. Майордун көзү Карыпбектин көзүнө кездешти:
-и, кандай? Беловодскийде олтуруп келген сенсиң да?
-Ооба менмин. Канча жыл дедиң эле? Уч жыл...-Карыпбек байкоостон денеси чымырап кетти.
Камералаштарынын өзүнө тигилген таң калыштуу көз караштарын далысы, желкеси менен туйгандай сезим. Бул баягы, карантинге адеп келгендеги Анварды башка камерадагылар менен кыйкырышып сүйлөшкөнү үчүн карцерге желкелеп айдап кеткен мент болчу. Аны Карыпбек таанырын дароо таныган, бирок бул эмнеси? Понтко алыбатабы? Же камералаштарынын
көзүнчө, ага конкретный прокладка урган жатабы? Булардан баарын кутсо болот. Азыр эзелки танышыңдай, менттердин өз кишисиндей от души сүйлөшсө эле, хлебаштары децелe
изменага түшүп калышы ыктымал. Кийин бул хатадагы тымызын жасалган өз ара жашыруун иштер, сөздөр менттерге
жетип калса ,ш
Кийин бул хатадагы тымызын жасалган өз ара жашыруун
иштер, сөздөр менттерге жетип калса, шек ого төтөн
күчөйт. Түрмөдө
болсун, зонада болсун: "кумовской" , "подсадная утка", казел деген атка конгон селсаяктардын сынганын да көргөн Карыпбек. Өзүңдүн менттерге кызмат кылып сөз ташыганынды "обосновать" эталбай калдыңбы, бүттү, "братванын" арасында жашоого акың жок, өмүр бою жууса кетиргис так сага жабылат. Кумовскойлорду кийин волядан тутуп, сындырып койгон учурлар көп кездешет.. Кумовской атка конгон пенделердин бир гана аты бар -чыккынчы деген. Кылмыш дүйнөсүнүн эң ыйык камактагылардын өз ара тилектештиги деген жазылбаган мыйзамына шек келтиргендер. Буларга кечирим болбойт.
Сөздүн чыны, Карыпбек анчалык карбаластаган жок, анткени, карантинде олтурганда майордун Анварды карцерге алып чыгып кеткенин, анан Карыпбектин камералаш курбусу үчүн отмазкага чыкканын көргөн очевидецтер бар. Керек учурда обосновать этип коёт. Братванын алдында, бирок желкеңди теше тиктеп турган камералаштардын көз караштарынан
мурда, майор чининдеги менттин сени теңатадай жакынсынтып сүйлөшүп турганы оголе жагымсыз иш. Кудай жалгап, майор оңтойсуз абалды өзү түзөп кетти:
-Сен карцерден куткарып калган досуң биердеби? Аа, баса, алтынчы камерада эмес беле... Өз убагунда куткарып кеттиң, болбосо бери болгондо, беш сутка карцер алмак. Хе-хе!... Силерде муну арестанттык тилектештик деп коёт эмеспи.
Түшүнөм... Так, анда болуптур... Ии, эмне кем-карчыңар бар? Ооруу-сыркоолор жокбу?
-Начальник?- басыңкы үн чыкты четтен. Жоробай экен: -Кечээ, бизге берилүүчү нан нормасынан кем берилдi.
Уландысы бар...
Урматтуу окурмандар ушул чыгарманы окугансыздарбы?эгер окуган болсоңуздар улантпай эле коёлу...
Комментарийге карап улантайын
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8