15-бөлүм.
- Апа, мен атамдын ушунчалык канкор
экенин билбепмин, Кумарбекти өлтүрө
турган болсо мени кошо өлтүрсүн! - деп
кийинип алып шашылыш таксиге отуруп
келе берген.
- Кеттик, эртең окууга жөнөгөндө жолдон
тоскула. - Күрүчбек аларды машинадан
түшүрүп койуп үйүнө жөнөдү. Келээри
менен аялы Гүлай:
- Кайда жүрөсүң, тиги бала атасы экөө
келип кетти? - деди.
- Эмнеге келиптир, түрмөгө тыгам дейби?
- Жок, сен угуп турчу, Жакшылыкча
сүйлөшсүн деди го?
- Арадан жыйырма жыл өтүптүр, ошондо
баласы сегиздерде болсо керек, мени
көрүп, эстеп калганына караганда зирек
неме го, - ойлуу ары-бери басты. -
Жакшылыкча сүйлөшпөйт го, алдап салып
берели деп аткан окшойт, үч-төрт кишисин
жайлаган немени оңой койо бербейт да,
кемпир?!
- Жаман ойлой бербечи, кызың болсо ошол
бала менен кошо өлөм, атам аны өлтүрсө
мени кошо өлтүрсүн деп ыйлаган бойдон
чыгып кетти.
- Мм де, - ойлонуп отура калып кайра тура
калып тынчсызданып атты, - кызың түшкүр
ай, дал ошол алып келди да балакетти,
болбосо дайынымды таптырбай кеттим
эле… - чабалактап жатты. - Ушунчадан
экөө сүйүшүп калган тура?! - Маанилүү сөз
айтчудай аялына жакын келип. - Эгер бул
иш ачылса менин башымда беш кишинин
каны турат. Ырас, мен силер, бала-чакам
үчүн ушуга баргам. Өмүр бойу жокчулук
менен өткөн ата-энемдин колунда эптеп
чоңойгонбуз, иним, агам кийин өлүп
калды. Бул байлыкты, алтынды Манатбек
деген айтып көргөзбөгөндө дале ошол
бойдон жашамакпыз, мени азгырды… Сен
кайраттуу бол, балдарды кара, уулуңа
телеграмма жөнөтүп ачык айтып кат жаз.
Москвадан келип убара болбосун, өлбөсөм
келээрмин…
Толкун эшикти какканда Барчынай ачты.
- Ким керек? - деди үрпөйө. Ал эмеле
Тобокелди угуп коркуп калган болчу.
- Эже… Эже мен Кумарбекке сөзсүз
жолугушум керек!
- Эмнеге, ал үйдө жок, аны тынч кой! -
Барчынай эшикти жаап аларда Толкун
жаптырбады:
- Эжекебай, мени түшүнүңүз, өтө маанилүү
сөз, башка бирөө укпаш керек!
- Кирчи ичке. - Барчынай ичке киргизип
эшикти илди да, - Кана мага айта бер? -
деп аны кунт койо карап кулак төшөдү.
- Менин атам… Менин атам Кумарбекти
өлтүргөнү жатат! - ыйлап жиберди. Ошол
убакта сыртка чыга калган Кумарбек:
- Апа, ким менен сүйлөшүп атасыз? - деп
бери басты эле анын алдын утурлай
чуркады:
- Кумар, мен сага атайын келдим, атам
сени өлтүргөнү чыгыптыр, апамдан угуп
сага жөнөдүм.
Кумар адегенде делдейе түштү, кантсе да
өлүм деген түрү суук жаман сөз сестентти
белем, үндөбөй тура берди.
- Эмне дейт катыгүн, кандай балакет неме
эле, аны түндөн калтырбай милиция менен
кармаш керек, үч адамды өлтүргөнү аз
келгенсип эми дагы кан ичмеси
кармалыптырбы, көзүмө көрүнсө өзүм эле
өч алат элем. - Барчынай жинденип сүйлөп
киргенде Тобокел чыга калды:
- Баарың чыгып ким менен сүйлөшүп
атасыңар?
