8-бөлүм.
- Ооба-ооба, сиздин жалгыз калганыңызга
алар да тынчсыздана беришет. - Манатбек
сөзгө кошулуп коштоп койду.
- Мейли эмесе, менден кудаларга салам
айтып, базарлыкты ооз тийгизип койгула, -
Атка учкашып кетип жаткан кыз-күйөөсүн
узата карап турду Айымгүл: "Садагаларым,
бактылуу болушса экен, төрөп түшүп алса
болот эле"…
Ушул кезде Атабек госпиталда бир буту
кесилгенден кийин кабак чытып эч ким
менен сүйлөшпөй, тамак ичпей сулк
жаткан. Сестра ага бат-бат келип көңүлүн
көтөрүүгө аракеттенсе да аны карабады:
- Атабек, сен баатырсың, анан да
жигитсиң, ушуга да чөгөсүңбү, андан көрө
аялың менен балдарыңа кат жөнөтөлү,
болбосо жеткирип келебиз, - деди
кыргызча так сүйлөп.
- Болбогон сөздү айтпасаңчы Лена, бир
бутум жок эми кантип бармак элем,
барганда мени жакшы күтүп алаарын кудай
билет? - Атабек тескери карап жаткан
бойдон жооп берди.
- Аялыңды сүйөсүңбү? - Лена көкмөк тунук
асманга окшош көздөрүн жалжылдата
сурады.
- Сүйгөндө кандай, биздин сүйүүбүз
жомоктогудай болгон убагында.
- Анда эмнеге тартынасың, барыш керек,
ал сени күтүп жүргөндүр?
- Мен анын жүрөгүндө баягы алибеттүү,
кемтиги жок Атабек бойдон калышым
керек!
- Жок, жо-ок Атабек, сен жаңылып
жатасың, сен үйүңө барып, аны бактылуу
кылышың керек, сен барсаң тирүү
кайтканыңа абдан сүйүнөт. - Лена
канчалык какшаганы менен Атабек
болбоду. Бир күнү Ленадан кагаз-калем
алдырып алып үйүнө кат жаздырды. Анда
мындай деген жазуу бар эле: "Алыскы
Кеңеш колхозунда жашаган Айымгүлгө,
кандуу согушта бирге согушуп достошкон
Атабектин досу Пётрдан. Биз Ленинградда
согушуп жүрүп таанышканбыз. Атабек сени
көп айтчу эле, согушка келгенине бир жыл
болгон экен, өзү командир болчу, абдан
жакшы болуп кеттик, анан ал жарадар
болуп калды, мен согуш талаасында
калдым, аны госпиталга алып кетишти,
арадан үч ай өткөндө жараты айыкпай
Атабек досум оо дүйнөгө сапар алды, мени
өзүң бар деген эле, азыр өзүм дагы оор
жаратымдан өйдө боло албай орто
жолдомун, силерге барып досумдун аялын
көрө албаганыма абдан өкүнөм. Айымгүл,
Атабек баатырларча курман болду, силер,
балдары, анын ысымы менен
сыймыктанышыңар керек! Катты жазган
Пётр", деген кыска мазмундагы катты
алды. Өксөп ыйлаган Айымгүл Атабектин
өлгөнүн уккандан кийин ага атап мал
сойуп куран окутту, ашын берди. Эми анын
жалгыз үмүтү, тилеги Саринжи эле. Басса-
турса ошонун өмүрүн тилеп кудайга
жалынат. Керимселдей керилген келин
курагындагыдай мүчө бойу дале өзүнө
жарашып турган карылуу аялга туш-туштан
күйөө болчу адамдар келе баштады.
Аларга катуу тийбей сылык-сыпаа гана
жооп берип жөнөтүп атты. Чүрөк менен
Манатбек Атабекти угузгандан кийин кете
элек, каралашып чогуу. Атабек Чүрөктүн
түшүнө үч жолу кирди, үчөөндө тең
таякчан эле. Болгону араларын кара булут
тосуп туруп алды. Аза күткөнүнө жыл
айланганда Чүрөк уул төрөп кубанычтары
койнуна батпай жээнтек беришти. Ошол
түнү Чүрөк абдан кызык түш көрдү, Сейтек
от аралап жүрүп адырга чыгып алып колун
булгап аны өзүнө чакырат, Чүрөк барайын
десе тоо кум сыяктуу куйулуп өйдө чыга
албайт, бир кезде Сейтек: "Чүрөк, мен
жакында барам, мени күткүлө, барам!" деп
алыстан кыйкырат. Чүрөк ыйлап жатып
ойгонуп кетсе чын эле көзү сууланып
жаздык да суу болуп калыптыр. Тура
калып апасын ойготту:
- Апа, түшүмө Сейтек байкем кирип
алыптыр, ал келем деди.