Ал басып келип Толкунду көрө. - Бу кыз
кайдан келди? - деп Кумарбекти карады:
- Ата, мен сизге айткан кыз ушул, атасы
мени өлтүргөнү үйдөн чыгып кетиптир. -
Үрпөйө атасын карады.
- Демек адамча сүйлөшүүнү каалабаган
экен да?
- Жок агай, ал сиздерден мурун чыгып
кеткен экен, апамдан угуп алып биякка
жөнөдүм, түндөп кол салышы мүмкүн!
- Кудай сактасын. - Тобокел кенебегендей
көрүнгөн менен ичтен кооптонуп алды. - Эч
нерсе болбойт кызым, коркпогула, кеч
кирип кетти, сен биерге конуп ал, жүргүлө
үйгө кирели, - деп үйгө басты.
- Сен ойлосоң боло, ал Манатбекти да,
Сейтекти, Саринжи менен Седепти
өлтүргөн, түрмөгө түшкөндөн көрө киши
өлтүрүп качып кетсе күбөсү жок кармалбай
калам деп аткандыр… - Барчынай
безилдеп кетти.
- Байбиче, кабатырланбачы, үйдөгү
балдарды да коркутасың, мен азыр
милицияга билдирип койом.
- Ошентпесең болбойт. - Барчынай көңүлү
тына тамак ашын даярдап дасторконго
койду.
Түнү менен укташпады, ар кимиси сыртка
кулак түрүп жатты, эч кандай дабыш
болбоду. Эртеси эрте Тобокел баары уктап
жатканда милиция менен Күрүчбекти
кармап кетти. Толкун да ойгонуп алып
Кумарбекке кат жазып кетип калды. Катта:
"Кумарбек, сен мени кечир, сени үйбүлөң
менен сактоо үчүн келгем, атам үчүн
кечирим сурайм, а мен бул дүйнөдө
жашагым келбей калды, өмүр бойу киши
өлтүргүч, канкордун кызы аталбай эле
барчу жакка тынч кетип калганым жакшы.
Кош, аман бол менин ак сүйүүм! Толкун.
1972-жыл", деп койуптур. Катты түнү
менен уктабай жатып кеч уктаган Кумарбек
ойгонуп сыртка чыгып келгенден кийин
көрүп үйдөн шашып чыгып анын үйүнө
жөнөдү. Ал келгенде Гүлай ыйлап
отуруптур.
- Саламатсызбы эже, Толкун келдиби? -
деди көрүп эле.
- Ал үйдө жок, кечээ силерге кеткен
бойдон келе элек…
- Жок, андай болушу мүмкүн эмес, -
Кумарбек колундагы катты берди эле
Гүлай чоочуп жүгүрүп Толкундун
бөлмөсүнө келсе ал жок, кайра чыгып
сарайларын экөө карап жатып анын асылып
турган денесин көрдү. Ал эбак эле муздап
калган экен. Кумарбек чөгөлөй отуруп
алып ыйлап жатты: "Сен мени өлүмдөн
сактадың эле, мен сени сактай албай
калдым, кечир мени, неге таштап кеттиң?"
деп ичтен сыздап Гүлай экөө кыздын
денесин үйгө алып кирип жаткырышты.
Түштөн кийин Күрүчбекти эки милиция
алып келишти. Өкүрүп-өксөгөн ал кылган
иштерине өкүнүп жатты. Толкунду жерге
бергенден кийин Күрүчбекти суракка алып
соту болуп жатты:
- Күрүчбек Сатыбалдиев, сиз эмне үчүн
адам өлтүргөнсүз, себебин айтыңызчы? -
деди сот ага кайрылып.
- Мен киши өлтүрөйүн деген ойдо эмес
элем, андан бери көп жыл өттү, мага бул
кишинин күйөө баласы, теңтуш бала алтын
бар экенин, кайненесин байлап салып
алып чыгып кетүүнү айткан, бирок жылан
аны чагып алып бизди киргизбеди. Ошонун
айынан Манатбектин аялы да өлгөн, анын
бойунда бар экен, коркуп кетип жыгылып
калып өлдү. Манатбек ошондон кийин
баарынан баш тартты.
- Анан эмне болду?
- Анан биз үчөөбүз ушул ишке кириштик…
- Алар кайда азыр?
- Экөөнүн бири жылан чагып өлгөн, бирин
алтындан кызганып мен өлтүргөм!
- Урматтуу жолдоштор, Сатыбалдиев
Күрүчбек, 1928-жылы Акталаа айылында
туулган, беш кишини өлтүрүп жашырып,
маралдык жана материалдык зыян
келтиргендиги үчүн… - деп сот өкүмүн
угузганы калганда залдан Тобокел
тынчтыкты бузуп сүйлөөгө уруксат сурады.
- Уруксат этиңиз, жолдош сот?
- Сүйлөңүз.
- Мен Сатыбалдиев Күрүчбекке доом жок
экенин билдирем, биринчиден арадан
жыйырма жыл өтүп кетти, экинчиден дал
ушул окуядан улам бул адамдын бойго
жеткен кызы өзүн өзү асып өлдү, өз
убагында кандай болоор эле билбейм, мен
азыр бул кишиге доом жок!
- Эмнеге, балам?! - ушул учурда анын
катарында отурган Айымгүл ордунан тура
калды, эне эмеспи, балдары жаңы
өлгөндөй ыйлап алган, - Эмнеге, мындай
адамды жазасыз койгон кантип болсун?
- Жок, бул кишини бошотуңуздар, бала
балалык кылды, адам каны ансыз да муну
соо койбойт! - Тобокел кайненесин
далысынан таптай соорото ордуна
отургузду. - Менин доом бүттү!
- Жолдоштор, жабырлануучулардын атынан
сүйлөгөн Тобокел Барктабасовдун соттоого
каршы болушу, жашынын өтүп калышы,
мурда соттолбогону эске алынып
Сатыбалдиев Күрүчбекти жеңилдетилген
жаза менен беш жылга эркинен ажыратууну
чечти, бул өкүм он күнгө чейин күчүндө
болот, он күнгө чейин арыздансаңар болот!
- дегенде Күрүчбектин туугандары кол
чаап жиберип Тобокелге ыраазылыгын
билдирип тегеректеп калышты. Анткени он
беш жыл берип койобу деп чочуп турушкан.
Күрүчбектин аялы Гүлай Тобокелдин
колунан өөп:
- Ыраазымын садага иним,
кечиримдүүлүгүңө чексиз ыраазымын, мен
силерден мындайды күткөн эмес элем,
Бакай атанын айкөлдүгүн, Манас атанын
эрдигин, Курманжан эненин
чечкиндүүлүгүн жасадың, өмүр өткөнчө
унутпайбыз, бул жакшылыгыңды актайбыз,
- ыйлап да, сүйлөп да жатып Айымгүлгө
барды, - курдаш болбосок бир аз эле улуу
экенсиз эжекебай, атаңды өлтүргөнгө
энеңди алып бер дегендей кең
пейилдигиңерге ыраазыбыз. Мен да ушунун
айынан чырактай кызымдан айрылып
отурам! - деп бышактап сыртка ээрчише
чыкты.
Ошондон он күн өтпөй Тобокелдин үйүнө
Гүлай баш болгон он чакты адам келди.
Күрүчбекти да ээрчите келишкен экен. Бир
ат тартуу кылып Айымгүл менен Атабекке
бир сыйра, Тобокелге костйум шым,
Барчынайга бала-чакасына чейин кылып он
миң рубль менен келишиптир. Ошентип
кыргыздын ата-салты, каадасы,
кечиримдүү кең пейилдиги дагы бир жолу
тастыкталып бир кездеги боздотуп туруп
дайынсыз кеткен канкорду койнун ача тосуп
алып бет маңдай отуруп дасторкондо даам
сызып отурушту. Толкунду эскеришти.