- Оозуңа май садага, ошонун келээр күнү
кайда? - Айым сүйүнүп ыйлап жиберди,
жок дегенде үчөөнүн бири келип калса
кана, түшүң туш келсин кызым, алдагы
наристең ак жолтой болуп, уулдарым
аман-эсен кирип келсе кана?!
- Келет апа, атам деле тирүү, бирок… -
Чүрөк айткысы келбей мукактана түштү, -
бирок…
- Эмне бирок, капырай айтсаңчы батыраак,
- Айымгүл шашкалактай чындап эле
Чүрөктү олуядай көрүп кетти.
- Апа, атамдын бир буту жок, ал балдак
менен жүрөт.
- Ботом бир эмес эки буту тең жок болсо
деле аман келсе гана?
- Иши кылса ал тирүү эле… - Чүрөк
түшүнөн улам атасынын тирүү экенин
сезгендей ойлуу төшөгүнө отуруп кайра
жатып калды.
- Түшүң жакшы кызым, эртең эрте туруп
жети токоч баабедин өткөрөлү, өлдү деген
Атабегим менен Сейтегим жаркылдап кирип
келгиси бардыр, уктай гой каралдым,
уулуң уктап атканда эс алып ал, - деген
Айымгүл да жатып калды. Бирок анда уйку
кайда, ары-бери оодарылып ойлор чулгап
алганга түнү менен түйшөлүп уктай албай
эрте туруп камыр жууруп таң атпай жети
токоч жасап коңшуларын чакырып чай
берди. Жакшылыкка жооруп, кудайдан
тилеп отуруп калды. Күн сайын сүйүнчүлөп
кирип келээр адамды күтүп жазда келди
бирок эч кимисинен кабар болбоду.
Күндөр өтө берди. Айылдык турмуштун
ажайып ирмемдери өзүнчө бир керемет
эмеспи. Жашоонун нугу өз-өзүнчө өтүп
жатты. Айымгүл бара-бара керилген
токтоо аял, бир үйдүн жүгүн жалгыз өзү
көтөргөн күжүрмөн да, эмгекчил да болуп
кетти. Жайкысын малдарын жайлоого
кетирип, кышкысын үйгө багат. Чүрөк
менен Манатбек үйүнүн пайдубалын
тургузуп, чоң тамды сала башташты.
Айымгүл аларга тез-тез барып көрүп,
небересин эркелетип кайра келет,
Жетишпегенин өз колу менен алып келип
берип жаны тынбайт. Бир жылдын ичинде
алардын үйү бүттү, ага суктанбаган киши
жок. Эшигинде мал күтүп мынчалык
даңгыратып салдырып жатканы бирөөлөргө
таңсык, бирөөлөрү: "Оо кокуй күн
Манатбектин пешенесине бийдин
байлыгынан жазып койгон тура, болбосо
атасы жыртык кесеге аш ичкен эме эмес
беле", дешип көрө албай да жатышты.
Жети бөлмө кылып пакса менен урулган
бул үй айылдын ичиндеги биринчи үй эле,
ал кезде шыйпыр дегенди ким билиптир,
үстүн шыйпаң кылып кыргызча бүтүрүп
кийинки жайда кирип алышты. Манатбек
үйлүү, мал-жандуу болуп, карыган ата-
энесине ошо кездеги кымбат шайылардан,
күрмө шымдан алып берип аш-тойлорго
барганда мурункудай корунбай калышкан.
Бул жакшы кийими бардын кийимин сурап
кетмей адаттары бар болчу, Күйпүлдүн
көйнөгүн, жоолугу менен көлөч маасысын
сурап келгендери көбөйдү. Ошондо Күйпүл
чалы экөө отуруп өздөрүнчө кобураша
калганда:
- Ээ жараткан, ушунуңа шүгүр, бейкүнөө
момун жан элек, ушу бийдин байлыгына
насиптеш болуп калганыбызга миң мертебе
тобо, - деп Күйпүл айтса чалы аны коштоп
калат:
- Байбиче, муну да пешенеге жазып койгон
да, болбосо кара жарманы катыгы жок
ичип, кийимдин жакшысын колубузга
кармап көрдүк беле - бер, атасынын көрү,
сурап келгенче, баягы Күйпүлдүн көйнөгүн
кийип барыптыр тойго дешсе сенин
мартабаң көтөрүлөт.