Айымгүл канчалык ичтен сыздап колуна
тийгизсе тытып жечүдөй кыжыры кайнап
ошол күнкү үч өлүктү тегеректеп
боздогонун көз алдына келтирип алып
мууну бошоп отурду: "Аттиң айла канча, эки
бирдей уулумду, кызымды жаштайында
жайраткан канкорго кудай гана жеткирсин,
ушунча жылдан кийин балдарымдын
арбактарын кыйнабайын" деп үшкүрүп
алып отуруп калды. Тобокел кыймыл
аракеттеринен аны байкап отурат. Атабек
үнсүз. Айрыкча Кумарбек атасына жал-жал
карап: "Эмнеге бул канкордон өч албай
кайра төрүбүзгө өткөрүп тамак беребиз,
Толкун да ушунун айынан өлдү!" дегенсип
көздөрү менен арбаша түшүп жатты.
- Эрдин ишин кылдың, Тобокел
Барктабасович, жакшы киши көтөрүмдүү,
кечиримдүү болот эмеспи, мартабаңыз өсө
берсин, иттин иттигин адамдын адамы
түшүнөт, айкөлдүгүңө миң мертебе
ыраазыбыз! - Күрүчбектин аталаш иниси
ага ыраазычылык билдирип атты:
- Мени азгырган байлык болду, Манатбек
болбосо мен да өз жашоомду өткөрө
бермекмин, Тобокел. Мен өмүр бойу ата-
балага жете турган байлыкты кайрып
өзүңөргө алып келдим, кечиргиле, өмүрүм
өткөнчө астыңардан кыя өтпөйүн. Мендей
иттин иттигин кечиргениңе рахмат! -
Күрүчбек баштыктагы алтын-күмүштү
жылдырып колун бооруна ала ийилди, -
Өлүм жазасын берсе да болмок!
- Болуп өткөн окуя азырга чейин
жүрөгүбүздү сыздатат, бирок алардын
арбагы тынч жатсын, жыйырма жылдан
кийин козгобойлу… Сени соттоткондо
эмнени тапмакпыз, бир гана кудай
жазаласын! - дегенде отургандар бири-
бирин карап калды. - Мен сени каргаган
жокмун, жазасыз калбайсың баары бир!
- Аның ырас, эгер бул иш болбогондо куда
болмок экенбиз, кудайдын буйрубаганы
ошол, аткан окту житкен ок табат деп
экөөнүн мамилесинин аркасында минтип
ашкере болду, бу да болсо кудайдын
кылганы… - Гүлай кошулду сөзгө.
- Айымгүл апа, өзүңүздөр бата берип
койуңуздар, катышып туугандай мамиледе
бололу, - Агасы Атабек менен Айымгүлдү
карады.
- Айланайындар, эми бизде кайсы сөз,
Тобокел айткандай арбакты козгобойлу,
баарыңар бала-чакаңар менен аман
болгула, кечтим, кегимден кайттым! -
Атабек аларга алакан жайып бата
бергенде баары бата кылышты.
- Кулдугубуз бар кең пейилдигиңерге,
айкөлдүгүңөргө. ыраазыбыз! - деп тигилер
дагы алакан жайды. Аларды узатып койуп
үйгө киришкенде Кумарбек:
- Ата, мен кичинемден бери ошол киши
табылса өч алам деп ойлочу элем, эмнеге
анчалык кең пейилдик кылып койдуңуз? -
атасынын маңдайына отуруп сурады.
- Балам, ошол кызуусунда болгондо
болмок, неге ошондо айтпадың, сенин
айтканың бойунча издемекпиз, эми
эскирди, апаңдын, таекеңдердин арбагын
кыйнабайлы, аны кудай жазалайт! -
Тобокел ойлуу уулунун башынан сылады, -
Сен балалык кылган экенсиң да?!
- Мен ошондон бери көз алдыма келтирип
жүрчүмүн да.
- Эми бүттү! - Ошону менен эч кимиси сөз
сүйлөбөдү. Айымгүл төрдө жаткан
алтынды көрсөтө минтти:
- Көзүмө көрсөтпөй жок кылгылачы, бул
кара жолтойдун айынан балдарымдан
айрылгам, дегеле жер жуткурду көөмп
койгулачы!
- Ансыз да анын бизге кереги жок апа,
муну иги-жигин билгизбей катып койобуз.
Ар кимиси өздөрүнчө ойго жетеленип
жатууга киришти. Жашоо дегениң адам
баласына табышмак, алдыда кандай нерсе
турганы билинбеген туңгуйук, өмүрдүн
улам алды жагы кызык, бүгүнкүсүнөн
эртеңкиси жакшы үмүттөргө жетелеп алга
карай умтулууга аргасыз кылат! Тобокел
бир топ санаанын жетегинде бирде уулунун
чырымтал кездеги киши өлтүргүчтү
карегине сактап жүргөнүн, бирде канга
чыланып жаткан эки кайниси, бирде
жансыз суналып өлүп калган аялын көз
алдына келтирип өзүнчө кыйналып жүрдү:
"Туура кылдымбы же жексурду түрмөнүн
жети катар түбүнө чиритип оор жазага
тарттырсам болот беле?" деп өз кылганына
баа бере албай кыйналып атып акыры бир
чечимге келди: "Болоор иш болду, жазасын
кудай берсин" деп өз ишине киришти. Бул
арада Сайдимурат аялы экөө алардын
абалын сурап келип кетишкен. Эми
Тобокел кызына куда түшүп өздөрүнчө
кеңешип койду. Кумарбекке Толкундун
өлүмү абдан катуу тийди. Көпкө чейин
кыйналып Толкундун асылып турганы,
кан-сөлү жок сулк жатканы көз алдына
келип кээде түшүнө да кирип тынчы кетип
сабакка да көңүлсүз барып атты. Тобокел
тез арада үйлөнтүүнү чечти. Камы бүтүп
үйлөнөөр кез да жетип келди. Арууке
желбирете кийген аппак көйнөгү,
аркасына өрүп таштаган узун чачы бойу
менен тең болуп жарашып Кумарбек менен
бирге студенттердин бир тобу машинада
дуулдап ЗАГСка жөнөштү. Эч нерсеге
көңүлү келбеген Кумарбек ойлуу Аруукени
астыртан карап койуп кетип жатты.
- Кумар, ушундай сулуу кыз жаныңда
баратканда көңүлүңдү ачпасаң болбойт
го, мына турмуш деген табышмактуу
жашоонун барактарын жаңыдан ачканы
турасың, Үрдүн кызы мындан ары жаныңда,
кандай гана бактылуусуң? - күйөө жолдош
болуп бараткан Эмир аны колтукка түрттү.
- Рахмат досум, ошол бактыма жетине
албай, Аруукенин баркына жете аламбы же
жете албаймбы деп ойлонуп
баратпайымбы? ! - Кумарбек Аруукени аста
карап койду. - Арууке айтчы, сен өзүңдү
бактылуумун деп сезип атасыңбы? - Кумар
кыздын колун кармай жүзүнө тигилди.
- Билбейм, - Арууке жылмайганда жүзү
кызарып кетти.
- А мен өзүмдү башкалардан алда канча
бактылуу сезип турам, биз бактылуу
болобуз ээ?