- Опей ботом, мен деле аябай калайын,
бербесем, байкуш келининин арты менен
көйнөккө жеткенге каада күтүп калыптыр
дешпейби?
- Дешсин, биз эмне тексиз жерден келин
алыптырбызбы, тектүү жерден баш алсаң
жаныңа жан, малыңа мал кошулат,
жакшыга жанашсаң муратыңа жетесиң
деген сөз калетсиз, тобо-оо ушунуңа
каниет, - деп Садыралы кемпири экөө миң
ыраазычылыгын кудайга айтып жеткире
албай турган кездери. Бул жашоонун
кызыгын өмүрлөрүнүн акыркы жылдарына
туш кылган жаратканга кээде Садыралы
ичтен өкүнүп: "ата- аңдын көрүү, жыйырма
жыл мурун ушундай жашоого туш болсом
өмүрүмдүн кызык кезин жакшылап өткөргөн
болоор элем", деп умсуна бутундагы
Манатбек сатып келип берген кайыш
өтүгүн сылагылай отуруп калат.
Айымгүл ошол күнү койлорун кезүүгө
кошуп койуп эки келинди чакыртып алып
жүн сабап отурушкан. Жаңы эле тосула
баштаган короонун эшигинен бир жаш бала
демиге кирип келет:
- -Айым апа, сиздин балаңыз келатат
имиш, мага бир киши айтты, барып
сүйүнчүлөгүн дейт! - деп эдиреңдей туруп
калды.
- Ыя-аа? - деген Айымгүл эмне дээрин,
ишенээрин же ишенбесин билбей туруп
калды. Заматта анын ойуу ар кайсыга
кетти: "балаң дейби, Сейтегимби,
Курманбегимби, оо жараткан" … деп
ойлонуп баланы караган бойдон эс-учун
жоготуп отурган жерине жыгылганы
калганда келиндердин бири кармай
калды:
- Айым эне, эмне болду сизге, балаңыз
келе атканына кайра кубанбайсызбы? ! -
деп жулкулдатып ийгенде эми гана көзүн
ачып:
- Эмне дейт айланайындар, баламбы… -
дегиче үч-төрт киши короонун эшигине
кирип келаткан эле. -Оо жараткан,
аксарбашыл, уулумду көрөөрүм чынбы?! -
Ордунан келиндин жардамы менен туруп
эки канатын жая жүгүрүп келе аткандарды
көрүп делдейе туруп калды. -
Айланайындар… - Чоочун адамдарды көрүп
кетенчиктей берди. Ушул учурда Сейтек
тигилердин артынан келе жаткан эле,
апасын көрө жүгүрүп келип кучактап
калды… Эне баланын ушул турушун
сүрөттөөгө тил жетпес, ов. Салаалаган
жаштары эки бети ылдый куйулуп бири-
бирин кучактаган бойдон көпкө туруп
калышты. Айымгүл бир топтон кийин, -
Садагам, чын эле көрүп турамбы же
түшүмбү?! - деп алсыз сурады.
- Апа, бул мен, Сейтекмин! - Сейтек көз
жашын аарчый аны бир колу менен кармап,
- Мына мен келдим, - дегенде Айымгүл
өзүн жоготуп койду. Аларды карап
тургандар да эми эсине келгендей:
- Ой үйгө киргизгиле! - деди эле келин
Сейтекке жардамдашып ичке алып
киргизип, башына жаздык койуп жаткырып
бетине суу чачышты эле Айымгүл көзүн
ачып эки жагындагыларды көрүп өйдө
болду да:
- Айланайын кудай, садага кетейин кудай,
Сейтегим келген тура! - деп туруп барып
шашкалактай чыныга суу куйуп келип
Сейтектин башына тегеретип чачып койуп
уулунун чекесинен өөп, мойунунан жыттап,
- Садагаң кетейин десе, үйгө киргизбей
туруп суу айлантып чачпайт белем, карачы
өзүмдү жоготуп койгонумду, - деп отура
кетти, - Ээ Бермет, дасторкон салгыла
айланайындар, чай койгула, эшикти карай
үн салганда эки килин дасторкон жайып
арыдан-бери жайнатып жиберди.
- Ой Сейтек баатыр, апаң жапжаш келин
турбайбы, силерди көрүп сөз сүйлөй албай
туруп калдык, - Айымгүлдү карады, баятан
бери үн сөзү жок турган экөөнүн бири, - Бу
уулуңузду тиги чоң шаардан бери коштоп
келатабыз, Сейтек Советтер Сойузунун
Баатыры деген наам менен кайтты туулган
жерине, бактылуу эне экенсиз, ушундай
уулуңуз менен сыймыктаныңыз эже.
- Сыймыктанбай анан, айланайындар
үйүбүздөн үчөө кетип бири минтип аман
кайтып отурат, кармана албай эсимди
жоготуп койгон экенмин, кечирип койгула
айланайындар, ишенип ишенбей эле… -
Айымгүл уулун карады, - Ээ садага,
Курманбектин дайынын биле алган
жоксуңбу, атаң да кеткен, андан бир жыл
мурун өлдү деген кат алдым, - Айымгүл
кайра бышактай баштады.
- Апа, бу согуш далайлардын өмүрүн алды
го… - Сейтек токтоо сүйлөп баштады, -
Пешенеге жазганды көрөт экенбиз го? -
улутунуп алып башындагы плёткасын
колуна кармап ойлуу тунжурай түштү. - Биз
согуш талаасына бара электе экөөбүздү
бөлүп жиберген, даярдоодон өткөндөн
кийин мени Сталинградга жөнөттү,
ошентип мен Курманбекти көрбөдүм.
- Аман-эсен келгенине кубаныңыз,
уулуңузду дагы көр оозунан доктурлар
сактап калышты, согуш бүтөөрдө катуу
жарадар болгон экен, ушул убакка чейин
дарыланды… - келген кишинин бири андан
аркысын айтпай туруп калды.
- Апа, апаке, эмнеси болсо дагы туулган
жерди көрөөр күнүм бар экен… алты саным
аман көрүнгөнүм менен айыкпас ооруну ала
келдим… - Сейтек башын жерге сала
каңырыгы түтөй эки ийинин солк эттирип
алды.
- Эмне дейсиң, кагылайын? - Айымгүл
чыркырай үн катты.
- Ошондой апа, башым катуу ооруса
жанымды кыйнайт, бир көзүм да көрбөй
калды.
- Садагам, андай дей көрбө, көзүң көрбөсө
деле мейли, маңдайымда отурганыңа төбөм
көккө жетип отурам.
Айымгүл уулун бекем кучактап башы-
көзүнөн өөп-өөп алып, сыртка чыгып
баратканда коңшуларынан беш-алтоо келе
жаткан эле:
- Айымгүл, фронттон уулуң келди
дегенинен учурашалы деп келатабыз,
кайра төрөп алыпсың, боосу бекем болсун!
- Таяк таянган кемпир үйгө карай
баштады.
- Уулуң аман-эсен келиптир, биздин
балдардан көргөн билгенин сурап,
учурашып кайталы.
- Келгиле айланайындар, келбей анан,
Сейтегим келди. - Айымгүл кубанычы
койнуна батпай жадырап тосуп алды, -
Чүрөгүм айтып эле атты, байкем келет
апа, Сейтек байкем келет деп, кудайдын
ушунусуна шүгүрчүлүк, байбиче.
- Кут болсун Айым, кудай деген жан
экенсиң, - үйгө божурап кирип келишти. -
Оо солдат балам, аман келдиңби
айланайын?
Сейтек кирип келген кемпир-чалдарды
көрүп ордунан тура калды эле Чүкөдөй
кемпир аны эки бетинен шалп-шалп эттире
өөп койду. - Ырысы чоң экен апаңдын,
минтип эсен кайттың, балам.
- Келиңиздер! - Сейтек сыпаа гана
келгендерди өйдө өткөрүп өзү четке
мандаш токунуп отуруп калды.
- Көп жашайт экенсиң уулум, сенден кара
кагаз келди деп жүрдү эле апаң, обкомдун
печети койулган кагаз далайыбыздын
үрөйүбүздү учуруп, жүрөгүбүздүн үшүн
алды го?
- Ооба, кээде жаңылыштыктар боло берет
да, эми ойлосом ата-бабанын арбагы
колдоду окшойт, өлүп-тирилдим, үч сутка
тил-оозу жок жатып калыпмын, ошондо
мага бир укмуштуудай сыр берди, мен ошол
эчтемени сезбей жатканда негедир терең
ойго, караңгылыкка түшүп эле кетип атам,
көзүмө балачагым, атам менен апамдар,
инилерим, кайра туруп өлгөн чоң ата-чоң
энемдер көрүнүп жаным жыргай мемиреп
шумдуктуудай сонун жерге туш болдум,
аерде менин чоң атам жүрөт, анын жанына
барып эми отуруп жайылып турган
дасторкондон бир нерсени алып жей
койойун дегиче эле "Манас, Манас, Ураа-а,
Манас!" , - деген үндөр кулагыма угулуп
заматта мени алып учуп жөнөдү. Мени
көтөрүп учкан куш же адам экенин
билбейм, бирок асманды көздөй учуп
баратканымды билем. Чо-оң дарактын
башына түшүп ошондон түшө албай
тырмышып жатып көзүмдү ачсам, мен ошол
кезде кыймылдап "суу, суу", деген
экенмин. Ошондо кана докторлор менин
жашай турганыма көзү жетип кайрадан
укол сая башташты. Бирок мени айыктыруу
өтө кыйынга турду окшойт, башым эле
сыздатып ооруп жанымды көзүмө көрүнүп
абдан кыйналдым… - Сейтек унчукпай
калды.
- Ушунчалыгына шүгүр, кудайдын буйругу
менен Манас атанын арбагы колдогон экен,
- Айымгүл ары басып, бери басып конок
камын көрүп жүрүп да жылмайып атты.
- Ошону айтсаң, арбагыңдан айланайын,
Манас атанын арбагы айрыкча кыргыздын
элин чоң сактады, болбосо пашисттерди
оңой менен жеңе албайт элек, - коңшу
кемпир шыпшынып алып улам чайына набат
салып ичип отурду.
- Биз кетишибиз керек эже, уулуңузду
аман-эсен колуңузга тапшырдык, - келген
кишилер ордунан козголо кетүүгө
камынгандай Айымгүлдү карады. - Бу сиз
эл ачарчылыкта жашап атса набат ичип
жакшы турат турбайсызбы?
- Оо балакетиңди алайын, кудайга шүгүр
элебиз, башынан оокат-аштуу жандарбыз,
кетем дебей отургула, кой сойуп
коноктойбуз, анан кетесиңер. Бүгүн кетпей
эле жатып алгыла!
- Конок койдон жоош деген, унчукпай сый
көрүп кеткиле, - коңшулар да коштогондо
тигилер унчукпай калышты.
Үйгө айылдын элдери биринин артынан
бири келип толуп калышты. Сейтектен ар
кайсыны сурамжылап, согуш жөнүндө угууга
кызыккан кыштак эли улам суроо беришип,
өздөрүнүн балдары, күйөөлөрүнүн дайынын
билгиси келип атышты. Аларга Сейтек бир
жылдай госпиталда жатып калганын айтып
кечирим сурады:
- Апалар, эжелер, ишенсеңиздер өзүмдүн
бир тууганымды да көрбөдүм, бараары
менен даярдоо бөлүмүнө кирип бир айдан
кийин экөөбүздү эки жакка бөлүп
жиберген, ошол бойдон дайынын биле
албадым, жарадар болуп акыректен ок
жегенде чалкаман түшүп ташка кара кушум
тийген экен, баш оорудан жабыр тартып
акыры алдыңарда отурам.
- Иий айланайын, өмүрүң узун болсун эми,
апаң байкуштун ырысы тоодой экен, минтип
эсен келгениңе сүйүн.
Ар кимиси ар кайсыны айтып, чай
ичилгенден кийин Айымгүл бир чоң койду
жигиттерге сойдуруп конок камын көрүп
атып Чүрөктү алып келгенге бир баланы ат
менен жөнөттү. Түн бакырдыкы деп
айылдын аксакалдары менен колхоздун
аттуу-баштуу активдери калышты. Келген
конокторду сөзгө тартып отуруп колхоздун
башкармасы Сейтекти карады:
- Бир аз күн эс ал, анан колхоздун белдүү
кызматчысынын ордуна койом.
- Аксакал, мен окуумду улантсамбы деген
ойум бар, экинчи курстан кеткем, жумуш
кайда качмак эле, окуп алайын.
- Аб-баракелде- е, окубай анан, окуп-
чокуп билим алганга жетеби, андай болсо
жакшы экен.
- Балдарымдын экөөнү тең окууга жөнөтүп
биз биякта жүрсөк согуш чыгып, ошояктан
эле кетирип ийиптир, Курманбегимди
айтсаң, бир кабар жок кетти! - Айымгүл
жашып алды.
Койдун эти бышкыча түн кирип кетти.
Тамактанган коноктор айыл аксакалдары
кеткенден кийин жатып калышты. Айымгүл
аларга кетээрде бере турган акчасын
дайындап койду. Эртеси эрте туруп аларды
жөнөтүп эне бала чай ичип отурганда Чүрөк
күйөөсү, кайната-кайненеси болуп келип
калышты. Карындашын көргөн Сейтек анын
кичинекей там-туң басып жүргөн уулун
көтөрүп алып кубанып отурду:
- Убакыт учкан куш деген чын тура, Чүрөк
биз окууга кетип жатканда сексеңдеген
секелек кыз болчу.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1