- Ии-ии, - Арууке башын ийкей анын сөзүнө
кошулгандай жылмайып койду. Күнү кечке
ойноп жүрүшүп ЗАГСтан чыккандан кийин
кеч кайтышты. Аларды күтүп жаткандар
жалпы столго отурушуп, жаштарды өзүнчө
койду. Эки жак биригип комсомол тойдо
Кумарбек менен Аруукеге үйдүн ачкычын
беришти. Биринчи сөздү Атабекке беришти:
- Балдарым, менин айтайын дегеним… -
Атабек бир азга ойлонуп, отурган элди
кыдырата карап алды, - Ушул күнгө
кандай азап-тозок менен жеттик, силер
бактылуу жаштарсыңар, айланайындар,
мына неберенин тойун көрүп, ошолордун
бактылуу жүздөрүнөн бакыттын нуру
чачыраганга күбө болуп отурганыма мен…
Биз Айымгүл экөөбүз да абдан ырыстуу
кары экенибизге ыраазы болуп отурам.
Ылайым согуш дегенди көрбөй үйүңөрдөн
кут кетпей алдыңкы жаштардан болгула,
ак бата алдыңардан келаткан
тоскоолдуктарды жарып өтүп келечегиңер
кең болсун, Арууке айланайын, ак жолтой
келин болуп алдыңды бала, артыңды мал
бассын, оо-мийин! - Атабек алакан
жайганда баары жабыла бата берип
ийишти:
- Айтканыңыз келсин аяш ата, ылайым
балдардын ырыскысы кемибей аяктары
толо, ар дайым мелт-калт болуп турсун! -
Сайдимурат ордунан тура калып
кошумчалай кеткенде эл кол чаап
жиберди. Ошол убакта тойду башкарып
жаткан Элчибек элге карай:
- Урматтуу тойдун катышуучулары, азыр
Кумарбектин таенеси Айымгүл эне небере
келинге өзүнүн баалуу белегин
тапшырмакчы! - деди эле дагы дүркүрөгөн
кол чабуулар жаңырды, - Келиңиз апа!
- Айланайындар, менин бала кезимдеги,
ата-энемдин мага деп атайы Анжияндан
алып келип берген күмүш билерик, сөйкө
шакектеримди келиниме өз колум менен
тагып, өзүм кийип жүргөн шөкүлөмдү
кийгизип койойун, - деп элди айланта
карады. Баары тымтырс боло түштү,
анткени ар кимиси өз ойунда: "Бул
кемпирдин илгерки кийимин азыркы келин
киймек беле, алжыган неме го?" деген
ойдо турушкан эле. Аруукени ээрчитип
башка бөлмөгө алып барып шуру-
мончокторун тагып, сөйкөлөрүн кулагына
илгенден кийин шөкүлөсү менен
чыптамаларын кийгизип чыгып келгенде
баары таң калып калышты.
- Оо, Айымгүл апа, сиз бир бектин же
манаптын кызы окшойсуз, болбосо мындай
кийимди ар ким эле кийип жүрбөсө керек
илгери, - деди Элчибек кол чаап, -
Келиниңиз Арууке Семетейдин Айчүрөгүнөн
ашып түшкөн супсулуу болуп жарашып
калыптыр! - дегенде отургандар кол чаап:
- Ой чын эле укмуш жарашып калыптыр,
абдан баалуу белектер экен!
- Чын эле, мындайды хан менен бектин
кыздары кийген да, анан ушуларды сактап
жүргөнүн кара! - дешип дуулдап жатышты.
Арууке дагы үстүндөгү кийимдерге
кызыгып, ханышанын кандай экенин
билбесе дагы өзүн ханышадай сезип турду.
Айымгүл Аруукенин чекесинен өөп:
- Бак карап кадыр даарыган үйбүлөдөн
болгула, жаман Кумарбегим экөөңдүн
кармашкан колуңар түбөлүк ажырабасын! -
деп батасын бергенде Арууке үч жолу
ийиле жүгүнүп таазим кылды. - Аман
болгула садагаларым, - Кумарбекти да эки
бетинен өптү, - Сен жакшы күйөө бол,
арам! - Баары күлүп калышты. Той аягына
чыгып коноктор тарап кетишкенден кийин
Кумарбек менен Арууке өздөрүнө атайы
жасалган бөлмөдө калышты:
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев